Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Переселин жана падыша өкмөтү

1907-жылдан баштап переселин төрөлөр тарабынан кыргыздын жери ченелип, аларга жакшы жер, эгин жай, чөп чабыш, бак, коргон беде, кыштоо, жайлоо, коктубузду алып берди. Кыргызды суусу жок; кайрак чөлгө алкымга асып коюп, көбүн ак кар, көк муздун этегине ийнелик көгөндү айдап чыгып баргандай сүрүп таштады. Жеринен ажыраган кедей, орто чарба кедей участковойдон баштап, Никелейге чейин жер тууралу зармуңун айтып арызданса да деңизди түбүнө түшкөн таштай болуп эч кабары болбоду. Жети Сууга келген граф Паленге 1908-жылында колмокол далай арыз берилди. Жообун өз уездиңерден аласыңар деп, башка жооп айтпады. Переселинден калган жакшы жерди манап, бай, кулак алып, кедейлер жерге жетпестен, алардын жерден пайдаланганын көрүп байдан тамак сагалаган жетим баладай бозоруп улутунуп калды. Анын үстүнө «окшошконго мушташкан» дегендей жерден ажыраган бай, манап, кулактар баштагыдан бетер алык-салыгын күчөтүп чыгым ала баштаган соң кедейлер биринчиден, аларды алык-салыгын төлөмөккө, экинчиден, катын-баласы бакмак үчүн алды бай-манапка жалданды. Мала болуп, эркеги кул, ургаачысы күң катарында калды Арты тентип калаага кирип, орус, ногой, дунган, өзбекке малай боломун деп кетти. 1907-жылы Алматыдан июнь айында областтык жер ченөөчү Евашкеевич деген төрө келип, атаке, сарбагыш элинин жерия ченей баштап, жакшы жерлери Акбекет, Жел Аргы, Кичи Кемин, Чоң Кемин, Балыкчы жаккы Калмак Ашууну аламын дегенде орто чарба кедей чогулуп, Оторбай Кудайменде уулу кошулуп, Евашкеевичти камчы менен уруп кууп жибергенде Алматанын жандыралысы 100 казак орус чыгарып, Бишкектен уезд помошниги Путеңцев келип, атаке, сарбагыштагы кедей дыйкан, орто чарбаны чогултуп алып айткан: «Эгерде жер ченөөчү көрсөткөн жерди бербей каршылык кылсаңар, кыргынга кириптер болосуңар», — дегенде Токмокто атайын аңдып жаткан 100 казак орустан коркуп, жерин ченетүүгө жана беришке макул алган. Жер ченөөчүлөр кыргыздын жерин артык көрсөтүп, жогоруда айтылган жерлерди переселин пайдасына алган. Жер ченөөчү чиновниктер кыргыздын жерин артык көрсөтүп, жогоруда жазылган беш жерди переселин пайдасына алган.
1908-1909-жылдарда солто кыргызынан жерказар уругунан Сүймөнкул баштык жыйырмача кедейлер переселиндер зордук менен аштык айдайбыз дегенде уруш салып, 100 чамалуу переселиндерди жеринен кууп чыккан. Акыры переселиндер арка кыргызынын жакшы жерлерин 1914-жылга чейин бүт алды. Кыргыз жериндеги чер токой, карагайларга кардончулар туруп, падышага өттү. Мал жайбаска, жыгачты кес-песке буюрган. Эгер бирөө уруксатсыз бир сомдук отун жакса, беш сом штраф алган. Ушул тартип менен кыргызда чөп чыкпаган кум, эгин чыкпаган такыр, жыгачсыз тоо-таш гана калган. Орус алган жерге кыргыздын малы түшсө он сомго чейин штраф алган. Акча төлөбөсө кармаган малын өзүнө алган. Орустун кыштагын аралап мал айдап өтсө, андан акча алып турган. Кээ бир убакта жерибизге мал тү-шүрдүң деп өлтүргөнү да болгон. Мисалы, солтодон Малаш, сарбагыш элинен таздар Сексенаалынын инисин уруп таяктап, башы-көзүн жарган. Кыргызга эсеп жок, кыргызды жакын турбасын деп, чегине жакын кыргыздардын тамдарын талкалап бузган. Чекте калган кыргыздын мүрзөсү болсо талкалап, малы жоголсо кыргыздан төлөткөн. Ажалынан өлгөн малын жашырып көмүп коюп, жоголду деп дагы кыргыздан төлөткөн. Кыргыздын малын айдап кетүүгө келген переселиндер дайым мылтык, кылыч менен жүргөн.
Мындай авалды көрүп, кедей-кембагалдар мал башынан түңүлө баштады. Кытайга качабыз дегени да болду. Переселинден мурун түн жак кыргыз жерине чекеден түшкөн орустар; аз болгон. Маселен, көл айланасындагы шаарлар, кыштактарда: Кызыл Туу, Карагоодо эки ортосундагы Ысык Атада бир кулактан башка орус турбаган.

1900-жылда Карагоодо эки-үч үйлүү соодагер өзбек, уйгурдан башка жан болбогон. Күн жүрүш батытында болуштун Ак Суу, Ырдык, Каракол, Түп, Жеркес, Ой Тал, Бай-соорун, Токмок, Пишкек океңсалары болгон. Атбашы, Нарын, Кочкор, Жумгалда Нарын шаары. Атбашы кыштагы жана жол боюндагы бекеттер гана болгон. Көтмалдыдагы бекет жана азыркы Балыкчы кыштагындагы балыкчы орус 1894-жылда келип түшкөн Бачин деген бир үйлүү соодагер орус болгон. Эки Кеминден тарта Токмокко жете Кара Булак кыштагы, Ак Бекет, Кичи Кеминдеги Кардоодон башка жерде орус болбогон. Орустар ошончолук сейрек болсо да, кыргыздын жүрөгүнө аябай тийген. Бекетчинин ямшиги, жаки кыштактагы орустан кыргыздын жерин аралап бирөө келген болсо, коркконунан аларды улук катарында күткөн. Окуу билбеген, наадан кыргыздын көбү кандай гана орус болбосун аны улук деп санаган. Кыргыздар ошондой оор авалда турганда 1914-жылы Европа согушу болуп калды. Кайгы-балекет кедей-дыйкан, орто чарбанын мойнуна түштү.


Кыргыз