Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз жазмасы

Кыргыз жазмасы – түрк-моңгол тилдүү элдердин ичиндеги эң байыркы жазма маданияты. Бул жазма 6– 12-к-га таандык. Кыргыз жазмасы негизинен эпитафиялык балбал таштарда сакталып келет. Руна сымал Кыргыз жазмасынын эстеликтери негизинен Енисей чөлкөмүндө (Хакас-Минусин ойдуңу, Тува, Тоо-луу Алтай, Краснояр крайы), Таласта, Кочкор  өрөөндөрүнөн табылган. 38 тамгадан турган алфавит ошол мезгилдеги кыргыз тилинин керектөөлөрүн канааттандырган. Атактуу түркологдор В. В. Радлов, В. Томсен, С. Е. Малов, тарыхчы С. В. Киселев ж. б. бул жазуулар кыргыздарга таандык экендигин эбак далилдешкен. Енисейдеги жазуулар Орхон   134 руна сымал жазууларынан кээ бир грамматикалык  өзгөчөлүктөрү  менен айырмаланат. Енисейдеги жазуу системасы Орхон руна сымал  жазууга салыштырмалуу эрте пайда болуп, Кыргыз мамлекетинин иш-кагаз, дипломатиялык ж.б. керектөөлөрүндө  пайдаланылган. Енисей, Талас, Кочкор жазуулары жалпы бир чөйрөдө калыптанып  өнүккөн. Бул жазуу эл аралык дипломатияда да колдонулгандыгын кытай жыл баяндары тастыктайт. Мусулман булактары да кыргыздарда (Абу Дулаф, 10-кылым)  өз жазуусу болгондугун кабарлайт. Болжолу, кыргыздардын Енисей жазма маданияты 17–18-кылымда колдонулган. Орус булактары енисейлик кыргыздардын жазуусу болгондугун кыйыр кабарлашкан. Руна сымал жазуусун кыргыздар өздөрү ойлоп таап, өнүктүрүшкөндүгүн  ташка чегилген жазуулардагы маалыматтар, адам аттары,  өзгөчө  эн тамга белгилери далилдей алат. Акыркы иликтөөлөрдө  кыргыз уруулук эн тамга белгилери менен жазма эстеликтердеги эн тамгалардын жалпылыктары аныкталды. Кыргыздар уйгур жазмасын, ислам динин кабыл алышкан соң, араб алфавитин  өздөштүрүшкөн. Айрым кыргыздар орто кылымдарда кытай иероглифтери жана тибет жазмасын үйрөнүшкөндүктөрү ж-дө  маалыматтар бар. Кыргыздар 1827-жылга чейин араб, 1928–39-ж. латын алфавитин колдонуп келишкен. 1939–40 ж. кириллицага негизделген орус алфавитине  өтүшкөн. Кыргызстандын аймагынан сыртта жашаган кыргыздар араб (Ооганстан, Кытай), латын (Өзбекстан, Түркия) жазмасын пайдаланышат.


Кыргыз