Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Ош окуясы

Ош окуясы – республикада топтолгон социалдык маселелердин өз убагында чечилбей келишинен улам чыккан, кан төгүлүүгө  чейин жеткен улуттар аралык кагылышуу. 1990-ж. июндун алгачкы күндөрү  тымызын Ош окуясы уюштурулуп, кыргыз жана өзбек калктарынын кагылышуусу Ош, Өзгөн шаараларында, алардын жака-белинде ж.б. жерлерде болуп өттү. Апрель–май айларында Ош шаарында жашаган кыргыз жаштары үй салуу үчүн жер сурап бийликтегилерге кайрылышат. Бирок, облустук жетекчилер аны оң  чечип бере алган эмес. Качан гана жаштардын талаптары күчөй баштаганда, аларга Ош шаарындагы  өзбек диаспорасы жашаган аймактан жер беришет.  Үйсүз кыргыз жаштарынын Оштун тегерегинен жер алып,  үй куруу аракеттери айрым  өзбек улутундагы автономия суроого ниеттенген жикчи экстремисттер тарабынан каршы кабыл алынып, чакан топтордун  өз ара чарпышуусу улуттар аралык араздашууга чейин көтөрүлүп чыкты.

Натыйжада, эки элдин ортосунда кандуу кагылышуу чыгып, «элчиликке» Москва кийлигишип, атайын даярдыктан  өткөн аскердик тажрыйбага ээ аскерлер киргизилген. Июндун башында Түштүк Кыргызстандын Ош, Өзгөн сыяктуу айрым аймактарында, 7-июнда Бишкекте коменданттык саат киргизилди. Элдик акыл-эс бат эле бул чыр-чатак чыгарууга багытталган окуяларга чек коюуга жетишти. Кыргыз-өзбек тарыхый боордоштугу 200дөн ашуун кишинин  өмүрүн алган бул сыноого туруштук бере алды. Эки эл ынтымакка келди. Кыргызстандагы демократиялык кыймылды муунтуу үчүн Ош окуясын пайдалануу аракеттери майнапсыз аяктаган.


Кыргыз