Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Сарбагыш тынай уругунун оруска караганы

Сарбагыш тынай уругунун оруска караганы

1857-58-жылдар чамасында кокондуктун 300 аскери Таластагы кыргыздар багыш, саруу, кушчу уруктарынын феодалдары Сарымсак датканы чабамын деп көчүп кубалап келе жатканда, Шабдан менен Баяке 12 киши согушка чогулган кыргыздарга кошулуп, өзбек менен согушкан. Замбирек атып турган бир өзбекти Шабдан качырып барып найза менен жыга сайганда өзбектер качып, кыргыздар бир дал, айын өлтүрүп, көп ат, тонжабдык олжо алышкан. Бугу, сарбагыштын согушу кезинде орустар Алматага абдан ныгып, 1854-жылы майор Премышлский деген төрөнүн отряды крепост салып (коргон), Чүй боюндагы кыргызды каратууга аракетин кылган. Ошол себептен 1856-жылында 100 казак-орус Алматалык казактан Качкароо, Карпык башчы көбүрөөк жолбашчы алып, Каштек аша келип эрте көктөмдө Жылгыибашта (Токмок) тынай уругу Түлөгабылдын айылын каптап, эртең менен чапкан. Көп кишини кылычтап, канчалык мал жана бир далай катын-кызды олжолоп кетип бара жатканда Түлөгабыл, Абийир, Мырзалы баштык 170 киши сайы-
шып, айылдан сүрүп чыккан. Казак-орустар Каракоңуздун талаасына барганда кыргыздар найзачан качырып, кол сала баштаган. Мырзалы Жантай уулунун атына ок тийип, аттын далдасында жатып калганда аны качырып келе жаткан казак-орусту Абийир менен Түлөгабыл качырып бара жатканда Мырзалы качып элине кошулган. Абийир баатырдын жазы маңдайына ок тийип жыгылып калган. Бул киши келдике уругунан жоого жылаңач чабуучу айтылуу Абийир баатыр болуп, жыгылып жатып, орусту көздөп кол шилтеп, «какап… капта» деп жан берген. Орустар токтобой жөнөп Каракоңуздун тоосунун Тоотынч деген бийик кырына барганда Түлөгабыл баштык тынайлар аттан түшө тоголонуп качкыла деп кыйкырганда кыргыздын келин-кыздары аттан түшө бийик бет ылдый томолонуп-жумаланып качып кутулган. Түлөгабыл башчы, жети киши башка жылгадагы жолго салып жүрүп олтуруп, орустун алдынан чыгып, бүгүп туруп качыраганда көрбөй калган казак-орустар шашканынан катын-бала жана айдаган малды таштап качкан. Бул урушта кыргыздан Абийир баштык, он чакты киши өлгөн. Алматадагы Колпаковскийге Сооронбай Кудаяр уулу барып, биз, тынай кыргызы оруска карайбыз, — деп убада берип, бирин-серин колго түшкөн кыз-келинди алып кайткан. Келдике уругунан бир кызды Сармолдо Тана уулу деген ногойго берип, андан туулган Абдулмуслим Танин. Мындан соң тынайлар коркуп, Кочкор, Жумгалга көчүп барып, ал жылы кыштап калып, кайта көчүп келип, Чүйдө көктөп казак орустар Сооронбайды чапкан. Кийинки жылы казак орустар келип Токмок коргонундагы өзбектер менен урушуп, ала албастан кайта кеткен. Ошону менен көңүлү өскөн өзбек аскери Үрүстөмбек баштык төрт беш миң киши орус менен урушмакка Алматыга барып уруша албастан, Алматанын айланасындагы саман, чөптү өрттөп кайткан. Ошол 1859-жылы орустар Каштекке, Сары Жазга коргон салганда аны өзбек менен кыргыз барып бузган. 1860-жылында орустан көбүрөөк аскер келип, 25-августта Токмок (Ак Бекет) коргонун жапырып кирип алган. Андан өтүп, барып, 4-сентябрде согушуп, Пишкек коргонун алган. Коргонду талкалап, өзбектен 50 аскер өлтүрүп, Атабек деген бегин колго түшүрүп, Чүй бою оруска карады деп кайта кеткен.

Кызыл кыргыз тарыхы 2 – том. bizdin.kg


Кыргыз