Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Социум, политийя жана этнос

Ар бир адамдын тиги же бул коомдук топко кирери талашсыз нерсе. Социалдык өнүгүүнүн кайсы бир баскычында турбаган, уруунун, ордонун, мамлекеттин, жамааттын, кошуундун жана ушулар сыяктуу бирикмелердин мүчөсү болбогон бир да адам болгон эмес, сыягы, болбойт да, ошондой эле этноско тиешелүү болбогон адам да жок. Социалдык, саясий жана этникалык жамааттардын айырмачылыктарын узундук, салмак, температура ченемдеринин айырмачылыктарына окшоштурса болчудай.

Башка сөз менен айтканда, бул көрүнүштөр бирин бири көштөй жүрөт, бирок салыштырылгыс көрүнүштөр болуп саналат.

Тарыхый географиянын мүмкүнчүлүктөрү да чектелүү. Аскер башчыларынын, реформаторлордун жана элчилердин аракеттеринен географиялык себептерди табууга умтулуу дегеле кажетсиз нерсе. А бирөк коюлган маселенин талабына этникалык жамааттар толук жооп бере алат. Адамдардын табият менен болгон өз ара байланышы тээ алгачкы мезгилдерде эле эмес XX кылымга чейин ачык-айкын байкалып келген.

Жогоруда белгиленген өнүгүүнүн үч багытынын өз ара катышын, айталы, Англия менен Франциянын мисалында көрсөтүү оңой болчудай. Себеби, бул өлкөлөрдүн өткөн тарыхы кеңири изилденип, такталгандыктан булактарга, библиографиянын түпкүрлөрүнө кайрылуу талап кылынбайт. Социалдык жактан бул эки өлкө тең бир канча коомдук түзүлүштөрдү, атап айтканда, римдиктер каратып алганга чейин кельттер — уруулук түзүлүштү; Галлиядан үч кылымга артта калганына карабай Британия Рим империясынын курамында турганда — кул ээлөөчүлүк түзүлүштү; феодализмди жана эң акырында капитализмди башынан өткөрүштү, бирок бул жолу Франция жүз жыл артта калды. XX кылымда жашаган адамдарга Ла-Манш кысыгы бөлүп турган бул эки эл саясий жактан алганда классикалык этнотерриториялык бир бүтүндүктөй жана алар илгертен эле ошондой болгондой жана башкача болушу мүмкүн эместей сезилет.

Бизди кызыктырган территория ландшафттык үч тилкеден турат: суб- тропиктик — Франциянын түштүгү, токойлуу тилке — түндүк Франция жана түштүк Англия жана суббореалдуу тилке — Шотландия менен Нор- тумберленддин жайкышы жашыл өңүн өчүрбөгөн, чекенделүү талаалары. Ар бир ландшафт өзүнө келип жашай баштаган адамды бул жердин өзгөчө шартына ылайыкташып жашоого мажбурлайт жана так ушундай жол менен белгилүү бир жалпылык пайда болот. Мисалы, Рона дарыясынын куймасына жакын жерлерде жашаган кельттер жүзүм өстүрүшкөн; бул аймактарга рим колонисттери I—IV кылымдарда, жоокер мүнөз бургунддар V кылымда, арабдар VII кылымда, каталониялыктар XI кылымда келишкенине карабай жергиликтүү элдин кесибин улантышкан. Эмгектин жалпылыгы менен шартталган турмуш-тиричиликтин бирдейлиги тил менен адеп-ахлакты жакындатып, теңдештирип салды. Азыркы учурда өз алдынча жашап жатышкан каталониялыктар, провансалдар жана лигурийлер XII кылымда бир элди түзүшкөн. Алардын биримдигин бузуу үчүн катуу кыргын салган Албигой согушу керек болду. Бирок ага карабай түштүк француздар XIX кылымга чейин жалаң провансал тилинде сүйлөшкөн. Чанда гана адамдарды кошпогондо алар француз тилин деги эле билишкен эмес.

Балыкчылардын тукумдары болгон норвегиялык викингдер Нормандияга келгенден бери эки муун аралыгында, антропологиялык тиби боюнча гана айырмаланып турганы болбосо, француз дыйкандарына айланып кетишкен. Твид өрөөнүнө келишкен ошол эле норвегиялыктар шотландцар-лоулендерлер кой багып өстүрүүчүлөр болуп калышты. Бирок алар түндүк Шотландиянын тоолоруна барышкан эмес, анткени ал жерде кельттер — шотланддык гайлендер өздөрүнүн кландык түзүлүшүн сактап жашап турган. Жер түзүлүшүн кошо алганда, ландшафт саясий чектер үчүн эмес, этникалык чектер үчүн чечүүчү фактор болуп калды.

Ал эми Франциянын жүрөгү болгон түндүк бөлүгүнүн ландшафты конвергенттүү (жалпы окшоштук) өнүгүү жолу аркылуу чыгыш жана түштүк-батыш тараптан келген оголе көп адамдарды өзүнө сиңирип алды. Байыркы убактарда — бельгилер, аквитандар жана келттер; жаны замандын башталыш чендеринде — латындар менен германдар; Орто кылымдардын башында — франктар, бургунддар, аландар, бриттер; Реформация мезгилинде — англиялык, италиялык, испандык жана голланддык иммигранттар ж.б. — ушулардын баары бир тектүү француз дыйкандарынын катарына келип кошулушту. Алардын турмушу этнографтар тарабынан гана эмес, Бальзак, Золя өңдүү реалист-жазуучулар тарабынан да эң сонун баяндалган.

Андай болсо бир суроо туулат: эмне үчүн окшош ландшафттары, окшош социалдык түзүлүшү бар, байыркы мезгилдерде сомдолгон кайык менен оңой сүзүп өтүүгө мүмкүн болгон деңиз кысыгы менен аралары бөлүнүп турган бул эки территориялардын этностору мунусуна да, аны- сына да пайдалуу болгон бир комплекске биригишпеди? Муну Орто кылымдардагы королдор эң сонун түшүнүп, биригүүгө үч жолу аракет жасашты. 1066-жылы Француз королунун вассалы Нормандиянын герцогу Гийом Британиянын англо-саксондук бөлүгүн каратып алып, кийин Нормандия династиясы токтогон соң башка бир француз феодалы Генрих Плантагенеттин карамагына өткөн. Ошентип, 1154-жылы Англия менен Нормандия кайрадан бирикти. Андан көп өтпөй ага Пуата, Акви- тания жана Оверня кошулуп — Генрих Плантагенеттин королдугу жаралды. Этнографиялык жактан алганда укмуштай айкалышкан бул королдук канткен менен 1205-жылы француз королу Филип II Август англиялык королдон Нормандияны, Пуатаны, Туренди жана Анжуну тартып алганга чейин жашап турду. Андан соң 1216-жылы француз королу Англияны басып алууга аракеттенди, бирок жеңишке жетише албады. Англия өз карамагына Бордо менен Байоннаны гана кармап калды, аны бул жолу гаскондук барондор колдоп кетишти. Ал аңгыча, 1339-жылы эки өлкөнү бириктирүү үчүн Жүз жылдык согуш башталып, мындай биригүүгө бул саам Англия демилгечи болду. Узакка созулган согуштан кийин, 1415- жылы Генрих V Ланкастер француз таажысын кийип, такка отурду. Кантсе да Англиядан Жанна д’Арк күчтүү болуп чыкты. Андан кийин эки өлкөнү бириктирүүгө аракет жасалган жок.

Ооба, физикалык географияда чиймеленген өзгөрүштөрдөн түшүндүрмө издөө куру убаракерчилик болор эле. Ал эми буга жооп табууга экономикалык географияны тартса болчудай. Бул усулду тарыхчылар

көптөн бери пайдаланып келатышат. Саясий түзүлүштөр — айрым алганда мамлекеттер — өзүнүн бекемдиги жана өнүгүүсү үчүн бир түрдүү чарба жүргүзүүгө эмес, ар түрдүү чарба жүргүзүүгө муктаж болгон, анткени ал жердеги ар түрдүү экономикалык провинциялар бирин бири толуктап турмак. Плантагенеттер түндүк Англиянын койлорунун жүнүнө, Кент менен Нормандиянын эгинине, Оверндин виносуна, Түркиянын кездемелерине ээлик кылып турганда күчтүү болушкан. Экономикалык байланыштар карым-катышты жандандырып, бийликтегилерди байыткан, бирок ал этникалык жактан аралашып сиңишип кетүүгө алып келбеди. Эмне үчүн? Буга жооп табуу үчүн үчүнчү аспект болгон этникалык жагдайды карап чыгууга тийишпиз.


Кыргыз