Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Панфилов Иван Васильевич

Панфилов Иван Васильевич (1892, Саратов облусу, Петровск ш.–1941)  – Советтер Союзунун Баатыры (1942), генерал-майор (1940). 1918-жылдан Кызыл Армияда кызмат  өтөп, Граждандык согушка (1918–20) катышкан. 1923-жылы Киевдеги бириккен жогорку аскер окуу жайын бүтүргөн. 1938–41-жылы Кыргыз ССРинин аскер комиссары. 1941-жылы июлдан Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк-Батыш, Батыш фронтторунун 316- аткычтар дивизиясынын командири. Октябрь, ноябрь айларында анын дивизиясы Москваны коргоодо эрдик көрсөткөн (к. Жыйырма сегиз баатыр панфиловчулар). Согушта курман болгон.


Кыргыз