Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Саяк кыргызынан каба уругу алыбек баатырдын нарындын боюндагы өзбектин куртка коргонун бузганы

Сарыбагыш кыргызы 1830—31-жылдарда Ормонду ак кийизге салып, хан көтөргөндө казактан, бугу, солто, саяк,  Таластан  киши чакырганда башкадан келип, Нарын боюнда Куртка коргондо турган кокондуктун бегинен киши келбеген. Ормонду хан көтөрүп, эл тарап кеткен соң анын аскер башчыларынан саналган саяк кыргызынан Кетирекейдин уулу Алыбек баш болуп аскер алып барып, Курткадагы кокондуктун аскери менен согушуп, бир нече күндөн соң жеңип, далай сарбозун өлтүрүп, көп мылтык, кылыч алып кайткан. Ал мылтык, кылычты таратпастан Ормон аскерине арнап койгон. Мындан соң кокондуктар саяк кыргызына кастарын тигип, душмандашып калган. Саяк кыргызынан улам уругу Каралакөз деген баатыр бала жигит Атбашыдагы чериктен, жаки Нарындагы тынымсейиттен болорго керек. Жылкы уурдап алмак үчүн барып колго түшүп калганда аны алып келип, Куртканын бегине берген. Өзбектен Каралакөздү эртең шашкеде дарга тартып өлтүрөбүз деп жатканда Каралакөз түн боюнча киришип, колундагы кайыш күндөнү тиши менен кыйып таштап, таң атарда керегедеги чот керкини алып, бутундагы кишенди чабууга ыңгайланып, кокусунан киши ойгонуп калабы деп турганда дарбазаны ачып кирип, өзбектин молдосу эртеңки намазга азан айткан. «Алдооакпар» деп эки айтканда эки чаап, бутундагы кишенди түшүргөн. Үчүнчү «алдооакпар» дегенде чот керкини ала эшикке түйүлүп чыккан. Байлоодо турган эки аргымакты чечип, бирине минип, бирин коштоп алганда молдо «Ассаладу кайрым» дегенде Каралакөз атаңдын башы, эми эки аргымактан айрылдың деп дарбаздан чыккан. Молдо азандын аягына шашканынан чыга албастан жоо кетти деп кыйкырганда Каралакөз чот керкинин сабы менен аргымакты санга бир салып качып жөнөгөн. Нарындын суусунан кече Атбашынын тоосун бет алып, алкым менен жөнөгөн. Артынан 40—50 сарбоз кууган. Атбашынын тоосуна жакындаганда сарбоздор жетип: «Качпа, дос бололу, азамат экенсиң, сенин бир кашык каныңды бектен сурап алалы, макул десең сарбоз кылалы, болбосоң ыраазылык менен аттап-тондоп кайтаралы», — дегенде, Каралакөз атынан ыргып түшүп, чот керкисин таянып, кубалаган сарбоздорго уламулам ташты кулатакулата бийикке чыгып кеткенде эки аргымагын алып сарбоздор кайта кеткен. Каралакөз өзүн кармап берген айылга барып, койчудан тамак ичип, ушул түнү айылдын бир топ жылкысын тийип алып, элине кеткен.


Кыргыз