Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Моңгол-тимурилер мезгилинин эклектикалык искусствосу

Моңголдор тушундагы маданияттын төмөндөшү ошол мезгилдеги Кыргызстандын искусствосуна да тескери таасирин тийгизбей койгон эмес. Белгилүү болгондой, моңгол мезгилинин маданиятынын мителик мүнөзү ар түрдүү өлкөлөр менен шаарлардын кол өнөрчүлөрүн күч менен бир гана борборго, хан ордосунда топтоштурулушуна алып келген1180. Кол өнөрчүлөр — баскынчылар ырайым кылган жападан-жалгыз жандуу күч болгон1181. Моңгол хандарынын ордолору сарай искусствосунун жаңы борбору болуп калат; канкор өкүмдарлардын табиттери жана алардын менменсинүүлөрү искусствонун тематикасын, идеологиясын аныктап, баскынчылардын таламдарын канааттандырууга тийиш болгон. Эгерде моңголдордун тушунда искусство жеңип алуулардын зор масштабы менен, жеңип алуучулардын колуна тийген сансыз көп байлыкты чагылткан болсо, кийинчерээктеги мезгилде, Тимурдун жана анын тукумдарынын тушунда искусство башкы сюзерендин «шексиз» бийлигин чагылтып гана тим болбостон, аны бекемдөөгө жардам берген. Искусстводогу бул мотивдер жана идеялык багыттар эскерилген эки этапта тең Жети-Сууда өз изин калтырган. Кыргызстандын эстеликтеринде кызыгарлык өзгөчө бир нерселер жок, ошентсе да баяндаманын толук болушу үчүн төмөндө алар жөнүндө да айтылмакчы.
Кыргызстанда моңголдор менен тимурилердин искусство эстеликтери анчалык көп эмес, алар негизинен коло жана күмүш металлдардан турган табылгалар, алар буюмдардын эки тобун түзөт: культ буюмдары (несториан храмдары менен мусулман мечиттериндеги шамдандардын түтүктөрү) жана эмеректер — табактар жана кубоктор (чөйчөктөр) (көпчүлүгү кокустан табылгандар — кара: 9-сүрөт).
Негизи мусулман насилиндеги, өсүмдүк түрүндөгү оймо-чиймелер үстөмдүк кылат1182. Идиштерди формасы боюнча усун чөйчөктөрүн эстеткен томолок чөйчөктөр түзөт. Үстүнкү кырына туурасынан ширетилген чырым түрүндөгү туткасы бар. Ушундай туткасы бар идиштердин четинде адатта жасалгалар болбойт, оймо-чиймелер тутканын үстүңкү бетине гана түшүрүлгөн. Негизги жасалгасы — борбордогу сабактан туш-тушка бутактанып кеткен өсүмдүк түрүндөгү оймо-чиймелер. Ушундай оймо- чийме Жети-Суудагы тонолгон бейит коргондордон табылган чөйчөктөрдө да бар, ал Я. Смирнов тарабынан «Чыгыш күмүшү» деген белгилүү атласта басылып чыккан1183.
Кыргыз улуттук маданиятынын мамлекеттик музейинде сакталып турган, чыккан жери белгисиз чоң коло табак өтө көп оймо-чиймелери менен айырмаланат, ал тегерек жана жалпак түрдө келип, капталы анча бийик эмес Капталын дээрлик тикесинен коюлган уячалар түзөт, четтери капталына перпендикулярдуу түрдө бекитилген1184.
Идиштин бетине бүт бойдон оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Чеке жагында куфа жазуусу бар, ал геометриялык оймо-чиймелердин үстүнө жазылган. Жазуулардын аралыгы тегерек медальондор менен бөлүнгөн, медальондун борборундагы виньетканын айланасы жай томоо менен берилип, виньетканын чок ортосунда жаныбардын же куштун стилдештирилген сүрөтү бар. Табактын түбүнүн чок ортосунда сегиз желбирекчеси бар виньетка жайгашкан, анын четтерине нур түшүрүлгөн. Виньетканын айланасы оймо-чиймелүү (негизинен сюжети боюнча бирин-бири кайталаган) эки алкак менен курчалган. Алкактын (борбордук розеткага жакын турганы) сүрөттөрү идиштин тышкы алкагынын сүрөтүнөн майда Алкактар айланта кеткен, үстүңкү четиндеги тилкедеги жазуулардын стилиндеги жазуулары бар тилке менен бөлүнүп турат, кийинкисинин айырмасы медальондор түз эле жазуулардын үстүнө жайгаштырылган.
Оймо-чиймелүү алкактар тегерек розеткалардан турат (алардын төбөлөрү бир аз шиштигий келет), розеткалардын борбордук бөлүгү оймо-чиймелүү. Розеткалардын ичи догоо түрүндөгү жарым тегерекчелерден турат, догоонун учтары розетканын сырткы четине барып такалат. Борбордук розетканы гүлдүн желекчелери менен нурдун томоолорун кайталаган, жазуусу жана тегерек медальондору бар тилке айланта чулгап турат. Жогорку оймо-чиймелүү алкакта ошол эле сүрөттөр бар, бирок чоң медальондордун төбөсү узартылган пальметтка түрүндө берилген. Идиштин негизги аянтындагы медальондорго күмүш чөгөрүлгөн. Оймо-чиймелердин текши жатпаганы, айрым бир бөлүктөрүндө анын жылышып кеткени, мында оюмдан башка да, штамп колдонулган деп болжолдоого негиз берет1185.
Башка бир буюм — идиштин капкагы да тегерек медальондор менен оймо-чиймеленген, алар ичинде эч кандай сүрөтү жок борбордук тегерекчеге жакын турат. Алардын ортолору өтө стилдешкен куфа жазуулары менен толтурулган. Капкактын капталы да жогорудагы сүрөттөлгөн табактагыдай түрдө оймо-чиймеленген. Капкактын четтериндеги өрмөлүү сызма жана борборундагы розетканын сүрөтү өзгөчө кызыгууну туудурат.
Буюмдардын оймо-чиймелеринде өтө геометриялашкан сызыкты байкайбыз, алар карахандар мезгилиндеги идиштерден келе жаткан арип түрүндөгү оймо-чиймелер менен туруктуу айкалыштырылган.
Өсүмдүк түрүндөгү оймо-чиймелердин толук үстөмдүк кылышы жана инкрустациялоонун техникасынын өнүккөнү — моңгол доорундагы Кыргызстандын искусствосу үчүн мүнөздүү болгон жаңылыктар ушулар. Сүрөттөрдүн өтө көптүгү кээде ашкере кеткендик, аша чапкандык катарында туюлуп, моңгол өкүмдарларынын ашып- ташыган байлыгын баса белгилеп турат. Сюжеттер менен техниканын бул салттарынан биз жогоруда «сармат» искусствосуна талдоо жүргүзгөнүбүздө баяндаган процесстин кайталанышын көрүп турабыз. Сармат искусствосунан биз геометриялык оймо-чиймелердин, түстүү таштар менен инкрустациялоонун жеңишин көрсөк, мында геометриялык оймо-чиймелердин ордун өсүмдүк түрүндөгү оймо-чиймелер ээлеген, булар моңголдордун мейкин талаалары менен чеги жок мекенин элестеткенсийт, ал эми түстүү таштар металл — күмүш менен алмашылган, мында инкрустациянын ошол эле техникасы колдонулган.
Бул доордун искусствосунун негизги белгилери мына ушулар. Булар менен катар башка да айрым бир мүнөздүү учурлар белгиленүүгө тийиш. Моңголдордун тушунда кол өнөрчүлөр сюжет түзүүдө бир аз эркин болгон. Алар бир эле буюм үчүн стилдин ар түрдүү багыттарын колдонушуп, аларды механикалык түрдө бир бүтүн комплексте айкалыштырышкан.
Кол өнөрчүлөрдүн ар кошкондон бир кошкон курамы, хан ордолорунун көчмөн мүнөзү — бир эле буюмда искусствонун ар түрдүү элементтеринин (өзөктөш жуурулушпаган) жөнөкөй гана аралашуусуна алып келгенин байкайбыз. Стилдер менен сюжеттердин дал мына ушундай аралашуусунун ачык көрүнүшүн биз «кашкар табагы» деп аталган (Эрмитаж) идиштен байкай алабыз, бул буюм Жети-Суу үчүн мүнөздүү бөлгөн, моңгол мезгилинин социалдык жана тарыхый чөйрөсүн чагылтып турганы шексиз. Мында, А. Якубовский тарабынан кашкар табагына берилген кыскача, бирок эң сонун сүрөттөмөсүн окуп көрөлү1186.
«Композициялык жагынан табактын бети бир нече борборлошкон тегерекчелерге бөлүнгөн. Табактын үстүнкү четинде насх жазуусу менен берилген арабча жазуу ичке тилке болуп созулуп кетет, ал жазууда табактын ээсине демейкидей эле байлык, атак-даңк, бакыт жана узак өмүр сыяктуу жакшы тилектер билдирилген.
Кийинки тегерек алкак кубалашып бараткан айбанаттар менен толтурулган, андан коёндун, түлкүнүн, иттин, а түгүл пилдин сүрөтүн көрүүгө болот.
Табактын түбүндөгү кеңири алкакта колдорунда христиан дининин мүнөздүү белгилери — крест, причастие үчүн чөйчөк, кадило ж.б. бар несториан священниктери жайгаштырылган. Фигуралар кош-кошу менен жайгаштырылып, алардын ортолорун токулган түрдөгү топтошкон өсүмдүктөрдүн комплекси бөлүп турат.
Табактын борбордук бөлүгүндө, тегерек алкакта «айбанаттардын куушуп» бараткан экинчи сүрөтү берилген. Мында да биринчи тегеректеги айбандардын сүрөттөрү кайталанган.
Айбанаттардан, адамдардын фигураларынан, тегерек тилкелерден бош турган бардык башка жерлер өсүмдүктөр түрүндөгү композициялар менен толтурулган. Табактын татаал оймо-чиймелери күмүштү өтө назик түрдө чөгөрүү ыгы менен аткарылган»1187.
А. Якубовскийдин пикири боюнча табак Алдыңкы Чыгыштын кайсы бир жеринде жасалган. Табактын кайда жасалганы жөнүндөгү маселеге токтобой туруп, табактагы айбанаттардын сүрөттөрүнүн берилиши бул буюм сак салттары күчтүү болгон жерде даярдалган деп болжолдоого аргасыз кылат. Биз мында сюжеттин таң каларлыктай эклектикалык курамына көңүл бурабыз: мында ал элементтердин бири-биринен оймо-чиймелүү алкактар менен бөлүнүп берилиши бир эле буюмда үч сюжетти айкалыштыруунун сыйышпай турганын баса белгилегенсийт. Сүрөттөрдөн жалпылаштыруу байкалбайт, ал элементтер бир бүтүн стилистикалык (сюжет жөнүндө айтпаганда да) композицияга чыгармачылык менен бириктирилбегендиктен, ар бир элемент өз-өзүнчө турат. Бул сүрөт көңүлдү өзүнүн тематикалык бир бүтүндүгү менен эмес, бийик техникасы, кооздугу жана муну даярдоого көп эмгек жумшаган устанын чеберчилиги менен өзүнө буруп турат1188.
Өзгөчө кытайлык эритмеден жасалган түбү томолок чөйчөк түрүндөгү идишти да белгилей кетебиз, ал күзгү үчүн пайдаланылган (сурьма), анын ички жана тышкы беттери өтө бай оймо-чиймеленген (10—11-сүрөттөр). Анын тышкы бетинен төмөнкүдөй оюп-чиймеленген алкактарды көрөбүз.
Идиштин жогорку эң четки кырында жаш чырпыктары бар жүзүмдүн сабагы узунунан созулуп кетет, ал кийинки катардан тереңирээк чийилген туура сызыктар менен бөлүнгөн, анын ылдый жагында насх шрифти менен берилген араб жазуусу бар тилке кетет, анын үстү жагындагы лям жана алифтер бир аз чоңойтулуп, анын ичине стилдештирилген адам бетинин сүрөттөрү түшүрүлгөн. Жазуулар сүйрүрөөк келген медальондордун үстүнө жайгаштырылган, ал медальондор эшилме сымал оролуп кеткен бутактардан турат, ал башка бир толкун сымал бутак менен биригип, идишти бүт айланта курчап алган. Бул катардан ылдый өтө схемалаштырылган, дээрлик чарчы формадагы, катар кеткен адам беттеринин сүрөттөрү бар, ал беттерди өрүлгөн одуракай сызмалар чулгап турат, сызмалардын учтары идиштин түбүнүн борборун карай түшүрүлгөн. Идиштин түбүндө анын ички түбүнүн борборундагыдай (бул жөнүндө ылдыйда сөз болот) өрмө оймо-чийме түшүрүлсө керек Сырткы бетиндеги сүрөттөр абдан эле өчүп калгандыктан окууга мүмкүн эмес.
Идиштин ички бети төмөнкүчө оймо-чиймеленген: эң четки жээги тикесинен турган өрмө сызыктар түрүндө келип, сегиз кесиктен (бөлүктөн) турат. Анын ылдый жагында кайрадан тышындагыдай эле манерада берилген араб жазуусу бар, бирок мында адам бетинин сүрөттөрү жок. Андан ылдый — пальметта тибиндеги конус түрүндөгү таканчык — тикесинен турган обелискалар бар, алар француз лилиясын элестеткен сүрөткө айланган. Бул катар кийинки катардан өрүлгөн жип түрүндөгү тилке менен бөлүнгөн, андан кийин секирген балык түрүндөгү фриздер кетет, алардын ортолору кабырчык түрүндөгү оймо-чийме менен толтурулган1189. Ылдыйда бул фриз кийинки сүрөттөн кайрадан өрмө сызык менен бөлүнгөн. Идиштин борбору шоола сымал туш-тушка тараган өрмө көркөм көчөт менен толтурулган.
Бул идиштен биз бир кыйла кечирээктеги салттардын чагылышы болгон бир катар мотивдерди байкайбыз. Аларга, баарынан мурда, өрмөлөр жана фриздердеги сүрөттөр таандык. Араб жазуусунда адам бетинин сүрөтүнүн пайда болушу да оригиналдуу келет. Буга окшогон фриздерди биз кашкар табагынан байкаганбыз, ал эми бир кыйла эртерээктеги үлгүлөрүнөн 1163-жылга таандык герат казанынын жасалгасын эске салабыз1190.
Адам бетинин сүрөтүн биз Бухарада жасалган бир калемдандан билебиз. Бул калемдандын оймо-чиймесинде 1210-ж ушул калемданды жасаган уста Шадхи жазган «Хорасандын башкаруучусу, увазир Маджд ал-Мулк ал-Музаффар» үчүн деген жазуу бар, андан кийин жакшылык каалоолор айтылат. Жазууда адамдардын бет бейнесинин жана башы айбанаттын башынын сүрөттөрү менен бүткөн тамгалардын берилиши өтө көрөсөндүү келет1191.
Биз бул идишибизде көп түшүрүлгөн өрмөлөрдүн чыккан тамыры жергиликтүү материалда, биринчиден, архитектурада1192, экинчиден, полихромдуу, глазурланган идиштердин кээ бир үлгүлөрүндө жатат, бул буюмдар Кыргыз улут маданиятынын музейинин коллекцияларында бар.

Биз бул идишибизде көп түшүрүлгөн өрмөлөрдүн чыккан тамыры жергиликтүү материалда, биринчиден, архитектурада1192, экинчиден, полихромдуу, глазурланган идиштердин кээ бир үлгүлөрүндө жатат, бул буюмдар Кыргыз улут маданиятынын музейинин коллекцияларында бар. Булак: bizdin.kg

Кыргыз