Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Шергазы

Шергазы (18-кылымдын  аягында жашаган) – Атаке баатырдын Россияга жиберген элчилеринин бири. 1785–89- ж. Россия империясынын борбору Санкт-Петербургга Атаке баатыр Тынай бий уулунун (сарыбагыш) жиберген биринчи кыргыз элчилигинин жетекчиси Абдрахман Алкучаков менен бирге           1786-жылы 15-мартта Россиянын императору Екатерина IIнин салтанаттуу кабылдоосунда болгон. Тарыхый документтерде ар кандай маалыматтар жолугат: алсак, Атаке өз каттарында: «Абдырахман менен Шергазыны» жибердим десе, Россиянын борборундагы документтерде аны «Уразбай» деп аташат. Азырынча бул суроону тастыктоого  жетишерлик маалымат болбогондуктан, Уразбай Шергазынын атасынын аты болуш керек деп да болжолдошот.


Кыргыз