Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Өзгөн-арык

Өзгөн-арык  – Фергана  өрөөнүндөгү  байыркы канал. Биздин заманга чейин 3–1-к. курулган. Каналдын уз. 37  км, жазылыгы 15–30  м. Айрым жерлеринин  тереңдиги 25  мге жетет. Каракулжа суусунан башталат. Адырды жондоп батышты карай Өзгөн ш-н аралап, Кызылкырман кыштагынан  өтүп барып бүтөт. Каналдын  өзүнүн байыркы нугу, жээктери андан илгертеден эле суу үзүлбөй агып жаткандыгын айгинелейт.

Кыргыз