Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргызияда калмак жапырыгы

Жогоруда монгол заманында айтылган Чынгыз залимдин Жагатай деген уулунун насилинен Тукулук Темирдин Жунус хан деген баласы хан болуп турган деп көрсөттүк эле. Ошол Жунус хандын Вейис хан деген баласы (кабыры Коргоштун күн чыгышында, Кытай жеринде) Моголистанда хан болуп турганда, күн чыгыш жагына монгол элдеринин чабуулуна кириптер боло баштаган. XIV кылымдын аягында монголдордун аралынан чорос, кошот, тургут жана хуюн деген уруулары союз болуп, күчөй баштаган. 1399-жылында ойроттун баштыгы Өзгөчө Хашим (кээ бир тарыхте Өзгөчө Хашимди кыргыз дейт) монголдун Элбек деген ханын өлтүргөн. Ошондон тарта ойроттун үстөмдүгү башталат, деп тарыхчылар эсептешет. 1408-жылында мурунтан монголдун чандары ушул шаарда такка минип келе жаткан адети боюнча БешБалык шаарында такка минген Мухамбет хан ойрот (мусулмандар калмак дейт) менен с пгушууга даярдана келген. Кытайдын тарыхына караганда жогоруда айтылган Вейис хан ойроттордон сыгылып, ордосун Синцизиандан Иле боюна көчүрүп келген.

Ал Кытайдын кабарында XV кылымда кийимине караганда Иле боюндагы элдин жартысы мусулман, жартысы ойрот болуп, боз үй тигип, баары да көчмөн болуп, тамагы кымыз менен эт болгон76. Иленин боюнда ойроттун ханы Тогондун аскер баштыгы менен Вейис хан 61 мертем согушуп, башкасында жеңилип, биринде жеңип, эки мертебе колго түшүп, ошол себептен бир тууган карындашын Эсентайчыга берип туткундуктан бошонгон.
1430-жылында калмактар Ысык Көлгө келип, 1447—55-жылга чейин Сырдарияга чейин барып, өзбекти жеңип, 1459-жылы калмактын элчиси Гераттын падышасы Абусейитке барган.
1472-жылында Иледе турган Моголстандын ханы Жунус менен калмактар согушуп, жеңип кайткан. Мындан соң 1582-жылга жете калмактын дайыны Жети Сууда билинбей калат.
Ушул заманга жете кабары билинбеген, 1582-жылында түркчө жазылган, атыжөнү айтылбаган, азырында Лейден университетинин китепканасында (кырааткасымда) сакталган кол жазууга караганда Орто Азияда калмактардын жеңиштүү чабуулдары болуп, анын ханы төөмөт уругунан Алтан хан болгон. Бул калмактар 1552-жылында ойротторду караткан.
Дөөлөстүн калмак уругунун Көкмончок деген кызын алганы ошол 1582-жылындагы калмактын Жети Суудагы жапырыгына туура келет.
Кыргыз, казак жөнүндө ал түркчө жазылган кол жазма мындай деген: кыргыздар монголдун туушканы болуп, ханы жок, бектери гана болуп, ал бектерин «кашка» деген. Кыргыздар капыр дагы, мусулман дагы эмес, ашуусу бар тоолордун эң бек жерлерине турушат. Аны менен жоо согуша турган болсо, катын-балдарын тоонун эң бек чыңына жиберип, жоонун келер жолун тосуп туруп, күндү жайлап жаадырат. Жоонун колу-буту томукканда каптап кирип, кырып таштайт. Өлгөн өлүгүн көмбөстөн табытка салып туруп бийик жыгачка сөөгү шалдыраганча асып коёт. Казактар мусулман болуп, эки жүз миң түтүнү бар. Булардын соодасы дайым Бухар менен болот. Жүндөн кийим иштеткенге ал өтө устат болуп, ал жүндөн иштелген кийимди кийгенде кийимге жаан өтпөйт.

Кыргызияда калмак жапырыгы, bizdin.kg


Кыргыз