Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Тайлак баатырдын күмбөзү

Тайлак баатырдын күмбөзү – Тайлак баатырга жана анын бир тууганы Атантайга арналып, 19-кылымдын 1-жарымында тургузулган кош күмбөз. Акталаа районундагы Куртка айылынын жанында. Кыргызстандагы күмбөз архитектурасынын мыкты  үлгүлөрүнөн. Күмбөз орто кылымдагы диний архитектуранын салтында бышырылбаган жана чала бышкан кыштан салынган: кумпалуу бөлмөлөр (кумпалары урап калган) бири-бири менен чакан  эшик аркылуу байланышкан. Күмбөздүн порталы (маңдай жак бети) абдан кооздолуп, конус сымал (жогор жагын көздөй ичкерген) колонналары бар. Күмбөз мамлекет көзөмөлгө  алынган. 2002-жылы реставрацияланып, айланасы корулган. Күмбөзгө жакын жерде ушул эле типтеги башка күмбөздөр да бар.


Кыргыз