Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Манасчылар

Манасчылар – «Манас» эпосун жараткан, муундан муунга өткөрүп, сактап келген, көлөмү, көркөмдүгү боюнча дүйнөдө  теңдешсиз чыгарма деңгээлине жеткирген  өзгөчө өнөргө  ээ болгон адамдардын тобу . Буларга карата «манасчы» термини 20-кылымдын 30-жылдарында гана колдонула баштаган, буга чейин «Манас» эпосун айтуучулар «жомокчу» деп аталган, ал эми эпосту алгачкы жыйноочулар жана изилдөөчүлөр Ч. Ч. Валиханов жана В. В. Радлов аларды «ырчылар» деп атаганы белгилүү. Манасчылык – өзгөчө өнөр, бир эле учурда акындык, ырчылык жана артисттик жөндөмгө  ээ болгон  өтө  таланттуу адамдын чеберчилигинен жаралат. Эң  алды менен манасчылык  өнөр акындык жөндөмдүүлүктү  талап кылат. Залкар манасчы Саякбай Каралаевден эпостун жарым миллион сабы жазылып алынган. Манасчы бул саптарды жаттап айткан эмес. Жазма жок кезде дастан чыгаруу өнөрү  төкмө (импровизация) жолу менен болуп келген. Кыргыз эпосторунан «Манаска» гана таандык аткаруудагы  өзгөчөлүк  – синкреттүүлүк, б. а. чыгарманын  өзгөчө  обон менен кыймыл-аракет, ымдап- жаңдоолордун коштоосу менен аткарылышы. Бул жагдай манасчыдан акындык менен катар ырчылык өнөрдү талап кылган. Мындан тышкары аткаруучулук жөндөмдүн күчтүү өнүгүшү  кажет. Саякбай айтып жаткан окуяларына өзү аралашып жүргөн өңдүү жан-дили менен берилип аткаргандыктан, угуучулар окуянын кандайча аяктарын билишсе дагы манасчыдагы таланттын күчүнө, теңдешсиз жөндөмгө арбалышып, биринчи жолу угуп жатышкандай кабыл алышкан. Биринчи манасчы ким болгондугу жөнүндө так маалымат жок. Окумуштуулар кырк чоронун бири Ырамандын ырчы уулу алгачкы манасчы болгон деп божомолдошот. 18-кылымда жашаган Нооруз, 19-к-да жашаган Келдибек, Балык, анын уулу Найманбай, Тыныбек, Чоюке манасчылар жөнүндө маалыматтар эл арасында оозеки сакталып калган. Акыркы залкар манасчылар Сагынбай жана Саякбайдын варианттары басылып чыгарылган, чыгармачылыгы кеңири изилденген.


Кыргыз