Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Түрк уруулары

Түрк уруулары

Жаппастан сегиз уул болду, улуусу Түрк аталды. Атасы Жаппас оо дүйнө кетер алды улуу уулу Түрктү ордуна дайындады. Ошентип Түрк ата өзү баштап тогуз уулу падыша болду. Түрк ичинде тогузду ырасым тутмак ошондон калды. Түрк акылдуу, адептүү адам эле. Атасынан соң көп жерди көрдү, акыры бир жерди жактырып анда турду. Бу күндө ал жерди Ысык-Көл дешет, эли жердеген жайын Түркстан дешет, түп атабыздын ысымынан калды.
Эми түрк уругу Кытай, Жапан, Манжур, Кашкар, Букар, Стамбул, Кырымдан тартып, ызгарлуу тундүккө чейин таралган. Ортосунда болгонубуз үчүн бизди Орто Азиялык дешет. Түрк оо дүйнө кетер алдында уулу Түтүктү өз ордуна коюп, барса-келбес сапарга көчтү. Түтүк да акылдуу, дөөлөттүү падыша болду. Тамакка туз татыткан сымал Түрк ичиндеги көп ырасымды ошол чыгарды. Эки жүз жыл өмүр сүрүп, атасынын артынан а да кетти.

Ордуна Элчи хан падыша болду. Элчи хан көп жылдар падышалык кылып, ашын ашап, жашын жашады, каары келгенге каарын чачып, касап тилегендин абазын берди. Акыры а даты атасы барган жайга барды. Ордуна уулу Диб-Баку хан болду, көп жылдар падышалык доорун сүрдү, түбөлүк журтуна ал жөнөлдү. Анан ордуна уулу Күйүк хан болду, бир нече жыл адил өкүмүн жүргүздү, анан жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө жөнөлдү. Эми ордуна уулу Ааланча хан болуп, көп жылы падышалык кылды.

Тээ азирети Нук алейсаламдын заманынан баштап Ааланча заманына чейин бардык Жаппас уулдары мусулман эле. Ааланча заманында эли бай, калкы дөлөттүү болду. «Ит семирсе ээсин кабаар» деген макал ошол күндөн калды. Дөөлөткө мас болуп, кудааны унутушту. Ааланча хандан эки эгиз уул төрөлдү, ысымы Татар, Магул делди. Экөө эки падыша болуп, элди экиге бөлдү. Татар өзүнөн баштап жети уулуна чейин падышалык кылды, аттары бу: Бука хан, Жылаанча хан, Аттуу хан, Атсыз хан, Ордо хан, Байду хан,
Сүйүнчү хан. Хандык мына ушундан кетти. Бая Ааланча хандан Татар, Магул эки эгиз уул деген элек. Татар баяны өттү, кезек эми Магулга жетти. Магулдан Каракан ата ордун басып, падыша болду. Каракан заманында кудааны тааныган адам калбады. Эми уулу Угузкан хан болду. Бу заманда кудааны билген түк калбады. Угуз энесинин кардынан олуя туулган жан эле, андыктан кош миздүү кылыч болду, мусулман болбос ыктыярына койбоду. Бүтүн Азияны кол алдына каратты, бир жүз он алты жыл падышалык кылып, хак ыракматыга көчтү. Кытай, Жапан, Индостан, Стамбул, Мисир, Орусияга чейинки калк карады ага.

Угуздун алты уулу болду. Ар биринен төрттөн уул төрөлүп, бардыгы жыйырма төрт уул-небере көрдү. Ошонун бири Кыргыз. Казактын да асили кыргыз. Кийин Абулкайыр хан заманында казак аталды. Азыркы кыргыз эли атабыз Кыргыздын атагында калдык мураскор болуп. Кыргыз дүйнөгө Мухаммед алейсаламдан 3 400 жыл мурун келди. Эмкинин эсебинде 4 700 жылга чамалап барат. Эми кыргыз дегенибиз эки түрлүү: бири — кыргыз, бири — казак. Кыргыздан Сапар шаа. Шаа дегени — кан дегени. Андан Алхак, андан Рашидилхак, андан Аналхак. Бу ысымдар арабдар менен жакындык кылып турганда коюлган. Андан Саршан бий, андан Эршен бий, андан соң Бууракан хан болгон, андан Камбар хан, андан Пышак хан, андан Аргун хан, андан Алжан, андан Арстан хан, андан Байчоро, Жанчоро, Кызчоро. Жанчородон Орто жүз казагы, Карачородон Кичи жүз казагы, Байчородон Улуу жүз казагы жана кыргыз тарап чыкты. Алардын бар баяны анан казак тарыхында айтылаар. Эми Байчородон Чомомбай, андан Кийикбай, андан Тобу, андан Майкы, Когам, Кыйылдыр, Микраил. Майкыдан Албан, Субан, Дөөлөт, Кымыр, Ботбай, Жапыш, Чапырашты, Калыгул, Кыргыз. Кыйылдырдан кырк жүз казак. Микраилден миң жүз казак. Баяны анан айтылаар.

Эми Когамдан Бараткан хан болгон. Андан Габыр хан, андан Галидин, андан Арслан, андан Кылмый бий, андан Шапур бий, андан Темиш бий, андан Арстан бий, андан Атан бий, андан Шүкүр бий, андан Сеңкиң бий, андан Сары бий, андан Муратай, андан Телкозу, андан Калмак, андан Домбул бий, андан Долон бий, андан Агуул, Куу уул.
Эми Агуулдан болсо Адигине, Тагай деп эки уул тарайт. Бу эки уулдун тукуму азыр орус кол алдында. Сыр дарыя менен Жети-Суу обулусунда турат. Куу уул кыргыздары Кытай кол алдында жана Тыан Шан тоолорунда жашайт. Бу кезде аларды Чоңбагыш дешет. Атактуусу тогуз урук: Аскалы, Каңдабас, Мачак, Кулун, Бичине, Килет, Кутчу, Мундуз. Эми Каңдабастан Арзымат бий, Төрөгелди бий, Алимхан бий деген мыктылары бар. Башкаларын да таратып жазган элем, жоготуп ийдим. Эми бу туугандарга жана барып жазып келүү кыйла кыйынга тураар, арабыз он күндүк жол. Кашкарга . 1901-жылы барган элем, анда сегиз ай турдум. Кытай мыйзамы ууруларга кыйла түрлүү жаза берет экен. Ууру кармап келген кишиге кызматы үчүн казынадан жүз сомдон чыгарып берет. Ууру болсо күнөөсүнө барабар жазасын алат: кабат урулган тактайлардын ортосун оюп моюндарына кийгизет, созсо баштары тийишпейт, сунса колдору оозуна жетпейт, ушундай абалда барын бир чынжырга кошоктой тизип, кыш болсо ачык суукка, жай болсо чөл ысыкка калк тынбай өткөн көчөгө байлап тыштайт.

Өткөн-кеткен аларды көрүп сабак алсын дегени. Бу орточо жаза болгону. Эми анда жашаган кыргызды айтсак илим-билимден кабарсыз, тоо ташта мал асырап күн көрөт. Бизде болуш болсо, аларда — бий. Бирок жаатташып, бийлик талашпайт, акимдик атадан балага мурас калат. Бу кыргыздар Кашкар шаарында, Тыан Шан тоолорунда, Саркол, Какшаал деген тоолордо жашайт.
Эми Агуулдан Адигине, Тагай, Муңгуш делет. Адигинеден адигине, Муңгуштан Анжиан кыргыздары. Муңгуш он үч урууга бөлүнөт: Эрке, кашка, төлөйкөн, маңгыт, көк-жаңгак, сокулук, жапалак, кодогочун, жоош, жылкелди, сарала, теке, бөкөрү, татар деп.
Адигинеден он урук: сатар, баргы, бөрү, көкчө уулу, олжоке, тооке, сабай, жору, ардай, мөнөк делет. Бул туугандарга 1914-жылы 23-мартта бардым, көрдүм. Үч атасын айтып бергендер дээрлик калбаптыр. Биздин тарапта үч атасын билбесе, «кул» деп уят кылышат. Же сарт болуп шаарга кирип маданиятташпай, же окуп билим албай, адашкан кыргыз болуптур. Жору уругунан мударис Жунус дамбылда деген кыргыз болуп туруп, кыргыз болгонуна өзү өкүнүчтө экен. Сарт бол деген жерим жок, илимдүү болуу — өз салтыңды сактоо деген кеп. Билим деген жалгыз намаз окуп, орозо тутуу эмес, замандын ал-жайынан да кабардар болуп туруу. Молдо Абдысатар казы Мурат ажы уулу деген айтат: — Беш жыл болду,— дейт,— казы болгонума. Суракка келген адамдардан сурасам аталаш туугандарды мындай кой, өз атасынын ысымын зорго айткандар бар. Бир курдай эки кыргыз тууганым аталарынын да атын билбейт, Кудайкул, Абдыкул деген ысымдарды өзүм коюп туруп өкүмүн чыгардым. Биздин кыргыздын салт-санаасын жоготкону ушундан маалым болбойбу?! — деди.

Өзү кыргыз, Акбуура деген уруктан экен, жакшы адам көрүндү. Дагы Алымбек медресесинин мудариси Кожо Амантур уулу Хатим деген бар, өзү теке уругунан, «эл» дегенде жанын берген ачык ойлуу жан экен. Жалаң кыргыз деп дегдеген кыялын ушундан билиңиз; жалгыз өзү кыргыздын тарыхын жыюуга киришиптир, акыры айласы куруганда токтотуптур. Баргы уругунан Алымбек деген хан болгон, Кокон шаарында. Бу адам Ош шаарына бир зор медресе салдырган. Букар медреселеринин порумунда. Абасы таза, бийик орунда. Ош шаары таман алдында көрүнот. Ошо Алымбектен Абдылдабек, Маамытбек, Баатырбек, Асанбек, Камчыбек — беш уул. Абдылдабектен Мурзапаяс, Камчыбектен Пайзула. Алымбектин катыны, ушу балдардын энеси Курманжан өмүрү өткөнчө Алымбектин ордуна датка болуп олтурду. 1911-жылдарда дүйнөдөн өттү. Курманжандын сүрөтүн салып, ал жайын баяндап, орус акимдери орусча тарых чыгарышты. Көрсө тарых пайдалуу жана керек экен.

Биздей караңгы калк капарсыз уктап жатканда тарых билген орустай билимдүү элдин жасап атканын көрдүңбү! Дагы ушу Ош шаарындагы, так Сулайман тоодогу ылган Бабыр паашанын каадим жайы экен. Андан калган асарда Ош шаарында Жаннат-Арык деген тоо түбүнөн кеткен арык Бабырдын каздырган арыгы экендиги айтылат. Ал тарых фарансузча, немисче, орусча эче мертебе басылган. Тарых билбеген соң, Ош адамдары таш шекилдүү бу шаарга ким келип, ким кеткенин кайдан билсин. Жалгандан жалган эле «так Сулайман» деп ашык болуп элди алдоо эмей эмне?! Пайгамбарым айтыптыр: «Илим изде, билим куу, жалган айткан акмак үммөт болбо, аалым бол, наадан болбо»,— деп. Дагы азирети Аалы айтыптыр: «Аалимуа валадикум лаззамани гайри заманикум»,— деп. « Балаңды окут. Заманыңда жана башка заманда боло турганды айт, же келээр замандан кабар бер» дегени. Бу азирети балдарын ошого үйрөткөн. Биздин өмүрүбүз жалганда алдоо менен күн өттү. Балдарым силер да «бутак Сулайман, бу жерден баш ооруң айыгат, бу жерде адам тилегин Алла кабыл кылат» дегенге ишене бербе. Андай болсо ошол шайыктар неге өзүлөрү бай болбоду, оңбоду? Китепке амал кылбай, тоого, ташка мазар деп сыйынып өмүр өткөрүш акмактык. Нечен аалымдар бар көзү тирүү, барсаңыз илим үйрөтөт, акыл үйрөтөт, китепке амал кыл деп айтат. Андан качканда кайда барабыз?! Таң калам да, калам!

Тарых, Кыргыз Шадмания, bizdin.kg


Кыргыз