Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

КЫРГЫЗИЯДА КАРЛУКТАР

КЫРГЫЗИЯДА КАРЛУКТАР

Күн батыш түрк мамлекети бытырагандан кийин руктарынын баш кошо албагандыгынын анык кабарларын Кытай, Араб, Персия тарыхчылары көрсөтөт. Мамлекет кураган түрк эли түрк атагынан башка күн батыш менен күн чыгышта дагы башка атак алып, угуз же болбосо тогуз угуз делип жүргөн. Кытайдын тарыхчылары Синцизандын күн чыгышында Шато аггалып, мамлекет курган түрктөрдүн насилинен күн батыш түрк мамлекетинен келип, мамлекетин курган түрктөр дейт. Бул түрктөр араб тарыхтарында Тогуз. Угуз аталган. Булардын бир бутагы күн батышка барып, өзүнчө мамлекет курап, борбору Сыр дарыянын аягында болгон. Түн жак Кыргызияга угуpдардын келгендигин өздөрүнүн ич арасында айта келген. Яфеттин уулу түрктүн турган жери Ысык Көл болгон.

Түн жак Кыргызияда токсу жана ази уруктарынан саналган түргөч түрктөрү калган. (Азия — балким, Орхон жазуундагы «аз» чыгар). Түн жак Кыргызиянын бийлиги VIII кылымдын аягына жакын карлуктарга өткөн. Ошондо булардын көбү Алтайдан келген. Булардын бир бутагы VII кылымдын башында Аму дарыянын жээгине келди эле, 766-жылында карлуктар Суябды алып, борборун ошого көчүрүп келген. Падышасынын титулун Жабко деген. Күн батыш түрк мамлекети жыгылгандан кийин түн жак Кыргызия, башка айтканда Жети Суу менен арабдар тарабынан багындырылбастан, түрктөрдүн өз колдорунда калган. 751-жылында араб аскеринин баштыгы Сиябдин Салих тарабынан жеңилген соң кытайдын катышуусу болгон эмес. Арабдар болсо, VIII кылымдын аягында Ферганадан карлуктарды сүрүп чыкканына кубанып жата берген.

Бизге маалим болгондой арабдар түн жак күн чыгышта Таластын нары (күн чыгыш) жагына өтпөгөн. Арабдардын түрктөр арасына жайылышынын таасиринен дагы мусулман маданиятын соодагерлер аркалуу жайгандыгы артыкча болгон. Мавренахир калкы мусулмандар келбестен мурун эле Орто Азиянын ар кайсы жерине соода колониясын тургузду эле. Орто Азия түгүл, күн чыгыш Түркестан (Сияцизиян) күн чыгыш  четинде туруучу Тогуз Угуз арасында согдилердин  колониялары болгон. Түн жак Кыргызияда согдилердин роль ойногондугу X кылымдагы Иран жаографиячысынын «Беклик», жаки Беклилик деген Каштектин ашуусунун түн жагындагы кыштак, согди тили менен «Семекна» аталган. Жеке соодагер эмес булардан башка Мавренахирде болгон ар кайсы диндерден миссионер дагы көп болгон. Алардын арасында нисториян, христян насаралары дагы болгон. Мусулман тарыхчыларынын  кабарына караганда, Ор Азиянын түрлүү шаарларынын арасында назара чөкөөлөрү көп болгон. Ысык Көлдүн  жээгинде  көч 4-журүүчү көчмөн калк жикилейдин ичинде назарлар болгон. Мусулман  авторлору күн батыш Азияда түн жак Кыргызияны басып, Кытайга  кеткен соодагерлер жолун аныктап жазып, эки ортодо канчалшаарлар болгондугун жазышат. Бирок буларды окуганда кээ бир жерлери шектүү. Фрунзенин (Пишпек жанында азыркы Аламүдүн турган жерде жол балким, түрк тили менен чөл шаары болуп, ушул жерде (Талас, Олуя Атадан) келген жол  менен Аксикен (Наменгенден), Каракол ашып келген жол кошул ган4. Тарых жазуучу Солтоной уулунун пикиринде Чөл шаары Аламүдүн ордунда эмес, Сокулуктун агындагы Чалдыбар, Ак-Дөбө төрткүлү  болмогу мүмкүн. Чүй боюнда соодасы) көп саналган шаар Нев кет болгон. Бул шаардан жол экиге айрылып, бир Желаргы капчыгай менен жүрүп Ысык Көлгө барган Экинчиси түн жагына карап Суябга кеткен. Чөл шаары Невакеттин арасы 90 километр (15 фарсах) болгон да, ушул айтылган жер карлукка тийиштүү болгон. Ысык Көл өзөнү карлуктан бөлүнгөн эл жикилейге тийиштүү болгон. Невакет менен Желаргы капчыгайынын арасында соодалуу Керменкет жаки Күнберкент деген кыштак болгон, дагы карлуктардын лабан уругуна тийиштүү болгон.

Улугу Кутегин Лабана аталган. Бул капчыгайды заманда Жыл деп атаган. Гардизи бул сөздү «тар» деген сөз дейт. Бул тарыхты жазуучу Белек Солтоноевдин пикири Жел (ветерок) деген сөздөн болмогу мүмкүн. Бул капчыгайдан күн жүрүштө 72 километр (12 фарсах) жерде Яр деген калаа болгон. Анын 3 мин аскери болгон. Бул жер жикилей уругунун борбору болуп, титулу Тексина аталган. Бул шаар Ысык-Көлдүн күн жүрүш четинде болгон. Себеби, көл жолдун сол жагында болучу. Белек Солтоноевдин пикири; бул шаар Марбулактагы төрт көл. Бул шаардан ары 30 километр (5 фарсах) жерде Тоң шаары болгон. Бул шаар азыркы Тоңдун суусундагы Чалдыбар болмогу керек. Тоңдон үч күндүк жерде Барскан шаары болгон. Бул шаардын эки арасында жикилейдин боз үйү көп болучу. Барскан демек, Барскоон суусунун атагы болсо керек: жаографиячы Кудаменин сөзүндө Барскан шаары төрт чоң, беш кичине 9 кыштактан курулган бир чоң шаары болгон. Улугунун титулу Манаха болгон.

Башка бир кабарга караганда титулу Тибан Барскана аталган. Бул шаардын 6 миң аскерге күчү келген. X кылымдагы Персиянын жаографигинин сөзү: Барскандагы Манахтын насили карлуктан болгон. Бирок эли кийин Тогуз угузга өткөн. Күн чыгыш, Күн батыш Түркестандын арасында болгон соода тууралу борбор шаары болгондуктан, бул шаар өтө барктуу болгон. Түрктөрдүн чежирелеринде түрктүн бир баласынын аты Барскан болгон, Барсканга Ферганадан, Өзгөн шаарынан жазы ашып, Арпа, Каракоюн, Атбашы, Нарын басып, түз жол келген. Каракоюндун куйганы Атбашынын дөбөсүндө Атбашы шаары болгон. Азыркы Кошой Коргондун чалдыбарынын орду. Азыркы турган Коргон бул айтылгандан көп кийин салынган. Атбашы шаары Ферганадан, Барскандан Күн Чыгыш Түркестандагы Тибет мамлекетинин четинен келген жолдордун түйүнү болуп, бул шаардан аР кимиси алты күндүк жерлери (кербен жүрүшү болсо керек) болгон. Атбашы менен Барскандын арасында бир кыштак болбогон. Жети-Суунун күн жүрүшү Тогуз угуздун алдыңкы  тармактарынан саналган Ягма элине тиешелүү болгон. Кашкар шаары дагы булардыкы болгон. Карлук менен Кашкардын чек арасы Нарын болгон.

Суябдан Барсканга дагы бир жол айланып келген Суяб шаары Чүй суусунун түн жагында Невакеттен 18 километр (3 фарсах) жерде, тоонун этегинде, Түргөн жеринде болгон. Азыркы Кара Булак, Согонду Шор Дөбөнүн  бири. Улугу түрк кандарынын бир тууганынан болуп, титулу «Ари титулунча Ялан-Шах» (Бааурлар ханы) деп аталган. Мунун 20 миң аскери бар эле. Суяб жолунун  боюнда  Невакеттен алты километр жерде Пенжикет деген шаары болуп, анын 8 миң аскери болгон. Суябдын жанында дагы үч кыштак болуп, ар кимисинин ар башка улуту болгон. Каштек ашуусунун тоосун кудайдын турган жайы деп, түрктөр аны азиз туткан. Ашуунун түн жагында Бекилик же болбосо Беклигин деген калаа болуп, улугунун титулу Янал-Темина аталган. Мунун 3 миң аскери бар эле жана 7 миң аскери болгон.

Суябдан Барсканга кербен 15 күн жол жүргө Түрк почтосу үч күндө барган. Балким жол Каттащып, Алма Атага барып, Иле Ала-Тоосунун түбү жак этегин бойлоп жүрүп, Кызыл Кыя, Сан-Таш, Караколго барса керек.  Арабдардын көрсөтүүсүн Суябдан чыгып, Ысык Көлдүн түн  жагын бойло Караколго барган жолдун күнү артыкча кем, Ысык-Көлдүн түн жаккы жээгинде, карлуктун четинде ж килейге караган Сикул деген шаар болгон. Балким Ысык Көл чыгар, Биз кийин Темирдин заманында көрөбүз

Бүткүл турк элинде мусулман маданиятынын таа сири көбүнчө карлуктарда болгон. Кабарларга караганда карлуктун ханы Жабгу Магди халифанын 785 заманында ислам динине кирген деген сөздө шек бар. Бирок кандай да болсо, X кылымда Таластан күн чыгыш жаккы шаарларда мечиттери болгон. Маданият таасири карлуктардын  тиричилигине дагы жуккан. Карлуктардын  ичинде көчмөн аңчылардак башка дыйканчысы дагы болгон. Карлуктар башка түрк элинин, көбүнчө Тогуз Угуздун аламанына көбүрөөк кириптер болуп  турган.  X  кылымда тогуз угуздар башка түрктөргө караганда, күчтүүкубаттуу саналып кан баштык, көбүнчө элинин дини маныхай болгон. Арасында христиан, будду, мусулмандары баардыгы болгон. Биз жогоруда дагы көрдүк эле, мурун карлуктар турган Барскан деген шаар X кылымда Тог\тз Угузга өткөндүгүн жана да Пенчул (жазууда жаки окууда шек болуу мүмкүн) же азыркы Ак Суу щаары жөнүндө. Бул шаар карлуктуң кол алдында 5олуп, анын улугу Тогуз Угузга табын болгон. Кийин бул шаарды кыргыз ээлеген. Ал заманда кыргыз Энисей дайрасынын башында турган. Кытай тарыхына караганда VIII кылымда Куча шаарынан араб соодагерлери кербен менен ар бир үч жылда кыргызга жибек алып барып турган.

Арабдар, карлуктар, тибеттиктер менен кыргызцар соода аркасында жакындашкан. Мүмкүн булар огуз Угуздарга каршы кыргыз, карлуктардын союзниги болуп, өзүнүн азыркы турган жери Жети Сууга келген чыгар. Не да болсо, кыргыздын көпчүлүгү Жети-Сууга эң кийин ооп келген. Эгерде Караханиддин шманында кыргыздар Жети Сууда болсо, анда ушул ХХ1 кылымдарда мусулман динине кирет эле. Неге десеңиз — кыргыздын XIV кылымда динсиз экенин көрөбүз..

Эң соңунда карлук өкмөтүнүн борборунан саналган Чүй өзөнү душмандын колуна өткөн. Тогуз жүз шркынчы жыл чамасында XI жана XII кылымдарда оң роль ойногон бир түрдүү динсиз түрктөр Баласагун шаарын караткан. X кылымдагы жаографиячытардан жалгыз Магдиси бул түрктөр жөнүндө кабар берет. Баласагундун калкы көп болуп, бай шаар болгон. Бир жерде Баласагунду Чүй өзөнүндө болгон дей айтса да, анык кайсы жерде болгондугунан кабар бербейт. Бул Чүй өзөнүн караткат эл Караханиддер династиясы чыккан элге окшош. Карахиниддер X кылым Орто-Азиянын күн батыш жагынын жартысын өз кол алдына караткан. Бул династиянын тарыхына эмитөбүз.


Кыргыз