Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргызстан элинин ассамблеясы (КЭА)

Кыргызстан элинин ассамблеясы (КЭА) –  Кыргызстандын элин түзгөн этностордун улуттук  кызыкчылыгын көздөгөн коомдук уюм. 1994-жылы 21–22-январда Бишкек шаарында, Кыргызстан элинин 1-курултайында уюшулган. КЭАнын курамында 2003-жылы 1-январына  29 улуттук-маданий борбор жана коомдук  бирикмелер бар. Ассамблеяда ОБСЕнин жана башка эл аралык уюмдардын, жана улуттук-маданий борборлордун (УМБ) катышуусу менен эл аралык семинарлар өткөрүлөт КЭА тил жана улуттук маданиятты өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт. Ар бир УМБда  өздүк-көркөм чыгармачыл жамааттар уюштурулган. Кыргызстанда  улуттар аралык ынтымакташтыкты сактап, аны өркүндөтүүдө УМБ өзгөчө маанилүү роль ойноодо. Алардын  иш-аракеттери мамлекет тарабынан ар тараптан колдоого алынган. УМБ  үчүн 1994-жылы 26-сентябрда Бишкек  Достук үйү ачылган.


Кыргыз