Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Түргөштөр

6-кылымга чейин уруу катары калыптана элек болчу. Кагандык 704-766-ж. башында Иртыштан Сыр Дарыянын ортоңку агымына чейинки, Чүй жана Иле дарыяларынын аралыгын мекендеген, кыргыз (түрк) тилдеринде сүйлөгөн эл «он ок», дулу уруу бирикмесине кирген түргөштөрдүн мамлекети. Түндүк Жети Суу аймагында түзүлгөн. Борбору Кемин өрөөнүндөгү Суйаб (Ак Бешим) шаары, кичи шаары Иледеги Күңгүт болгон. Түргөштөр 1 млн. дон ашкан.«Сары» жана «кара» түргөштөр болуп бөлүнгөн. Кара түргөштөр мурун Нушийби аталган. Кара түргөштөрдүн элинде бир урук «азык», күчүк болгон. (Б. Солтоноев. «Кызыл кыргыз тарыхы» 1-китеп. – Б.: 1993. 31-б.) «Сары» түргөштөрдүн жетекчиси үч Элик каган (704-706-ж.) Бага Тархан Кулан шаарындагы (Чүйдүн Луговая бекети) батыш түрктөрдүн акыркы каганы Ашина Синди өлтүрүп Түргөш династиясын негиздеген. Араб аскер башчысы Кутейба 705-706-ж. Балх, Пайкентти ээлеп, Букарды басып аларда үч Элик каган согдуларга жардамга барганда ал чегинген. Кытай менен мамиле түзгөн, экинчи уулу Чженди Чаньга элчи кылып жибергенде император жакшы кабыл алган. үч Элик Чыгыш Түрк каганаты менен жер, бийлик үчүн каршы болгон. үч Элик каган 706-ж. өлөт. Ал өлгөндөн кийин мураскор уулу Сакал каган (706-711-ж.) болгон.

Саясий абал оор эле. Тан империясы, чыгыштан Түрктөр, түштүк-батыштан арабдар кыскан. 6-кылымдын акыры – 7 кылымда түргөштөр Батыш Түрк кагандыгына караган. Көз карандысыздыгын сактоо үчүн Сакал каган 709-ж. Чыгыш Түркстандагы Кытай протекторатына Аньсиде кол салып кытай аскерине сокку урган. Жетекчисин дарга аскан. Сакалга (Согэ) каршы кытайдын тукуруусу менен айрым уруу жетекчилери козголоң чыгарып, бөлүнүүгө аракеттенгенде аны басып, Кучадагы кытай наместнигинин күчүн талкалаган. Ал урушта наместник Гу Шиңзян ж.б. кытай кол башчылары курман болгон. өлкөгө тынчтык орногон. 679-жылы Ашин династиясы жетектеген Чыгыш түрктөр Тан империясына каршы көтөрүлүп боштондукка чыккан. Капаган кагандын (691-716-ж.) Чыгыш Түрк кагандыгы гүлдөгөн. Сакал каган араб баскынчылыгына каршы күрөшүп, 707-708-ж. Букарга кол салган Кутейбадан чегинген. 709-ж. Букарды курчаган. Согдуларга канзаада Кул Бага чор баштаган чоң күч жардамга келген. Эмир Кутей ибн-Мислим жетектеген араб аскерлери жеңилген.

Кутейбанын башы миң алтын тыйынга бааланган. Бирок, Кутейба чыккынчы, чалгынчылары аркылуу Согд падышасы Тархун менен түргөштөрдүн арасында ишенбөөчүлүктү, нааразычылыкта таратууга үлгүргөн. Натыйжада, Тархун Кутейба менен келишим түзүп, ага анча чоң эмес салык төлөп турууга милдеттенген. Арабдар Букарды ээлеп, кайра түргөшкө чыгыштан басып кирүү коркунучу туулган. Сакалдын иниси Чжен агасына каршы көтөрүлүш чыгарып Чыгыш түрк каганы Капаганды жардамга чакырган. Ушуга байланыштуу 710-ж. Сакал Кучадагы Тан Кытайы, Энесайдагы Кыргыз каганаты, Тубадагы Чик, аз, Теңир Тоодогу Түргөш каганаты үчилтик коалиция түзгөн. Жортуул 711-ж. болмок. Мунун демилгечиси кыргыз Барсбек болгон. Булар Чыгыш Түрк каганына каршы бириккен. Капаган амалданып Кытай менен келишим түзүп аны нейтралдаштырган. Анан Тонукөк, кичүү уулу Инэл баштаган 20 миң армия Энесай кыргызын талкалаган. Түргөштөр 711-ж. Чыгыш Түрк кагандыгынын кол башчысы Култегинден талкаланган. Сакал каганды өлтүргөн. Бул окуядан мурун козголоңчу Чжен Чыгыш түрк ордосуна качып барган. Ошондо Капаган каган айтыптыр: «Силер бир тууган болуп туруп, өз ара ынтымактуу боло албадыңар. Эми кантип мага берилип кызмат кылмак элеңер?» – деп туткунга түшкөн агасы менен кошо өлтүрүп салган. 716-ж. чейин аларга баш ийген.712ж. Экинчи Түрк каганаты 120 миң кытай армиясын Маньчжурияда талкалаган. Култегин Согд өрөөнүнө (Самаркан) чейин барган. 710ж. Тархундун тактысына Гурек отуруп, арабдарга көз каранды эле. Жергиликтүү эл Кутейбага каршы күрөшүп аткан.

Култегин да арабдарга каршы согушкан, бирок көтөрүлүш басылган. 716-ж. Капаган каган өлүп ордуна тууганы Билге каган (716-734-жж.) болгон. Түргөш жетекчиси Чабыш чор Сулу (716-738-жж.) 717-ж. Кытайга барып Ашин династиясынын кызын алган. Экинчи аялы Билге кагандын кызы болсо, үчүнчү аялы – Тибет падышасынын кызы эле. Сулу өзүнүн бир кызын Билгенин уулуна берген. Ушинтип мамиле түзгөн, айлакер, дипломат, аскер башчысы болгон. Анткени, кытай аркылуу бийликке кайра келүүнү эңсеген Батыш Түрк каганатынын Чыгыш Түркстанга коркунучу бар болчу. 717-738-ж. Орто Азия элдери менен кошо араб баскынчыларына каршы күрөшкөн. 720-ж. араб баскынчыларына каршы Гурек жетектеген согдулардын көтөрүлүшү чыккан. Согдуларга жардамга Түргөштүн атактуу кол башчы Күл Чор (Бага Тархан, Күрсүл) түргөштөрдүн аскерин жетектеп келген. Самарканды Бахилияны убактылуу камоого алган. Согд мамлекетинен араб баскынчыларын убактылуу кууп чыккан. Арабдар 40 миң күмүш тыйын жана жетимиш адамды барымтага берип тынчтык келишимди түзүшкөн. Ошол учурда Мерв шаарынан Самарканга ири араб отряды жөнөтүлгөн. Алардын алдыңкы күчүн согду, түргөштөр жок кылган менен, алардын негизги күчү Самарканга жетип арабдардын оор жарадарларын алып кетишкен. Ошентип, Түргөш, Согдулардын бирикен күчү араб баскынчыларын Орто Азиядан кууп жиберишкен. Бирок, көп өтпөй арабдын чоң жазалоочу армиясы Согдуну басып алган. Падыша Гурек кечирим сурап кайра араб наместнигине барган. Арабдар Ферганага качкан согдуларды кууп барышкан.

724-ж. Сулу каган араб баскынчыларына каршы жортуулду өзү жетектеген жана душманына кайраттуу, чечкиндүү сокку урган. Ошондуктан, арабдар аны «Абу Музахим» – «Сүзөнөөк» деп аташкан. Сулу жетектеген бирикккен күч (Фергана, Чач (Ташкен), Несеф) Сыр Дарыянын боюнда араб баскынчыларын талкалап, алардын калдыгын Самарканга чейин кууп барышкан. 726-ж. түргөштөр Тохаристандын калкына араб аскерлерин талкалоого жардам беришкен. 728-ж. Хорасандын наместниги Ашрас Мавернахрдын калкына мусулман динин кабыл алгандар жан башынан алынуучу салыктан бошотулат деп алдаган өкүм чыгарган. Натыйжада, согдулар амал менен ислам динине өтүшкөн. Бирок, наместниктин буйругу боюнча мурун төлөп жүргөндөрдүн бардыгынан аталган салык чогултула берген. Ошондон улам эл нааразы болуп,көтөрүлүш башталган, аны түргөштөр колдогон. Араб баскынчыларын айыл-кыштак, шаарлардан сүрүп чыгарышкан. Араб колунда Самаркан, Дабусия гана калган. Ашрас эми дин үчүн ыйык согуш жарыялап, чоң армия менен Аму Дарыядан өтүп Букарга келген. Сулу Чач, Фергана аскерлери менен бирдикте арабдар менен бир нече жолу беттешкен. Бул жерден Гурек баштаган согдулар Сулу кагандын тарабына өтүп кетишкен. Ашрас Самарканда 40 чарчы метр алыстыктагы Кемердин сепилине жашынган. Аны Сулу курчаганда Ашрас качкан. Анын ыйык согушу ишке ашпай калган. Халиф 729-ж. Ашрастын ордуна Жунейди Хорасандын наместниги кылып дайындаган. Ал бир жылдан кийин Мавернахрга кол салган. Аны менен Сулу кагандын 17 миң аскери Аму Дарыянын жээгинде беттешкен. Бирок, түргөштөрдүн артына арабдардын Самаркандагы аскерлери жана алардын согдулук союздаштары жетип келишкендиктен согушта Сулу жеңилип өз ордосу Суябга кайтып келген.

731-ж. Түргөш каганы 17 миң аскер менен кайра Самаркандагы араб горнизонун курчаган. Жуней Хорасандан Аму Дарыяга келип түргөш согдулардан жеңилген. Араб баскынчыларына Тохарстандан кошумча күч келгенине карабастан катуу жеңилип Зарафшан өрөөнүн таштап качышкан. Орто Азияны араб халифаты басып алам деп 50 жыл согушкандыктан өлкөнүн чарбасы начарлап, арабдардын бир бөлүгү өздөрү нааразы болгон. 734-ж. Хафис халифге согдуларга каршы көтөрүлгөндө ага арабдар өздөрү кошулуп мусулман динин кабыл алгандардан салык албоосуна жетишкен. Харис кол салуулардан артка чегинген. Түргөштөр 17 күндө Хорасандын наместниги Асад Хуталды жеңишкен. Асад Балкка качкан. Түргөштөр мал-олжого ээ болуп Суябга келишкен. Сулу кагандын тушунда түргөштөр абдан өнүккөн, калкы 200 миңге жеткен. Кыргыз кагандыгы менен байланыш түзүп, Тибет башкаруучулары менен жакшы ымалада болгон. 738-ж. төбөлдөр менен карапайым көчмөндөр чырлашкан. Бийлик талашкан төбөлдөр 738-ж. Сулу каганга суук тийип шал болуп калганда, аны аскер башчысы Бага Тархан өлтүргөн, ошондон кийин Түргөш кагандыгы начарлайт. Сулу өлгөндөн кийин сары, кара түргөштөрдүн ортосунда бийлик талаш күчөйт. Сулу кагандын уулу Тухварсен кара түргөштөрдүн колдоосу менен такка отурган. Бирок, Бага Тархан Чүй боюндагы сары түргөштөрдүн, Фергана, Ташкен, Кеш башкаруучуларынын жана Тан империясынын Кашкардагы наместнигинин күчү менен кара түргөштөрдү жеңип, Тухварсенди туткундайт. 739-ж. түргөштөрдүн тактысына Кулчор Бага Тархан отурган. Кулчор Харис арабдар менен согушту уланткан. Күл Чор 739-744-ж. Сыр Дарыяга жасаган жортуулда туткунга түшүп өлгөн. Кагандык өз тыйындарын чыгарган. Көчмөн түргөштөрдүн көпчүлүгү Теңирге табынса, Чүй өрөөнүнүн шаарындагылар бутпарас, несториан диндерине сыйынышкан. өлкө начарлагандыктан мындан пайдаланган Чыгыш Түркстандагы Тан наместниктери Түргөш каганатынын такты талашуусуна, уруу чатактарына кийлигишкен.

748-ж. Ван Чжен-сян баштаган Кытай аскери Суйаб шаарын тыптыйпыл талкалаган. Кийинки жылы Ташкенди алып, анын башкаруучусун дарга аскан. Бул мезгилде арабдар Согдуну ээлеп алышкан… Арабдар Букардагы элдик көтөрүлүштү жырткычтык менен басып, Невакетте (Чүйдө) көздөй качкандарды артынан кууп келип Тараз (Жамбыл) калаасын ээлеген. Бирок, бул шаарды кытай аскерлери курчаган. Хорасандын наместниги Абу Муслим аскер башчысы Зийад жетектеген араб армиясын Таразга жардамга жиберген. Аларды тосуп Суйаб шаарынан Гао Сянь-чжи баштаган кытай отряды чыккан. Эки армия 751-ж. июлда Талас суусунун жээгинде жолугуп, төрт күн согушат. Бешинчи күнү кытай армиясынын артынан капыстан карлуулар, алдынан арабдар чабуулга өткөн. Согушта 50 миң кытай өлүп, 20 миңи колго түшкөн. Калганы качкан. Ошондон улам Кытай баскынчылары Чүй, Ысык Көлдү таштап кетүүгө мажбур болушкан. Түргөш каганатынын аймагында карлуу уруулары көбөйүп, күчөгөн. Алар оболу Монгол Алтайынан Балкашка чейин, Тарбагатай тоолорунда жашашкан. 746-ж. Уйгур каганатынын кысымы менен Жети Сууга көчүп келишип 20 жылдай моюн бербей, өз билгендерин кылышкан. Түргөштөрдүн шайын кетирип 766ж. Суйаб, Тараз шаарларын ээлеп, Түргөш каганатын жойгон. Түргөш каганатынын жоюлушу менен Батыш Түрк каганатынын доору аяктаган (өмүркул Караев. «Көөнө түрктөр тарыхы», – Б.: 1994. 54-62-б.). Араб баскынчылары ээлеген, басып алган көчмөн жерлеринин, адамдарынын атын каалагандай өзгөртүп, мусулман динин зордук менен таңуулап геноцит жасаган. Теңирчиликти талкалаган.

Булак:literatura.kg


Кыргыз