Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Солто уруусу

Солто уруусу Багыш уруусунун бир урпагы, чачырандысы. 1746-ж. солтолор Ферганадан Чүйгө келген. Жамасарттын аялы эркек төрөп атын Эсенаманкоюшкан. Биринчи көчтү Талкан, Каракчы баштап келген. өзбек, кыргыз, казактын калмактарга каршы күрөшүнө катышкан. Экинчи көч Тогуз Тородон, Кетмен Төбөдөн келген. Булар Култуунун тукумдары. үчүнчү чакан көч чаткал, Кара Тоо тараптан келген. Бул Чал мергендин айылы (Аюукен). Талкандын тукумдары үстөмдүк кылып Чүйдүн борбордук, батыш бөлүгүн ээлешкен. Талкандардан Коңурбай бий, анын уулу Жайыл баатыр белгилүү.
Коңурбай калмактарга каршы күрөштө аты чыккан. Ал саяк,азык, багыш, саруу, моңолдор урууларынын колун башкарып Абылайды колго түшүргөн. Кийин бошотуп жиберген, үч жылдан кийин Абылай келип жеңип Коңурбай оор кыйноодон каза болгон. «Жайыл кыргынынан» кийин 40 үйлүү солто калган (Ч.Валиханов. 84-87-б.). 1870-ж. Багыш болуштугунда 11 айыл, 1669 түтүн 3946 киши жашаган. Карабалтадан Сокулукка чейин жайгашышкан. үч Багыш урук – Чоң Карабос, Талкан болуштугунда 11 айыл 2072 түтүн 5289 адам турган. Сокулуктан Ала-Арчага чейин. Бул Чоң Карабос, Күнту, Эшкожо уруктары эле. Ала-Арчада 1200 түтүн 4337 киши. Кант, Чылпак уругу жашаган. Бөлөкбай болуштугунда (Бөлөкбай, Канай, Чылпак уруулары) 6 айыл 1200 түтүн, 4242 киши. Талкан болуштугунда (Сыр Дарыя облусу) 1112 түтүн, 5560 киши жашаган.
Булар Кара Балтадан Меркеге чейин ээлеген. Сарыбагыш, солто төбөлдөрү Чүйдү, анда жашаган саяктарды букаралыкка бөлүүдө каршылашып келишкен. Байтиктин аялы саяк Нусупбийдин кызы болгондуктан саяктарды өзүнө көчүрүп алып Суусамырды жайлоого мүмкүндүк алышкан. Орустар менен жакшы болгондуктан Шабдан Темир-Болот уругун Чүйдөн кетирип, аны менен бирге саяктарды батышты көздөй жылдырган. 17-18-кк. солтолордун урааны, тамгасы болгон эмес. Жалпы кыргыз урааны «Көкө», «Каратал». Тамгасы сарыбагыш, бугу, багыш, моңкуштукундай жагалмай Э Т болгон. Кийин жагалмай тамганын өзгөртүлгөн түрү ай тамгалуу солто аталат. Канай Кара Балта, Пишпек, Кокон сепилдерин курууда жумушчу күчүн берген, кийин кокондуктарга каршы чыккан. Байтик Байсалды, Багынбүбүнү кордогону үчүн өч алып Пишпек чебин кыйратууда орус аскерине жардам берген («Доор үнү», 1992. №1. «Чүй баяны» газетасы).
Ч.Валиханов 1856-ж «Кыргыздар жөнүндө записка» (Соб. соч. 2-том. Алма Ата, 1985. стр. 42) дегенинде солтолордун саны 20 000 түтүн деп көргөзүп, бирок, Кокон кандыгына 1500 түтүн үчүн салык төлөшөт деп белгилеген. 20 миң деген санда солтолор башында турган курама, киринди уруулардын саны болсо керек. Н.Аристов: «Солтолор Пишпек уездинин батышында 8638 түтүн, Олуя Ата уездинде 3000 түтүн, бардыгы 12 миң түтүн» деп тактап берген («Живая старина», вып. 3. и IV. С.Петербург, 1894. стр. 440). Кыргыздын калыптанышына катышкан этникалык топ. Генеологиясы: Тагай, Богорстан, Солто, Күнтуу, Чаа, Күлтуу, Чоңмурун, Байгана, Жолболду, Күлболду, Төрө, Карамерген, Токбай, Тата, Талкан, Каракчы, Адике, Атакүчүк, Абышка, Мендике, Элчибек, Казакта ж.б.
Булак:literatura.kg


Кыргыз