Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Пржевальский Николай Михайлович

Пржевальский Николай Михайлович (1839, Смоленск губерниясы, Кимборов кыштагы –1888, Каракол) – орус географы, Борбордук Азияны изилдөөчү,  генерал-майор (1886). Петербург И Анын ардактуу мүчөсү (1878). 1867–69-жылы Уссури аймагына, 1870–85-жылы Борб. Азияга 4 жолу саякат жасаган. Борб. Азиядагы негизги кырка тоолордун (Орус, Москва, Пржевальский, Алтынтоо ж. б.) орун алган багытын аныктап, Лобнор көлүн изилдеген жана этнографиясы боюнча маалыматтарды чогулткан. 1885-жылы Тибетке жасаган экинчи, Борб. Азияга жасаган төртүнчү  сая-катынан Кыргызстан аймагы аркылуу кайткан. 1888-жылы күзүндө  Борб. Азияга бешинчи жолу саякатка бара жатып, жолдо келте менен ооруп, каза болгон. Сөөгү Каракол ш-на жакын, Ысыккөлдүн боюна коюлган. 1889–1991-жылы Каракол шаары анын ысымын алып жүргөн.


Кыргыз