Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Тейит байыркы кыргыздын бир уруусу

Тейит  байыркы  кыргыздын  бир  уруусу. М.Тынышпаев  тейиттер  6-к.  түрктөр менен Орто Азияга  келген деп  эсептейт. Чумугундар менен  тыгыз  байланышта. Тейиттер батыш  түрк  каганатынын  негизин  түзгөн.   Кытай,  карлуктардын  соккусунунан  алар  чачырап, бир  бөлүгү  Кашкарга,  бир  бөлүгү  батышка кетишкен. Ошолордун  насилдери Доит-Тейиттер, Кара Кесектер  болушу ыктымал  деп  божомолдошот.  Кара Тейиттердин  бир  уругу  казактарда болуп,  алардын байыркы  урааны Даут  Тейит.

Санжырада Чүй баатыр  элин кытайлардан  коргоп согушта  өлөт. Алар Алай, Памир  тоолорунда  моңголдордон мурда  эле жашаган,  биз  11-12-кк. түзгө  түшкөнбүз. Ферганада Ороз  хандын  заманынан  бери жашайбыз  ( М.Тынышпаев.1925.  Ташкент.  стр.  3-25) дейт. үсөн Ажы  араб тарыхына  таянып:  Кыргыз Ороз  хан Чыңгыз  хандын  аскери Самаркандды  алганда  өзү  келип багынып берип  ордун  сактап  калганын айтат. А.Кушкевич  (1872-ж. «Туркестанские  ведомости», №11) Каратегинде  тейит  уруусу жашаарын  айтат. И.Минаев  1879-ж.  ичкиликтердин  20  уруудан  турарын,  ага:  тейит,  кара  тейит,  чал  тейит  кирет деп жазган. Н.А.Аристов  Свен Хединге  таянып «Памирде,  Алайда,  Кара Тегинде,  Тейит  уруусунун  өкүлдөрү (каратейит,  тейит)  543  түтүн,  2715 киши»  деп  жазган. Н.Ситняковский «Ош  уездиндеги  кыргыз  уруулары» деген макаласында жана  таблицасында  тейит  уруусу  12  уруктан  турат: «Кара  тейит, Сары  тейит,  Чал  тейит, Бай  тейит,  Арык  тейит, Чоң  тейит,  Уйгур  тейит, Жаман  тейит, Чапан  тейит, Айтемир  тейит,  Токум (Тукум)  тейит, Чыгырчак  тейит» деп  жазган. Тейиттер  накта  кыргыздар.  Санжырасында Искендер  Зулкарнайн,  Кир (Карь)  келгени жөнүндө  айтылат.

Тайит  арабдар менен  салгылашкан,  алардын кол  башчылары менен  куда  болгону жөнүндө  аңыз  айтылат. 1913-14-жж. тейиттер Скоблев  уездинин Ичкилик болушунун №1,2,3, айылдарында  167  түтүн  758  киши, Найман болушунун  19 айылында  416  түтүн  2297  киши  турушкан.  1924-26-жж.  тейиттер Ноокат, Нойгут  – Кыпчак, Ичкилик, Найман  болуштуктарында жашашкан. 1953-55-жж.  чоң тейит, чыгырчак тейиттер  катталган эмес, өзгөргөн.  20-к.  50-ж.  тейиттер Лейлектин Булак Башы,  Кайрагач,  биринчи, экинчи, Кольцо, Кулундуда, Баткендин Сары  Талаа, Кульп айылында, Фрунзеде  – Майдан, Караганды, Шибе, Лянгар, Теңизбайда, Алайда  –  Көк Булак, Кургак, Талды Суу,  Кара Кабак, Кашка Суу, Кабык, Кызыл  Эшме, Жаш  Тилек, Чак,  Кулчу, Жекенди, Карамык, Шибээ,  Кара Тейит  айылдарында, Ноокаттагы Апшир Сайда, Сузакта, Ак Мечетте, Ысык Көлдүн Ак  Терек, Жеңиш  айылдарында жайланышкан.  Тейиттер  кыргыздын  калыптанышына  катышкан. Булак:literatura.kg


Кыргыз