Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Манас. “Манас” эпосунун элдиги жөнүндө

«Манас» эпосунун негизги идеясы — чабылып-чачылган уруулардын башын кошуп, элди четки жоодон коргоо, көз каранды эместигин сактоо. Мында согуш темасынан тартып, ички чыккынчылар менен күрөшүүдөн салт, үрп-адат темаларына чейин бар. Биринчи бөлүмдүн окуясы Манастын төрөлгөнүнөн башта-лып, өлгөнүнө чейинки баатырдын өмүрү, согуштук күрөшү, ар түркүн иштери менен тыгыз байланыштуу. Манастын бир өзүнүн башында миң балбандын күчү бар. Аккуладан башка ат көтөрө албайт. Аккула Манас төрөлгөн күнү туулат. Аккуланын куйругу жибек, туралары уюган болот, караңгыда кулагынан шам жанып, баатырга жол көрсөтүп берет. Курал-жарактары да укмуштуу: Аккелтеси өзү атылат, кылычы кындан өзү суурулат, жоонун башын кесмейинче кынга батпайт. Манастын кырк чоросу бар: бири колбашчы, бири акылман, чечен, бири жоонун ченемин, айласын билген сынчы, бири сыйкырчы, бири караңгыда түлкүнүн изин тааныган жолго кадик чалгынчы, бири колунан көөрү төгүлгөн уста, бири төлгөчү, бири шайыр ырчы, бири далычы, дарыгер. Мына ушул чоролорду эпостун өзүндө: Кырк чоросу кырк жактан, Кыдырып келген кул эле, Ар чоросу ар жердеп, Азып келген кул эле,— дейт. Ушинтип кыдырып, азып келген кулдар чоролордун катарында өнөрпоздордон, баатырлардан, колбашчылардан болушат.
Алар, Манастын кайратына сүйөнүшүп чет жоолордон журт-тун кыйырын сакташат. Манасчы эпостогу башкы каармандын баатырдык элесин ашырып, .аны бешикте жатканда эле теңдеши жок алп кылып көрсөтсө, эл: «Манас менен Аккулага айла жок» деп макал чыгарды. Манаска эч бир баатырды, Аккулага эч бир тулпарды теңеген эмес. …Эпостун экинчи бөлүгү — Семетей жөнүндө сүйлөнөт. «Манаска» салыштырганда «Семетейде» баяндалган окуялар турмушка жакын. Манас өлгөндөн кийин, элден бирдик кетет. Инилери Абыке, Көбөштөр мал-мүлкүн талап, бешиктеги Семетейдин өмүрүнө кастык кылышат. Каныкей Семетейди Букардагы өз атасыныкына алып качат. Семетей эр жеткенден кийин Таласка келип чоң атасы Жакып, Абыке, Көбөштөрдү жазалап, өзүн теңине албай, чыккынчылык кылган чоролорду өлтүрөт. Жакын агасы Чынкожа Толтойго өтүп кетип, Семетейдин аракети ошону менен болот. Чоросу экиден ашпайт. Семетейдин тушунда кыргыз элинин согуштук күчү көп начардап калганы байкалат. Негизги идеясы ич ара бузулган урууларды баш коштуруу болсо да, максатты орундата албайт. «Өзөктөн күйгөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» болот, эки чоросунун бири Канчоро чыккынчылык кылуу аркасында Семетей жоодон жеңилет. 4 Үрп-адатта болгон кыз талашуу, үйлөнүү, той берүү өңдүү турмуштук темалар негизги орунду ээлейт.

Ал «Манастагы» турмуштук темаларга салыштырганда кеңири жана кызык. Ошентип, «Манаста» согуштук тема биринчи орунда турса, «Семетейде» ал экинчи орунга өтөт. …«Сейтек» эпостун үчүнчү бөлүмү. Мейли, көлөмү, мейли көркөмдүгү, композияциясынын түзүлүш жагынан да «Сейтек» төмөн турат. Буга караганда, ал мурдагы эки жомоктон түзүлгөн мезгили кеч болсо керек. Балким, угуучулар «Манас» менен «Семетейди» көбүрөөк каалап, чоң жомокчуларда «Сейтекти» баштан-аяк иштеп чыгышпагандыктан го? Көлөмү жагынан эбегейсиз жомокту «Манастан» тартып «Семетей», «Сейтекке» чейин толук, кеңири айтышка жомокчунун шаасы жетпеген. Ал, манасчы Саякбай Каралаев айткандай: «Миң-сандаган ырлардын арасында адашкан». Ошон үчүн жомокчулардын эң таланттуулары да «Манасты», андан өтсө «Семетейди» айтышты кесип кылышып, «Сейтекке» жетише албаган. Ошентсе да «Сейтек» жомоктун «Манас», «Семетей» бөлүмдөрү менен сюжеттик жагынан тыгыз байланыштуу, композициясы жагынан өзүнчө окуяга бөлүнгөн кызыктуу поэма. Негизги идеясы — Канчоро, Кыяз сыяктуу чыккынчы, эл бузгучтар менен күрөшүү, ич ара бузулган уруулардын башын кошуу, элдин көз каранды эместигин сактоо, желмогуз уулу Сарыбай менен күрөшүү. Сейтек чоңойсо бирдикти бузган кара ниеттерден өч алынат, чабылып-чачылган уруулар баш кошушуп, эл кубаттуу болот деген тилек Айчүрөк, Бакай, Күлчоро, Каныкейдин образдары аркылуу берилген. Сейтек чоңоюп, Күлчоро айыгат.

Алар, элге жабыр көрсөткөн Канчорону, Кыязды жазалашат. Канчоронун учурунда чачылган эл, Сейтек Таласка келгенде баш кошо башташат. Ички жана сырткы душмандар кыйрап, Сейтектин башкаруусу менен эл бейпилде жашап калат. «— Элдин тагдыры жөнүндө көңүлүбүз ток, өлө турган кез келип, сапарыбыз карыды,— дейт Семетей. Сапардын дайнын укканда журт чуу көтөрөт: Ушул элге бир коргон, Эр Бакай менен Каныкей, Толкуп жаткан бел эле, Семетей менен Күлчоро, Добул келсе жел тийбес, Доочу келсе, мал бербес, Тажаал келсе жан бербес, Бузулбас каптоо бел эле». Ушуну айтышып чуулдап турган элге Семетей: «— Биз силердин санааңарды толтурдук — дейт.— Эми силерди жоодон коргой турган Сейтек бар, бизге уруксат бергиле»,— деп журт менен коштошот. Эл чуу көтөрүп ыраазы болушат. Бешөө сапар тартышат. Жомокто сапарга беш киши кетирилсе, ушул учурга чейин эл оозунда сүйлөнгөн легендада «өлбөс» болуп калгандардын ичинде: Тайбуурул, Акшумкар жана Семетейдин Кумайыгы да бар. Алар, көбүнчө алыс сапардан келаткан жалгыз-жарым жолоочуга кездешип: «Балам, «Манас», «Семетей» жомогун уккан белең? Элиңде айтылабы? Көп айтылсын…» деп Бакай айтат экен дешет. Элдин ойлоп тапкан бул легендасы анчейин айтылбастан, өзү жараткан жомоктун жана андагы айтылган жакшы каармандардын өлбөс болушун тилегендик. Бул легенданын чыгышы бекеринен болбоо тийиш. Кыргызча адеп дин тараган учурда, динчилдер мындай жомокко каршы болушу да ыктымал, ага курал катарында эл күчтүү, таасирдүү легенда чыгарышы мүмкүн. Жеке динчилдер эмес, көп учурда феодалдар, манаптар да элдик жомокту сүйүшпөгөн. Алар «уяты жок ырчы болот, «жомокчудай каңкылдап» дешип ырчы-жомокчуларды төмөн көрүшкөн. Эгерде чоң атанын тукумунан «Манас» жомогун ай-туучулар чыкса, көп учурда алардын жакындары: «каңкылдап калган эмне жакшылык», «менин тукумумдан жомокчу чыкпай эле койсун» дешип намыс кылышкан. Айрым самодурлар ырчы, жомокчуга өз тапшырмаларын айтууга буйрушкан. Аны аткарбаган ырчы, жомокчунун шору.

Мойнуна чылбыр салып жетелетип, урдуруп, айыптар тарттырган. Бирок эл андай жоруктарга каршы өткүр тамсилдерин, лакап-макалдарын курал кылышты. Сонун легендаларын жаратышты. Ушинтип жомоктун үчүнчү бөлүмү чоң кубаныч менен аяктап, анын каармандары өлбөс болуп калды. Эмне үчүн эл жомоктун каармандарынын өлбөс болушун каалашты? Бул суроого жооп бериштин алдында. биринчи бөлүмдүн башкы каарманы Манас жөнүндө бир эки сөз: Кыргыз уруулары бытырандылыкка учурады. Алтайга сүргүнгө кеткен аз айыл кыргыз кытайдан кордук көрүштү. Алты зубун калмагы, Коруган экен жерлерин, Отуз байтал, беш аттан, От майына бергемин. Ошондо да азсынып, Кууп жылкы келгенин — дейт, эс тарткан Манаска атасы Жакып: Күндөп санап мал алат, Аларына көнбөсөң, Бу курган кыргыз таланат. Айтканына көнбөсөң, айыл чабылат, адамдар өлтүрүлөт, мал-мүлк таланат. Жоонун бул зордугуна Манас көнбөйт.

Кытай Манаска согуш ачат. Манас жоого каршы туруп, алардын Домобил баатыры өлүп, кытайлардын бир куру Манас менен ынтымакташат. Эсенкан Манасты карматыш үчүн балбандарын жиберет. Бирок, Манас балбандарга бой бербейт. Аларды өлтүрүп, кызматкерлерин аман коюп, олжого түшкөн асылдарды элге бөлүп берет. Хандын жиберген балбандары өлтүрүлгөндүгүнө Жакып катуу коркот, бир чети олжонун элге бөлүнүшүнө кызганчтык кылгансыйт. Жакыптын коркоктугун, дүйнөкордугун Манас жактырбай, ага тике айтат: Айтыңызчы, атаке, Акылыңыз канаке? Куу дүнүйө түбүнө, Куусаң кантип жетесиң, Курулай корко берсең сен, Куураган бойдон кетесиң. Коркуп жүрүп кор болуп, Кордукка көнгөн экенсиң! Ушинтип Манас дүйнөгө кызыкпайт, хандан жалтанбайт. Ал жолборс жүрөк, таш билек — баатыр. Көркү калча, көзү тик, көбүнө айтса, сөзү тик — калыс. Ал, Алтайдан көчө келип, баскынчылык менен жерди алган Алооке ханды кууп, азган- тозгон элди ата-конушуна кондурат. Баса келген хандарга сокку уруп, элдин биримдигин сактап турат. Бирок, Конурбай бейкут жаткан элге кол салып, Манас-тын бир тууган карындашы Кардыгачты олжолоду, аны баатыр чоро куткарды. Көкөтайдын ашы болду. Ашка көп уруу эл чакырылды. Ашка келген Коңурбай салык салып, Мааныкерди бересиң, бербесең чаап аламын деп кыргыздарды кыстады. Мында да Манас Коңурбайга эрегишпеди, элдешүү, ынтымакташуу жагында болду. Бирок, Коңурбай жана анын чоң Жолой баштаган алптары бейбаштык көрсөттү. Казандагы кайнап турган этке кол салышты, аштын тартибин бузушту. Бул Коңурбайлар тараптан элди көзгө илбегендик, элди кордогондук, чатакты чыгарып, кыргыз урууларын чабууга себеп издегендик болучу. Ал кол курап, элдин кыйырына дайым коркунуч туудуруп турду. Ушул учурда, өз бийликтеринин ыгына элди бөлгүсү келген уруулардын хандары Манаска чыккынчылык кылышты. Бирок мында да Манас жана анын Кошой, Бакай сыяктуу кеңештеш кишилери хандарды биримдикке, ынтымакка чакырды. 6 Хандар сизге жол болсун, Катылба десем болбойсуң, Ар качандан бир качан, Мени камаганың койбойсуң, Эми кандай акыл ойлойсуң?!—дейт Манас. Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, Бөлүнүп калды кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет,—дейт Бакай. «Бөлүнбө, бөлүнсөң Коңурбай сыяктуу четки душманың сени жеп кетет»,— деген чакырык өз учурунда эң маанилүү, эң керектүү эмес беле! Алты хандын жоокерлери Манаска каршы чыгышпады.

Манасты
чабабыз деген өз хандарына нааразылык билдиришти. Жалгыз аяк, куу таяк, Такыр келген кулдары, Жакшылыктуу кун көрбөй, Жакыр келген кулдары, Кайнаган кошун кол консо, Кайышпайт экен булары, Кара башыл адамда Кайраттуу мындай тубарбы, Каблан эрге тийишип, Биздин хандарды кудай урарбы?!— дешип алты хандын колу Манастын баатырдыгын, тентигендерди курап эл баккандыгын айтышты. Ушинтип хандар каршы турган кезде Манасты эл жактады. Ал себепсиз башка элге согуш ачпайт. Четтен келген жоодон элди коргойт. Борой-борой күн жааса, Арстан Манас айкөлүн, Боз кереше ногойго, Босого басып жоо келсе, Болот капка ногойго,— дейт ысык-көлдүк Жамаке манасчы. Карыя Манас каблан Кулалы таптап куш кылган, Курама жыйнап журт кылган. Телик куш таптап куш кылган, Тентиген жыйнап журт кылган. Ошол эле Сагынбай «Чоң казатта»: Кырк чоросу кырк жерден Кыдырып келген кул эле, Кыраан эрге таянып, Кылган иши бул эле,— дейт. «Семетейде» Каныкей жомогунда кырк чоро жайы бул: Ар кимиси ар жерден Келип конгон Таласка, Чоро болгон Манаска. Атсыз келген бир чоро Аркар аяк, жез билек Ат мыктысын мингизген! Тонсузуна тон кийгизгени, үстүнө үй тигип, бойдогуна аял алып бергени айтылат. Азган-тозгон кулдарды жыйнап, аттуу, тондуу, үйлүү болушат,— «Кайнаган кошун кол консо, кайышпайт экен булары» деген саптарды окуганда кабардар окуучунун көз алдына байыркы замандарда кулдардан куралган кошун эриксизден элестеп, андагы элдик баатырларынын адилет күрөштөрүнүн алгачкы жаңырыгы сыяктуу угулат.

Манас айкөл атаккан — кең пейил, каблан атаккан — баатыр, жолборс билек, таш күрөк атаккан — тайманбас, дайым элдин камын ойлонот. Манас өлгөндө чоролор баштап калың эл ыйлашат, ал гана эмес: алты күнү ай чыкпай, ай караңгы түн болуп, жалпак өркөч кара нар Манас жаткан капшытка чөгүп, көз жашын төгөт. Манастын аягына жатып алган Кумайык асманга карап оозун ачып, адамдан бетер өңгүрөйт, ак шумкары тескери учат, ошол кезде асый чыкма Арбуудан байлап койсо, токто-бой, же чөп оттобой аса күтүп, башын жерге салат. Бул улуу кайгы Меник көзүм өткөндө Таластагы калың журт — Айласы кандай болучу?— деп Манастын өзү айткан арманы менен эриш-аркак. Манас бул жерден анчейин баатыр, колбашчы гана эмес, эл камын ойлонуп, эртеңкисин көрө билген акылман. Манастын көзү өттү. Хандар уруу башчылары бөлүндү болушуп, өз кызыгын көздөштү. Эки арам атыккан Абыке, Көбөштөр Манас өлгөн соң, элге бүлүк салышты. Манастан калган дүйнөнү камчыга ченеп бөлүштү. Чыйырдыга, Каныкейге кордук көрсөтүштү. Уруулар бытырандылыкка учурады, элдин биримдиги кетти. Мейли четтен келген жоодон, мейли ички хандардан дайым кысымчылык көрүп, чабылып-чачылган эл бирдикти, тынччылыкты көксөгөн. Алар өздөрүн башкарган каармандын жеңилбес, ал тургай өлбөс болушун каалашкан. Сайышта баатырлардын бири каза болсо, же Манас, Сыргак, Чубактар Коңурбайдан жеңиле турган болсо, угуучулар кайышып олтурушчу. Токтогул районундагы «Биринчи Май» колхозунун мүчөсү 90 жаштагы Чапрашты бул тууралу мындай дейт: — Балам, балдар айтып жүрүшөт, Манас элдики болбой калды деп, бул эмнеңер?! Мына, бир кылымды да көрдүк. Манасты биз эл башчысы деп биличү элек. Манас айткандарды эл кадырлашчу эле. Элди жыйнап, элди эл кылган Манас болгон. Манастын журтка эмгеги көп, аны жоготуш жарабайт. Кадырласа гана болот. Акчий-Карасу селосунун адамы Мүсүралиев Мурзабай: — Балам, Манасты эл сүйүп укчу эле,— дейт,— мына ушул Актектирде Эшенкул деген манасчы болгон.

Ал киши Манастын бардык мазмунун бүт айтуучу эле. Ал айтканда эл ыйлап, айбаттуу баатырдыктарды айтканда эл кайра чыңдала берүү-чү эле. Мурзабай өз сөзүн аныкташ үчүн Эшенкул манасчыдан ук-кандарынан мисал келтирет: Абакен Бакай карыя, Акылы терең дарыя, Каплетте сөз тапкан, Караңгыда көз тапкан, Үзүлгөндү улаган, Чачылганды жыйнаган, Бузулганды түзөгөн, Жакшылык ишти күсөгөн. Мына ушундай Бакай сыяктуу каармандарды эл сүйгөн. Үч бөлүмдөн турган жомокто «элдик каарман такыр жок», же «андагы каармандардын бардыгы жакшы» деп талаш баш-тоо артык иш. Антип, же жомокту билбеген адам, же принцип-сиз, жеңил ооз неме гана айта алат. Коңурбай, чоң Жолбй баштаган четтен келишкен душмандар тобу мындай турушсун, Манастын өз атасы Жакып, инилери Абыке, Көбөштөр, Көзкамандар өз кызыгына талашкан бузуку кандар — мына булар тетири каармандар. Булардын бири ачкөз дүйнөкор, бири ушакчы-бузуку, бири атак талаш-кан мансапкор, жегич. «Семетей», «Сейтекте» Канчоро, Чачыкей, Кыяз, Толтой, Чынкожо, Желмогуз уулу Сарыбай, мастан кемпирлер тескери каармандар. Булардын максаты эл бүлдүрүп олжо алуу, жазыксыз кан төгүү, ынтымакты бузуу, өз кызыгын көздөп, өз атагын чыгарып, элге, элди жактаган баатырларга чыккынчылык кылыш. Манас Жакыптын ач көздүгүн, коркоктугун бетине айтат, аны өз атам деп аябайт. Абыке, Көбөштүн тетири иштерине жол бербейт, тууганым деп аларга жан тартпайт.

Айлалары жок, бирок, ичтеринен тымызын кекенип жүрүшкөн Абыке, Көбөштөр Манас өлгөн соң өздөрү көздөгөн арам ойлорун ишке ашырышат. 8 Ошон үчүн, Манас баш болуп Бакай, Кошой, Семетей, Күл-чоро, Сейтектер четки душмандар менен кандай күрөшсө, Көбөш, Көзкаман, Канчоролорго окшогон ички бузуктар менен да так ошондой эле кармашып, алардын зордугунан элди коргоп келишкен. Акылман Каныкей Канчоро тууралу «Чаары турат көзүндө, ушул түбү сага карасанайт» дегенде, Семетей энесине кошулбайт. Канчорону бооруна тартат, аны өзүнө ини кылып алат. Бирок, акыры Канчоро майда кекенчилик менен чыккынчылык кылды. Кыяз элди чаап, Күлчорону туткундады, Айчүрөктү олжолоду. Семетей дайынсыз болду. Ошондо Канчоро өзүн кан көтөрдү: Киши таппас ой кылып, Адамды сайып алты жүз Ат чаптырып той кылып Же: Миң карача төө бер — деп, Миң кара кашка бээ бер — деп, Бир миң төөгө чай бер — деп, Миң атайга жүк чыкчу Кызыл алтын зер бер — деп Кыргызга алым салды эле. Биз Манастын да, Семетейдин да, ал тургай Сейтектин да бийликте турганын көрдүк. Алардын кимиси Канчорочулап байгеге алты жүздөн адам сайды, кимиси элге эл чыдагыс салыктарды салды? — Жок! Алар кайта эл тарапта болушчу.

Кулдарды, курамаларды жыйнап эл кылышты. Элди чапкан Кыяз Айчүрөктү олжолоп кайткан соң, ал чоң той берет. Алты шаар, Маргалаң, аягы Букар, Самарханга чейин кабар айттырат. Бирок, кабарды уккан эл Кыязга катуу нааразы болушат: — Семетейдин ичи жер жүзүнөн кең эле. Өзү эл баккан, эч жоодон коркпогон баатыр эле. Ушунчалык көк жалдын: Талаасын камай калдык — деп, Катынын тартып алдык — деп, Агыштын уулу Кыяздын Антаңдашын карачы,— — деп эл Кыязга наалат айтышат. Бузулган Чамбыл жердеген Буурумбек деген хан: Калк атасы Манастын Калкына тийген оңорбу?!— деп элин баштап, Кыяздын тоюна келбей коёт. Сейтек чоңоюп Кыязды, Канчорону жок кылып, элди Сейтек башкарган учурда чачылган эл кайра чогулушат, жеке эл эмес, адашкан Арбуудан, он эки жыл чөгүп жаткан нар, улуп кеткен тайган, боосун тытып учуп кеткен ак шумкарлар кайтышат. Ушинтип, элди бириктирүү, күрөштө бир болуу, тынч бейпилде жашоо деген идея жомоктун башынан аягына чейин өзөк окуяны улап турат. Эпостун дагы бир өзгөчөлүгү мында: аялдардан чыккан каармандар өтө көп жана алар чечкиндүү ролду ойношот. Жалпыга маалым Каныкей, Айчүрөк, Алтынай, Сайкал, Кардыгачтарды айтпай эле коелук, булардын бири эркектен ашкан алп, бири акылман, чечен, айлакер.

Ошону менен катар алар үй тиричилигин башкарган уздардан да, чеберлерден да, «кең көнөктүн тазасы» атыккан сүйүүнү тунук сакташкан тең-курбулар, балдарды тарбиялап, баатырдыкка, калыстыкка үйрөткөн энелер. Алардан тышкары Бирмыскал, Бурулча, Акбалалар, Кайыпчал кызы Куялы балбандардын элестери да сүйкүм менен эсте калат. Ушул учурга чейин эл ичинде мыкты аялдарды Каныкейге, Айчүрөккө, же Сайкалга, же Аруукеге теңеш-тире бериш бекеринен эмес. Бизге белгилүү, феодалдар аялдарды адам ордуна санашпаган. «Байтал чаап байге алалбайсың», «уй мал эмес, катын жан эмес», «катын өлсө камчы сап, кайра төшөк жаңырат», «жети катындын акылы бир эркекке тең эмес», «алтын баштуу катындан бака баштуу эр артык» ушулар сыяктуу толгон макалдардын авторлору феодалдар, манаптар болушчу. Ал эми эпостогу дагы бир белгилей кете турган иш, ал дос-тук деген сөз. Достуктун мотиви артыкча «Сейтекте» күчтүү. Башка шаардын адамы Момунжан Семетейдин досу. Ал кийин Күлчоронун далысына иттин кечирин улап, укмуштуу дарыларды берип, аны айыктырат. Элди камап турган Сарыбайды Ай-чүрөктүн досу Кайыпчал кызы Куялы балбан келип жеңишет. Сейтек төрөлгөндө көп уруу эл келет, алардын ичинде орустар да болот. Ал эми Семетейге бир тууган, Сейтекке аба болуп жүргөн Күлчоронун башкы атасы чылабадан.

Ал чылабадан чоң болуп, Чынмачындан келген. Каныкейдин эмчегин эмди. Күлчоро эмген эмчектен сүт, Канчоро эмген эмчектен кан акты. Түбү Күлчоро эл коргогон баатыр болду, кыргыздын өз уулу Канчоро элдин душманына айланды. Мына бул өтө калыс чечим да, эч бир феодалдын акылына сыйбайт болучу. Ал эми кытай элинин өнөрүн, илимин туура мактоо, кытай элинин медицинасын туура баалаш эч бир феодалдык эпостун сабагында сакталбайт эле. Жыйынтыктап айтарыбыз: «Манасты» эл түзгөн. Ал элдик! Манас сыяктуу кылымдар жашаган зор жомок элдин акылынан, элдин кыялынан — фантазиясынан чыга алат. Дөөлөткө, мансапка эсирген эскиңди феодалдар мындай зор жомокту түзмөк тургай аны туура элдик өстөндөн бурмалаш-кан, өз кызыктарына ылайыкташка тырышкан. Эмне үчүн эл түзгөн, элдин кызыгын ырдаган жомокто элдик эмес жат идеялар да бир топ орунду ээлеп калды? Биздин оюбузча, буга негизги себептер булар: Ар бир доордун манасчысы өзү жашаган учурда, коомдук түзүлүшкө ылайык негизги сюжетке аз-аздап болсо да өзгөртүүлөрүн киргизе берген.

Манасчынын көз карашына, анын эстетикалык сезимине, фантазиясынын тереңдигине, акындык күчүнө, динчилдигине жараша, жомокко ал өз кошумчасын кошту, өзгөртүүсүн киргизди. Эгерде манасчы акындык жагынан күчтүү, эстетикалык сезими тунук, тили бай, стили так-жатык болсо, ал айткан сайын жомоктун көркөмдүк жагын күчөтүп, мазмунун тереңдете берген. Эгерде манасчы акын эмес, жамакчы гана болсо, ал жомокту көркөмсүз, супсак айткан. Ал эми, манасчынын диний ишеними күчтүү, элден алыс, идеясы жат болсо, ал өз кошумчасы менен жомокту ылайлаган, ириткен, чындыктан алыстаткан. Акындыгы курч зор манасчы кай кездерде эпоско өз көз карашын кошкон. Нак ушундай манасчынын бири Сагынбай. Манасты зордуктап атка мингизип, дүйнөнүн төрт тарабына чабуулга атказа берет. Бирок, байкаган окуучуга, Сагынбайдын ушул кошумчалары жакшы материалга кийизди жамагандай эле, чыныгы «Манаска» зордук менен кошулганы дап-даана көрүнөт. Баатырлардын элеси, аттардын, жер-суунун сүрөтү Сагын-байда күчтүү, көркөм. Себеби ал, буларды өзүнөн мурдагы манасчылардан уккандай .акындыкты эргитип көркөм кошумчасыз айткан. Ал эми анын жаңы кошумчасы идея жагынан тетири болуш менен бирге көркөмдүк жагы да начар. Токсон жаштагы Чапрашты мындай дейт: — Мен Шак-Көчөк, Айтыке дегендерди билем.

Өзгөчө Жаңыбай манасчыга аралаш эле жүрдүм. Жаңыбай ар дайым Манасты он оозун чын, бирин өзү кошуп айтуучу эле. Жаңыбай муну кээде өзү да мойнуна алуучу. Анын сыңарындай, биз «Сейтекти» редакциялаган кезде да Саякбай Каралаевдин кошумчасы ачык-айкын эле билинип турду. Маселен, «Сейтекте» желмогуз уулу Сарыбайга байланыштуу окуя Саякбайдын кошумчасы. Бул идея жагынан чатаксыз, бирок композициясы өтө шалкы, кайталоосу көп, көркөмдүгү төмөн. Жеке гана Сейтек менен Сарыбайды Саякбай күчтөп, катары менен жети жолу жекеге чыгарат. Жеке жетиге чейин саналганы менен анын окуясы, сүрөттөлүшү бир гана. Ал тургай башка бөлүмдөрдө айтылган сайыштарга окшош. Биз, сөзсүз жетөөнүн алтысын кыскартып, бирин калтырдык. «Сейтекте» тынч жаткан элди чаап алганы Сарыбай келет. Ал опсуз балбан. Ага Семетей, Күлчоро, Сейтектердин алы келбейт. Элге чоң коркунуч түшөт. Ошол учурда Айчүрөк бир кезде өзү достошкон Кайыпчал кызы Куялы балбанга барып кабар айтат. Эл 10 үчүн, достук үчүн, макул, барайын, Сарыбайга каршы урушайын деп Куялы Айчүрөк менен Таласка келет. Бул эң сонун идея.

Бирок, ал Таласка келгенден кийин Саяк-бай Куялыны бузат. Ал «мага эр керек, мени Семетей алсын, ал албаса Сарыбай менен урушпайм» деген «ультиматумду» коё баштайт. Саякбай муну алда нече кайталап, өтө узакка созот. Бул, сөзсүз Куялынын образын төмөндөтөт, идеялык кемчиликке алып барат. Албетте, бул да манасчы тараптан жиберилген кемчилик. Мындай кемчиликтер жомоктун үч бөлүмүндө тең кеңири учурайт. Маселен, «Манаста» Алмамбеттин келишин алалы: 1. Азизхандын Канжайлак жайлоосун Коңурбай тартып алып коет. Ага доо кылып, Алмамбеттин айткан адилет сөздөрүн Эсенкан тоотпойт. Кызы Бурулчадан башкалары Алмамбетти жектешет. Ушул чатактан кийин Алмамбет качып чыгат. Бизче бул туура, негизги чындык. 2. Алмамбет дин талашып, мусулман болгону кыргызга келет. Бул натуура, кийинки кошумча. Эпостогу жалпы дин маселеси да жогоруда биз келтирген мисалдар сыяктуу эки багытта: 1. Эпосто дин күчсүз. Манас өзү баш болуп динди шылдыңдайт. Манастын уулу Семетей динге сыйынмак турсун, динчилдерди көзүнө илбейт: Бир күнү бузук болду Букарда, Ак селдечен кожолор, Дарс окуган молдолор, Абайлап туруп, кайгырды. Сексен кожо, жүз молдо, Семетей мечитине камады, Баарын бирдей сабады, Кожолор ыйлап кайгырды, Молдонун башы айрылды. Жеке Семетей гана эмес, андан башка каармандардын да динге сыйынганын көрө албайбыз.

Бул туура, чындык. 2. Сагынбайда Айкожо келе калат, Манас ислам динин таратыш үчүн күрөшөт, ал селде чалынып, Мекеге барат. Бул тек диндин таасиринен улам Сагынбайдын күч менен гана зордуктап кошкон кошумчасы. Ушинтип, эпосто карама-каршы эки идея бой тирешип отурат. Анын биринчиси: биз мисалга келтиргендей — элдик. Ал, дайым элдин талабын жактайт. Кылымдар бою элибиздин башынан өткөн тарыхый окуяларды, күрөштөрдү, элибиздин үрп-адаттарын, салттарын, оюн-тамашаларын, тиричилигин, кайгысын, кубанычын баян эткендей, зор фантазия жараткан миф, легендадан башталып, чын турмушка чейин эң көркөмдүк менен чебер сүрөттөлгөн унутулгус сонун жомоктор. Экинчиси — элге жат. Ал, күч менен киргизилген кан төгүлгөн чабыштар, элдин тарыхына жанашпас дайны жок жүрүштөр, ислам динин туу карматыш өңдүү терс идеялар. Жомоктогу карама-каршы ушул эки идеянын кайсынысы кошумча? Кээ бир жолдоштор айткандай, жомок адегенде эле феодалдар тараптан түзүлүп, элдик эмес беле? Же аны адегенде эл түзүп, андагы жат реакциячыл идея кийин кошулдубу? Менимче, буга талашты ачуунун эч кажаты жок. Терс идея, көбүнчө кошумча экендиги дапдаана көрүнүп турат. Маселен, Сагынбайдын вариантындагы Манастын Батыш, Чыгыш, Түндүк, Түштүккө аттанганын мурдагы Чойке, Акыл-бек, Тыныбектер, же башка манасчылардын эч кимиси айткан эмес. Ислам дини кыргызга, айрыкча, Кокон ханынын кысымы менен көбүрөк тарады. Кокон хандыгы бай-манаптар менен союз түздү, эки тараптан тең кыргыз эмгекчилерин эзиштии» Алар элге күч менен салымын да салды, зордук менен динди да таратты. Так ушул учурда динди жек көрүп, угуучуларын кайраттанткан манасчы Семетейге кожо, молдону сабатпады бекен? Бирок, кожо-молдолор да тынч калышпады. Эл арасында ислам динин таркатыш үчүн көп чараларды колдонушту. Алардын тапшырмасы боюнча диний ишеними күчтүү манасчылар, жомок аркылуу ислам динин элге таратышты. Башта четки жоодон элди сактап, тынчтыкты каалаган Манас, Сагынбайда дин үчүн күрөштү, башка элди басып алышка жүрүш баштаган чабуулдар күчөдү.

Балтин өзүнүн макаласында «Манас» элдик эмес, аны феодалчыл ырчылар түзгөн, жат идеядагы эпос деп далилдешке тырышат. Менимче, бул эпоско объективдүү мамиле кылгандыкка жатпайт. Башта басмасы жок көчмөн элибиз көркөмдүгү жагынан жогору эпосун революциядан мурдакы чоң манасчылардан толук жаздырып кала албады. Бирок, аны угуп таалим ала турган адабияты, көрүп көңүл ача турган театры, элдин байыркы ,турмушу менен тааныштыра турган тарыхы, жер-сууну тааныткан географиясы катарында угуп билүүчү. Маселен, кыргыздын байыркы архитектурасын биз билбейбиз, бирок эпосто ак сарайдын, күмбөздүн, ар түркүн жасалгалардын мүнөздүү сүрөттөөлөрү бар, чебер зергерчилик айтылат, кыргызга улуттук бий болгон эмес дешет, а эпосто кырк кыздын бийи айтылат. Ушундай окуяга бай, мазмуну кең чыгарманын элдик жагын көрмөксөн болуп, зыяндуу жасалма кошумчалары бар айрым вариантка негиздеп, бүт эпосту феодалдарга таандык кылыш, сөзсүз, элдин сезимин кордогондукка жатат. Ал эми эчен албан тарыхый кагылыштарда ошол тарыхый карларды, эчен борошолуу, бороон-дуу күндөрдү баштан кечирип: бирде толуп, бирде бөксөрүп — тарыхый запкыларды тартып келип — соңку кылымдарда ошол ыманбайлык ахыбалга жеткен кыргыз кишиси, башта, доору жүрүп турган кездерде, ал, боз тон ордуна чопкут, туулга кийди. Чобур сарала ордуна тулпар Айсарала минди, айбалта аш-тап, колго көк асаба кармады. Деги андагы кишинин аты Ыманбай деп чакырылган жок: Азман, Агуул, Багыр, Кадыр-кан, Элтебер, Элчур, Элтерес, Чаа, Жолборс, Торко, Карачур, Эл-Тууган, Күлчүр… деген аттар менен эркектер чакырылды. Жол-Апа, Күлүк-Апа, Гүл-Эркин, Умай, Чур-Апа, Бай-Апа, Төр-Апа, Элбилге-Катын деген аттар менен зайыптар чакырылды. Ушул адам аттарын, биз, тек атап өткөнүбүздө эле, алардын далайы ушул кезге чейин кыргызда балага коюлуп келаткан аттар экенин кантип танабыз.

Маселен: Эл-Тууган, Жол-борс, Торко, Чаа, Агуул, Багыр, Азман, Жол-Апа, Гүл-Эркин, Тер-Апа, Умай… деген аттар, айрыкча кары кишилерде көп жолугат. Ал эми «Манас» баянынын каармандары: Агуул, Боз-уулдар түз эле ошол байыркы аттарды алып жүрүшсө, Канчоро, Күлчоролор Карачур менен Күлчурдун бир аз өзгөргөн түрүн бизге жеткирди. Бул жөнүндө ташка тамга баскан эстеликтерден да буларды окуйбуз: «Он ок тукумунан өзүмдүн Тургеш канымдан Макрач тамгачы, Огуз-Билге тамгачы келди; кыргыз канынан Тардуш-Ынанчу чур келди» деп Күл-Тегин эстелигинде жазылса, кыргыздын журт башкарган адамына коюлган — «Енисей эстелигинде» — «атым Эл- Тууган түтүк. Теңирим берген элимдин элчисимин. Алты урук журтка бек элем» — дейт. Биз кыргыз кишисине коюлган бул байыркы эки атты мисалга келтирген себебибиз, тарыхка, илимий жактан тарыхый талдоо жүргүзбөсөк максаттан кыйчалыш кетерди айткыбыз келди. Баса, биринчиде: Тардуш-ынанчу чур бүгүнкү адам ат-тарынан алыс болсо, экинчиси — Эл-Тууган (түтүк — титул) биздин күнгө чейин адамга коюлуп келаткан ат. Ал эми «Манас» каармандарын биз арага салсак, алар бизге ушул жагы-нан көп жагдайды туюндургандай болот. Маселен: Бозуул — Бозуул, Күлүчурадан — Күлчоро. Ал эми Тардуш-Ынанчу чур бизге табышмак болгондой эле — «Манас» деген аттын өзү да «табышмак». Бир жагынан алсак: Манас деген шаар да, жер да, суу да бар. Бир жагынан алсак — алп Манастын өзүнөн башкага бул зор ат коюлбайт. Неликтен? — Бул илимий жак-тан так изилдөөнү талап кылган эң кылдат жана жооптуу жагдай! Мындай изилдөө жеке эле окумуштуу адабиятчынын эмес, окумуштуу-тарыхчы, окумуштуу-тилчилердин да алдында турган милдет. Болгондо да эң баамчыл, эң көрөгөч кеп тармак-туу билими бар калыс жана чыдамкай адамдардын алдында турган милдет!

Ушундай татаал иштин илимий жактан чечилишин бабаларыбыз бизге милдет (вазипа) катары таштап кеткендерине биз жеке эле өкүнө бербестен, бир жагынан сыймыктаналык. Албетте, курулган мунаралар, том-том китептер бетинде бул өмүр так жазылып турса, биз — «белен аштын» татымын татып абдан эле кубанычтуу болор элек. Бирок, улуу тарых-тын туңгуюк купуя эрежелери менен эсептеше келгенибизде, биз өз элибиздин баштан кечирген өмүрүнө жеке эле өкүнө бербестен, ага сыймыктанар жагдайлары да аз эмес. Өз кезинде эң маданияттуу болушуп, күчтүү мамлекет курган элдердин кай бирлери 12 кийин майдаланды, ал тургай изин кумга чайытып соңкуларга белгисиз тартты. Кай бирлери тыйпыл жоюлду… Бул кезде Орто-Азияда жашаган элдердин эң байыркыларынан болгон кыргыз журту дал ошол тагдыр менен үлүштөш болсо да, ал өзүн сактап, элдик маданиятын сактап, аны чамасы келишинче өнүктүрдү. Биз ушул жерден «Кыргыз» деген аттын чыгышы жөнүндө кайбир тарыхый маалыматтарды жана эл оозунда айтылган уламышты эскергибиз келет. Тарыхый маалыматтарда кыргыз деген эл биздин доордон мурунку үч жүзүнчү жылдарда эле белгилүү болуп, алар кызыл жүздүү, жээрде сакалдуу ноочо адамдар, минген аттары аргымак — ири жылкынын тукуму, өздөрү жоокер эл экендиги айтылат. Ал эми эл оозундагы ула-мыш мындайча баяндайт: — Эң байыркы заманда ашкан жоокер журт болуптур, тынымсыз чабыштардын, тынымсыз каар-дуу алааматтардын кесепетинен ал журт кыргын табат. Кыргындан кыр кезип кырк жоокер калат. Алардан — кыргыз тарайт. Ушул эки кабарды иликтеп көргөнүбүздө, түз эле ошол байыркы сактарды, байыркы хундарды эске салат. Байыркы учуктарды иликтесек, бизди ошол байыркы журттар менен тектештирет.

Ошол журттун жеке эле өмүр-тиричилиги эмес, алардын бизге жеткен материалдык маданияттары биздин бабалар сактап бизге белекке калтырган материалдык маданият-тары, рухий байлыктары менен эң жакын. Бул кезде кыргыз, казак, алтайлыктардагы — ала кийиз, шырдак, ат турпатындагы жасалгалар, алтын, күмүш буюмдарда чөгөрүлгөн чебер оюу-чийүүлөр дал ошол сактарда, дал ошол хундарда болгону белгилүү. Боз үйдү жасалгалоо, бээ байлап кымыз ичүү, угут ачытып бозо кайнатуу, курут кургатуу, сүзмө сактоо, жоокерге гүл-азык камдоо… ушулар сыяктуу толгон материалдык жана турмуштук белгилер так алыскы жаңырык сыяктуу алыс-тан үндөшпөстөн биздин бабалардан бизге өткөн — күнү бүгүнкүдөй колдонгон биздин маданият, тиричилик, биздин өмүр-байлык! Биз жогоруда кыргындан калган кырк жоокерден кыргыз журтун тараткан «уламышты» эскердик. Кыргыз элинде ушул кездерге чейин айтылып, эл сөзүндө кеңири тараган — кырк деген сандын эң ардактуу, эң мелчемдүү эскерилиши бекеринен эмеско? — Кырк жигит кырк эрен, кырк кыз, кырк жылкычы, кырк баатыр, кырк чоро… Ал тургай — «Кыргыздыкы кырк жылда» деген лакаптын айтылышына — ошол байыркы кырк жоокер себепкер чыгар? Неси болсо да ушул «кырктардын» чыгышына турмушта чын болуп өткөн тарыхый чоң окуя себепчи. Фарсы падышасы Кирдин талоончу колу сак урууларын кыргынга учуратты. Ошол кезде талоончу колду чөлгө жазгырып… өз журтунун калганын кыргындан сактап, бирок ал үчүн өзү курман болгон эр жылкычы Шыйрак байыркы сактан калган уламыш каарманы.

Бирок, муну да чын болгон тарыхый окуя жаратты. Алтайдын Базырыгында, Орто-Азиянын тоо-талааларында сырдуу коргондорду өзүнөн эстеликке калтырып… ошол уул-кызы жоокер, бүт эли-журту каарман сактар чоң чабуулдардын кесепети тийип, алар бытырады. Алардын изин тарых бетинде кум чайыды. Бирок, ал баатыр журттун даңктуу аты тээ көз учунда мунарыктаган улуу чокудай элестейт. Баса, түптүү журт таптакыр жоюлбайт да! Ал кайрадан түптөнөт, кайрадан өнүгөт. Ал тургай кай бир учурларда ал таптакыр «жаңы» элдин атын алып өнүккөнүн тарых күбөлөйт. Сактан кийин хундардын (гундар) пайда болушу, алардын дуулдап өнүп-өсүп тарыхта белгилүү болушу, тек жаңы элдин, жаңы журттун пайда болушу эмес, хундар мурунку урууларды кайрадан «жаратып» алардын өмүр жолдорун кайталап улаган сыяктуу… Биз байыркы сактарды өз жайына коюп, тек соңку үч коомдук чоң толкундарды байкап көрөлү: 1. Биздин доорго чейинки III кылымдын акырынан I кылымдын элүүнчү жылдарынын аралыгы — хун каганаты, хун доору; Ошондуктан, биз жогоруда, «…так айтканда, байыркы кыргыз тилинен азыркы кыргыз тилине которулду» деген тыянакты атайы айттык. Себеби, түрк элдеринен кыргыз, кыпчак, чигил, ягма сыяктуу элдер таза түркчө сүйлөшкөн деп Махмуд Кашкари өзү аныктайт. Ошого таянып жазуу байыркы тили-бизде жазылган деп айталабыз.

Айтор, эне тилибиз ушинтип кайрадан которууну талап кылгычакты өзгөрүүнүн өзү эле, ушул тарыхый мааниси бар ыйык ишке баамчылдык менен туура мамиле кылууну, талдоолорду билгилик менен жүргүзүүнү бизден илим талап кылат. Айрым жолдоштор үстүрт болжогондой: — «Таштагы жазуу жазуу болмок беле?!» Не «Кыргыз тилине эмнеси окшойт?!» Не «Бул уйгур тили, биз кыргыз…» дей берсек, баарыдан мурда, таң аткычакты бир дөбөнү айлана берген Ымакеңдин акы-балында өзүбүздөн өзүбүз адашабыз?! Ал эми азыркы кыргыз улутун түзгөн уруулардын ичинде ошол өткөн кылымдарда өзүнчө будуң — эл, өзүнчө уруу ата-лып жүргөн: төлөс, меркит, кыпчак, саруу, найман, аз, аргын, моңолдор, кытай сыяктуулар ал кездерде өзүнчө эл түзүп, ошол будуңдун ичинде жүргөнүн эске алсак, азыркы уйгур калкы ошол кезде түрк будуңунун катарында болуп, алардын ичинен байыркы кыргыздар байыркы уйгурлардын карым-катнаштары жакын, тагдырлары бирдей болгонун эске алсак, анда бул тарыхый чоң мааниси бар маалыматтарды өзүбүздөн алыс коюшка акыбыз жок! Эмесе, Аккуласын минип жоого айкырып чыккан айкөл Манасын сүйүп, Манасын тааныган элибизге, биз ушул: Акбозун минип жоого каршы арстандай чапкан Күл-Тегин жөнүндөгү сөздү тартууладык. Тарыхта белгилүү болгон ушул Күл-Тегин алптын элеси, биз сүйгөн, биз билген «Манас» баянындагы алптардын элесине үндөшөбү, жокпу? Жазууда баяндалган эл-журт күрөшү, алардын ой максаты биздин «Манастагы» айтылган кыргыз журтунун күрөшү, ой-максаттары, тилеги менен үндөшөбү, жокпу. Эгерде, ал үндөштүктөр, ал жакындыктар бар болсо, анда алар биздин кемибизди толуктайбы, жокпу? Муну ар бир баамчыл адам өзү талдасын!

Манас. „Манас” эпосунун элдиги жөнүндө, bizdin.kg


Кыргыз