Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Нүзүп бий

Нүзүп бий Эсенбай уулу 1798, азыркы Аксы району, Авлетим айылы –1844, Ярмазар айылы (Өзбек Респ.) – Кокон хандыгындагы кыргыз бийлеринин ичинен биринчилерден болуп «миң  башылык» даражага жеткен аскер башчы, көрүнүктүү мамлекет ишмер. Нүзүп бийдин саясий ишмердүүлүгүн 3 мезгилге бөлүп кароого болот. 1- мезгил  – 1810–22-жылы Нүзүп бийдин ишмердүүлүгүнүн башталышы. Омор хандын тушунда кокон аскеринин катардагы жоокеринен баштап, «он башы», «жүз башы» аскердик чиндерин алууга жетишет. 2-мезгил – 1822– 44-жылы Нүзүп бийдин саясий ишмердүүлүгүнүн өнүккөн доору. Мадали хандын тапшырмасы менен Оротөбө, Каратегин, Алай аймактарында тынчтыкты орнотууда, Бухара хандыгы менен болгон чегара маселелерин жөнгө  салууда чечүүчү салымын кошот. Бул кызматтары үчүн «паңсат», «датка», наамдарына ээ болуп, «акимдик» кызматка чейин көтөрүлгөн. 3-мезгил – 1842–44-жылы Нүзүптүн саясий ишмердүүлүгүнүн гүлдөө жана кризис доору. Анын демилгеси менен кыргыздар ордодогу бийликти кайрадан колго алышып, Нүзүптүн саясий аракетинин натыйжасында кыргыздардын өкүлү Шералы хандыкка көтөрүлөт. Н. б. Шералы хан тарабынан Кокон мамл- нин «миң  башылык» кызматына дайындалат. Шералы хандын тушунда Нүзүп тажрыйбалуу саясий ишмер катары ордонун негизги фигурасына айланган.  Мусулманкул менен Шады датканын уюштурган кутумунун натыйжасында 1844-жылы ак жерден курман болот.


Кыргыз