Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Рим тыйындары

Рим тыйындары. 1–2-кылымда Рим империясында алтын ауреус (салмагы 8 г ), күмүш денарий (3,4 г), жезден жасалган сестерций, дупондий жана асс деп аталган тыйындар колдонулган. 1 ауреус  – 25 денарийге  – 100 сестерцийге  – 200 дупонийге  – 400 асска барабар болгон. Бир күнгө жалданып иштеген мардикердин эмгек   191 акысы 3  сестерцийди түзгөн. Ушул баага 1 модий (8  кг) эгин сатып алууга мүмкүн болгон. Кулду 1200 сестерцийге же 12 ауреуска сатып алышкан.  Б.з. 1-к-нан Орто Азияга Рим тыйындары келе баштайт. Кыргызстанда алар Ысыккөл жээктеринен табылган. Рим тыйындарынын келиши Жибек жолу боюнча  соода кербендеринин  өтүшү менен тыгыз байланыштуу.


Кыргыз