Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Сабатсыздыкты жоюу

Сабатсыздыкты жоюу – элге кат таанытуу (билим берүү, маданий деңгээлин жогорулатуу) чаралары. 1920-жылы 17-сентябрда Түркстан Республиканын Эл Комиссарлар Совети «Түркстан калкынын арасында сабатсыздыкты жоюу жөнүндө» декретти кабыл алган. 1924-жылы февралда «В.И. Ульянов (Ленин) атындагы фонд» түзүлүп, Сабатсыздыкты жоюу боюнча Бүткүл Россиялык атайын комиссия уюшулган; «Сабатсыздык жоюлсун» коому ачылган. Сабатсыздыкты жоюу мектептеринде (ликбез) адегенде 16–35, кийин 50 жашка чейинкилер окуган. Анда сабактар коомдук-саясий аңгемелер менен айкалыштырылып, тамга таанытып, китеп окутулган. Кыргызстанда биринчи беш жылдыкта 670 миң адам сабатын жойгон.


Кыргыз