Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Паргананы каратып, орус оторчуларынын орношкону

Байыркы заманда Паргана аталып, соңунда Кокон хандыгы атагын алган өлкөнүн маданиятын орустар аңдап, илгертен кызыга келген. Кокон хандыгы кээде өзүнчө болуп, кээде букарага карап турган. 1866-жылында орустар Кожент, Ура Төбө, Жызакты жараткан соң Кокон ханы Кудаярхан өзүнчө хандыкмын деп санап, Букарадан байланышын ажыраткан. Букарадан ажыраган соң мамлекет пайдасын кылбастан, элин талап, зулумдук өткөзгөн үчүн чыдай албастан эли каршы чыккан. Каршылыкты көбүнчө кыргыз менен кыргыз кыпчак көрсөткөн. Элдин мизи кайтып калганын Кудаяр хан назарына албастан, бузук салган кишилерди өлтүрүп турган.
Ташкендин жарым падышасы Кауфман 1875-жылы полковник Дмитрий Михайлович Скобелевди 22 казак орус кошуп, дипломат төрөсү Кудайберди эки сүрөтчү менен элчи кылып Кудаяр ханга жиберген. Ал чакта кокондуктар ичинен бузулуп, бузукуларга Кудаярхандын баласы Ош, Наманген, Анжыян калаалары жана Кокон хандыгын бүткүл аскер баштыгы аскери менен кошулган эле. Жана дагы кокондуктар каапырларга «казат» ачкан чагы эле. Ошол себептен орус элчилери кыстоодо калган. Орус чегине аман өтөөр бекемин деп, Кудаярхан Кожентти көздөп жан-жөкөр «ак таяктары» менен качканда Скобелев бирге жүргөн. Кудаяр хан качып кетсе, кокондуктар алымсынбастан, Мурза Рабат деген бекетин талал алганда аны Яковлев деген старостасы бир нече кокондукту өлтүрүп, эрдик, көрсөтүп, акыры кокондуктар аны кылычтап өлтүргөн. Мындан соң кокондуктар. Кожентке чабуул кылганда анда турган орустун гарнизон аскери кайра жапырган соң кокондуктар ар кайсы жерге талоон коюп, кол салып Олуя Атага жете барган. Буларды Кауфман кайра кубалап, Коконду алмак пейил менен Кожентке келди.
Сырдарыянын боюндагы Паргана жана Самйркан чегиндеги кокондуктун Махрам деген коргонун 22-август 1875-жылы биринчи болгон согушта эрдик көрсөтүп алганы «үчүн атчан аскер баштыгына Скобелев дайындалды. Махрам бекети каратып, оруска чындап орношкон соң Коконго барды. Махрам согушунда мизи кайтарылган кокондук согушсуз карады. Бирок. мындан башка калаалары карабаска бирлешип каршылык кылгандыктан, Кауфман аскери менен Маргалаңга келгенде алар өз эркинче карады.
Абдупача тоодогу элди жыйып, оруска каршы турганда Скобелев тезинен барып аскерин таратып, эзел-ден чегине душман жолобогон Ош шаарына келгенде алар дагы ыктыяры менен карады. Мындан соң эл-журт тынчыгансы калып, Кауфман кокондуктар менен сүйлөшүп, Сырдарыянын тун жагы Наманген шаары кошулуп, оруска карасын деп анда Скобелевду. улук кылып орустун колуна өткөн шаарларды кайтадан Кокон хандыгына калтырды. Орус аскери кайрадан Сырдарыянын түн жагына өткөн соң, кокондуктар Намангенден алтымыш чакырым жерде Анжиян шаарынан бузук чыгарып, оруска каршы көтөрүлдү.
Ушул себептен жандыралы Троцкий менен Скобелевге кокондукту чындап үйрөтүп, жазасын берип тыйбагыла, деп Кауфман буйрук кылды. Кокондуктар басылбастан бузук салып турганда орус аскери Махрамды чындап каратып, Скобелев тезинен кыпчакты басты. Орус аскери Намангенден кете замат анда кокондук менен кыпчактар баш көтөрүп, орустун калган гарнизон аскери үч күн камап турганда Скобелев барып куткарды. Ар кайсы жерден кокондуктар көтөрүлүп, бузук салып, Маргалаңда колго түшкөн орустарды мусулман болгун деп мусулмандар өтө кыйнаган. Кыш мезгили 25-декабрв 1875-жылында Скобелев аскери менен аттанып барып, чындап согушка киришкен. Акыры Паргананы орустар бүт күлү менен караткан.
Бул согушта Скобелевден башка Меллер, Закомельский, Пичугин жана Куропаткин эрдикке чыккан 9-январда 1876-жылында орустар каптан кирип Анжиянды алган. Андан барып Аксикентти алган. Анда соң Абдупача өзү келип, Скобелевге баш ийип, тоодогу элди баш коштуруп, Болоткан бузук салын турган. Кокондуктар оруска каршы баш көтөрдү деген кабар угуп, аны чындап каратуу чарасына киришти Император Александр II тактыга миңгенине 19-февраль 1876-жылында 22 жылга толгон урматы үчүн Кокон хандыгын бүткүл каратып, Паргана атагын бешке ыглап (жарыя) кылды. Мындан соң Скобелев тезинен Ош шаарын алды. Соңунан бузуку Болоткан колго түштү жана канчалык чарпышуулар болуп Скобелев чоң эрдик көрсөттү. Ушул себептен Парганада биринчи жандыралы болуп бекилди. Паргананын күн чыгыш чеги-азыркы чеги болуп, күн жүрүшү Ала Тоонун күн жүрүш жагынан өтүбүрөөк болду. Памир (Саркол) тоосу кыргыздын көчүп жүрөр жери үчүн Кокондукка бекилип, Россия эсебине өттү. Күн жүрүш жагынан анык чети орус, англис жана Ооган мамлекеттеринен шайланып келген кемеси аркылуу 1895-жылында биротоло бекилди.


Кыргыз