Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Шераалы хан

Шераалы хан (1792–1845)  – 1842–45-жылы  Кокон хандыгын бийлеген хан. Кокон бий-лөөчүсү   Нарбото бийдин иниси  Хажи бийдин уулу. Атасы Хажи бий Алим-хан менен бийлик талашуу  учурунда   өлтүрүлгөн.  Балдары Шераалыны  жана  Улугбекти  сактап калуу үчүн энеси Умсунай, Таластагы  төр-күндөрүнө  качууга аргасыз болгон. Шераалы  Чаткал, Талас аймагында  чоңойгон. Эрезеге жеткенде саруу уруусунун бийи Асперди датка кызы Жаркынайымды жээни Шераалыга алып берген. Мадали хан  өлтүрүлгөн  соң, Талас, Чаткал, Аксылык  кыргыздардын  колдоосу менен  1842-жылы  ак кийизге салынып, хан көтөрүлгөн. Шераалыны хан көтөрүүдө  Ажы   датка, Сейдаалы бек, Нүзүп бийдин ролу чоң болгон. шаарынын Коконго  хан болушунан тартып,  хандык жоюлганга чейин (1876) ордодо көчмөн кыргыз, кыпчак урууларынын  төбөлдөрүнүн  таасири жогорулаган. Нүзүп  бийдин  өлтүрүлүшү  менен миңбашылык кызмат жана ордодогу чечүүчү  роль  Мусулманкулдун колуна өткөн. Шераалы хан 1845-жылы  Мусулманкулдун  Оштогу  кыргыздардын  көтөрүлүшүн басуу  үчүн кеткендигинен пайдаланган Мусулманкулга  нааразы  саясий топ тарабынан өлтүрүлгөн.


Кыргыз