Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз жеринде кара кытайлар

Кыргыз жеринде кара кытайлар

X кылымдын башында тунгус насилинин азыноолак монгол уруктары кошулуп, күн чыгышы Жумшак океандан баштап, күн батышы Байкал, Тянь Шанга жете кара кытайлар зор мамлекет кураган. Падышачылык династиясы түн жак Кытай болгон. Кытай тарыхтарында династиясы Ляо аталган. Ляо династиясы Кытайда көп замандан бийлик кылып келе жаткандыктан, мурунтан келе жаткан башка урук калктын династиясына караганда аларды Кытал маданияты басып кеткен. Тунгус элинен Жүржүн деген күн жак династиясы Сун менен союздашып туруп, Кара Кытайдын өкмөтүн 1125-жылында бүткөргөн. Мындан калган Елуй Дашы баштык эли күн батышка келип, жаңыдан мамлекет кураган.
Бул кытайлар күн батышка эки жоЛ менен келген. Жартысы Синцизиан аркалуу жүрүп, Кашкардын ханы Арслан хан Ахмед Тапкач хан Хасан уулу, Арслан хан Сулаймандыи небереси тарабынан Жеңилген. Ибн ал Асирдин сөзүндө бул согуш 1128-жылы болуп, кара кытайлардын баштыгы өзү да өлгөн. Аныгынде бул согуш мындан дагы кийинирээк болгон. Себеби, Багдаттын улугуна июль айында, 1133-жылында Султан Санжардын жазган катында ал согушту жакында гана болгондой көрсөткөн. Кытай тарыхчылары болсо, кара кытайлардын күн батышка жылып, жаңы мамлекет курганынан башкасын айтпайт. Ушул себептен Кытай тарыхында айтылган Кара Кытай мамлекетин курган Елуй Дашы анык ушул деп айтууга болбойт. Бүткүл мусулман улуктарынан Кара Кытайга биринчиден караганы Баласагун улугу болгон.
Ибн ал Асирдин айтуунда кара Кытайдын бир бөлүгү 16 миң түтүн Арслан хандын (Сулайман болмогу керек) Кытай менен Караханиддердин чек арасына келип туруп, тоонун жолдорун  коргоп турууга милдеттүү болгон. Бул кызматы үчүн жер берилип жана тийиштүү жалына алган. Бир сапар көп пулдуу калың кербенди токтотуп, малга жайлуу жерди айтыңыз дегенде алар Жети-Сууга, демек Баласагунга бет алдырган Кимден кабар алганы маалим эмес, бир комплитатордун XVI кылымдагы кабарына  караганда бул кара кытайлар 1041-42-жылдарда (хижрат433) келгенде, буларды Арслан хан динге кир дегенде башка айткандарыңын баарысын кабыл алган дагы, динге кирбей койгондо хан өз жайына койгон. Ибн ал Асирдин айтсуунда Арслан хан буларга дайым кол салып, тынчтык бербей коркунучка калтырып турган. Жети Сууга сапурылып келгенде өзүнүн уруктары менен биригип туруп, Орто Азияны каратып алган. Жувяйтинин кабарына  караганда кытайлар (му¬сулман тарыхчылары кара кытай дешет) кыргыздын жерин басып келишип, Емилге шаар салган. Кыргыз менен урушуп, кара кытай жеңилген.

Бул шаардан XIII кылымда изи гана калган. Демек, булар биринчиден, Чөк Чөк өлкөсүнө орношуп, 40 мик тутүн болгон. Баласагундун каны Каңлы менен карлуктарга каршы буларды чакырганда, кара кытайлар Баласагунду ээлеп, анда начар өкмөт болгондуктан, өкмөтүн түшүрүп, өзүнчө мамлекет курап, жери Енисейден Таласка жете чоюлган. 1137-жылында Ходженттин жанында Мавреннахирдин падышасы Махмуд ханды жеңген. Самаркандын түн жагы таш көпүрө менен Жаңы Коргондун арасы, Катабан талаасында 1141-жылында селжук султаны Султан Санжардын аскери быт-чыт кылын жеңген. Бир бөлүм аскерин Хорезмди каратмакка жиберген.
Жети Суу Туркестан экөө тең кара кытайдын кол астына кирди. Мамлекет баштыгынын титулу Горхан аталган. Мусулман тарыхчылары хандардын ханы деген сөз дешет. Жавропанын кээ бир билгичтери Григорьев баштап, монгол тили менен горхан (күйөө) деген сөз болуу керек дешет. Маселен, бул титул Амир Темирде дагы болгон. Кара кытайлар күн чыгыш Ляо династиясына туушкан болгондуктан, Горхан титулун алардан алмагы мүмкүн дешет. Кара кытайдын тилин диалектилик жактан текшергенде Горхан менен Горхан айырмасы неден экендиги билинбеди. Ибн ал Асирдин сөзүнө караганда кара кытайлардын биринчи Горханы сырттан караганда сулуу болуп, кийими кытай жибегинен тигилип, хандарда расим болгондуктан бетин парда менен жаап жүргөн. Дини манхай болгон. Эл арасында өтө кадырлуу болуп, аскер тартибинде эн катуу болгон. Мамлекет ичинде карактоо ишин абдан тыйган. Эгерде шаар каратса ар түтүнгө бир динар (ценность этой золотой монеты приблизительно около 4 р. 50 к.) акча алып, башкасына тийбеген. Бул түтүн салыш адети эң мурун Кытайда болуп келе жаткандыктан ошондон алып келген. Букаранын катынына аскери жакындык кылган болсо, жаза берилбесе керек. Горхандар өзүлөрүнүн орунбасарына элчи бербестен жана аскер башынын ыктыярынан бир жүз атчан аскерден башка бербеген . (Балким бул расим тезинен уруш болуп тургандыктан болсо керек). Кол алдына караган хандар Горханга карагандык белги үчүн куруна күмүштөн тактача тагынып  жүргөн. Ошондойчо тактай тагынган белгилүү өкмөттөр  өтө  көп болгон. Горхандын өзүнө дайым караштык, кол алдында саналган жерлери: Жети Суунун күн жүрүшү, Кулжа өлкөсү, Сыр дарыя областынын түн жак, 1 күн чыгышы болгон. Хандын башкы борбору Иленин күн батышы, Чүйдүн бою болгон. Баласагунга жакыныраак жерде болсо керек. Падышасынын борборун «Хусун» ордо атаган (күчтүү ордо деген сөз), жаки болсо Хото (үй деген сөз).
Жети Суунун жартысы Иленин түн жагы карлух хандарына тийиштүү болуп, борбору Капалдын күн батыш жагында Каялык шаары болгон. Мавреннахир менен Синцизианды караханиддер ээлеп турган. Моголдун заманында орусту моголдор кандай бийлеп турса, бу айтылган үч өлкөнүн үстүнөн караханиддер ошондой бийлеп турган.
Маселен, карлук ханы Самаркандын ханына окшоп, анын алдына дайым Горхан тарабынан бир өкүл болгон. Хорезим шахка болсо белгилүү мезгилде киши жиберилип турган. Бухардын дин баштыгы болсо, кээ бир чакта дүйнө өкмөт баштыгы болгондуктан, кара кытайлар үчүн элден алымды жыйып беришти өз мойнуна алган (Ибнал Асир XII, 170).
Ибн ал Асирдин сөзүнө караганда кара кытайдын биринчи Торханы 1143-жылында өлгөндө ордуна кызы олтурган. Бирок бул тезинен өлүп кетип, ордуна Торхандын жесир катыны жана анын Мухамет деген баласы олтурган. Кытайлардын кабарына караганда кара Кытайдын мамлекетин курган Горхандын баласы Елуй И Ле жана анын энеси кыздан мурун падышалык кылган. Тарыхчы Жувенинин кабарына караганда ушул анык болот. Анын айтуунда XII кылымдын 70-жылдарында кара Кытайдын мамлекетинин башында Горхандын кызы болгон дейт. Елуйиле болсо өз кол алдын санак кылгаңда 84 миң 500 түтүн болгон. Бул жалгыз Горхандын өз карамагында болгон боз үйлөр болсо керек. Кытай кабарында бул кыздын аты Бу Су Хуан болгон. XIII кылымдагы мусулмандын бир тарыхчиси ХанХан деп титул берген. Жувенинин кабарында бул кыз Горхан болуп турган чагында өкмөт анын эринде болгон. Кытай тарыхына караганда бул эрин өлтүрүп, ойношу менен ашкере жүргөндө, өлгөн эринин атасынын эли аркалуу көтөрүлүш чыгып, калың эл катындын ордосун тегеректеп калганда, алардын көзүнчө катыны ойношун колу менен өлтүргөндүктөн катындын ажалы жетпей калган. Жувенинин айтуунда катынды ойношуна кошуп өлтүргөн. Бу Су Хуан өлгөндөн соң Елуй Ле Горхандын экинчи баласы Чже Лу Гу хан болгон. Жувенинин кабарына караганда бул өзүнүн бир тууган агасын өлтүргөн.
Мусулмандардын кээ бир тарыхчысы кийинки Горханды Манин же болбосо Куманин аталган дейт. Кара кытайлардын заманында христиан дини болуп Несториянын патреархи III Илия (1170—90-жылдарда) Кашкар шаарына митрополия курган. Кашкардын митрополити Кашкар жака Невакет митрополити титулун алган. Кашкар митрополитине Жети Суунун күн жүрүшү да караган. Токмок-Пишпектик несторияндык көрүстөн кара Кытай заманындагы көрүстөндөр саналат. Христиан дининин күч алууна бир себеп, Орто Азияда мусулмандардын дини күчөп жана ал аркалуу саясий ишинде кубат таап бараткандыгы болгон. Бул мусулманчылык кыймылы болорун башында Горхан билген. Ушул заман Котондун ханы көтөрүлдү деген кабар болуп, Горхан өзүнө жакын турган Арслан хандан шек алып, андан жардам аскер сураган. Аны сынап жаки көтөрүлүшкө кошуларын, жаки мусулман менен каршы согушарын билүү үчүн эгерде шеги билинсе, тобу менен жок кылмакка ойлогон. Карлук ханы Горхандын дегенин аткарган. Бул хандын кара кытайлардын ичинде жакын дос кишиси Шамур Табанходеген болгон. Ал Горхандын сырын карлук ханына айтып, эгерде Горхандан баш тартсаң, сенин укумтукумуңан киши койбой кырат, деген. Эгерде тукумум аман калсын десең, өзүң уу ичип өлгүн, дагы балаңды ордуңа кой, — дегенде Арслан хан уу ичип өлгөндө, анын баласын Каялыкка хан көтөрүп, жанына  Горхандан бир өкүл койгон.
Мусулман хандары менен кармашканда биринчиден Горхандын иши максаттуу болуп чыккан. Бирок качан күн чыгыш жак чегине Чынгыз хандан жеңилген найман уругунан Таян хандын баласы күн батыш монголду күчтүү санаган. Көчмөн эл Күчлүк келгенде Горхандын иши башкаланган. 1209-жылында Горханга Күчлүк өзү келген. Бир кабарда кара Кытайдын аскери Күчлукту колго түшүрүп келгенде өзүнүн элинен аскер жыйып, көтөрүлгөн эл менен Горханга жардам бермек болгондо макул алган. Жувенинин кабарында Горханга караган хандардын эң кубаттуусунан саналган Хорезм шах Мухамбет Күчлүк убадалашкан. Бул келишимде Горханды ким мурун талкаласа ошол Синцизиан, Кулжа өлкөсү жана Жети Сууну алмакчы, Хорезм шахтын хан ордосуна жакын туруучу жана Мухамбеттин Күчлүккө жиберген элчисин билген тарыхчы Нисеви айтат: Карлук ханы Мамдухан менен Күчлүк жаңыдан келишим жасады деп, себеби, Жети Суудан бузук чыгарган мусулман менен байланышып аны менен Күчлүк иайдаланган. Күчлүк Өзгөнттөгү Горхандын казнасын талап алган кезде, 1210-жылында Хорезим шах Самарканддын улугу менен союз болуп, Таластын боюнда (Ылмын дегенде) талаада кара Кытайдын аскери менен согушкан. Согуш бир жаңсыл боло албаган. Себеби, ошол эки жактагы аскердин оң жагы талкаланган. Кара Кытайдын баштыгы Таники Тарас колго түшүп, аскери кайта жапырылган. Баласагун шаарында турган эл кара Кытай аскери жеңилди, Хорезим шах артынан куба келет деп, калаанын дарбазасый бекитип, 16 күнү кара Кытайдын аскерин кийирбеген. Акыры Горхандын кызматында болгон мусулман Махмуд деген бай Баласагундун кишилерин Горханга караңыз дегенде 16 күндөн соң кара Кытайлар Баласагунду талкалап, талап, 47 миң мусулманды кырган. Хорезим шахы тарабынан эч жардам болбогон. Мухамед болсо Мавреннахирге өзү толук хан болгондугуна кубанып, жатып калган. Баласагундун жанында Күчлүктүн аскери дагы жеңилген.
Горхандын казынасын, кара Кытайдын аскеринин колуна түшкөн акчаны кайтадан бергиле, — деп Горхан айтса, аскерлери болбостон көтөрүлүш чыгарган. Мындан пайдаланып Күчлүк көтөрүлүш чыгарган аскердин үстүнөн карап калган.

Горхан амалы колго түшкөндө Күчлүк изат кылып, кайтадан, тактысын берген. Өлгүчө эки жылы Горхан тагында турган. Аныгында мамлекеттин сурагы Күчлүктүн колуна өткөн. Бул окуя 1212-жылында болуп, мындан мурун 1211-жылында Жети-Суунун түн жагына Чынгыз хандын аскер баштыктарынан Кубулай коён баштык монгол аскерлери келгенде Каядыктагы карлуксардын улугу Арслан хан андагы кара Кытайды улугун өлтүрүп, өзү Чынгыз ханга карап калган. Кулжа өлкөсүндө, мусулмандар кыймылында Бузар деген мусулман улугу чыга калган. Бул мурун каракчыларга, жылкы алган урууларга баштык болуп. акыры Алмалык шаарына улук болуп, Тогурул хан титулун алып, өзү Чынгыз ханга карап калган. Монголдордун умтулуусу күн батышта бир аз токтогон. Себеби, алар 1211-жылында Кытай менен согушкан. Бул себептен Горхандын мамлекетинин ар кайсы жерине тамыр жайып, Күлчүктүн күчтүү болуп калуусу дагы этимал болгон. Мурун аны менен пайдаланса да, Күчлүккө биринчиден мусулмандардын чыгарган көтөрүлүшү менен күрөшүүгө туура келген. Дин жагынан караганда мусулмандар Горханга каршы болгондой, Күчлуккө дагы жакшы карабаган. Наймандардын көбү сыяктуу Күчлүк христиан дини Нестариян мазабында болгон. Күчлүк кара Кытайдын атактуу кызын, Хорхандын колуктусун алган. Кийин бул катын Күчлүктү азгырып, Будду динине киргизген. Мусулмандар кынмылынын баштагы Хорезим шах Мухамбет Хорезим шахтын эки аскеринен тең пайдаланып, олжо алды деп Күчлүктү кектеп турган. Хорезм шахтын Күчлүккө жиберген элчиси коркутур сөз айтса да, натыйжа чыкпаган. (Ал Асир XII, 179).

Хорезим шах Горхандын кү« чыгыш жаккы мамлекетин — Күчлүктү калтырып, Сыр дарыянын оң жакасындагы өкмөтүнөн аша кечип, Күчлүккө калтырбас үчүн кээ бир коргондорду талкалап кеткен (күн чыгыш Туркестан) Синцизианда Мухаммеддин өкмөтү Күчлүккө тоскоолдук болбосун үчүн тынчтык бербеген. Синцизиан өлкөсүнө аскер менен барып урушпастан, үч-төрт жыл катары менен эгин алып жаткан чакта, Күчлүк талоон кылып турганда, бөлүнгөн эл жадап, Күчлүккө карап калган. Мусулмандар катуу каршы тургандыктан Күчлүк мусулмандарды өтө кысып, христиан, буддизм диндеринин бирине киргин, болбосо, кытайча кийингиле деген. Ушул максатка жетмек үчүн ХIV кылымда Людовиг Гогонет элине кандай чара колдонгон болсо, Күчлүк дагы ошону колдонгон. Дейек, аскерин үй-үйгө жайып жиберген. Күчлүк аскерине толук эркиндик берип, мусулмандардын үйлөрүнө таратып коюп, анда эмне иштесе ыктыяры болгон. Мусулмандар көбүнчө намаз окуй албастан, окутуу ишинен дагы калтырган. Өзүнүн түн жак, күн жүрүш жеринен Күчлүк аң уулап жүргөндө Бузарды колго түшүрүп, аны өлтүргөн. Жана Күчлүктүн аскери Алмалыкты камап жатканда, Моголдун аскери жакындап калганда, Күчлүктүн аскери кайта кеткен. Моголдун аскери 1217-жылында козголо баштап, 1218-жылында Күчлүккө каршы Жебе ноёнду баш кылып, 20 миң аскер жиберген. Жебе Алмалыкка Бузардын баласы Сукнак Теминди улук кылып, Күчлүктүн элине келип, ар бир киши өз ата-бабасынын дининде болот, — деп жарлык кылган. Ушул жардыгы Күчлүккө каршы турууга элге жол берген. Жети Суунун тоолорун бир ашуусунда Монгол менен Күчлүк согушуп, караса да быт-чыт болуп жеңилип, Күчлүк Кашкарга качкан. Баласагун урушпастан, өздөрү Монголго караса керек. Себеби, ал шаарды монголдор Гобалык (жакшы шаар) деген, Ошондой атакты өзү караган шаарга берген эле. Кашкарда болсо, мусулмандар үйлөрүндө жаткан Күчлүктүн аскерин кырып, монголдорду балакеттен куткарган аскер деп жакшы тосуп алган. Монгол аскери өтө катуу, жакшы тартиптүү болгондуктан, аскер тарабынан эч кысымчылык көрбөгөн. Сарколго качышкан Күчлүктү монголдор жетип кармап өлтүргөн.
Мунун соңунан Чынгыз хан баштык монголдордун аскери Жети Сууга каптап келгенин тарых иретинде жазуу ылайык эле. Бирок Караханиддердин арткы дооруна жакын кара Кытайдын келер алдында чыккан Махмуд Кашкаринин кыскача тарыхын көрсөтүүгө ылайык келди.


Кыргыз