Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Нарбото бий

Нарбото бий  (1751–1798) Коконду 1770–98-жылы бийлеген. Эрдене бийдин көзү өткөндөн кийин Кокондо бийлик  үчүн жүргөн феодалдык күрөштөр менен ичара чыр-чатактар Нарбото бийдин бийликке келишин шарттаган. Кокон ак сөөктөрү Нарбото бийге тактыга отуруу сунушу менен кайрылышканда, ал «жогорку бийликке ээ болуу  өтө опурталдуу экендигин» айтып, макул болбой коёт. Акырында бардыгы ага берилгендиктерин билгизип ант беришкенден кийин гана Нарбото бий сунушту кабыл алган. Бирок мамлекет ишмердикти ага Чуст менен Намангандын баш ийбеген феодалдарына каршы күрөш менен баштоого туура келген. Нарбото бийдин андан кийинки маанилүү иши өзүнө каршы жергиликтүү  башкаруучулардын чыгууларын басуу болгон. Андан тышкары, ал Букара хандыгына номиналдуу гана баш ийген, Кожентке коңшу Жызак менен Оротөбө чөлкөмдөрүн каратып алууга аракеттенген. Анын тушунда Кокон экон. жактан да, саясий жактан да күчтөнгөн. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө Орто Азияда Коконду Хива жана Бухара хандыктары менен катар өзүнчө мамлекет катары таа-нышкан. Расмий түрдө хан титулун албаса дагы, кытайлыктар Нарбото бийди хан дешкен. Хан титулун Кокондо расмий түрдө биринчи жолу Нарбото бийдин уулу Алим хан кабыл алган. Нарбото бий бир катар беделдүү кыпчак жана кыргыз феодалдарын аларга чиндерди жана жогорку даражалуу наамдарды, жакшы жайыттарды берүү  менен  өзү  тарапка тарткан. Нарбото бий башкарган жылдары Фергана  өрөөнүндө  сугат каналдары  курулуп, сугат жерлердин аянты кеңейген. Анча-мынча экон. жогорулоо шаар турмушунун жанданышынан, Кытай (Кашкар), ошондой эле Фергананын айланасында жашаган көчмөндөр менен сооданын өскөнүнө байланыштуу жибекчиликтин өнүгүшүнөн көрүнгөн. Нарбото бий кыргыздар менен туугандык байланышта болгон, кыргыз уруу башчылары Кокон админ-нда жогорку кызмат орундарын ээлеп турушкан. Нарбото бийдин бир тууганы Ажыбектин (Хаджибектин) кыргыз аялынан Шераалы хан төрөлгөн.


Кыргыз