Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргызияда караханиддер

Кыргызияда караханиддер

Караханиддер түрктүн кайсы уругунан экенин тарыхчылар ача албайт. Ошондо да далилдерге караганда, Ялна уругунан болуп,  падышасынын титулу Бугда хан болгон. Караханиддердин Чүй өзөнүнө каптап кириши күн жүрүш жагынан болгон. Чүй өзөнүндө турганда караханиддер тезинен ислам динине кирген. Бул тууралу бизде икая кабар бар. Ибн Ал Алсыриддин сөзүнө караганда шабук, жаки шатук карахан ислам динине кирген. Түшүндө бир киши асмандан түшүп келип, түрк тили. менен өзүңдү бул дүйнөдө жана акыретте сактоо үчүн ислам динине кирген деген. Эски таптиш жана икайга  караганда Жамал Каршынын китебинде бул династияда болгон хандан исламды биринчи кабыл кылганы Сатук Бугра хан Абдулкерим Хибрат  (344-ижрат,  955—56-жылдарда) болгон. Бул эки  тарыхты көрсөткөн  бир киши болгон. Бул эки автордун айтууна караганда да, бул хандын бабасы Илек болгон дешет. (Мавренахрди бүт караткан түрк ханынын титулу Насир  Абд Каримдин небереси Харундун заманындагы бир автордун сөзүндө титулу Бугра хан болгон).
Оору болгондуктан Мавренахрдан кайтып бара жатканда айтылган Харун 992-жылында өлгөн. Мунун борбор шаары Баласагун болгон. Мавренахрды 999-жылында бүткүл Илек Насир караткан. Караханиддер андан нары дагы эл каратканы бара жатканда бүткүл Афганистанга, Персиянын күн чыгыш жагына, Индустандын жартысына 997-1030-жылдарга жета падыша болуп турган султан Махмуд токтоткон. Бул туралуу Утбинин тарыхында мындай кабар берген; 4январда, 1008-жылында жалпак беттүү, кичине көздүү, кичине баскак мурундуу, чокчо сакалдуу, кара кийимдүү, темир кылычтуу түрктөр Балык шаарынын жанында катуу жеңилип, мындан соң Аму дарыядан өтүп, согуш кылбаган.
XI кылымдын башында Караханиддердин падышалыгы бошоп, мамлекети бөлүшкө түшүп, ар кайсы өлкөгө ар башка хан болуп кеткен. Зор падышассына моюн сунса сунуп, сунбаса өз бетинен болгонсуш кеткен. Ушундай заманда булардын арасынан чатак чыга баштаган. Көбүнчө Сатук Бугра хандын неберелери» Али менен Насирдин балдарынан болгон. Тарыхка Шраганда Жети Суу кимдин колунда болгондугу жаш кайсы заманда экендиги ачык маалим эмес, болсо да тарыхтын берген кабары бир-бирине кайчы. Утбишин сөзүнө караганда Кашкарда хан болуп турган Тууган хан менен бир тууганы Илек душмандашкан, Сулгам Махмуд менен Тууган хандын катышы бар деп ойлогон. Илек 1012— 1013-жылдарда өлгөн соң анын тажтысына Тууган хан олтурган. Тууган хан Маврена ханды сурап турган дегенге ишенүү мүмкүн эмес, бирооке Жети Сууну анык бийлеп турган жана Синьцзян (Күн чыгыш Туркестан) анын өкмөтүндө болсо керек. Соңунда, андан Буга хан Харондун баласы Кадырхая Юсуб акырындап өкмөтүн колуна алган, Утбинин актуунда ал азыр Кадырханды Котондун ханы деген. Андагы акчанын жазуусуна караганда 10131014 (икрат — 404) Яркенди, 1014—1015-жылдарда (ижарат — 405) Кашкарды сурап турган.
1017—1018-жылында (ижрат 408) алыс күн чыгыштан көчмөн эл каптаган. Мунун ичинде кытайлар дагы болгон. Бул эл ал заманда Кытайдын түн жагын, Орто Азиянын күн чыгышын бийлеп туруп, өзүнө «Ортолук мамлекет» деп атак берген. Динсиздер Баласагун шаарына 8 күндүк жерге келгенде кабар тийип, аларга каршы Тууган хан аскар менен чыкканда алар качкан. Артынан хан үч ай жүрүп, соңунда кууп жетип, быт-чыт кылып жеңген дейт, Утбинин сөзүнө караганда ушул согуштан соң Тууган хан өлүк, ордуна бир тууганы Арслан хан падыша болгон. Байнакенин сөзүндө Тууган хан Жети Сууну 1025-жислга чейин бийлеп турган. Арслан хан Мухамид бинли, мунун атына Бухарда акча согулса, акчаларынын жазууна караганда Сыр дайранын түн жак күн чыгышын бийлеп турган. 1025-жылы бир жактан Султаш Махмуд согушкан үчүн Мавреннахирге аттакышып барышкан. Ал чактан Мавреннахирде бийлик кылып турган Насир Тууган хан жана Арслан  хандын бир тууганы Али Тегини болгон. Самаркантка жакын жер- де Караханиддин баштыгы менен Султан экөө жолугушкан, Бул тууралуу Гардизи толук жазган44, Экөөнүн беттешкени, жолугушканы эки жагы бирдей улуктардын каадасындай толук ордуна келтирилген. Мусулман ханы Махмудга караганда, түрктүн ханы мусулманчылыктуу болуп, сунган шарапты ичпеген. Эки ортодо келишим жасалып, Кадырхандын экинчи баласы Иган Теминага Махмуд кызын бермекчи болгон Махмуддун Мухамет деген уулуна Кадырхан кызын бермекчи болгон. Ал Теминаден Мавреннахирди алыя беришке Махмуд милдеттүү болгон. Индустан менен урушамын деп, Махмуд жүрүп кетип, кудалашуу бол-бой калган. Мавреннахирди Темина бийлеп тура бер-ген. Бирок анын бир тууганы Тууган ханды Кадырхандын аскери Баласагундан сүрүп чыккан.

Кадырхан Юсуф өлөр жылы, 1031—1032-жылдар-да анын өкмөтү күн батыш Синцизиандан башка Жети-Суунун, Сыр Дарыядан Олуя Ата, Чимкент райондорунда жүрүп тургандагы борбору Кашкар болгон Синцзян менен Жети Суу Арслан хан титулун алган Улуу баласы Бугратимин Сулаймандын кол алдында калган, азыркы Олуя Ата жана Сафижав Сайрамдя Бугра хан титулунда жүргөн экинчи баласы Иган хан Тимен Мухаиддин колуна өткөн. Эки бир тууган Газнавид султаны Мах луддун баласы Масуд менен катышып турган Мавраннахирди Али. Теминадан тартып алып, Бугра ханга беришке план дагы курган. Бирок планы иш жүзүнө чыкпады. Бакилик шаарын согди тили менен Симекна деп жогоруда айттык эле балким ушул шаар болор. Арслан хан менен анын бир тууганынын катышы солгундап, акыры душмандыкка айланган. Ибн ал Асирдин тарыхынын бир жеринде айтат: Арслан хан 1043—1044-жылдарында (ижрат- 435) мамлекетин бир туугандарына бөлүп берип, өзүнө Кашкар менен Баласагунду калтырып калган. Алардын элдеринин үстүнөн өзү карап турган, Бугра хан 1056-жылында Арслан ханды колго  түшүрүп, анын мамлекетин каратып алып, 15 айдан соң аны өзүнүн аялы уу берип өлтүргөн. Ибк ал Асир Бугра хан 1047— 1948-жылдарда (ижрат — 439) өлгөн дейт. Катыны уу берген себеби Бугра хан өзүнөн соң тактыга өзүнүн улуу балаасы Шагры тимен Кусаинди олтургузмакчы. Катынын өзүнүн Ибраим деген жаш баласын коймокчу.
Ибраим такка минип турган чагында уруш болуп, Барскан ханы Ямал Тиман тарабынан өлтүрүлгөн. Мындан кийин Баласагун менен Кашкарды 16-жыл (1059—1074) Тогрул, Кара хан, Юсуф деген Кадырхандын дагы бир баласы Бугра хан Харон деген бир тууганы экөө бийлеп турган .Булар Маңреннахирдин ханы Насирдин небереси Шамсил Мулк Насил менен согушкан. Согуш жарашуу менен бүтүп, Мавреннахир менен Түркестанды бийлеген. Карахандердин чепи Кожент болгон (Сырдарыянын суусу болмогу керек). Андан кийин Тогулхандан соң анын баласы Тогдул тимен эки ай сураган. Мындан кийин Бугра хан Харон 29-жыл сурап турган. Бул бир тууганы менен Кашкарды бийлеп турганда анын урматына Кудатку Билик деп дидактический (поэма) ыр жазган. Түрк тилинде адабият, муну жазган автор Баласагунда туулган.
1089-жылында Селжук султаны Мулукша Самарканды алып, Өзгөнтке келген. Кашкардын ханы Мулукшанын кол алдына кирген. Мулукша кайта кеткен соң жикилейден жалданып барган түрктөр көтөрүлүп, Кашкардагы кандын бир тууганы, Атбашынын улугу Якуб тименени чакырган. Якуб Самарканды алганды угуп, Мулукшагажакын келип калганда, кайта Атбашыга качып келген. Мында келгенде бир тууганынын аскери талоон кылып, кашкарлыктар тарабынан Атбашы таланып, Якубду колго түшүргөн. Мулукша Өзгөнтке келип, Якубду бергин деп хандан сураган. Хан сөзүн кечиктирип чойгон. Мунусу Мулукшага туура келбеген. Соңунда хан Мулукшага баласы менен бирге Якубду жиберген. Якубдун бир көзүн оюп таштап, бир коргонго коюп, өзүң баргын дейт. Эгерде Мулукша буга ыраазы болбосо, баласы Якубду Өзгөнтке алып бармакчы. Бул чакта Яналидин Тогурул деген баласы 500 чакырым (80 фарсах) жерден келип, Кашкарды камап калган. Балким Тогурул жогоруда айтылган Яландын баласы болуп, Барскандын ханы чыгар. Бул кабар хандын баласына, жолдошторуна жеткенде Якуб Мулукша менен баласын коё бериңиз деп сүйлөшкөндө коё берип, Якубду Тогурул менен согуш деп өзү Өзгөнттөн жүрүп кеткен, Бул согуштун соңу кандай болгонун биз билбейбиз. Кебетеси, туткундан Харон бошосо керек. XII кылымдын башына жете Кашкарды сурап турганын көрөбүз. 1102-жылында Бугра хан Харон өлгөн соң Талас менен Баласагундун хандары Ормондун баласы Кадырхан, Мухамид Бугра хандын небереси Карахан Мавреннахирге чабуул кыла барышкан. Кадырхандын аскери мусулмандан жана динсизден дагы болгон. Элди Аму дарыяга жете алып барганда, бул дайранын жакасында Султан Санжар менен согушуп, жеңилип, колго түшүп Кадырхан өлтүрүлгөн. Мындан соң Жети Суунун кабары Кара Кытайдын жапырыгына чейин билинбейт.
Караханиддин заманындагы ич арасындагы тарыхын биз толук биле албайбыз. Бул жерде түрк тукумунан биринчиде мусулманчылыкты кабыл алган мамлекет болгондуктан, караханиддер ислам дининин жайылып кетүүгө албетте, зор жардамчы болсо керек. Ошондуктан булардын доор кылып турган заманы Орто Азия тарыхында өтө керектүү. Ибн ал Асир 349хижрат — бизче 960-жылында 200 миң боз үйлүү эл ислам динине кирген дейт. Бул эл Жети Сууда, жаки болбосо Синцизианда болуу керек. Көбүнчө Жети Сууда болушу мүмкүн. Синцизианда мынчалык көп үйлүү эл эч убакта болгон эмес. 1043-жылында азыркы кыргыз-казак көчүп жүргөн көп түтүн түрк ислам динине кирген. Ибн ал Асирдин сөзүндө бул айтылган эл 10 миң түтүн болуп, жайында Болгар жерине чектеш жүрүп кышында Баласагундун тегерегинде көчүп жүргөн (Радлов. К вопросу об уйгурах; стр. 125).

Бир жетишпегендиги — ушул тарыхчылар исламдын башка элементтер менен кандайча турганынан кабар бербейт. Синцизианда качан да болсо Кытай маданиятынын таасиринде болгон. Караханиддердин Мавреннахирде туруучу кээ бир улуктарында, Табган сандарында жаки болбосо Табгач хандары деген титулу болгон. Бул титул VIII кылымдагы Орхон жазуусунда да Кытай падышаларында болгон. 1067-жылыкда болгон Караханиддердин акчасынан деген жазуусун көрөбүз. Бул айтылган далил балким Кытайдын маданиятын жана  падыша ордосун аваз көрүп, көтөрүлүп айткан чыгар. Неге десеңиз; топ Кытайдын өзүнө эмес, күн чыгыш Синцизиандын күн чыгышындагы Кытай менен чектеш жерлериндеги Ками (Кумул), Үрүмчү, Турпан шаарлары дагы Караханиддердин мамлекетине өтпөсө керек. Себеп, бул жерлерде мусулманчылык доору XV кылымга жете жүргөн эмес. Жана Караханиддердин акчасындагы жазууларга караганда да тигилерге далилдик берет. Алардын мамлекети жалпы мамлекеттик араб тамгасынан башка уйгур тамгасын дагы колдогон. Мунун насили сирия тамгасы болуп, мында несторияндар аркалуу келген деп тарыхчылар ойлонушат. Кутадгу Биликтин ырындагы кээ бир маданий терминдер монголдун терминине дагы окшойт. Бул термин монголдо болсун, Караханиде болсун уйгурлардан алынган. Түрк уругунун бул бутагы күн чыгыш Түркестандын Кытайга чектеш жеринде биздин эранын V кылымында эле маданияты жогорулап кеткен. Кийин биз көрөбүз: будду жана христиан дининде турган уйгурлар монгол заманында мусулмандын эң кооптуу талашуучуларынан болгон.
Орто Азияга ошондой жол талашуучулук эң эски замандан болгон чыгар. Бирок ал тууралуу бизде далилдүү кабар жок. Караханиддер Кашкардан чыгып, Бухарга жете алды деп жогоруда айттык эле. Ал заманда Жети Сууда динсиз түрк уругу болуп, мусулмандан сыналган эмес. Булардын күн батыш чеги Талас болгон Андан күн батышка карата Саманид мамлекети болуп, ислам дининде болгон. Талас шаарын 897-жылы алып, андагы христиан чиркөөсүн мечит кылган. Караханиддер биринчиден Өзгөнттү борбор кылып, анан Самаркантка көчүргөн. Өзгөн мунарасын Караханиддер салган.


Кыргыз