Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыздын уруучулукка бөлүнүшү

Карыялардын айтымы боюнча кыргыз оң, сол деген эки атадан таралат. Оңдуң уч баласы бар имиш. Анын бирөөнүн аты Адигине, экинчисинин аты Тагай, үчүнчүсү Наалы деген кыз болот көрүнөт. Наалы эжени Моңолдор деген кишиге берген экен. Моңолдор уруусу ошол Наалы эжеден тараган дешет. Адигиненин тукуму чоң уруу эл болуп Фергана тарапты ээлейт. Тагайдан Богорстон, Койлон, Сарыбагыш деген үч уул болот.
Богорстондон бүтүн солто, бөлөкбай, талкан болуп, булар Таластан Токмокко чейинки аймакты жердешет. Койлондон тараган Жедигер деген эл. Булардан бир канчасы Фергана жакта, бир тобу солто арасында.
Сарыбагыштын мойну ийри кылжыр имиш. Ошондуктан Сарыбагыш деген аты калып, кийин кылжыр атанып кетет. Кылжырдын Дөөлөс, Орозбек деген эки уулу болот. Дөөлөстөн Токо, Жантай, Элчибек, Манап деген төрт уул. Алардын тукуму Боом, ОртоТокой, Кеминди жердешет. Манаптан Жарбаң, Сүтөй деген эки уул. Сүтөйдөн Эшим, Сарысейит, Тугур. Сарысейиттен Түлкү, Үчкө. Түлкүдөн бүтүн Тынай эли, алар Токмокко караган жерлерде. Үчкөдөн Маматкул, Дөөлөт, Кадыя, Эрдене деген төрт уул. Маматкулдан Темир, Болот деген эки уул. Темирден Черикчи, Назар, Болоттон Эсенгул. Эсенгулдун бир айалынан Бешкүрөң. Дөөлөттөн Надырбек, булар Кочкорду жердейт. Темир жана Болоттон тарагандар АтБашы, Нарын, Кочкорду жердеген сарыбагыш.
Кылжырдын Орозбак деген уулунан Арык, Асан, Карамырза, Мырзакул деген төрт уул болот. Арыктан тарагандарды илгери «түргөн эли» деп коюшчу. Түргөндү жердегендигине байланыштуу. Асандан тарагандар түргөн элиндеги арык тукуму ичиндеги Асан тукуму деген эл. Карамырзадан «күрмөнтү элинде» аз түтүн эл бар. Мырзакулдан Алсеит, Тынымсеит. Тынымсеиттен калган Нарындагы бир болуш Тынымсеит эли. Алымсеиттен Жаманкул, Бапа. Бапалар Барскоонду жердейт. Жаманкулдан Бооке, Итбок, Кыдык, Белек. Бооке, Итбоктун тукуму «күрмөнтү эли». Кыдыктын тукуму Тоңдогу бир болуш эл. Белектин бир катыны Салмаке. Андан тарагандар Түптү жердеген бир болуш эл. Белектин экинчи катыны Жаркын. Андан Токой, Такабай, Саты, Алдаяр, Алдаш. Булардын баары Күрмөнтүнү жердейт. Жаркындын Алдаш деген уулунун Кагаз, Шекер деген эки катыны болот. Шекерден Тазабек, Меңмурат, Шапак. Кагаздан Кудайменде, Түкөк, Бирназар. Бирназардан Алыбай, Нанжебес, Эсенаман, Муратаалы, Данияр, Баялы. Баялыдан тукум жок. Калгандарынын тукуму ЖетиӨгүздү жердешет. Мына ушулардын бардыгы Алсеиттин күнүнүн балдары. Жылкыайдардын тукуму Тилекмат, Чыныбай. Барскоондо желден бугулар. Тагай бийдин заманында азыптозуп, селсаяк жүргөн эки жигит келип Тагай бийге бала болот. Анын бирөөнүн атын Карачоро, экинчисинин атын Сарычоро коюшат. Ал экөөнөн тараган тукумдар саяктар деп аталып калган. Наманган, КетменТөбө жактардагы саяктарды түнкатар, түнтөй деген эки чоң уруу түзөт. Жумгал тарапта
курманкожо, кулжыгач аттуулар. АтБашы суусунун аяк жагынан Анжыянга чейин чоро саягы. ЫсыкКөлдүн Күңгөй тарабында башы АчыкТаш, аягы ТоруАйгырга чейинки жерлерди байменке, караш, ал эмни ЫсыкКөлдүн тескей жагындагы Улаколду алагөз, каба деген саяктар жердейт. АтБашы, Арпада чериктер. Карыялардын айтымына караганда булар Тагай бий заманында жоодоп колго түшүп, ошондон калган чериктердин тукумунан деп айтылат. Сарыбагыш ичинде асык, өсүк деген бир болушка толбогон эл бар. Буларды да жоокерчилик убакта колго түшкөн, олжого алынган кулдун тукуму деп шылтоолоп өздөрүнө кошуп алган дешет. Тагай бийдин заманында бир жортуул болуп, Наалы эженин күлүк коңур кула деген аты жоого түшүп кетет имиш. Кийин уруштан түшкөн олжону бөлгөндө, коңур кула атыңыздын төлөөсү деп Наалы эжеге жоодон колго түшкөн бешиктеги бир эркек баланы берген дешет. Ошол баладан тараган тукум Коңурат деген эл экен. Коңураттар азыр ЖетиӨгүз районунда айыл, айыл болуп турушат. Бугу ичинде, ЖетиӨгүз районунун аймагында ЧоңКызылСуу, КичиКызылСуудан КараБулуңга чейинки айылдарды дөөлөстөр ээлейт. Жууку, КичиКызылСууда саруулар.
Бугулар тууралуу. Сарыбагыштын (Кылжырдын) Орозбагынын Арык, Асан, Карамырза, Мырзакул деген төрт уулунан тарагандар, майда белек, тынымсейит жана алардын ичинде жүргөн майда курама уруктар (коңурат, эстек, торок, кызыл сакал, отуз уул ж. б.) бугу аталат. Легендага Караганда бугу «мүйүздүү эне» кайып кызы касиеттүү аял имиш. Карыялар «мүйүздүү энени» мындайча айтышат. Орозбактын Асан, Карамырза деген эки уулу аң уулап Нарындагы АлаМышыктын тоосуна барат имиш. Мергенчилик кылып жүрүп бир жерде улагын эмизип турган маралды көрүп калышат. Атып жиберишсе:
— Жалгызымды аттың, баланды ат, ботоңду ат,— деген үн чыгат. Карашса музоо эмип турган жерде бир аял пайда болот. Ал аялды учкаштырып айылга жөнөшөт. Жолдо келе жатып аял:
— Олжого мурун кимдин колу тийсе, ошол алат дечү эле, маган колун, мурун тийди, мени өзүң ал,— деп Карамырзага акыл айтат. Кайыптан пайда болгон аялды айылга алып келишет. Акылдашып отуруп, Мырзакулга токтолушат. Себеби анын аялы Токтобек деген итти жүз кылам деп жалан ит багып, алек болгон жөнүрөөк киши экен. Кеңешип отуруп табылган кайып аялды Мырзакулга алып беришет. Күндөрдөн кун өтөт. Бир күнү Карамырза аңга чыгып бара жатканда талаадан табылган аял «мүйүздүү эне»: «Акем элик атса, аткан элигинин төшүн эмчеги менен алып келип берсин» деп абасынан айттырат.
Карамырза элдин тили менен «мүйүздүү энени» Мырзакулга берип койгонуна кийин өкүнүп калган экен. Тигил сөздү укканда, ич күйдүсү эске түшүп:
— Кечээ өзүм талаадан таап келген күң, бүгүн мени менен теңтуш болуп, мен аткан эликтин төшүн жегиси келет,— деп ачууланып, «мүйүздүү эненин» талабын орундатпайт. Кийинчерээк Арык аңга аттанып кетип баратканын көрүп:
— Элик атса төшүн эмчеги менен маган алып келип берсин,— деп абысынынан айттырат. Ал куну Арык аткан элигинин төшүн эмчеги менен келинге алып келип берет. Ал төштү тун ичинде казанпака жайып коюп эмчегин эмсе, кадимкидей сүт чыккан имиш. Эмчекти эмип, талгагы кангандан кийин, эшикке чыгып:
— Арык акемдин тукуму менин тукумумдан кем болбосун, Асанмырза, Карамырза тукумун жүзгө жетпесин, башың бир жерге кошулбасын,— деп каргайт. Ошол себептен Карамырза, Асанмырзанын тукуму аз болуп калган дешет. Арык акенин тукумунун кеп болушу алардын дайыма Мырзакулдун балдары менен тең ата болуп жүргөнү касиеттүү эненин батасынын таасиринен дейт.
Ошентип талаадан Асанмырза, Карамырза таап келген аял кайып кызы, башында мүйүзү бар касиеттүү киши болгондуктан Сарыбагыштын (Кылжырдын) Орозбак деген уулунан тарагандардын баары (арык, белек, тынымсейит ж. б.) ырым кылып, «бугу,— мүйүздүү эненин» ураанын чакырып калган экен.
«Мүйүздүү эненин» таягы, үзөңгүсү дешип кийинки жылдарга чейин майлап, катып жүргөндөрүн биз да көрүп калдык.


Кыргыз