Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Манапбайдын басырык

Оруска багынбастан мурун бугу, саяк, солто жана башка сарбагыш айылы аз болгон үчүн тынай кыргызын эл катары кадырлап, анын манабын башка чоң феодал катарында көрбөгөн. Оруска жаңыдан караганда кыргыздар баштагы эски кегин кектеп, бир-бирин уурдап жыгып, жаки башка жол менен мал алууга киришкен. Кокон заманында солтонун жерине кан ичер Жантай Карабеков айылы менен коно калса жаңыдан үйлөрүн тигер замат тынайды киши катарында көрбөстөн солто малын тийип, жеринен түн боюнча айдап көчүргөн. Кан ичерлер: Шабдан, Манапбай, Сооромбай, Баяке — Николай улуктарына башка кыргыздан артыкча ишенимдүү, кадырлуу болгондуктан 1869—1870 – жылдарда Манапбай Токмок уездине (анда уезд Пишкек эмес, Токмокто турган) помощник болгон чагында Токмок шаарын Пишкекке караган бир дубан элди топ кылып, топко Манапбай жүргөлү жатканда Шабдан Манапбайга карап: «Баягы кызыл уук болуп, түн катып көчкөн оюңдан чыга элек го?» — деген. Оруска жаңыдан караган эл, башта атын укса да өзүн көрбөгөн журт, орус менен көбүрөөк катышып сүйлөшсө, ошондон айбыгып абдан корккон. Бир дубан элге Манапбай уезд катарында болуп, топтун башынан карап тургандыктан жана кыргыздын эң биринчи тунгуч съезди болор үчүн тынайлардан, көбүнчө Манапбайдан жаман коркуп, манаптары жалтанып, анын айтканынан чыкпаган. Топко келген кедей дыйкандарды талап, аттарын жыгып, кийимин сыйрып алын, съездге салып басырыктатып жиберген. Иши акпы, карабы, текшербеген. Солтонун . бир манабынын күлүк кер атын Манапбай алдырып келип, ат жабуу, кулакчын салып, үпчүндөп сөөлөткө үйүнүн жанынан ары-бери жетелетип койгон кезинде Шабдан көп киши менен келип калган. Байтик феодал ошондо 30 киши менен келип көрүшүп: «Аш ээси, баш мээси. менен деген. Шабдан келди деген үчүн жолугуп кайтайын дедим эле», — деп атка минээрде Шабдан Байтикти 30 жолдошу менен кондуруп, бир бечаранын атын жыга салып союп коноктоп, эртесинде баякы күлүк атты үпчүнү менен жана бир күлүк ат мингизип узаткан. Мындан соң солто, тынай жарашып, баштагы басырык (давление) калып, ар бир доо, чынынан кетип, мурунку болгон доолордон өтө орунсузу кайта жанган. Ушул 1869-жылы атактуу кан ичер Төрөгелди өлүп, далай кедейдин аркасы сууган. Жогоруда Байтиктин «аш ээси, баш мээси менен» дегени,  Манапбайды кул деген себеби энесинин боюна келген. Ошол себептен Манапбайды Байтик теңсинбеген. 1871-жылында Токмоктун күн чыгышы 30 чакырым жердеги Кара-Булак кыштагы салынган.


Кыргыз