Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз кагандыгы

Кыргыз кагандыгы – Енисей дарыясынын боюнда Мөңгүсуу (Минусин)  өрөөнүндөгү 6–13-кылымдагы Борбордук  Азиядагы ири мамлекет. Кыргыз кагандыгынын жигердүү  ички жана тышкы саясаты 7-кылымдын баш ченинен башталат. Түрктөр, андан соң  жужандардын мамл. талкалангандан соң,  кыргыздар көз каранды эместикти жеңип алышкан. 554–555-ж. Мухан каган түндүктө «Цигу» (кыргыз) падышалыгын жеңип, баш ийдиргени айтылат. 583-жылдан кыргыздар Борб. Азиянын саясий иштерине жигердүүлүк менен катыша баштайт. «Түрктөрдөн түндүктө жашаган цигулар (кыргыздар) өч алуу үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн күтүп жатышканы» жазылган. 629-жылга чейин көз каранды эместигин сактаган кыргыздар сейяньто уруусу башында турган теле (телес) уруулук каганынын Енисейде өзүнүн жогорку башкаруу-чусу болгон. Номиналдуу мүнөзгө ээ болгон вассалдык абал узакка созулган эмес. Ушул мезгилде Кыргыз мамлекетинин админ. башкаруу түзүлүшү калыптана баштаган. Кыргыз мамл-нде кагандын  үч башкы министри болгон (Гйеси-бей, Гюйшабо-бей, Ами-бей).

Болжолу, ушул мезгилде кыргыздардын оң,  сол жана ичкиликтер уруулук топторунун негизи калыптанып бүткөн. Борб. Азияда жана ага жамаатташ жерлерде түрк уруулары Тан династиясына (7–10-к.) моюн сундурулган соң, бул мамлекеттин таасири күчөй баштайт. 632-ж. кыргыз каганына Ван Йи Хун жетектеген Тан императорунун элчилиги келет. 648-ж. кыргыз элтебери (Сылифа) Шибокюй Ачжан Кытай (Тан) императору Тайцзундун кабылдоосунда болгон. Император «жогорку даражалуу мейманды өзгөчө салтанаттуу деңгээлде тосуп алып, сол канатты коргоочу башкы Сангун (генерал) ж. б. титулдарын ыйгарган. Кытайлар көчмөн башка урууларга, элдерге каршы күрөшүүдө кыргыздарды күч-кубаттуу, туруктуу союздаш катары карашкан, ал эми кыргыздар  өз кезегинде саясий-диплома-тиялык алакалардан сырткары, соода-сатык мамилелерине (жибек, фарфор ж. б.) кызыкдар болушкан. 653-ж. кыргыздар белгисиз бир себептер менен туткундалган уруулаштарын бошотуп алууга белек-бечкектери менен келишкени баяндалат. 682-ж. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын калыбына келиши менен бирге, кыргыздар түрктөргө каршы түзүлгөн Борб. Азиядагы коалицияга кошулат.

Түрк каганы Капаган кыргыздардын башчысынын каган титулун таануу менен бирге, Кутлуг Элтерис- кагандын кызын берүүгө аргасыз болгон. 710-ж-дан 711-ж-га караган кыш мезгилинде Тоң-Йокук, Күл-тегин, Могилян (Билге каган) жетектеген кошуун Орхон тараптан Көгмөн тоосун ашып, Енисейге кол салгандыгы маалым. Урушта кыргыз каганы Барсбек курман болуп, Кыргыз кагандыгы Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгына көз каранды болуп калган. Бирок, Түргөш, Тан (Кытай) өлкөлөрү менен тыгыз байланышта болгон Кыргыз кагандыгы бат эле көз каранды эместикке жетишкен. 731-ж. канзаада Күл-тегиндин ашына кыргыз каганы Тардуш Ынанчу-Чор  өз элчисин жиберген. 744-ж. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгы кулатылып, уйгурлардын төбөлү  Баян-Чор (Мояньчжо) такка олтурган (745–759). Селенгадагы табылган таштагы Баян-Чорго арналган жазууда анын Кыргыз кагандыгынын аскерине каршы 750–751-ж. согушкандыгы, аны 758-ж. жеңип алгандыгы айтылган. 8–9-к-да Кыргыз кагандыгы менен арабдар, тибеттиктер жана кытайлардын ортосунда соода байланыштары болгон; карлуктар менен союздаштык алакалар түзүлгөн. 820–40-ж. Кыргыз кагандыгы менен Уйгур кагандыгынын ортосунда согуш башталат. 840-ж. жут, ачарчылык уйгурларды өтө алсыратып салган. Кыргыздар уйгурлардын Орхон суусунун боюндагы борбору Ордо-Балык ш-н 100 миң колу менен басып алган. Айрым уйгур уруулары кыргыздар тарапка өткөн. 9-к-дын орто чени, 10-к- дын башындагы Кыргыз кагандыгы доору ил. Чөйрөдө «Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн мезгили» деп аталат. 940-ж кыргыз аскерлери чыгышта Ли Кэ-юн баштаган чыгыш түрктөрдүн колуна кошулуп, Тан сулалесиндеги такты талашуу күрөшүнө  катышкан. Түштүк Сибирь, Моңголия, Байкал боюнун бир кыйла бөлүгү,  Иртыш дарыясынын бою Кыргыз кагандыгына баш ийген, кыргыздардын батышка журт которгон топтору Кашкар, Ысыккөл, Талас, Кочкорго чейин жеткен. Муну соңку археол. табылгалар, ил. иликтөөлөр да тастыктайт.

Ушул мезгилде Кыргыз кагандыгы Азиядагы күч-кубаттуу жана ири мамл-ке айланган.  Өтө  зор аймакты кармап туруу  үчүн чарбалык-экон. өбөлгөлөр, саясий күчтүү  бийлик болбогондуктан, мамлекет бытыранды боло баштаган, айрым аймактарда кыргыздар таптакыр азчылыкты түзүп калышкан. 10-к-да Кыргыз кагандыгына Түштүк Сибирь, Алтай, Түндүк-Батыш Моңголия гана баш ийип калган. Чыгыш Түркстанда, Теңиртоодо калган кыргыздар карлуктардын, кийинчерээк Караханийлер мамл-нин, Турпанда Уйгур Идикутунун, Жуңгарияда көчмөн түрк уруулар   135 бирикмелеринин курамына киришкен. 11–12-к-да кыргыздардын ээлигинде Саян-Алтай аймагы гана калган. Енисейдеги кыргыздар менен Теңиртоо багытындагы кыргыздардын байланышын, наймандардын  андан соң кара кытай (кара кидан) чабуулдары биротоло ажыратып салган. 1207-ж. Чыңгыз хандын тун уулу Жучу Енисейдеги Кыргыз кагандыгына багыт алганда кыргыз башкаруучулары (иналдары)  өздөрүнүн вассал экендиктерин билдиришкен. 1218-ж. тумат-кыргыз көтөрүлүшү басылгандан соң, К.к. жоюлган. Изилдөөчүлөрдүн далилдөө- лөрү б-ча, Кыргыз кагандыгы 360 жыл көз карандысыз мамлекет болгон.


Кыргыз