Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Шер датка

Шер датка – кыргыздын багыш уруусунун кутлук-сейит тобунун белгилүү бийи. Фергана кыргыздарынын көрүнүктүү  инсаны. 1870-жылдардын башында Кокон ханы Кудаярды адилеттүү  хан менен алмаштырууну көздөгөн кыргыз бийлерине демилгечи болгон. Мураскор издеп Самаркандагы, Хорезмдеги хан урпактарына барган. Алар хандык бийликке макулдугун бербеген соң, 1872-жылы кеч күздө Ташкендин жанындагы курамалык Абдымомун Шамурзак уулунун  үйүнөн (к.  Момун Шамурзак  уулу; Искактын 1873–74-жылдардагы Аксы көтөрүлүшү) таанышкан Искак Асан уулун «Полот хан» деген ат менен Кудаяр ханга каршы күрөштү жетектөөгө үндөгөн. 1873-жылы жазында Ш. д. Искакты Аксынын Сафедбулон деген жеринде Кокон ханы деп жарыялоого жетишкен. Ошол жылы Аксыда, Экисуу арасында, Алайда  жана  Фергана  өрөөнүнүн түштүк- батышында Кокон ханы Кудаярга каршы кыргыз элетинин жалпы көтөрүлүшү  башталганда, Кудаяр кыргыздардын 40 бийин сүйлөшүүгө  ордого чакырган. Алардын ичинде ордого барган Шер датка башка бийлер менен кошо өлүмгө учураган.


Кыргыз