Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

КЫРГЫЗДЫН ЭЛИНИН ТУРМУШУ

Кыргыздын эң байыркы турган жери Энисей дайрасы, Алтай, Саян, Тянь Шань, Памир, Котон тоолору, ушул айтылган тоолордун аралары жана өзөн-салаалары болгон.

Жан сактоо кесиби: кой, төө, уй, эчки асырап багып, жайдын күнү — айран, сүт, кымыз, кыштын күнү — эт, азоолок дан аралаштырып, этке жетпеген кедейлери бай менен феодалдарда малайлыкта күндөрүн өткөрүшкөн. Көбүнчө көчмөн болуп эй эски заманда хандарында отурук жайлары болгон. Алтын, темир, күмүштү аштегенди билген. Дини шаман болуп, ар түрлүү жан-жаныбар өсүмдүккө табынып, жоокерчиликке өтө баатыр болгон.

Могол, калмак, өзбек замандарында там салбастан, көбүнчө түндүк кыргыздары жалпы көчмөн болгон, малдын жайыты такылып, жаки жоодон кысталса, кышында болсо 3—4-жаштагы балдарын айрымачка кол турмачтап алып, же болбосо аркаларына танып алып, күндүр-түндүр суук жаан-чачынга, бороон-шамалга, аязга, терең карга карабастан үйгө жагдайлуу жумуштарын катындардын милдетине коюп, көчүп жүрө берген.

Там салышты «тирүүлөй көргө кирет» деп жактырбастан, калаа турмушун «учпас тоок, көчпөс там» деп сүйбөстөн ылайык көрбөгөн. Эгин айдоону көп билбестен (асыресе, түндүк кыргызы), айдаса көбүнчө таруу айдаган. Буудай, арпаны кемчил айдашып, буурчакты чанда айдаган. Таруунун башка эгинге караганда эмгеги аз жана уругу арзан болгондуктан, маселен, чейрек теше жерге үрөнгө 10 кадак таруу кетсе, андан орточо түшүм менен мин килограмм таруу алат. Чейрек теше жерге үч-төрт пуд буудай үрөн болсо, орточо эсеп менен отуз-кырк пуд буудай алган. Чейрек тешеге үч-төрт пуд буудай үрөн болсо, тарууга он кадак гана керек. Экинчи себеби, таруудан бозо салып ичсе кубаттуу тамак болуп жана нанды эңсетпеген. Жана да бозодон арак тартып ичкен. Тарууну актап кеже кылып ичип, нан катарында жеп жана талканы № тамак болгон. Темир жок болгондуктан малдын жаагын, мүйүзүн орок, жылкынын туягын кетмен кылган. Чөп чапканды билбестен кыштын күнү чөптөн такылып жут болсо, малына бетеге жулуп берип, чөбү болбосо караган шак жыгачынын бүрүн, жалбырагын жедирген. Уйга суу ичиндеги балырды алып берип жедирген. Араба күтпөгөн. Кыштын күнү жарма, көжө, бозо ичип, шорпого күлчатай кылып салып жеген. Талкандан магзым салганды билбеген. Магзымды 1856-жылында өлгөн Боронбайдын Меке деген катыны чыгарган (Боронбай Бугу кыргызынын феодалы). Магзымды Боронбай байдын катыны ойлоп чыгардыбы, жаки башкадан үйрөндүбү, анысы маалимсиз. Кесмени билбеген, этти кесмелеп жебестен жалаң жегенде. чай ичпестен сорпого суу аралаштырып «кара дөң» кылып ичип жана шорпого курут, сүзмө катыктап ич кен. Эгерде суук тийген болсо, байлар-феодалдары сууга курут эзип кайнатып, сары май салып, сапырып ичип тердеген. Кыштын күнү сорпого, жандын күнү сүткө сүт боорсок кылып, калыңдыгы бир эли болуп камырдан күлчө кылып жеген. Муну «кекиртек» деп дагы атаган. Камырдан боорсок кылып, калыңдыгы бир элидей кылып аны сүткө бышырып жеп, «үзмө» деген. Таруудан же коноктон майга бышырып «саксай» кылып жеген.

Кыргызда тегирмен чанда болгон. Ун-талкан үчүн көбүнчө жаргылчак колдонгон. Чочко этин жебеген. Чечек чыкса «улуу тумоо» деп ырым кылып, кара кийик деп доңуздун майын, жаки аюунун этин берген. Насбай аткан, канжа тарткан. Жайдын күнү малдын сүтүнөн башка тамакты, эттен башкасын анчалык керек кылбаган. Сүттөн бүткүл дээрлик тамагын даярдаган. Жылкы сүтүн кымыз кылып, кээде бал кайнатып ичкен. Чекенденин ашынан дагы бал кайнаткан. Төөнүн сүтүнөн кымыз кылган, жылкы кымызынан арак тартып ичкен, «төө атасы Ойсул ата» деп терисинен кайыш, ултан кылып, жүнүнөн кийим кылган. Төө багуу башка малдай көп мүшкүлдүк бербеген. Ачкалыкка, жумушка башка малдан артыкча чыдамдуу болуп, жети-сегиз күн чөп жебей, суу ичпестен чыдаган. Сүттөн болгон бүткүл тамак, арактан башкасы аял тарабынан иштелген. Жаш балдары жайдын күнү дан жоктугунан жүдөп бара жатса, төрдөгү жер эңгилчек (жер куруту) кууруп, жаргылчакка тартып талкан кылып, сүткө, майга көөлөп берген (муну мен — тарых жазуучу 1884-жылында Кочкордо жедим). Дан, жер курут жок болсо ышкындын башындагы уругун сүткө салып берген. Жөргөмүштү балдарга берип канааттандырган. Соода ишин билбестен, соодагер, кызылт кулак деп унутпаган. Кокон заманында кыргыз феодалдарынан соода кылганы болгон. . Уй, эчки, көбүнчө кой сүтүнөн жуурат, сүзмө, курут, малта, эжигей, быштак, нече түрдүү май чыгарылган. Мунун ичинде бал каймак дегени артыкча болуп жана бышкан май даярдалган.
АДЕТ, РАСИМИ

Ооруп калса муздак суу менен учуктап туруп суу берген. Котон жара, кулгуна болсо кеперез менен суу берип, ашынып кетсе жыланды бышырып, сорпосун ичип, этин жеген. Жана чийкилей дагы этин жеген. Уу коргошун, ак кодол, меңдубана, жалбыз куурай, жады куурай, адырашман, шыраалжын жана башка майда өсүмдүктөрдү ар түрдүү кеселге дары кылган. Кээ бир ооруга түкүргөн, кийим үчүн Анжиан, Кашкардан бул алып, көбүнчө кыдырып келген соодагерлер уйгур, өзбектен мата чепкен, кара кашка, ныпча, дөңкөкур, бачайы, манат, жибек, чачбак жана башка булдар алган. Ташкен, Наманген, Анжиан, Кулжа, Кашкар, Олуя Атадан башка чоң шаарлары болбогондуктан, шаарга жетиши кедейлерге өтө оор болгон. Арасы алыс жана ээн талаа, эрме чөлдөр болгондуктан жана ал замандагы эл бирин бири карактап тургандыктан, жүрүү өтө кыйын болгон. Өздөрү териден иштеп, тон, шым, тебетей, жүндөн чепкен, калпак, кементай жамынчу, кийиз өтүк, түрдүү, түрсүз кийиз, кал, аркан, жип-шуу иштеген. Тоо теке, жаки үй теке, жаки серкенин терисинен сары жаргак шым жасап, багалегин кең жырмач кылып, бай-феодалдары болсо саймалап, кундуз кармап, «кең багалек келбер шым» деп кийишкен. Кементай тондон башкасын шымданып алган. Мундай шым беш-алты жылга чыдаган.

Бүткүл ат жабдык, ээр токумду өздөрү иштеген. Үзөңгүнү мүйүздөн, көбүнчө кайыңдан ийип кылган. Бечаранын катыны жети, бай-феодалдыкы тогуз ором элечек оронгон. Элечек. шаң матадан болгон. Баары да көйнөгүнүн төшүн саймалаган. Аны «өңүр» деген. Бешмантты кийбестен, чапан кийген. Белдемчи тартынбаган катын, шым кийбеген эркек болбогон. Кыз-келиндери көк шалылап ултарып, көөрчөгөлөтүп, такасы бийик өтүк кийген. Кепичти кийген, «кулунду бээдей кылып» деп аны жактырбаган. Кыздары кундуз бөрк же кундуз кармап, манат макмал менен тыштаган жаки бачай менен тышталган кара көрпө тебетей кийген, Түлкү, суусар бөрктү кийбеген. Катын-кыздары башына каркыра сайынып, кедей кыздары үкү тагынып жүргөн. Жаңыдан алган келиндерин отко май салып жүгүнткөн. Аны «отко кирди» дейт. Көчкөндө отко май салып, жакшы ити өлсө дагы оозуңа май салган. Катын тууганда ал үйдөн от бербеген. Туугандан соң эси ооп, көзү бозорсо, «албарсты басты» жаки «кара басты» деп аны «куучу» деген бакшыга куудурган. Ал кишини «көзү ачык» деген. Эки жагында бирдей бала жок болсо да, жаки бир жагынан баласы болсо да «бел куда» болгон. Күйөө биринчи үй жанына келип кетип, экинчиде колуктусун алганы келген, Кайындуу кызды ала качып алса да, үч-тогуз айып менен кайта берген. Кайыны букара болуп манап алса, алганы боюнча кетип, калын малын дагы бербеген. Алган колуктусунун кыз даражасы болбосо, көбүнчө албастан калың малын кайта алып ажырашкан. Ажырашпаса айыбын алган. Атактуу киши өлсө, эл жыйылганча беш-он күн сактап турган. Жаки аманат деп коюп, бир канчалык убак өткөндөн соң башка жерге которуп көмгөн. Жоодон өлсө, этин шылып таштап, сөөгүн жерине алып келип көмгөн, Атактуу феодалдарынын өлүгүн көп убакытта жашырып көмгөн. «Эгерде кар жилигин душман алып жерге кагып койсо, анын тукумунан атактуу киши чыкпай калат» деген салты болгон. Атактуу кишисинин көрүн жоокер киши ичине найза алып тегеретсе тийбегендей кылып кен казган. Кедей болсун, бай-феодал болсун өлгөнгө аш берген. Аш бербегенди «ашсыз, жытсыз койду» деп жек көргөн. Чоң ашты ат чабыш, эр сайыш, балбан күрөш, жамбы аттырыш менен өткөргөн. Кээ ашка бечаранын катынына төө чечтирген. Өлүккө катын-кыздары бетин тырмап ыйлаган. Ак кийизге жаки булгаарыга салып, бай-манабын көмгөн. Бейит башына барганда бетин тырмаган. Катындары башына кара кийген. Кээ кишилер баласы өлсө, өлүгүн капшытынан чыгарган. Доо бүткөргөндө чыбыкты туура кыркып, сөз байлаган. Кара ишке жан бербеген, жан берсе «жан бергендин жанына турба» деп коркуп, башкаларга качкан. Ачарчылыкта, жоокерчиликте эр азаматтарга мал алын, кийик атып, куш бүркүттү салып, жалгыз айылын асыраганы болгон.
ОЮНУ

Ордо, тогуз коргоол, оромпой, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, аңкилдек, уйум тууду, селкинчек, упай жана башка оюндары көп болгон, Түндө короону кыз-келин кайтарып, жыйыш кылып, темир комуз кагып, «саксакай, бекбекей» деп короо кайтарган, Көп убактарда селкинчек тебишкен. Айылды жакалап, чоор тартышып, жылкычылар жылкы кайтарган. Эгерде жоокерчилик заман болсо, айылдын сыртын «жесек­чи» жесеген, анын сыртынан кайгуулчу дегендери жол кайгыган. Кооптуу жерлерге кароол койгон. Көк бөрү тартуу орус оторчусуна карагандан соң түндүк кыргызына жайылган. Оюндун ичинде кыргыздын эң биринчи жакшы көргөнү жана көп ойногону болгондуктан, «ордо атыш» согуш дарты болгон себептен аны толук көрсөтүп жаздым.

ОРДО

Эски кыргыз балдарына тажрыйбалуу, өрнөктүү иштерди оюн менен көрсөтүп кеткен, ырчы, комузчу, кыякчы, темир комузчу, чоорчу, сыбызгы, сурнайчылар «күү» аркалы көп тажрыйбалуу сөздөрдү илгертен улам кийинкиге ала келген. Шулардын бири ордо оюну болуп, бул башка элде болбостон жалгыз кыргызда болуп, эски замандагы согуш жөнүн көрсөт көн, маселен:

1. Тегерете чийип — камал, чеп, коргон шаар сыяктуу;

2. Дал ортосу — борбор жаки жыйырмак (туу түбү);

3. Калың чүкөнү тигип, ортосуна абыдан бир чоң чүкөнү жаки ордодон оңой менен атып чыгара албай турган кылып, чүкөнүн сыныгын коюп, аны «кан» деген. Бул аныгында «кан» жаки туу түбү;

4. Канды тегерете коюлган көп чүкө — кандын аскери;

5. Ордо атуучулар эки бет болуп, чүкө калчашып, кимисинин чүкөсү консо, ошол жак биринчи кезекте атат. Бул күчтүү жоо, мисалы, күчтүү жоо калаага чабуул кылганы.

6. Ар бир ордо атуучу кишиге беш чүкө тийиш болуп, үч аткан оюнга ээ болот, мисалы, беш аскердин үчөө согушка киргени;

7. Чийинден өтпөстөн атат-коргон сепилден атышканы;

8. Эгерде аткан чүкөсү чийинден чыкпай калса, ал аткан оюну өлөт — согушка киргендин өлгөнү;

9. Эгерде аткан чүкөсү чийинден чыгып турса, оюну өлбөстөн ата берет. Мисалы, беттешкен жоосун өлтүрө берген сыяктуу;

10. Чийинге жакын келген казайт (казаман), жекеге чыккан же кароолго чыгып келген жоону өлтүргөнү;

11. Атылган чүкө чийинден чыгып, чийиндин ичине эки кадам томпою чүкөгө жакын жатып калса, бир бутун тамандап, чүкөнү олтуруп чертет, мисалы, аты өлүп, жоо менен жөө согушуу, жаа менен эмес колмо-колмо согушуу;

12. Черткен кишинин сыртында — деңгелинде чүкө калган болсо оюну өлөт. Мисалы, жоо сыртынан курчап кеткени;

13. Бир жакы үч чүкө черткен соң канды чертишке уруксат-кандын кароолун өлтүрүп канга кол салганы;

14. Четке, чийинге жакын келген чүкөнү кайта тооруп атып алат; Муну «тоорумак» дейт — четке келген жоону кайта байлап кеткени, четтеп жалгыздап жүргөндү өлтүрмөгү;

15. Беш чүкө үч атканга жарайт — беш аскердин үчөө согушта, экөө кошто болгону;

16. Үч чүкө эки атканга жарайт — үч аскердин экөө согушта, бири кошто болгону;

17. Бир чүкө бир атканга жарайт — жоодон кырылып, бир киши калса да согушуу;

18. Бир жактын теңинен көбүнө оюн жетпей калса, калганы чокондосо, жеңилгенге эсеп — көбү кырылып, аттан ажырап, жөө калганда жеңилгени;

19. Каны бар жакта бир чүкө, бир оюну болсо да жеңилбестен атышат — кан өлмөйүн, жаки колго түшмөйүн жеңилбегенге эсеп;

20. Томпою чүкөгө тийе жатып, томпойду аларда чүкө кыймылдап калса — жоо өлбөстөн аман калып, атуучуну өлтүргөнү;

21. Кан ордодо турганда канга бет алдыра атат — качан болсо канга. тууга бет ала согушуу керек;

22. Чекеге келген чүкөнү кыйгай атып алат — бу да болсо чекеге жалгыздап келген жоону өлтүргөнү мисалында.

Мына ушул сыяктуу ар бир оюндун ар башка өзүнчө тажрыйбасы бар.
ДИНИ

Тарых жазуучунун тажрыйбалап чечкени ушул.

Эң эски кыргыз динин, дин баштыгын «кам» деген. Мусулман динине кирген соң көпчүлүгү «биз мусулманбыз» дегенден башка, мусулманчылык жолун жакшы билбестен жүрө берген. Ошентсе да, «кудай­дын кулу, Мукамбеттин үмөтү, чын мусулманбыз» дешкен. Оруска багынбастан бүрүн намаз окуп, орозо тутканы миңден бирөө болгон, балким андан дагы кем болгон. Кокустан айт намазына түшпөй калса, кырк таш оодарып койсо болот экен деп, кырк таш оодарып койгон. Бакшы, бүбү, төлгөчү, далычыга абдан ынанган. Баланы сактай турган «умай энеси» бар деп билген. Умай энең колдосун деген кеби али да бар. Үйлөрүнө кут куюп сактаган. Кутту Коргошундан куюп, ак матага тигип, бетине жети бермет бастырып майлап, малдын башын куту деп үйүнө катып сактаган. Малы төлдөгөн чакта малы ченемдүү болсо, үйүн тумоо? өлүм араласа, кутту үйүнүн ичине көрүнөө койгон. Ай, күн тутулса, кан өлөт, жер титиресе чоң алаамат деген. Эгин-чөп чыкпай, күн Жаабай кургакчылык болсо, жер-суу тайып, жалпы талаага чыгып, түлөө кылышкан.
ТАБЫПЧЫЛЫГЫ

Кандай кесел болсо да суу берген. Оорусу улгайып кетсе, бул оорунун ээси бар экен деп, көзү ачык деп бакшы, бүбүгө салган. Кутурган ит капса, ал иттин мээсинен аралаштырып талканга мыкчып берип кырк үйдүн казанынын кулагын тиштеткен. Кээ бир түрлүү ооруга эртең менен, кечинде муздак сууга учуктап, жылаңачтап. Эки-үч чака сууну аяк менен ургулап, мунун соңунда бир канча күнү суу берген. Жылаан, кара курт, бөй чакса, түкүрчүккө түкүртүп, тамагын күчтөп берген. Шоона жиптен мойнуна «мант» кылып байлаган. Ылажы болсо, чаккан жыландын өзүн отко тирүүлөй кактаган. Жылан менен дубалашып, арбашкан кишилер көп болгон. Малы ылаңдуу болсо, мазарга жаки ата-бабасынын, жаки атактуу кишинин бейитине түнөткөн Катын туубай, тууса да баласы токтобой жүрсө, кайын ата, кайын энесинин бейитине барып, мал союп түнөгөн. Мазарга барып, конуп-түнөп сыйынган. Кары кишинин кешигин жеп, батасын алган. Бейит башына барабыз деп бир нече жылга бейитке барып турган. Бооз катындар ар түрлүү тамакка, кийиктин этине, карышкыр, жолборстун жүрөгүнө талгак болгон.

Жез тумшук албарсты, алп кара куш, буудайык, ажыдаар дешип, бул заманда жана жаграпияда (табиятта — Ред.) жок жандарды дастан кылып сүйлөгөн кишилер көп болгон. Бул айтылгандарды канчалык чын кылып айтса да, ар кимисин өз алдынан узак икаялар сүйлөгөндө эски замандан бери булардын бирин эч ким бул заманга чейин көрбөгөн.
СОГУШ ЖӨНҮ

Жоокерчиликтин ыгын өз заманына жараша кыргыз жакшы билип, бүткүл жан сактоосу жана оюну согуш илимине ылайыкталып курулган. Согушка өтө ынтык болуп, жаш балдарын жаш чагынан согушка даярлоо оюндарын үйрөтүп, 1750-жашка жете уруш милдетин мойнуна алган. 6070-жашка келгенде согушка аралашкандары болгон, жекеге чыккандарын дагы айтышат. 1415-жаштарга келгенде баланча киши жоого аттанган деп айткандарын табыштаганда анык сөз болуп, согушта эрдик көрсөткөн. Кыргыз кыркаларынан эки-үч киши баш болуп калса, көбүнчө согуш тууралу сүйлөшөт. Согушка жана алыска жортуулга барганда тамагына эт, сүзмө жана актаган таруу алган. Эгерде согуш заман болбосо, үйлөрүнө тынч жата бербестен, жылкы тийип, булап-талап, эл чети, жоо бети тогуз жолдун тоому, 40-жолдун кыйырына аламан каракчылык кылып жүргөн. Акыры уурулук кылганды биринчи өнөр деп билген. Ошондой заманда эрдик кылганды элин сактап, жоодон аман алып калганды «баатыр» деген.

Баатырды тоодон кулаган таштай, аткан октой болот деген. Аткан ок таштан кайтпайт, кулаган таш же талкаланат, же талкалайт, баатыр жоодон жеңилгенде жолдошторун жоого түшүрбөстөн, анын артынан коргоп, жоонун алдында болуп, жоону жолдошторуна жибербей согуша – согуша аман алып чыгып, балким жоодон көп заманда олжосун алып чыккан, ошол себептен баатырлар «качсам да бир ат олжом бар» деп айткан. Жоонун көптүгүнө карабастан согушкан, жоо кайда дегенден башканы билбеген, аркасынан жараланса, качып бара жатып жараланыптыр деп, баласы болсо да, аны киши катарында көрбөгөн. Эгерде жара бет алдынан болсо, беттешип жүрүп жаралуу болуптур деп ыраазы болгон. Жоонун аз-көбүн билмек үчүн «качырткы» салып, азын-көбүн билип согушкан; эгерде жоо көп болсо «буктурма» коюп со­гушкан; маселен, бир топ аскерин жашырып, жоонун келер жолуна коюп, калганы бир аз согуша түшүп кайта качкан жоо биринде артына түшүп, аттары, өзүлөрү талыган кезде, тиги жашырынып турган аскери аткан октой болуп каптаганда жоо кайта качкан. Жоого беттешээрде же сапарга аттанып чыгарда төлгө ачып, көбүнчө далы күйгүзүп, ошого жараша болгон. Айсыз туман баскан караңгыда, кыштын күнү же жайдын күнү болсун түн ичинде бир көргөн жолунан адашпаган, көрбөгөн жолу болсо «темир казык жылдызын белгилеп жүргөн. Бул жылдызды «кошоктоолуу кош музоо» деп атаган. Эгерде булуттан жылдыз көрүнбөсө, жакшы атты эркине коюп, жол баштаткан. Уруш чагында буту сынып калса, канжыгага бутун капта байлап коюп согушкан. Жоо өтө коркунучтуу болсо, күндү жайлап жаадырып туруп, изин билгизбей качып кеткен. Жоо менен дайым атчан согушкан. Айбалта, союл чапканга, найза сайганга, мылтык атканга, жаа тартканга өтө уста болгон. Кылычты көп керек кылбаган аны анчейин бычак катарында көрүп, жабдык деп ойлобогон. Ичин ок, найза аралап кетсе, кишинин сийдигин ичирген. Башы, тулку бою көбүрөөк жаралуу болсо, семиз тай союп, ич этине жакшылап тоюп, терисине жакшылап оронуп жаткан. Жоодон, же алыс сапардан келген түнү катындын койнуна жатпаган: ичинде мылтыктын, жаанын огу калса, аны түшүрмөк үчүн таза катынга аттаткан. «Ок аттаган таза катын» деген макал ошондон калган. Ачка болуп бара жатса, атынын кара санынан кан алып бышырып жеген. Жатканда жабдыгын, көбүнчө мынтыгын, жаасын төшөгүнө ала жаткан. Урушта мергендери оозуна толтура «кылдыратма» ок салып, атчан чаап жүрүп, башынан түтүн арылтпай аткан. 40-50 чакырымдан кишинин аз-көбүн, жоо экенин ажыратып билгендери болгон. Түн ичинде аттын электегенинен кишинин келе жатканын бир чакырымдай жерден билген. Мал уурдатса кара жердеги изин түштүк жерге кубалаган, баланча жерден таң эртең менен үрөң-бараңда жылкы алып, күндүн мурду тоо башына чачырай баланча жерге келген экен, дегенин текшергенде эң азында 40-50 чакырымдай, ошондо баланчанын атынын оозунан кан аралаш ак көбүк чыгып, оозуна алы жетпей, тизгини колуна карышып, башын жерге салып чулгуп, арандай оозун ачып жаңыдан кызыган чагы экен, деген байыркы сөздөр көп.

Көктөмдө аты жоон сан болсо, 1015 күнгө жарайт деп жортуулга минип кеткен. Байыркы заманда атына жем бергени чанда болгон. Түндүк кыргызда болбогон десе да болот. Илгерки кыргыз азында 50-60 үй бир жерге тегерете конуп, ээр токуп, аттарын кермеге керип же үйүнүн жанына байлап (абдан аялуу жакшы аты болсо, жаткан үйүнө кийирип), найзасын үйдүн жанына кыстарып, ай балтасын ээрдин кашына илип коюп, күн-түн дебей жоо кайдан келет деп, кулагын түрүп чакан турган. Жоо абыдан күчөгөн чагы болсо, айылды чың бек жерге кондуруп, айылдан алыс жерден жол тоскон «кайгуулу» деген болгон. Айыл арасынан жол чалып турган «жесекчи» болгон. Эр азаматын бөлүп, айылдан тышкары ыңгайлуу жерге коюп, жоону күтүп турган. Бул кишилерди «жасоол» деген. Согушка катын-кыздары көп аралашкан. Жоодон качаарда ар кайсы жерге көп от жагып коюп туруп качкан. Ал отту, «эр оту» деген.

Кыргыздын адет, расим, дин, оюн, туруш, согуш жөнүндө эски жаңысынан бир аз маалымат бердим. Эми кыргыздын кайдан чыкканынан бир аз маалымат берейин.

Өз тарихин билип, тарихти туйуу, элдин катарына кириш, маданиятын бир көркөм бутактарынан саналат. Кадимден окумуштуу, маданияттуу, билимдүү эл болсо да, өз тарихын аныктап жазыш оңой эмес. Ошол себептен кыргыз сыяктуу миңдеген жылдан бери илим билим, маданияттан куру калып, тоо арасында жапайы катарында көчмөндүк менен мал багып жүрүп, жаңыдан гана Өктөбүр өзгөрүшүнүн касиети менен көзүн ачып, илгерилеп там-тум баскан баладай обдулуп келаткан улутка эзелден өз тарыхын жазып келатпаган соң өлкөсүн таанып, түп журтунун тарыхын жазыш өтө кыйын иш.

1. Тарих жер жүзүндөгү элдин тарихчыларынын жазууларынын ташка, мүрзөгө жазган чийинден, жерден чыккан казынадан алынат.

2. Тарыхы жок биздин кыргыздай эл — кыякчы, чоорчу, комузчу жана күүлөрүндө байыркы сөздөр сактала келген.

3. Эски карыялардын сөзүнөн жыйноого мүмкүн болсо да, анын мезгили кайсы заман, кайсы жылда, кайсы жерде болгондугун эки жүз жылдан беркиси болбосо, андан аркысын билүү өтө кыйын. Ушул себептен «жетим өз киндигин өзү кесет» жана «чындап ыйласа кара көздөн жаш чыгат» деген сыяктуу тарыхка жан-дилин коюп, чындап тырышуучулар ар бир урук элдин аксакалдарынан, ал өзү качан туулган, анын атасы-бабасы качан туулуп, качан өлгөн, ошолордун тушунда башка урук элден ким болгон, 11—13 атага жете ар уруктун ата-бабалары нече электен өткөрүп, текшере – текшере андан алынган тыянакты жана да башка уруктардын карыяларына текшертип, аныгын жазуу аркасында тарых түзүлүшү мүмкүн.

Жогоруда айтылгандай ар уруу элдин ата-бабасынын тушташын анык билмек үчүн улуу катын, ортончу катын, токол катындан туулгандыгын табыштап билбесе, анын мезгилин чечишке чоң тоскоол болот. Себеби, кандай болсо да, токолдон таралган менен байбиченин тукумунун арасында (мезгил) жыйырма отуз жыл илгери, кийин болуп кетет.

Кыргыздын оозеки тарыхын жазууга ар урук эл. дин өз-өзүнүн жети атасын жете билгендиги зор жардам берет. Кыргыз жети атасын билбегенди: «жети атасын билбеген жетесиз» деп, аны кул катарында санайт. Ушул сыяктуу жети атасын билгендиктен ал аркалуу тарых түзүш өтө себеп болот. Ошондой себептер менен кыргыздын бир далай эски карыяларынан, сөз билген чечендеринен, көптү көргөн көсөмдөрүнөн, үйдө жаткан далай карылардан тарых сөзгө 1890-жылдан баштал кулак салып, 1895—96-жылдардан баштап, тарых сөздү таптиштөөгө кириштим. Сөздүн чынын ылгап жүрүп, дал туура чыккандарын терип жүрүп, азыркы оң-сол аталган кыргыздын түп тарыхы жазылды. Эң эски кыргыз тарыхы болсо, жогоруда айтылгандай ар мамлекеттин мурунку, азыркы жазган тарыхтарынан кабар алынды.

Ар урук элдин тарыхын өзүнүн чыккан тарыхчысы өз тили менен жазган болсо жана тамга, ариби сөздү кубултпастан жазууга ыңгайлуу болсо, ал тарыхтын сөздөрү бузулбайт деп айтууга мүмкүн, эгерде бир элдин тарыхын башка эл . жазса, ал тарых туткунга түшкөн кишидей болуп, тили келбегендиктен кишинин атын жана сөздү жазыш арибине туура келбегендиктен жана эң эски замандан кийинки заманга карата бир китептен кичиге көчүрө-көчүрө тарыхтын көп сөзү өз түпкү насилинен өзгөрө берет.

Маселен, кытайлар кыргызды — кыйкыс, калкис, килкиси, какас деп жазган. Персияндар кыргызды — хирхис деген. Моңголдор кыргызды — хирхис деген.

Эски түрк кыргызды — кыркыз деген. Орустар кыргызды — киргиз деген. Мына, канчалык бузган.

Түрк тилин араб, жавропалык, кытай арибинен көчүргөндө канчалык калет чыгат. Кыргыздын эски ариби, тамгасы жоголуп, өзүнүн жазылган тарыхы калбаган. Жакын — чектеш жана аралаш жүргөн үчүн эң эски кыргыздын тарыхы кытай тарыхында калган. Ошол себептен түп тарыхтын көбүнчө кабары кытай тарыхтарынан алынды.


Кыргыз