Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Памир сактары

Памирдин археологиялык эстеликтери али начар изилденген. Жазма булактардын маалыматтарынын бир кыйла толук жыйнагы орус окумуштуулары — И. Минаевге жана Н. Аристовго1270 таандык. О. Олуфсен менен А. Стайндын Памирди археологиялык жактан изилдөөлөрү илимди Батыш Памирдин, көпчүлүгүндө Вахан (Ка’ахка, Замрташ-и-параст ж.б.) боюнча айрым сепилдер менен тааныштырды. Чыгыш Памирде, а түгүл Алайда да А.Стайн байыркылардын эстеликтерин көргөн эмес жана алыскы өткөн замандарда бул аймакта эл жашаган эмес деген шашылыш корутунду чыгарган. Э. Герцфельд теңирден тескери көз карашты туткан, ал өзүнүн эмгектеринин бириндеги картага «Даван өлкөсүн» түшүргөн, б.а. климаты жана флорасы субтропикалык болгон Фергананы аз жерден Гармонун тоо түйүндөрү жаткан районго жайгаштырып коё жаздаган.

Памирди археологиялык жактан изилдөөнү биз 1946-ж. баштап, тыныгуулары менен 1952-ж. чейин уланттык1274.
Масштабы боюнча жупуну иштердин натыйжасында Чыгыш Памирдин эң байыркы тургундарын мүнөздөөгө мүмкүндүк бере турган айрым археологиялык материалдарды ача алдык. Бул макалабызда биз эстеликтердин сак тобуна токтолмокчубуз.
Чыгыш Памир таш корунду (морена) ландшафттары бар бийик тоолуу ээн аймак. Бир кыйла тегиз келген өрөөндөр көп сандаган тоо кыркалары менен курчалып, суулары мол дарыялардын нугу менен тилмеленген. Бул дарыялардын бойлорунда кыска, өтө калың өскөн, аш болумдуу, мал үчүн эң сонун тоют болгон өсүмдүктөр бар. Ээн жерлерде эң сонун отун боло турган терескен өсүп турат. Чыгыш Памирде азыр токой дээрлик жок, бирок, изилдөөчүлөр болжолдошкондой, байыркы мезгилде токойдун чеги (арча, чычырканак) азыркыга караганда алда канча бийиктен орун алып, деңиз деңгээлинен 3600—4000 м бийиктике чейин жеткен.
1946—1948-ж. жана 1952-жылдагы маршруттар менен биз Чыгыш Памирдеги бардык негизги өзөндөрдү камтый алдык. Бул аймак менен алгачкы ирет таанышкан- дан кийин биз тараптан жасалган жалпы корутунду — кийин ырасталган корутунду бул болду: Чыгыш Памирдин түндүк бөлүгү Кыз-Арт ашуусунан Ак-Байтал суусунун башына чейин эл жашаган эмес болуп чыкты. Бул районду меридионалдык багытта соода жолдорунун жана мал менен көчүп жүрүүнүн туруктуу трассасы катарында пайдаланышы мүмкүн болгон деп болжомолдоо кыйын.
Чыгыш Памирдин жашоо-турмушунун «борбору» түштүгүрөөктө жаткан экен, анын түндүк чек арасы Пшарт суусу (Ак-Байталдын оң куймасы) болуп, бирок мында да, Пшарт өрөөнү, Ак-Суу-Мургабдын жээктери бир кыйла эле начар өздөштүрүлүптүр, бул жөнүндө бирин-серин кезиккен бейит коргондор айтып турат. Бул аймак малчы чарбалардын мезгилдүү көчүп-конуп жүрүүчү жайы болгон. Бир топ түштүгүрөөк аймакта кескин өзгөрүүлөр көзгө урунат, бул аймактын түндүк чек арасы болжол менен Токтомуш өзөнү ченден, Ыстык суу Ак-Сууга куйган жерден өтөт. Бул жакта бейит коргондордун саны көбөйүп, Чыгыш Памирдин түштүк бөлүгүндө ар биринде бир нече ондогон бейит коргондору бар көрүстөндөр жатат. Памир суусунун оң жээгиндеги Тамды көрүстөнү ушундай көрүстөндөрдүн бири, бул толук казылды (18 бейит-коргон) жана өзгөчө, Кызыл-Рават өзөнүндөгү Ак-Суу суусунун оң жээгиндеги Ак-Бейит көрүстөнүнөн 60 бейит-коргон катталып, алардын тогузу казылды. Биз кызыккан мезгилдин айрым бейит-коргондору башка жерлерден да — Тугурак-Баманда (Ак-Суу), Пшартта, Харгушта (Памир суусу) казылды.
Эреже катарында, бул бейит-коргондор таланып-тонолгон эмес, ошондуктан алар Чыгыш Памирдин байыркы тарыхынын айрым проблемаларын алдын ала белгилөө үчүн бир кыйла маанилүү материал берди.
Биз кызыккан мезгилдин бейит-коргондорунун үстүнкү курулушу таштан тургузулган, алардын арасында бир нече тиби айрымаланат. Булар: 1) үстү бүт бойдон таштар менен корумдалган, диаметири 3-4 метрден 10 м ге чейин, бийиктиги 0,1ден 08 м ге чейин, буларда көп учурда тышкы жана ички кромлех байкалат; 2) тегерек же сүйрү шакек түрүндө келип, диаметри адатта 3 м ге чейин жетет; 3) төрт бурчтук түрүндө келип, өлчөмү 2×5 м, кээде тикесинен чоң, узун таштар коюлган; акырында 4) биз ошол мезгилге таандык кылган дольмен түрүндөгү коргондор, алардын диаметри 1 м, бийиктиги 0,8 м. Биринчи үч тибинде өлүктүн сөөгү табылды, төртүнчү тибинде жагылган оттун изи гана калган.
Памирдин ар кайсы жериндеги бейиттердин биринчи жана экинчи типтеринин үстүнкү үймөктөрүнүн абдан эле окшоштугуна карабастан, Тамды жана Харгуш көрүстөндөрү өлүк көмүүнүн ырасымы жана буюм-тайымдарынын комплекси боюнча Ак-Бейит көрүстөнүнөн олуттуу түрдө айырмаланат. Мындан башка да Тамды менен Харгушта жана башка жерлерде да, үчүнчү типтеги бейитти (тик бурчтуу түрүндөгү) жолуктурдук, бул Ак-Бейитте гана бар.
Памирдин археологиялык эстеликтери али начар изилденген. Жазма булактардын маалыматтарынын бир кыйла толук жыйнагы орус окумуштуулары — И. Минаевге1269 жана Н. Аристовго1270 таандык. О. Олуфсен1271 менен А. Стайндын1272 Памирди археологиялык жактан изилдөөлөрү илимди Батыш Памирдин, көпчүлүгүндө Вахан (Ка’ахка, Замрташ-и-параст ж.б.) боюнча айрым сепилдер менен тааныштырды. Чыгыш Памирде, а түгүл Алайда да А.Стайн байыркылардын эстеликтерин көргөн эмес жана алыскы өткөн замандарда бул аймакта эл жашаган эмес деген шашылыш корутунду чыгарган. Э. Герцфельд теңирден тескери көз карашты туткан, ал өзүнүн эмгектеринин бириндеги картага «Даван өлкөсүн» түшүргөн, б.а. климаты жана флорасы субтропикалык болгон Фергананы аз жерден Гармонун тоо түйүндөрү жаткан районго жайгаштырып коё жаздаган1273.
Памирди археологиялык жактан изилдөөнү биз 1946-ж. баштап, тыныгуулары менен 1952-ж. чейин уланттык1274.
Масштабы боюнча жупуну иштердин натыйжасында Чыгыш Памирдин эң байыркы тургундарын мүнөздөөгө мүмкүндүк бере турган айрым археологиялык материалдарды ача алдык. Бул макалабызда биз эстеликтердин сак тобуна токтолмокчубуз1275.

Кыргыз