Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Ташбашат көрүстөнү

Ташбашат көрүстөнү  – коло доорунан кечки орто кылымга  таандык көрүстөндөр тобу. Коло дооруна тиешелүү  6  көрүстөн казылып, алардын  үстү  төрт чарчы көлөмдөгү  таштар менен коргондолгон. Сөөк көмүү салты Таштөбө эстелиги менен окшош. Сөөктү көмүүнүн 2 түрү кездешет: сөөктү өрттөп көмүү жана жөн көмүү. Чопо идиштер, колодон жасалган билерик, шуру, сөйкө бирдей ыкмада жасалган. Ташбашат көрүстөнү 1957-жылы археолог П. Н. Кожемяко тарабынан изилденген.


Кыргыз