Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Турпанга качкан эл

Жогоруда 20-августта атаке сарбагыш элдери Чоң Кеминден качып, 9-сеңтябрде Бедел ашкан деп айтылды эле. Кара Сазга барганда Тоң элинен Ысакалы Алматаев кайтадан көлгө түшкүлө же Кара-Сазга жата бергиле. Орус менен урушабыз дегенде атаке сарбагыш болбостон көчүп женөген. Элдин артына карабай көчүп кетиштиң бир себеби: Ыбырайым түшүргөн мылтыктан ар айылга бир мылтыктан бергиле, ушул бардаңкени айылдан чогулган кедейлер обожо-кылып, аскер менен урушалы десе, Шабдановдор, Ыбырайым жана башка манаптар бардаңкени бербеген дагы, мурунтан кызмат кылып келе жаткан өздөрүнүн жигиттери жана жылкычыларына бөлүп берген.
Ысакалы токто десе болбостон көчкөн үчүн болорго керек, атаке сарбагыштан, өсүк уругунан нарындык тынымсейиттер он жылкы уурдап кеткен соң артынан барып ажыраткан. 9-сентябрда 80 чамалуу киши Беделди ашып, кечинде Көгүрүмдү аша турган кең жылгага жакындадык. Биз көчтөн мурун баралы деген максатыбыз биринчиден жерин чалуу, экинчиден кытайдын улугуна сүйлөшүү эле. Беделди ашканыбызда белде жана орто кароолдо Кытайдын кароолчусу жок экен. Ооздогу кашаттын башында карыган бир кытай кароолчу бар экен. 10-сентябрда ал кытайга азмаз акча берип өттүк. Бизден мурун сарбагыш кыргызынан эч ашпаган. Бугу, саяктан ашкандары бар экен. 10-сентябрде көч Беделди ашып конуптур. 11-сентябрде биз Жаман-Суудагы бир черикке түштөнүп жатсак, Турпандагы Абналдан жигит келип: «Сиздерди Абнал чакырды» деп, эт жеген соң, мени, Балыкчы Боронбаевди, Токтосопу Сарбозовду алып барып, Турпандагы чериктин болушуна кондурду. Эртен менен Балыкчы Боронбаев базарга кетип, Токтосопу менен мени, жигити менен болуш Абналдын канңелярине алып бэрды. Канңелярди «жамыл» дейт экен. Биз эшиктен киргенде кызыл барансуз менен ыншин кагк таган үйдүн алдына чоң бети жайык 40 чамасында бир кытай чыга келди. Артынан 15 чамалуу кытайдың улуктары ээрчип чыкты. Бизди кулдук ургун деп жүгүнттү. Бир уйгурду чакырып алып тилмеч кылды. Ошондо астына келген кытай: «Силер ким болосуңар, мында эмне үчүн келдиңер?» — деп добушун катуу чыгарып сурады. Мен: ,«Биз кыргыз деген элбиз, орус-тун букарасы элек, орус өкмөтү мурун жерибизди алды эле, эми эр-бүлөңөр кызматка, солдатка барасыңар деди. Биз барбайбыз дедик, улуктары камап, өлтүрө баштаган соң биз чыдай албай көтөрүлдүк. Начар букара болгонубуз үчүн жабдыктуу аскер бизди басып, өзүбүздү аёосуз кырып, мал-мүлкүбүздү талап алгандыктан жанды куткармакка Кытай мамлекети, сиздерге баш пааналап, жериңизге турууга уруксат сурап, тиленип келдик», — дегенде баягы чоң кытай (кийин сурасак ал Аксуунун Дотайы жандыралысы экен) биз орус падышасы менен элбиз, силерди мында келтирбейбиз, — деди. Ошондо менден мурун жанымдагы жолдошум Токтосопу: «Катын-бала, эл-журт ачкадан кырылып бара жатат, мал арыгынан өлүп жатат,, тоо суук болду, казак-орус элдин арты-нан кууп кырып келе жатат, бизге ырайым кылыңыз, жериңизге өтүшкө уруксат кылыңыз» — дегенде өздөрүнчө бир аз сүйлөшө калып: «Андай болсо тоо арасында тургула, калаага топурап келбегиле, мында орустун ашкардагы консулу тарабынан коюлган аксакалдары бар, аларга көрүнүп калсаңар кармап алат, баягы күнү Нурмамбет Чекиров деген кыргызды кармап кетти», — деди. «Биз, ыраазыбыз, жакшы болуңуз», — деп кулдук уруп турдук эле, алар өтүнө басты, бизди кайткыла деди. Биз дагы кулдук уруп жөнөдүк. Кайтадан Жаман Суудагы жолдошторубузга келсек үч-төрт кишиден башкасы кытай кармайт экен деп качып кетиптир. Ушул күнү 12-сентябрда кайта келип Беделдин оозуна кондук.
13-сентябрда Беделдин орто капчыгайында конуп жаткан айылыбызга келдик. 14-сентябда ооздогу кароолго көчүп келсек, баягы карыган кытай көчтү өт-көрбөс болду. Акча, кой берели десек өткөрмөк болду эле, чирик кыргызынан милтелүү мылтыктары бар беш-алты жигит жана бир абышка өткөрбөйбүз деп көчтү токтотту. Акча, мал берели десек, «сайдын ташындай алтын-күмүш берсеңер да өткөрбөйбүз» деди.

Ошондо күч менен өттүк демек чириктер атабыз 1,еп жулкунду. Аталбады. Көчкөн эл өткөнрон, Чериктерге азоолак тенге бердик. 15-сентябрда Беделдин эозуңа чыга конуп, 16-сентябрда минген аттарыбыз, унааларыбыз жүрбөй жетелеп араң дегенде Сапар-байга жетип кондук. Ушул 16-сентябрда Беделдин белин тосмокко бара жаткан жүз чамалуу кытайдын чериги жолукту, Биздин көчтөн (атаке, сарбагыштан алдыда көчүп бара жаткан биз элек) мал, бул алган жок. Биздин артыбыздан ашкан элден белден өткөрбөйм деп жатып канчалык айгыр, ат тартуу алган экен. Ал тартуу менен токтоп калбастан, аскери мал-мүлктү, жууркаа, таза кийим жана башкаларды талап алган. Жакшы камчы болсо дагы алган, эгерде сураганын бербесеңер кайтадан Россиянын жерине сүрүп таштайбыз дегенде эл коркконунан сураганын бүткүл берген. -Кыскасы, көзү көргөндү койбой алган. Казак-орус жана мужуктар артынан кубалап, жакын калып, алдынан кытай өткөрбөй, талаганын ук-кандан соң, бир далай эл Тянь Шань тоолорунун ары жакы, берки жакы капчыгайларга жашынып калган. Элдин көпчүлүгү Бедел эмес, башка майда ашуулар-дан жашынып ашыи түшкөн. Кашкардагы консулдун койгон аксакалдары кармап алат деген сөз менен кыргыздын баш кишилери калаага көп кирбестен, тоо арасында болду.

Болсо да жаман кийим-кийинип, аттарын буруп, жашырып жүрдү. Орус жеринен арып, ачка болуп канчалык ашуу ашып, канчалык суулар кечип, суукка тоңуп, күндүз-түн тыным жок кенен уктабай качып барган эл ичер-жерине тамак жок, кийер кийим жок, арыктап калган малын арзан баага, ичерлигине сатты. Делбе чөп жеп малдын көбү делбеден өлдү. Көпчүлүгү малайлыкка жалданды. Бозо салып сатып, ала кийиз, шырдак, жууркандарын ээр токумдарын сатты. Үй-мүлкүн сатып болгондон кийин катын-кыздын мончок-шуру, сөйкө, билерик, шакек, чолпу сатылды. Кичине эркек балдарын сатуучулар болду. Акырында дунганга, уйгурга кыздарын сата баштады.
Тоодогу, таладагы кыштактарды аралап, нан үчүн сенделип жүргөндөр көбөйдү. Турпан шаары четте болуп, элдин көпчүлүгү анда барып, шаарды кымбатчылык басты. Ошол себептен кайсы жерде эгин арзан десе, эл ошол жерге барабыз деп, балдарын көтөрүшүп, жөөлөп-жаландап жөнөштү. Аксуу, Аксы, Бай, Куча, Шайа Бөгүр, Карашарга жете кетти. Марад Башыга келип, Артышка барып, андан Кашкарга кирди. Андан өтүп Жаркентти, Аксуу, Турпан, Куча малга жай болбогон үчүн оокаттуу кыргыздар көчө-көчө Бай шарына барып, андан айдак чыгып, көп дегенден көбү жылдыз ашып, Күнөзгө кетти. Оокатсыз кедейлер тентип кетти. Оокаттуу кишилерди ортодон кара-жат чыгарып баккыла десе, кулагына илбестен өз малын ала качты.

Ачкалыктын себеби, жакшы ки-йими, төшөнчү жок болгондуктан элге келте, котур, чечек каптады. Оорудан өлгөн элдин эсеби белгисиз. Эң кеп болду. Кыргыздын боз балдары чыдап туралбай, уйгурларды талап-уурдай баштады. Бул маселе улугуна билинип калган соң, «кыргызды айда» деген буйрук чыкты. Элдин.тынчы кетип бир жерге туралбай кыштын шартылдаган суугунда «кайсы кыштак-тагы сарт жакшы экен» деп ар кайсы кыштакка барып сыйынып турду. Ушул чакта Котон шаарында оба (чума) бар деп уктук.
Кыштын толук чагында Каралодон Бычков баштаган жүз казах, орус Бедел ашып келип, Турпандагы Кытайдын айышйна «кыргыздын бузук баштаган баш кишилерин кармап бериңиз» дегенде Анбал мен кыргызды тааныбаймын, өзүң калаадан таанып кармап ал, калаадагы бектерге кармап бер дегенде Бычков Турпандан киши кармай баштаган. Малай Көбөнтаев деген кыргыз казак-орустун колуна түшүп, аны кам-чылап сабап туруп кутулган. Казак-орустар Аксууга келип киши кармаган (Мен Аксууну кыштап калдым эле. Түничинде качып чыктым) кезде Шабдандын балдарын катуу издеп табалбаган себеп, Шабдандын балдары Турпанга жаныдан киргенде анжиандык ак-сакал Абдыкадыр кармайбыз деп келгенде, алар карматпай ушул бойдой көчүп олтуруп, байдын тоосу Карабакка кыштаган. Бычков 70-80 кишини кармап алып, Беделдин белинин алдындагы кароолго барып конгондо эл жаткан кезде Балыкчы Боронбаев эшикке даарат ушатууга чыгамын деп кошо барган солдатты таш менен жыга коюп качканда калган солдаттар артынан кубалап бири кеткенде аны дагы жыга муш-тап качып бара жатканда жарга жыгылып калып, казак-орустар кармап келип кылычтап өлтүргөн. Калган кыргыздарды Бычков алып барып Караколдогу набактыга салдырган. Бычков келип элден 70-80 кишини кармаганда эл коркуп, көбү Бай, Куч, Луп.
Наяга кеткен. Тоонун ичиндеги туюк черге бекинген. Пишпек, Нарындан качып барган кыргыздар — аяк менен сарбагыш өтө начар болду. Мал-мүлкү . ак келбегенде башын саткан ушулар болду. Жакын кирден качкан себептен жана апийими барлыгынан бугу кыргызы- артыкча демдүү болду.

Бугунун алсыыраагы тынымсейит уругунан учурады. Көбүнчө сарбагыштар бир түндө 70-80 чакырым жерден мал уурдап келип турду. Топтогон төөлөрдү айдап келип, үстүнө алачык тигип коё салып, артынан ээлери келген-де төө көргөнүбүз жок, канакей таап алгын дегендерге айылды көрсөткөндө ээси алачыкта кайдан төө болсун деп айылдын тегерегин карап кайта кеткен. Кээ бир чакта уйгур менен кытайдан кыргыздар өлтүрүп да койду. Кыргыздын мындай тынчтык бербегенин кытай үлгү билип, бир жерге тургузбай ары-бери ай-дап турду. Кытай мусулмандарынын улугуна, бектерине союш берип, көчпөй турганы да болду. Кыргыз өз ичара баланча уруу, каракчы деп кытай улуктарына жамандап бирин-бири чагымдап тургандары болду. Маселен, сарбагыш ууру деп бугу айтса, бугу ууру деп сарбагыш айтты. Аныгында тынымсейиттен башка бугулар уурулукка катышкан жок.


Кыргыз