Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыздардын xviii кылымдагы тарыхы боюнча булактар

Кыргыздардын xviii кылымдагы тарыхы боюнча булактар

XVI— XIX кылымдарда Орто Азия элдеринин тарыхы өтө начар иштелген. Бул мезгилди изилдеп-үйрөнүүдө Ленинград блокадасында курман болгон П. П. Иванов тарабынан көп иштер аткарылган болучу. Ал ушул мезгилдеги өзбектер менен түркмөндөрдүн тарыхы маселелерине баарынан көбүрөөк кызыккан1325. Казактардын тарыхы тарыхый адабиятта XVII жана кийинки кылымдар боюнча эң сонун баяндалган орус булактары бар болгондуктан бир кыйла дурус чагылдырылган. Бул булактар М. Вяткиндин эмгектеринде кеңири пайдаланылган1326. Ал эми кыргыздардын көрсөтүлгөн мезгилдеги тарыхы адабиятта таптакыр чагылган эмес. В. Бартольд кыргыздардын тарыхы боюнча белгилүү очеркинде1327, «XVIII жана XIX кылымдардагы Тянь-Шань кыргыздары» деген темасында XVIII кылымдагы кыргыздар жөнүндө ойротторго барып келген элчилик жөнүндөгү маалыматында Унковский келтирген эки гана беттен турган фактыларды кабарлайт. Кыргыздардын географиялык жактан жайгашып турган жерлери жөнүндөгү маалымат Ренаттын картасында берилген; Ренат калмактар туткундап алган швед, Улуу Петр тарабынан уюштурулган Бухгольцтун экспедициясынын катышуучусу болгон. Фактылардын анчалык көп эмес ушул эки тобу XVIII кылымдагы кыргыздардын тарыхы боюнча маалыматтардын бардык «байлыгын» түзгөн, ал эми кыйыр даректер боюнча, мисалы, калмактардын тарыхынан XVIII кылымдагы кыргыз урууларынын тагдыры жөнүндө бир аз жарыбаган ьаалыматтарды алууга болот.

Мына ушул маалыматтардын жагдайынан алганда кыргыз элинин социалдык-экономикалык түзүлүшүн жана анын эл аралык байланыштарын ачып көрсөтө турган кошумча булактар өзгөчө чоң баалуулукка ээ.

Кыргыз элинин тарыхын изилдеп-үйрөнүүдө биз кыргыздар жөнүндөгү, негизинен XVIII к. экинчи жарымындагы кыргыздар жөнүндөгү маалыматтар камтылып турган кытай булактарынын тобуна көңүлүбүз түштү. Мына ушул маалыматтарды талдап чыгуу бул макалыбыздын мазмунун түзмөкчү.

XVIII к. Синьцзяндын тарыхы боюнча бул булактардын тобу кечээ жакында эле XVIII к. циндердин Синьцзяндагы агрардык саясатын изилдөөгө байланыштуу Л. Думан тарабынан каралган болучу1328. Бул булактардын бир бөлүгү кыргыздар менен казактардын тарыхы боюнча өтө кызыктуу маалыматтарды камтып турат.

Биздин темабыз үчүн төмөнкү булактар бир кыйла көбүрөөк баалуулукка ээ:

1) Си юй вень цзяньлу (СЮВЦЛ) — «Батыш аймактын баяндамасы», 1777-ж. басылып чыккан. Кыргыздарга III бапта, За-4а барактарда жана карталар бөлүмүндө (4а барак) орун берилген.

2) Цинь дан Хуан юй си юй тучжи (СЮТЧ) — «Жогортодо бекитилген Батыш аймактын географиялык баяндамасы», 1782-яс. басылган. Басылма көп сандаган карталар менен жабдылган (I—III баптар), аларда кыргыздар байырлап турган жерлер көрсөтүлгөн (I бапта — 23,35; II бапта — 12,15-карталар). Кыргыздар жөнүндө маалымат 45-бапта, 1—7а барактарда бар.

Бул негизги булактардан башка да, биринчилерден варианттары боюнча гана айырмаланган дагы башка эки булактан пайдаландык. Алар төмөнкүлөр:

3) Цинь дин Синьцзян ши ле (СЦШЛ) — «Жогортон берилген көрсөтмө боюнча түзүлгөн Синьцзяндын баяндамасы», 1821-яс. басылган, мында кыргыздар жөнүндөгү маалыматтар 16-бапта (366—38а барак) камтылып турат. Булак СЮТЧинин маалыматын кыскача көлөмдө кайталайт жана Кашгар, Анжиян жана кыргыздарга байланышкан башка ясерлер жөнүндө бир катар оригиналдуу маалыматтарды берет1329.

4) Дай Цин и тун чяси (ДЦИТЧ) — «Цин империясынын жалпы картасы», 1784- жылдан кийин басылган. Кыргыздар жөнүндө маалымат 420-бапта, 1а—26 баракта (чыгыш кыргыздар жөнүндө) жана 1 а—2а баракта (батыш кыргыздар жөнүндө) камтылып турат. ДЦИТЧде жогоруда көрсөтүлгөн булак СЮТЧту кыскартылган көлөмдө кайталайт жана кыргыздарды сүрөттөгөнү жагынан СЦШЛга бир аз окшош келет.

Биринчи эки булак, биринчи учурда толугу менен, экинчи учурунда жарым-жартылай (бирок кыргыздар жөнүндөгү баптар которулган) европа тилдерине которулган. Алсак, СЮВЦЛ мурда эле 1829-ж. И. Бичурин тарабынан которулган1330, СЮТЧ толук эмес түрдө 1881-ж. Юар тарабынан которулган1331. Эки котормочу тең которуу менен чектелип, түшүнүк дээрлик берилген эмес. Бул макалабызда өзүбүздүн котормобуздагы СЮВЦЛ менен СЮТЧ булактарын негизги тексттер катарында пайдалануу менен, айрым бир бөлүктөрүндө СЦШЛ жана ДЦИТЧ булактарындагы башка варианттарына да таянабыз, кийинки экөө европа тилдерине которулган эмес. Кыргыздар мекендеген жерлер жөнүндө келсек кытайдын географиялык карталарын атайын кароого туура келет.

Көрсөтүлгөн булактар, Л. Думан белгилегендей, аз изилденген жана аларга жетишээрлик баяндама да берилген эмес. Ал эми бул булактарга кыскача мүнөздөмө берилген же булардын котормолору бар болгон башка бир эмгектерде (Courant, Huarit, Wylie, Бичурин) кыргыздар жөнүндө түшүндүрмөлөр дээрлик жок. СЮТЧ боюнча гана кыргыз этнонимдерин Юардын котормосу боюнча Н. Аристов пайдаланган1332.

Кыргыздар жөнүндөгү тексттер өтө маанилүү. Анда кыргыздар, алардын автохтондуулугу жөнүндөгү кытай концепциясы абдан эле ачык көрсөтүлөт. Кытайлар кыргыздарды усундардын (б.з.ч. III к. уруулар) тукумдары жана Тянь-Шань менен Алайдын түпкү тургундары деп эсептешет. Бул концепция СЮТЧта баарынан ачык чагылган (45-бап, 26 барак ж.к.б.), мында кыргыздар жашап турган аймактардын кыскача тарыхы айтылат. Корутундулар династиялык тарыхтардан (Бэйши, Таңшу) келтирилип, Тянь-Шанда жана Алайда жашаган жана аларды жеңип алган уруулар

жөнүндөгү кыскача үзүндүлөргө негизделген. Сыягы дал ушул кытайлык концепция Н. Аристовду кыргыздар Тянь-Шандын түпкү калкы деген гипотезага алып келсе керек.

Калмактардай эле кытай булактары кыргыздарды буруттар деп аташып, алар кыргыздар мекендеп турган жерлерге жакын аймактардан аталышы окшош урууларды издешкен. Кытайлар болорлорду (Кафирнистан) «болор» жана «бурут» этнонимдеринин окшоштугунан улам кыргыз-буруттардын ата-бабалары деп жаңылыш эсеп- тешет (СЮТЧ, 45-бап, За барак).

Жогоруда көрсөтүлгөн СЮТЧ жана СЮВЦЛ булактары бирдей баалуулукта эмес. Биринчиси көлөмү боюнча экинчисинен кичине. СЮВЦЛда этнографиялык мүнөздөмө басымдуулук кылып, тарыхый фактылар дээрлик жок. Кыргыздар Анжыяндын чет-жакаларында жашаган калк катарында эсептелет. Кыязы, бул СЮВЦЛды түзгөндөр кыргыздар калмактардын кысымы астында өз мекенин таштап кетүүгө аргасыз болуп, Алайда жана Анжияндын чет-жакаларында жашаган мезгилдеги фактыларды пайдаланышкандарына байланыштуу болсо керек. СЮВЦЛ калмактардын үстөмдүгү (1758—1760) жок кылынгандан кийин түзүлгөн болсо да, кыязы, кыргыздардын мурдагы абалы али калыбына келе элек болсо керек, же биз жогоруда көрсөткөндөй, бир кыйла так маалыматтар кытай тарыхчылары менен географтарына али жеткен эместир.

1782-жылдагы булак — СЮТЧ кыргыздарды башкача абалда сүрөттөйт. Мында кыргыздардын эки бутагы: батыш жана чыгыш кыргыздар жөнүндө сөз болот. Батыш кыргыздар Алайдын жана ага жакын аймактардын тургундары, экинчилери — Тянь-Шандык кыргыздар катарында көрсөтүлөт. Мүнөздүү нерсе, СЮТЧ чыгыш жана батыш кыргыздардын чек арасы катарында Кара-Дарыяны көрсөтүп, жогорку агымына чейин жайгаштырат да, Кеген, Каркыра жана Темир-Тоо алардын байыркы мекени болгонун белгилейт: «Чыгыш буруттардын байыркы жайыттары Кеген (му ди), Каркыра жана Темирту болгон; бул жерден жунгарлар тарабынан сүрүлүп, алар батышка ооп, Анжияндын чет-жакаларынан башбаана издешкен. Жунгария толук багындырылганда, алар өздөрүнүн байыркы мекенин (гу ди) кайта алышкан» (45- бап, 1а барак).

Бирок СЮТЧтун карталарында Кеген — Каркыра аймагындагы кыргыздар али көрсөтүлгөн эмес. Карталар СЮТЧтун текстинин биринчи бөлүктөрүнө тийиштүү, мында кыргыздар жашаган жерлер белгиленген. Бул жөнүндө төмөнкүчө айтылат: «Чыгыш буруттар Жунгариядан түштүк-батыштагы аймакты, уйгурлардын түндүк- батышында, Тянь-Шандын түндүк этектеринде Цзун-лин менен катар жаткан аймакты ээлеп турушкан. Бул (аймак) Иледен түндүк чыгышта 1400 ли (700 км) жана Аксудан түштүк-чыгышта 790 ли (385 км) аралыкта жатат». Батыш кыргыздар болсо Кашкардан түндүк-чыгышта 300 ли (150 км) аралыкта турат деп айтылат. Ал жакка баруучу жол Цзун-лин жана Ош аркылуу өтөт. Бул аймак чыгыш буруттардын аймагынын каршысынан орун алган (45-бап, 36 барак).

Албетте, карталар тексттеги көрсөтүлгөндөрдү ырастап турат. Алсак, Түндүк Тянь- Шандын (СЮТЧ, I бап, 22—23-барактар) картасында кыргыздар Кара-Буура суусунун башы ченде көрсөтүлгөн. Түштүк Тянь-Шандын картасында батыш кыргыздар Таримдин жогорку агымынан түндүктү карай жайгаштырылган; чыгыш жана батыш кыргыздардын картасында (ошондо эле, II бап, 12—13-барактар) алар Кара-Дарыя суусунун эки тарабынан орун алганы көрсөтүлгөн, акырында, Фергананын (Анжыян, Кокон ж.б.) картасында батыш жана чыгыш кыргыздар Анжыяндын түштүгүндө, тоо кыркаларынын сыртында көрсөтүлгөн, (Түркстан тоо кыркасынын сыртындабы?), кыязы, Алай аймагында болсо керек (ошондо эле, 15-16- барактар).

Карталарга караганда, барып-келип эле кытайлар жана СЮТЧ да кыргыздарды негизинен Алай жана Батыш Тянь-Шань менен чектейт. Бирок ар бир топтун (чыгыш жана батыш) курамына кирген урууларды санап көргөндө байкалгандай, кыргыздардын ушул эки топко бөлөнүшү алардын азыркы учурдагы түндүк жана түштүк болуп бөлүнүшүнө, тагыраак айтканда, адигине менен тагай тутумуна ылайык келет.

Чыгыш кыргыз урууларынын тизмесинде СЮТЧ беш урууну эскерет (сөзмө-сөз «бөлүктөр», «бөлүмдөр» — бу), бирок эки отокту, атап айтканда, саяк (да-я-гу) менен сарыбагышты (са-ли-ба-ха-ши) келтирет. Үчүнчү уруу жөнүндө анын «качандыр бир мурда Талас ченде» байырлап турганы айтылат (45-бап, 1а барак). Калган экөө жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Батыш кыргыздары үчүн СЮТЧ он беш урууну көрсөтөт, бирок төртөөнүн гана аталыштары: адигине (э-дэ-гэ-на), моңолдор (мэн-кэ-р-до-р), черик(ци-ли-гу) жана бостон (ба-се-цзы) көрсөтүлүп, булардын географиялык орундарын чектеп кошумчалайт да, бир канаты Цзун-линге барып такалары, ал эми батышта Бухара (Бухар було) хандыгына чейин жетип турганы айтылат (45-бап, 36 барак).

Мүнөздүү нерсе, СЮВЦЛ бир да уруунун атын атабай, кыргыздардын Кашкар менен Анжыяндын ортосундагы аймактарда байырлап турганын гана айтат.

Көрсөтүлгөн уруу бөлүнүштөрү бизге белгилүү болгон уруу бөлүнүштөрүнөн алда канча кыскарган түрдө болсо да XIX кылымдын этнографиялык маалыматтары менен дал келет. Кыргыздардын урууга бөлүнүшү боюнча этнографиялык материалдардын эң мыкты жыйнагы Н. Аристовго таандык, анын айтканы боюнча, саяктар Борбордук Тянь-Шандын, сарыбагыштар — Чүй өрөөнү менен Чоң-Кемин тургундары болуп саналат. СЮТЧда айтылган Талас урууларына, солто уруулары кирери шексиз, булакта айтылбаган экөөнүн бири бугу (Ысык-Көл) деп болжолдосо болот, экинчиси, мүмкүн, чериктердир, алар көп санда Түштүк-Батыш Тянь-Шанды мекендешкен жана мекендеп турат (Ак-Сай жана Атбашы өрөөндөрү). Бирок чериктер батыш кыргыздардын, — азыркы бөлүнүшү боюнча түштүк кыргыздардын бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн, ал эми Н. Аристовдун колунда болгон этнографиялык маалыматтар боюнча, черик уруусу Тянь-Шанда гана белгилүү. Балким Тянь-Шандын аты аталбаган урууларынын ичинде багычи уруусу да болгондур. Көрсөтүлгөн уруулар батыш тобу үчүн (ошондой эле чыгыш тобу үчүн да) адигине менен моңолдор уруулары жагынан гана дал келет. Бостон уруусу ичкилик тобунун бири болуп саналат.

Бул тизмеден көрүнүп тургандай, кытайлар көрсөткөн уруулардын айрымдары XIX кылымда бир кыйла ири бирикмелердин бир бөлүгүн гана түзгөн, тескерисинче, бугу уруусу тибиндеги ири уруулар аларга таптакыр белгисиз болгон. Бирок, бир мүнөздүү нерсе, кытайлар кыргыздардын тогуз ири урууларын көрсөткөн, бул Н. Аристов келтирген маалыматтарга дал келет. Ал кыргыздардан «оңдун» курамында бугу, сарыбагыш, солто, черик, багыш, саяк, адигине, мунгуш, ичкилик уруулары сыяктуу тогуз ири уруусу бар экенин билдирет. Кытайлар сарыбагышты, черикти, саякты, адигинени, мунгушту билишет. Ичкилик урууларынан кытай булактарында Таласта көчүп-конуп жүргөн уруулар катарында бостон, солто уруулары көрсөтүлгөн, ошентип, алардагы аты аталбаган эки уруу — бугу менен багыш уруулары деп болжолдосо болот.

СЮВЦЛ менен СЮТЧ кыргыз урууларынын «оң» жана «сол», тагай жана адигине болуп бөлүнөрү жөнүндө эч нерсе айтпайт.

Кытай булактарында кыргыздардын жол башчыларынын эскерилиши өтө кызык.

СЮВЦЛ билдиргендей, кыргыздардын жол башчылары (цзюнь) би деп аталышат. Бул жерде колдонулган иероглиф демейде бай деген түшүнүктү да берет. Кытайлар бийди (сотту) бай (бай кыргыз) менен чаташтырып жиберишкен деп болжолдоо кыйын. Буга кытайдын текстинин өзү далил болуп турат, ал текстте кыргыз коомунда бийдин соттун милдетине эч кандай тиешеси жок ролу жана орду жөнүндө айтылат. СЮВЦЛ мындай дейт: «Алардын башчысы (цзюнь) бай (би) деп аталат. Алардын айрымдарында ондон жыйырмага чейин айыл (аман) бар, башкаларында отузга жакын айыл жана алардын кулдары (хулан) деп аталган адамдары (жень) бар. Алардын баары буруттар деп аталганы менен, байы (би) бирөө эле эмес. Башчысынын (цзюнь) өз жери, өз букарасы (мин) бар. Бардыгы өз алдынча — бири-бирине көз каранды

эмес (бусян). Бай өлгөндө анын ордуна (башка) байды, анын уулун же бир тууганын коёт, башка адамдар анте албайт (анын ордун ээлей албайт)» (3-бап, За барак)

СЮТЧтин маалыматы да ушуга окшош. Мында, бардык ушул жол башчылар (тоу)1333 бири-бирине көз каранды эмес. Жыл сайын алар өз ичинен бирөөнү башчылыкка шайлашат (чжан), ал жалпы башкаруу ишин жүргүзүп, ага бардыгы баш ийишет. Чжан болуп дайындалган жол башчы (тоу) Мамук-Кули (ма-му-гу-ху-ли) деп аталат. Ал уруулардын (бу) башында убактылуу гана турат» (45-бап, 1а барак).

Бул жолу да уруу эгелеринин бири-бирине көз каранды эместиги айтылган, башка бардык жактарында СЮВЦЛ менен СЮТЧда кыргыздардын социалдык түзүлүшү ар башка түшүндүрүлөт. Биринчи учурда, бийликтин мураска өтмөлүгү айтылса, экинчисинде жетекчинин шайлана турганы, алгачкы коомдук демократизмдин салты жашап жатканы баса белгиленет. Биздин көз карашыбызча, СЮВЦЛ менен СЮТЧтун маалыматтары хронологиялык жагынан ар башка болгону менен бирин-бири толуктап турат. Биринчи учурда сөз кыргыз урууларынын өз бирикмеси болбогон учурдагы, калмактар үстөмдүк жүргүзүп турган мезгилдеги кыргыз урууларындагы өзүн- өзү башкаруу жөнүндө болуп жатат.

Уруу ичиндеги бийлик, сыягы, эми мураска өтсө керек, ал эми жалпы уруулар үстүнөн болгон бийлик шайлана турган бийлик катарында калган. Мүнөздүү бир нерсе, СЮТЧте «аман (калмак насилиндеги сөз) термини колдонулбайт, ал эми бирикмеси үчүн «бу» термини, б.а. СЮВЦЛ жалпы эле буруттарды билгизген сөз колдонулат. Мында титул катарында жаңылыш көрсөтүлгөн «Мамук-Кули» ошол шайланган кыргыз ханынын ысымы болгон жана ушул текст жазылган учурда ал чынында да кыргыздарды башкарып турган, бул төмөнкү текст менен ырасталат. Кытайларга кыргыздардагы шайлоо институту жана мурастоо институту белгилүү болгонун эске алсак, анда «би» термини сотко—бийге эмес, байга таандык экенине ынанабыз. Кытай маалыматтарынын арасында манап титулунун жоктугу таң калтырат.

СЮВЦЛ кыргыз жол башчыларынын ысымын атабайт. Кыргыздардын 1758- жылга таандык болгон саясый тарыхындагы бир фактыны белгилеп, СЮВЦЛ би Аким (Хаким го) кожолорго каршы күрөштө Кытайга кызмат көрсөтүп, бул кызматы үчүн Ташмалык шаарынын Хаким-беги (би А-ци-му) болуп дайындалганын айтат (3-бап, 36 барак). Мындагы «би» термини байды белгилөө үчүн колдонулганын дагы бир жолу ачык көрсөтүп турат.

СЮТЧ бул окуяны ырастабайт. 1758-ж. боюнча, ал кытай букаралыгына өтүү жөнүндө Туруки-бай (Тулу-ци бай)1334 биринчи болуп билдирет, анын артынан кыргыз урууларынын башка жол башчылары да ушундай эле мүдөөнү билдиришет. Бул Туруки-бай саяктардын, б.а. Тянь-Шандагы уруунун башчысы болгон жана сарыбагыш уруусунун кыргыздары жашаган аймактагы Ташмалыкка эч кандай тиешеси болгон эмес. Кыязы, Хакимбекти батыш кыргыздарынын адигине уруусунун башчысы (X) ажыбай (А-ци-би) менен окшоштурса болчудай, ал 1760-ж. январда Кытайдын букаралыгына өтөт, бул максатта ал 1759-ж. кытай аскер кол башчысы, Синьцзянды жеңип алган Чжао Хой менен кытай элчиси Такдан (Та-гу-да-на) аркылуу байланыш түзгөн.

Ажыбай өзүнүн Кытайдын букаралыгына өткөнүн бизге кытай котормосунда жеткен төмөнкү документте билдирген: «Мен, (X) ажыбай, кыргыздардын адигине уруусунун өкүмдары, биздин төбөбүздөгү Көк Теңирди кандай урматтасам ошондой эле урматтаган императорго кадырлоо менен узак өмүр каалаймын. Анын улуулугуна

тең келер эч нерсе жок, ал төрт жагынан төрт деңиз чулгаган мейкиндикте үстөмдүк кылып турат. Император Цзянь Лун маркамат этип жиберген башкы кол башчы Чжао Хой мага Кашкардан жарлык менен мөөрдү алып келип тапшырды, мен аны эң терең урмат менен кабыл алдым (жана ушуга байланыштуу) зор кубанычтын кучагында турам. Менин эмки вазыйпам Бухарадан Чыгышка чейин чачыранды жаткан эки жүз миң кыргызды бириктирип, императордун букаралыгына өткөрүү болсун» (СЮТЧ, 45-бап, 36 барак; сал. ДЦИТЧ, 420-бап, 16 барак, батыш буруттар жөнүндө).

(X) ажыбайдын артынан кытай букаралыгын калган 15 уруу да кабыл алат. Чериктердин башчысы, Юматтын (Ю-матэ) агасы Куталы (Ху-та-ли) ошол учурда кытайда чечек илдети күчөп турганына карабай, Пекинге келет. Ал Пань-шань Цзинь цзи, андан кийин Нань-Юань сарайында кытай императору тарабынан кабыл алынат, ал жерде меймандын урматына салт болуп калган шаан-шөкөт уюштурулат (СЮТЧ, 45-бап, 4а барак). Кытай булактары билдиргендей, батыш кыргыздарынын бардык 15 уруусунун букаралыкка өтүшү бизде кээ бир күмөндүүлүктү пайда кылат. (Х) ажыбай аркылуу адигине уруусу менен болгон өз ара мамилелер конкреттүү сүрөттөлөт, бир аз черик уруусу жөнүндө айтылат, бирок калгандарынын башчыларынын Кытайда болгону же алардын кытайлык бийлик менен болгон өз ара мамилелери жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Кытайлар Коржу (Ге-р-чжу) деп атаган бостон уруусунун (ичкилик уруу) башчысынан башка ысымдарды булак келтирбейт.

(Х) ажыбай Кытайга жан тарткан саясатты ишкердүү жүргүзөт. 1760-ж. январда ал Кытайга Сира Макае (Си-ла-Ма-гэ-сэ) деген адамды элчиликке жөнөтөт, 1760-ж. августта анын элчилигине жооп иретинде (Х)ажыбайга кытай чиновниги Соном (Со- но-му) келет. 1762-ж. Кытайдын колдоосуна таянып, (Х)ажыбай Кокондун ханы, (Х) ажыбайдын Узе (Өзгөн) өлкөсүндөгү жерин кыйраткан Эрдене менен күрөш жүргүзөт. Император жаңы аймакты (б.а. Синьцзянды) башкаруу боюнча министр Юн Хой деген немеге кыргыздарга жардам берүүнү тапшырат (Сал.: ДЦИТЧ, 420- бап, 16 барак) (си булэтэ).

Ушул эле булактын маалыматы боюнча батыш кыргыздардан акыркы болуп, белгисиз уруунун жол башчысы Эрби (сөзмө-сөз А-ва-ли-би) букаралыкты кабыл алат. Эрби 1763-ж. булак билдиргендей «ал Кокондун чек арасын карай өтүп, өз уруусу менен көчмөн турмуш өткөрүп, жайыт издеп көчүп-конуп жүргүсү келгенин билдирет» (СЮТЧ, 45-бап, 4а барак; ДЦИТЧ, 420-бап, 16 барак (си булэте). Ал төмөнкү чиндердин бирине татыктуу болуп, кытай императорунун мактоосуна арзыйт.

(Х) ажыбай өзүнүн билдирүүсүндө 200 миң кыргызды бүт бийлегиси келгенин кабарлайт. Ушул эле цифраны булак да батыш кыргыздардын саны катарында белгилейт. Булак мындай дейт: «Ордо бир нече урууга бөлүнгөнү менен алар бир эле аймакты мекендешет, ал түштүк-чыгышында Цзун-линге барып такалат, батышында Бухара хандыгына чейин созулуп жатат. Ордо бардыгы болуп, 200 миң адамдан турат, алар көчмөн турмуш өткөрүшүп, кайерде суусу менен тоют мол болсо ошол жерлерде көчүп-конуп жүрө беришет». (СЮТЧ, 45-бап, 36 барак).

(Х)ажыбай адигине уруусунун башчысы болуу менен бирге, кытай императорунун жардамы менен бардык батыш кыргыз урууларынын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө умтулганы айдан ачык болуп отурат. Бирок ал буга жетише алган эмес. Бул жөнүндө чериктердин өз-алдынча элчилик жибергени, белгисиз уруунун башчысы Эрбинин жогоркудай аракети далил болуп турат.

Кытай менен союздаш болууга чыгыш (тянь-шандык) кыргыздар да умтулушкан.

1758-ж. эле Чжао Хой Синьцзянды багынта баштаганда, ал саяк уруусунун башчысы Туруки-байдын ордосу турган Жумакан (Чжу-му-хань) деген жерге өзүнүн өкүлү Урдэна менен Турундайды (Толунь-тай) Туруки-байдын букаралыгын кабыл алуу үчүн жиберет. Демилге саяктарга таандык болгондуктан Чжао Хойдун жиберген адамдары императордун саяктар үчүн жагымдуу жардыгын алып келип тапшырышат. Кызыктуу нерсе, бул жардык, булактын билдирүүсү боюнча, саяк урууларынын ичинде

гана эмес, башчысы Чолик Чи болгон сарыбагыштар да чогуу катышып турганда угузулган. Жардыкка он жолу жугүнүү менен жооп кылып, аны кубатташып, мурда бул тилектерин ишке ашырууга жунгарлар тоскоол болуп келгенин айтышкан. Жүгүнүү ырасмисин дагы бир жолу кайталагандан кийин, кытай тексттеринде айтылгандай, алар «кубанычтуу кыйкырышып абаны жаңыртышты» (СЮТЧ, 45-бап, 1а барак).

Саяктар менен сарыбагыштардын бул өзгөчөлүү курултайында Талас урууларынын башчысы Майтактын (Май-та-гу) уулу Очебар (Оши-бо-ло) да катышып, Кытайга баш ийерин билдирет. Кытай элчилери Таласка келишип, букаралыкты кабыл алуу ырасмисин өткөрүшөт.

Кытай элчилеринин келишине жооп кылып, кыргыздардын жогорку эгеси Мамук-Кули (айтмакчы, кытай булактары аны төмөнкүчө сүрөттөшөт: токсон жаштагы кары адам, чың денелүү, өтө толук, бирок кошуун баштап, жортуулга чыкканын токтото элек) (СЮТЧ, 45-бап, 16 барак). Чжао Хойго өзүнүн үч өкүлүн жиберет. Бул екүлдөрдүн ичинде: Челик чи (чэ-ли-гу-ци), Туруки-бай жана Ниша эскерилет. Биринчиси сарыбагыштардын, экинчиси — саяктардын башчылары болгон. Мүмкүн, Ниша Талас урууларынын өкүлү болсо керек Кыргыз элчилери Мамук-Кулиден тартуу катарында кытай императоруна 100 өгүз, 100 ирик тапшырышат.

Кыргыз элчилери Чжао Хой, кийин кытай императору тарабынан өтө мээримдүүлүк менен кабыл алынат. Император аларды Муланга аң уулоого чакырат. Алардын келишине байланыштуу ал Ваньшу гулбакча сарайында (юань) шаан- шөкөттүү үлпөт уюштурулат.

Чжао Хой уюштурган кытай аскерлеринин парады кыргыз элчилерине терең таасир калтырат, бул жөнүндө алар атайын билдирүү жасашат; бул билдирүү өзгөчө кызыгууну туудурат, анткени, биздин пикирибизче ал кытай эпистолярында кезикпей турган, кыргыз тилинен которулганга мүнөздүү айрым бир сөздөрдү камтып турат.

Тексттин ушул бөлүгүн биздин котормобузда толук келтиребиз: «Биз силердин жоокерлердин жаалары менен жебелеринин эң мыкты сапаты жөнүндө мактоо сөздөрдү укканбыз, бирок жаачылардын ушунчалык шамдагайлыгын билген эмес экенбиз. Алардын жебелери эч качан сая кетпей, кабат-кабат кийгизилген бир нече чопкутту да тешип өтүп кетип жатат. Силердин жаачыларыңар бир эле учурда сол менен оңго беш-бештен жебе атып жатышат. Атчандарыңар атынан секирип түшүп, кайра ыргып минип, ат үстүндө тикесинен тура калганын көрдүк. Милтелүү үч мылтыктын (цян) бир эле аттын үстүнө орнотуларын али көрө элек болчубуз.

Бирге баратсак (дао-гу?) да, бизди ырайымсыз эзүүнүн астында кармаган жунгарларды (силер) талкалап, кыйратып салдыңар. Күчтүүбүз, мыктыбыз деп мактанган казактар силердин армияңардын жакындап келе жатканын укканда эле багынып беришти. Эми биз (кыргыздар), бир ууч эл болуп туруп кантип эрдемсинип, багынбай коёлу?» (СЮТЧ, 45-бап, 16 барак).

Мындагы бир кызык нерсе, кыргыз элчилери, баарынан мурда, кытай армиясынын мыкты даярдыгына көңүл бурушкан, бул жагынан алар жакшы сынчылар болушкан; экинчиден, кытай армиясынын кыргыздардын күрөш жүргүзгөн кошуналары жунгарлар менен калмактарга караганда артыкчылыгын айтышат. «Бирге баратсак да» деген образдуу сөз көңүлдү бурат, менимче бул кайсы бир кыргыз макалын же кандайдыр бир учкул сөзүнүн кытай тилиндеги котормосу болсо керек.

Кийинчерээк 1761-ж. чыгыш кыргыздарынан Эмирбек (Эму-р-бэй) деген букаралыкка өтөт, ал өзүнүн иниси Мурудду (Му-лу-тэ) жөнөтүп, тартуу катарында кылыч (би шоу) берип жиберет1335.

Кытай букаралыгына өтүү, белгилүү болгондой, үстүртөн гана кабыл алынган, кыргыздар Синьцзянда Кокондогуга караганда бир кыйла артыкчылык укуктардан пайдаланышкан. Кытайдын бул өзгөчөлүү саясаты Синьцзян менен Орто Азиянын ортосунда буфер түзүүгө умтулуусунан келип чыккан. Ошондуктан көчмөн кыргыздар Тянь-Шанда, Алайда да олуттуу даражада өз алдынчалыгын сактап турушкан. Биринчи учурда, мындай абал экинчи учурдагыга караганда бир кыйла даражада сакталып тургансыйт.

Ырас, XVIII кылымдын 70 жылдарында Ош аркылуу Кашкарга барган Ефремов бул жерде кытай гарнизондорунун жана Кытай империясынын курамына кирген аймактарда боло турган аскер конуштарынын бары-жогу жөнүндө эч нерсе айтпайт1336.

Дагы бир фактыны белгилебей коё албайм. Дай цин жана тун чжиде (Цин империясынын жалпы географиясы) жана 1784-жылдан кийин жазылган булакта, Таластын чыгышында, байыркы убакта жунгарлар ээлеп турган аймакта Улем тоосу бар экени көрсөтүлөт. Улем тоо кыркасынан (мүмкүн, Ысык-Көлдүн батышындагы Ак- Өлөңдүр) чыгыш тарапта сарыбагыштар, алардан түштүгүрөөктө кытайга баш ийген кыргыздар (саяктар же чериктер) мекендешкен1337.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй, Кытайдын букаралыгына өткөндүгү менен байланыштырылган кыргыз элчилиги эң эле кеч дегенде 1761-жылга таандык, ал эми айтылган окуядан 23 жылдан кийин түзүлгөн 1784-жылдагы булак кыргыздардын бир гана бөлүгүнүн, же саяктардын, же сарыбагыштардын түштүгүндө байырлашкан чериктердин Кытайга баш ийерин белгилейт да, буга байланыштуу Ысык-Көл менен Таластын кыргыздары жөнүндө эч нерсе айтпайт.

Кандай болгон күндө да, 1770-ж. эле кыргыздар Кытай тарабында болушкан. 1758-ж. алар кытай аскерлери менен бирге кожолорго каршы чыгышкан, 1770-ж. алар торгоуттардын башчысы Убашыга сокку урган негизги күч болгон. Аны адегенде кумдуу талаага сүрүп (?), ал жактан алардын чыгып келишин күтүшөт. Торгоуттар курчоодон чыгууга аракеттенгенде кыргыздар «торгоуттарга тылдан кол салып, кээде чогуу, кээде бөлөк-бөлөк кошуун болуп, аларды күнү-түнү менен куугунтуктап жүрүп отурушуп, көптөгөн адамдарын, мал-мүлкүн казактарга караганда көбүрөөк тартып алышат»1338. Кыргыздар менен жакындан таанышуу кытайларга алардын тиричилиги менен чарбасына жалпы мүнөздөмө берүүгө мүмкүндүк түзгөн. Кыргыздар, эреже катарында, көчмөндөр болгон, бирок чыгыш кыргыздарда кытайлар айдоолордун бар экенин белгилешет. Алсак, СЮТЧ мындай деп жазат: Кыргыздар «мал бакканды, жер айдап, эгин эккенди жакшы көрүшөт (шан чу му, ши цзин чжун) (45-бап, 1а барак). Кызык нерсе, түштүк кыргыздардын дыйканчылыгы туурасында маалымат дегеле жок. Кыргыздарды али батыш жана чыгыш деп бөлө элек, эртерээктеги булак көчмөн кыргыздар олоттор (калмактар) сыяктуу эле «боз үйлөрдө жашап, мал өстүрүшөт, эт менен тамактанышат, бээ менен уйдун сүтүнөн шарап жасашат (кымыз го. — А. Б.)» деп жазат (СЮВЦЛ, 3-бап, За барак). СЮТЧ жана СЮВЦЛдын маалыматы боюнча кыргыздардын кытай императоруна берген алымдары менен тартууларынын түрү да, ошондой эле соода-сатыкка түшүүчү нерселери да ошол эле мал чарбачылыгы жөнүндө айтып турат. Кыргыздар негизинен жылкы менен соода жүргүзүшүп, аны фарфорго, чайга, калың жибек кездемелерге, болотнайга (бөз?), тамекиге, шарапка айырбашташкан (ча, ю, бу, янь, цзю) (СЮВЦЛ, 3- бап, За барак).

Кээ бир маалыматтарга караганда, XVIII кылымдагы кыргыздарды мүнөздөгөн кытай этнографиясынын даректери синьцзяндык кыргыздар менен болгон тааныштыгына негизделген. Алсак, мисалы, СЮВЦЛ мындай деп жазат: «кыргыздар чачын кырып салышат, чочко этин жешпейт. Жеңдери кууш, топчусу жок кийим, төбөсү жапыс төрт бурчтуу тебетей кийишет. Аялдары кооздук үчүн тебетейине кыргоолдун канаттарын сайып алышат1339 (3-бап, За барак).

Кытайлар кыргыздар менен түркстандык башка калктардын (негизинен уйгурлар — хойдун) адат-салттарынын окшоштугун белгилешип, уйгурлар менен кыргыздардын тилдеринде бир аз айырмачылыктар бар экенин айтышат. Кытайлар кыргыз тилин башка түрк тилдеринен, мисалы, уйгурлардыкынан ачык айырмалай билишет. Бул жөнүндө Цзянь Лундун (1736—1796) тушунда басылып чыккан Си юй тун вэнь чжи сөздүгү далил боло алат, анда жаңыдан кошулуп алынган аймактардын географиялык аталыштарынын этимологиясы берилген.1340

Бул сөздүк бурут (кыргыз) лексикасын бөлүп көрсөтөт, бирок алар өтө аз санда келтирилген. Топонимикалык (бир жагынан этнонимикалык) аталыштарды этимологизациялоодо топонимика өтө моңголдоштурулуп жана жунгарлаштырылып жиберилген; көрсөтүлгөн тилдерде эквивалентин таппаганда, сөздүк чыгыш түрк тилине, б.а. уйгур тилине, андан таппаса анда кыргыз тилине кайрылат. Бирок кытайлар кыргыз тилин өтө начар билишкен. Алсак, мисалы, кыргыздардын «сарбагыши», б.а. «Сарбагаши» этноним-сөзүнүн этимологиясын чечмелегенде алар муну «сар» — «batre» жана «баши» — «poignet» деген сөздөр менен которушат.1341

Кыргыз сөздөрүнө Талас өрөөнүндөгү топонимикалык аталыш «эдэмек даба», Ысык-Көлдүн аталышындагы (туз) сөзү Туз-Көлгө киргизилген1342. Кытайлардын кыргыз тили жагындагы билими жарды болсо да, келтирилген тексттерден кытайлар кыргыздардын тарыхы менен этнографиясын дурус эле билишкени ачык көрүнүп турат. Алар кыргыздардын согуштук тажрыйбасын баарынан көбүрөөк баалаган, бул жөнүндө булактарда бир нече ирет айтылат. Алсак, СЮВЦЛда алар Оглы Нурали (?) хандын Кичүү жүзүнүн казактары «кыргыздарга жакын болгондуктан салгылашта тажрыйбалуу келишет» деп айтылат1343. Ошол эле булактын башка бир жеринде кененирээк айтылып, «кыргыздар кедей, бирок баатыр келишет, жанын аяшпайт… согушта тайманышпайт. Казактар менен болурлар алардан коркушат. А түгүл жунгарлар да күч-кубаты ашып-ташып турганда аларды өз бийлигине баш ийдире алышкан эмес» деп белгилейт (3-бап, За барак).

XVIII кылымдагы кыргыздар жөнүндөгү кытай тексттерин талдоо ошол мезгилде Синьцзяндын аймагында болуп өткөн окуяларда алардын олуттуу роль ойногонун көрсөтүп турат. Кыргыздардын согуштук-демократиялык түзүлүшү Кытай империясын өзү менен эсептешүүгө мажбур кылган бул анчалык көп эмес элдин эң эле олуттуу социалдык күчүн түзгөн. Бул уруулардын күчү, айрыкча алар ири уруу бирикмелерине баш кошушкандагы күчү кытай тарыхчысынын маалыматы менен ачык далилденет, ал «а түгүл жунгарлар да өздөрүнүн күч кубаты ашып-ташып турганда аларды өз бийлигине багындыра алган эмес» деп жазган. Бул сөздөр кыргыз эли өзүнүн узак кыйын-кыстоо тарыхында көп учурда артта калган чыгыш деспотизминин системасына кирген болсо да, майтарылбас духун сактап келгени анын күчтүү эл экенин айгинелейт.


Кыргыз