Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Түркстан

Түркстан  – 19-к–20-кылымдын башында  түрк элдери жашаган Орто Азияны,  Казакстанды,  Борб. Азиянын  бир бөлүгүн камтыган   аймактын  тарыхый-геогр.  аталышы. Шарт-туу түрдө үчкө  бөлүнгөн: 1. Батыш же Орус Түркстан (Россия империясынын  Орто Азиялык  ээлиги, Казакстандын Түштүк бөлүгү); 2. Чыгыш  же  Кытай Түркстан (азыркы  Синьцзяндын түштүк бөлүгү); 3.  Ооган Түркстан (Ооганстандын түндүк  провинциялары). Батыш Түркстан аймагында 1865-жылы  Арал деңизинен Ысык-көлгө  чейинки аймакты камтыган  Түркстан облусу түзүлгөн.   1867-жылы Батыш Түркстан аймагында  Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлүп, 1886-жылы Түркстан крайы  аталган. 1918-жылы апрелде  Батыш Түркстан аймагында Түркстан  АССРи түзүлгөн (борбору Ташкен).  1924–25-жылы Орто Азия Республиканын  улуттук-мамлекет бөлүнүшүнөн кийин  Түркстан Орто Азия термини менен алмаштырылган.


Кыргыз