Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыздын кудалашуу жана эзелдеи берки аял жөнүндөгү расими

Эң эски замандан кыргыз жоокерчиликте зарылчылыкка ошондой кысымчылык күндөрдө жардамдашкан киши болсо сөөктөшүп, түбөлүктүү жакын бололу дешип, бир-биринин баласы болбосо да ок тиштешип, жаки шилекей алышып, чыпалактын канын сорушуп, жаки чыбык кыркышып, кудалашууга убада кылышкан. Муну «бел куда»атаган. Бала туулганда кудалык үчүн мал берген. Мындай кудалыкта сүттүүдөн сүрөгүмдү, атандан лөгүмдү, туу бээ тукур атымды, ак сарбашыл коюмду аябаймын деген. Эгерде бир жагынын же эки жагында тең, бала болбой калса дос болушуп, акыреттик болушкан. Аны «ант-туу дос», жаки «акыреттик дос»атаган.

Кыз-күйөө 14-15 жашка келгенде күйөө биринчи мертем кайнына барып, айылдан обочо түшүп, жеңе, балдыздары ээрчитип, башка үйгө алып келген. Муну «үй жаны» деп атаган. Кызды аларда коюн союп, өргө көтөрүп, үй тигишкен үчүн мал алган. Аны «өргө көтөрөр» деп дагы атаган. Кыз-күйөө жана чогулган бүткүл келин, кыз, жигиттерди башка дайындалган үйгө орнотуп, жигит-боз бала токмок салып ырдашып, чоң тамашасы болгон үчүн «кыз ойнотор» деп дагы мал алган.

Узатар түнү кыз-күйөөнү жаткырып, эгерде кыз даражасы болбосо, төө баштаган уч тогуз айып алган. Узатаарда жаки кызын албастан, айыбы менен калың малын алган. Кызды узатаарда кызды чүмкөп коюп, катын, кыз-келин, эне жана жакындары ыйлашып узаткан. Аны «кыз уза: туу» деп атаган. Жылкычылык деп жылкычы шыбагасын алган кызды узатпастан, мурунку күнү кыз жакын үйлөрүнө барып коштошкон: Келин кайнатасынын үйүнө барганда отко май салып, үйгө бетин басып жүгүнүп киргер. Анан соң күйөө келип, кайната-сынын эшик-төрүн көрүп кеткен. Аялдын аягы суюк болсо урган, бетин тилген, жайдак атка миңгизген, мурдун кескен, коё берген. Бай-манаптар болсо көбүнчө өлтүргөн, Мындай аялды, жаки ал кесиптеги эркекти тукумуң өспөйт, кем тукум болосуң деген. Тукумун көбөйтмөк үчүн жана саясы жагынан байлар, манаптар тогуз, онго жете катын алган. Аягы суюк аял болсо байлар, манаптар жан жерине чоктун корун салып өлтүргөн, жаки тамеки салып жүргөн, Кээ бир эркектер эгерде алыста жүрүп, түн ичинде айылына жакындаганда бузук эркек жүргөн болсо, кетсин деп дабыш салып келип үйүнө түшкөн. 18-20га чыкканча эркектин жүзүн көрбөдүм деген аялдар көп болгон. Өз аялымдан башка аялдын өмүрүндө этегин ачкан эмесмин деген эркек көп болгон. Эгерде жоокерчиликте жаки кокустан ок жаңылган болсо, ал кишини таза аялдар аттаган, андайды «ок аттоо» деп атаган. Аягы суюк эмес эркек, аялдан отузга жете бала туулганын айтат. Аягы суюк туубас аял болсо, жатыны катып мүйүз болгон үчүн тууту түгөнүп калган деген.

Күйөөсү барып жүргөн кыздын күйөөсү өлсө, кызга кара кийгизип, чачын жайдырып, этин тырматып (көбүнчө бай, манап), «өлүү кыз» кылып берген. Күйөөлөп жүргөндө колуктусу өлүп калса, аны бүткүл нерсесин жыйып, күйөөсүнө берген. Кайындуу же кайынсыз кыз болуп, аны аламын деген жигит болсо, жаки тийемин деп аздаган кыз болсо, эң катуу өлөр шерттин белгиси — жоолукка түйүп бир-бирине ок берген. Муну «ок түйүп берүү» атаган. Бүткүл кыргызда күйөөсү өлүп, аны кошкон кошок да учурайт.


Кыргыз