Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз элинин улуу мурасы

Советтик патриотизмдин улуу идеяларына, элдердин достугунун, интернационализмдин идеяларына өткөндөгү чындык болмуштар жөнүндөгү билимдердин, биздин өлкөбүздүн биз мыйзам ченемдүү сыймыктана турган тарыхы менен маданиятынын бардык байлыгы ачылып көрүнө турган фактылардын негизинде тарбияланат. Эл өзүнүн тарыхын, ата-бабаларынын эрдигин, маданий асылдыктарын, өзүнүн эл аралык байланыштарын билүүгө тийиш. Тарыхтан ал сыймыктануу сезимин сузуп алат, тарых — атак-даңктын, мыкты каада-салттардын булагы. Элдин тарыхы маданий байланыштар жана аскердик союздар менен канчалык көбүрөөк каныккан болсо, чет элдик баскынчыларга каршы күрөштөр канчалык көбүрөөк көрүнүштөргө ээ болгон болсо, элдин турмуштук күчү ошончолук бекем, чыгармачылык жөндөмдүүлүгү ошончолук бийик, мүмкүнчүлүгү да ошончолук кеңири болот.

Ушундай элдерге кыргыздар да таандык. Кыргыз элинин тарыхынын начар изилденгенине, замандаштары — кытайлар, перстер, арабдар жана башкалар тарабынан начар жазылганына, ал эми кыргыз булактары илимге али аз белгилүү болгонуна карабастан ушул азыр да азыркы эркин кыргыз элинин бай мурасы жөнүндө айтууга болот.

Маданий мурас жөнүндөгү маселеге тайкы мамиле жасоого болбойт. Кыргыздар байыртадан бери эле Енисей жана Тянь-Шань менен, б.а. Сибирь жана Орто Азия менен байланышып келген эл Анын маданияты кошуналары — бир учурларда Кытай жана Чыгыш Түркстан менен, башка бир учурларда — ошол эле Чыгыш Түркстан жана Орто Азия менен өз ара тыгыз байланышта өсүп-өнүгүп келген. Бирок кыргыздар негизинен Орто Азиянын элдери менен тарыхый байланыштарда турган: Орто Азиянын улуу маданиятында бул элдер шериктеш катарында, татыктуу жана укуктуу мураскорлор катарында чыгышат. Кыргыздардын өзбектер, тажиктер, түркмөндөр жана казактар менен достугунун түпкү тамыры да ушул жерде, бул достук тышкы душмандардын баскынчыл аракеттеринен өз өлкөлөрүнүн көз каранды эместигин коргошкон, биргелешип маданиятты түзүшкөн ата-бабаларынын мыкты каада- салттарынын уланышы болуп саналат (…). Орто Азия элдери бай маданиятка жана кубаттуу жоокердик күчкө ээ болушкан — алардын ичинде Енисейден келген байыркы кыргыздар алдыңкы орундардын бирин ээлеп турушкан.

Кыргыз эли өзүнүн өткөндөгүсү менен сыймыктанууга толук укуктуу. Орто Азиянын эң байыркы урууларынын бири катарында ал маданият менен искусствонун көптөгөн шедеврлерин калтырган. Айрым фактылар муну эң сонун ырастайт.

Биз баяныбызды кыргыздардын материалдык маданиятынын бир эстелигин талдоодон баштайбыз.

Ысымы белгисиз бир байыркы сүрөтчү барельефтүү коло күбөктө чокуларын жапыз каалгыган булуттар чулгаган, токойлуу тоонун арасында чаап бараткан атчан адамдын сүрөтүн чеберчилик менен тарткан. Тизгинди коё берген. Атчан адам аттын мойнуна эңкейип, артына бурулуп, өзүнө кол салган барсты мээлеп, жаанын жибин кере тартып жатат. Атчан аңчыдан үркүп бугу, тоо теке, жаалданган каман сыяктуу жапайы жаныбарлар дыр коюп качып баратышат. Атчанга кол салган айбаттуу барска таамай аткан жебеден өлүм коркунучу келип туру. Көпен кыштагы чендеги бир бай кыргыз- дын бейит коргонунун ичинде жашыруун катылган жерден табылган ээрдин тер- дигинин эң сонун жасалгаларынын сюжеттери мына ушундай; бул бейиттен жалпы салмагы 7,5 кг алтын идиштер да табылды. Идиштерде зергер чийип түшүргөн жазуу бар, ал бул табылганын кыргыздардын искусствосуна таандык экенин ырастап турат.

Коло күбөктүн сюжети адамдын жапайы жана күчтүү душманы барс менен жекеме-жеке күрөшкө чыккан аңчы кыргыздын баатырдыгын айгинелейт. Көпкө каршы жалгыз беттеп чыгуу — жоокердин баатырдыгынын символу. Бул баатырдык кыргыздардын бешиктеги курагынан бери, б.а. б.з.ч. экинчи миң жылдыктан бери тарта, Жогорку Енисейде, кытайлар жалпы ат менен «динлиндер» деп атаган малчы уруулардын (пастушеские племена) курамында пайда болгондон бери тарта алар менен бирге өсүп-өнүгүп келген. Бул уруулардын түштүк тобу Саян-Алтай тоолорунун этек- жакаларында жашап, Косоголго чейин жетип, б.з.ч. III к эле Борбор Азиянын кубаттуу уруусу — гуннулар менен кагылышат.

Ошол учурда, гунну империясын негиздеген Модэ шанүй Борбор Азиядан түндүккө кирип бармакчы болот (б.з.ч. 209—201-жж.), бирок ал жерде кыргыздардын ата-бабалары болгон жана кытайча «цзянь-кунь» деп аталган күжүрмөн урууларга туш келет. Булар түштүк динлин уруулары эле, алар нечен кылымдар бою Борбор Азиянын көп сандаган уруулары менен аргындашып отуруп б.з.ч. III кылымга карата өз алдынча бөлүнүп чыккан кыргыздардын уруулар тобу болгон.

Малчылык (пастушеское скотоводство) менен дыйканчылыкты билген, жогорку чеберчиликтеги кол өнөрчүлүккө, темир устачылык менен куюу өнөрүнө, таш чегүүчүнүн жана скульптордун тажрыйбасына ээ болгон цзянь-кундар өз маданиятын Кытайдын, Ирандын жана Орто Азиянын цивилизацияларынан кабыл алып, өздөштүргөндөр менен байыткан. Алар б.з.ч. I к. гуннулардын шанүйү менен бирге алыскы Батышка жортуулдарга катышат, ал эми б.з.ч. 49—47-жж кыргыздардын бир бөлүгү Тянь-Шанга ооп келип жашап калат. Алар өз өлкөсүн басып алууну каалаган чет жерлик баскынчыларга каршы күрөшөт. Кыргыздар Борбор Азиядагы өз коңшуларын өзүнүн маданияты менен байытышат, муну көптөгөн изилдөөчүлөр, алардын ичинде америкалыктар (мис., Мак Говерн) да бир ооздон макул табышууда. Кыргыздар өз тарыхынын эң башынан тартып эле дүйнөлүк маданияттын чөйрөсүнө тартылган. Биздин замандын чегинде эле байыркы кыргыздар этрускилер менен байыркы римдиктер, Крымдагы боспорлуктар жана Фаумдагы египеттиктер жасашкандай, өлгөндөрдүн бет бейнесин түбөлүк сактап калуу үчүн, алардын арбактарына сыйынуу культун түзүү үчүн өлгөндүн бетин бет кеп менен жаап коюшкан.

Жогоруда сүрөттөлгөн атчан аңчы мурда эле Ассурбанипалдын (б.з.ч. VIII к.) ассириялык барельефтеринде, парфяндардын (б.з. I к.) коропластикасында (майда чопо буюмдар), скиф-сармат алтын жасалгаларында (б.з. чегинде) жана сасанилердин (б.з. III—VII кк.) торевтикасында (металл буюмдар) жашаган. Бирок бул — ассириялык падышанын момурап отурган эпикалык сөөлөтү эмес, сасанилик шах-ин-шахтын жансыз иконографиясы эмес, талаанын эркиндикти сүйгөн адамынын шайдооттугу, баатыр жоокердин күжүрмөн кайраты чагылтылган сүрөт. VI—IX кылымдардын күбөктөрү кыргыз жоокеринин бейнесин, Енисей көчмөндөрүнүн кул ээлөөчүлүк мамлекетинин атуулун, б.з. VI—IX кылымдагы кыргыз кагандыгынын кыргыз жоокерин мүнөздөйт. Ал сапаттар кытай жылнаамаларындагы «кыргыздар ар-намыстуу жана туруктуу келишет» деп урмуттап айтылган саптар менен ырасталып турат.

Кыргыз жоокерлеринин күчү, алардын тартиби жана аскердик ар-намыстуулугу жөнүндөгү даңаза Суй жана Таң династияларынын доорундагы гүлдөп турган учурунда «Ортолук империя» деп аталган — Кытай сыяктуу эң кубаттуу мамлекет тарабынан таанылган. Ал эми Моңголияда түрк кагандыгы ондогон жылдар бою (VII кылымдан VIII к. бою) кыргыз урууларын багындырууга жасаган аракети ийгиликсиз болуп, батышта Византияга чейин жана түштүктө Шандунга чейин (Пекин аймагы) жортуулдаган, бирок 710—711-жж. кыргыздарды олуттуу жеңилишке учураткан, ошентсе да ийгилигин бекемдей албаган ошол эле кагандыктын кубаттуу аскер күчүнүн чабуулуна анчалык көп эмес эл — кыргыздар ийгиликтүү туруштук бергенде кыргыздарга болгон урматтоо мамиле Кытайда ого бетер бекемделбей койгон эмес. Түрк аскерлери артка Моңголияга, Селенга менен Орхондун жээктерине чегинип кетишет. Кагандыктын падышалары кыргыздардын жол башчысы Барс-бекке түрк каганынын кызын күйөөгө берүүгө, кериктин терисин кыя чапкан кыргыз кылычынын курчтугун жана кыргыз бектеринин бийлигинин бекемдигин таанууга аргасыз болушкан, ал бектердин бейиттеринде таш мамылар орнотулуп, алардын бетине бектердин эрдигин даңазалаган, уйкаш саптардан турган, патетикалык маанайдагы насаат сөздөр чегилген.

Байыркы кыргыз тилинде, байыркы кыргыз тамгасы менен чегилип түшүрүлгөн эстелик жазуулары бар бул монументтер СССР элдеринин эң байыркы адабиятынын (эң байыркы, 648-жылдагы Бегренин тексти менен белгиленген) үлгүсү болуп саналат, ал тексттерде өлгөн адамдын эрдиги метафоралар жана гиперболалар менен даңк- талган. Кыргыздарда өз уруусуна берилгендик эң эле ай жаркын сапат болгон. Кайсы бир эстеликтин текстинде берилген лакапта мындай делинет: «Карышкыр башына кырсык түшкөндө инилерин таштап качып кетет, барс эч качан таштап кетпейт». Күчтүн жана берилгендиктин символу болгон барс кыргыз жол башчыларынын жалпы лакап атына айланган. Булактарда кыргыз бектери өзүнүн энчилүү ысымдары менен эмес, лакап аттары менен көбүрөөк белгилүү, алар барс-бектер деп аталышкан.

Тең эмес салгылаштан качкан жоокердин башы алынган, эгерде тапшырылган иш аткарылбаса элчинин да башы кеткен. Бул өкүмдардын кесирлиги эмес, элдин мыйзамы болгон. Чыккынчы — өлүмгө өкүм кылынган. Кыргыз жоокерлеринин катарында коркоктукка орун жок болгон. Дал мына ошондуктан түрк кагандыгынан кем эмес кубаттуу уйгур кагандыгы кыргыздар менен (808-ж. бери тарта) тынымсыз согуш жүргүзүп, аларды каратып алуунун ордуна, өзү 840-ж. Яглакар хан тарабынан баш коштурулуп, салгылашка кирген, буркан-шаркан түшүп каарданган кыргыз жоокерлеринин колунан өлүм тапкан. Енисейдин ыйык жайыктарын кордогону үчүн өч алып, кыргыздар Саян-Алтайдын тоолорунан көчкүдөй куюлуп түшүп, түндүктөн Моңголиядагы уйгурлардын борбор азиялык мамлекетине бороон сыяктуу каптап кирет. Кыргыздарда бул күрөштүн башчысы жана туусу Яглакар хан болгон, анын ысымы бул ээ-жаа бербеген күчтү символдоштуруп турган (байыркы түркчө Яглакар — «кардуу куюн», «бороон» деген түшүнүктү берет).

Борбор азиялык ордо кыргыздардын катуу чабуулуна туруштук бере алган эмес. Яглакар ал ордонун өкүмдарына карата айткан опузасын ишке ашырат. Яглакар хан борбор азиялык уруулардын каганына мындай дейт: «Сенин күнүң бүттү. Мен жакын- да сенин алтын ордоңду алып, алдына атымды байлап, төбөсүнө өз туумду саям. Эгер мени менен салгылаша алсаң тезинен кел, эгерде анте албасаң тезинен кет».

Бир нече жылдын ичинде кыргыздар Модэнин мезгилинен бери көптөгөн жүз жылдар бою кыргыздарды жеңип алууга жасаган аракеттери ишке ашпаган борбор азиялык мамлекеттердин бирин талкалап салат. Ошондон баштап Яглакар мезгилинин кыргыздары Борбор Азиянын талаалары менен, Чыгыш Түркстандын чөлдөрү жана оазистери аркылуу катаал Тянь-Шанга чейин каптап кирип, өзүлөрүнүн ата- бабалары гуннулардын шанүйү Чжи-Чжи менен биринчи жолу келген өлкөгө экинчи жолу келишет, кыргыздар бул өлкөнүн уруулары — түргөштөр жана карлуктар менен байыртан эле достук мамиледе болгон.

Бул мезгил кыргыздардын толук согуштук жеңиштеринин, эң эле кеңири аймактарга тараган, эң бийик саясый жана маданий жогорулашынын мезгили болгон. 847-ж.

Яглакар өлгөндө, анын өмүрү менен иши эл күчүнүн соолбостугунун символу катарында, кыргыздардын атак-даңкынын эстелиги катарында Манас баатырдын эпикалык образында чагылып калган. Ошондон бери тарта элдик уламыштар менен дастандар булак болуп агылып отуруп баатырдык эпостун бирдиктүү агымына келип куйган.

Андан кийинки тарыхта эл эсинде сакталып калууга татыктуу болгон окуялар улуу жол башчынын өлбөс-өчпөс образы менен байланыштырылып, эң алгачкы негизге катмарланып кошула берген.

Мындан кийинки мезгил Енисей кыргыздарынын саясый ролунун төмөндөшүнүн мезгили болгон. X к. башында аларды Моңголиядан кара кытайлар сүрөт, чынгызилердин тушунда моңголдор кысымга алып, аларды Жучу хан (1207-ж.) менен Хубилайдын (1270-ж.) аскерлери баш ийдирет. Мындагы бир мүнөздүү нерсе, XIV—XVI кк. Енисейдеги кыргыздар жөнүндө тарых эч нерсе билбейт. XVII кылымдагы орус булактары гана ал окуялар жөнүндө маалыматтарды бизге жеткирип отурат.

Жигердүү Иренак бек Енисей урууларын өз айланасына баш коштуруп, 40 жылдан ашык мезгил бою орус падышачылыгынын бекел1делген кыштактары менен чептерине каршы, моңгол урууларына жана алардын жол башчысы Лочжанга, жунгар башчылары Сенги менен Галданга каршы күрөш жүргүзөт. Иренак 1678-ж. жана 1683-ж биринчи жолу орустардын ордо шаары Москөөгө өз элчилерин жиберип, биринчи жолу орус мамлекети менен мамиле түзөт. Ал кыргыздардын мамлекеттүүлүгүн жана сооданы өнүктүрөт, калмак маданиятынын, атап айт1санда, моңгол жазуусунун таралышына шарт түзөт. Иренак өлгөндөн кийин (1685-ж. болсо керек) Енисейдеги кыргыздар мындай ири саясый жана маданий ийгиликтерге жетише алган эмес.

1703-ж. акыркы кыргыз үй-бүлөлөрүн калмактар батышка сүрүп, кыргыздар Енисейден кетишет. Бирок алар байыртадан эле байланышта болуп, XVI к. өздөрү ээси болуп калган Тянь-Шанда да алардын көз каранды эместик үчүн күрөшү улана берген.

Тянь-Шань он беш кылымдан ашык мезгил бою енисейлик меймандарды кабыл алып турган. Он беш кылымдан ашык мезгил бою Сибирдеги кубаттуу Енисей дарыясынын жээктеринен асман тиреген кардуу тоолордун этек-жакаларына, өзүлөрү ачкан өлкөгө кыргыздар акырындык менен, бирок тынымсыз түрдө агылып келе берген. Бул жүз жылдыктар кыргыздын биринчи улуу жүрүшүнүн мезгили болгон. Ал жүрүш гуннулардын шанүйү Чжи-Чжи менен бирге башталган.

Б.з.ч. 1 кылымдын гуннуларынын шанүйлөрү — бир туугандар Хуханье менен Чжи- Чжи ар башка адамдар болгон. Кытайдын бай белек-тартууларына, кытай сарайынын эң сонун шартына, саймалуу жибек кездемелерине жана лактарына азгырылып, Хуханье өз урууларына чыккынчылык кылып (б.з.ч. 55-ж.) Кытайдын түндүк чек араларын талаалыктардын чабуулунан коргоо үчүн ага кызматка өтөт.

Бирок Чжи-Чжи баш ийген эмес. Ал өз эркиндигин сатууну каалабаган уруулар- ды айланасына топтоп, түндүккө, эркиндикти сүйгөн урууларга жардам сурап барат. Чжи-Чжи шанүйдү , биринчи болуп кабыл алгандар Енисей кыргыздары болгон. Алар- дын жайыттарынын ортосуна ал өз ордосун орнотот. Дал ушул жерде элдердин улуу көчүнүн башталышына негиз салган уруулар тобунун уюткусу түзүлөт. Ушул жерден кыргыздар менен бирдикте түндүк гуннулар батышка жөнөйт, элдердин ушул улуу көчүнө кыргыздар биринчи болуп катышат. Жол Алтай жана Чыгыш Казакстан аркылуу өткөн, ал эми Чжи-Чжинин жана анын кошуунунун биринчи (жана акыркы) ордосу Талас суусунун башындагы Тянь-Шань болгон. Ушул жерде ошол учурда Тянь- Шанды мекендеген көчмөн усундар менен негизги байырлаган аймагы Сыр-Дарыя менен Хорезмге чейин созулуп жаткан кангүй урууларынын ортосунда чек ара өткөн. Бул жерде Чжи-Чжи каңгүйлөрдүн өкүл1дарынын кызына үйлөнүп, падышанын кабыл алуу аземдеринде кытай элчилеринен өйдө отурган. Чжи-Чжи менен бирге бул жакка, Тянь-Шанга, б.з.ч 49—47-жж. кыргыз уруулары да келет. Таласта, азыркы кыргыздардын эпикалык баатырларынын өрөөнүндө алар өз бийлигин орнотушат. Бул кыргыздардын улуу жүрүшүнүн биринчи этабынын акыркы пункту (чеги) болгон.

Тянь-Шанды эл байыртадан эле байырлап турган. Чүй өрөөнүндө жана Тянь- Шанда табылган, б.з.ч. миңдеген жылдар мурдагы коло доорунун эстеликтеринде да бул уруулардын түндүк-чыгышта Түштүк Сибирь менен, түштүк-чыгышта Кытай менен байыркы байланыштарынын изи байкалат. Булар жарым-жартылай отурук- ташкан малчылар (пастухи-скотоводы) болушкан. Б.з.ч. VII кылымда аларды көчмөн сактар алмаштырышкан, ал эми б.з.ч. III кылымда сактардын ордун усун уруулары ээлейт. Байыркы кыргыздар усундар менен Енисейден көчүп келген мезгилде таанышат. Усундар да көчмөндөр болгон. Алардын ордосу Ысык-Көлдүн түштүк жээгинен орун алып, Чигу деп аталган. Алар Кытай менен жандуу соодажүргүзүп, Орто Азияга элчилерин жөнөтүп турушкан. Алардын өлкөсү б.з.ч. 136—128-жж. Орто Азияга келип кеткен кытайлык саякатчы Чжан Цяндын баяндамасында толук жазылган. Усундар Чжи-Чжинин кошууну тарабынан багындырылат.

Кеңкол суусунун куймасы чендеги (Жогорку Таластын куймасы) биз тараптан казылган көрүстөндүн бай табылгаларынын ичинде Чжи-Чжинин кошуунунун курман болгон жоокерлеринин сөөгүн көмгөндө өлтүрүлүп көмүлгөн кулдар катарында усундардын да сөөгү жолукту.

Гуннулардын Тянь-Шандагы үстөмдүгү б.з. биринчи кылымдарында аяктап бүтөт. Алардын ордуна эми 582-ж. түрк кагандыгы, андан кийин 704-ж. түргөш, 766-ж. карлук кагандыктары келет. Бул көчмөндөрдүн кул ээлөөчү мамлекеттеринин борбору Суяб шаары болгон (Кемин суусундагы, Новороссийск кыштагы чендеги урандылар), мында иран тегиндеги, Заравшан суусунун алабынан чыккан согдулук оторчулар зор маданий роль ойногон. Алар Кыргызстанда дыйканчылык маданиятын жайылтып, кол өнөрчүлүктү, чоподон буюм жасоо өнөрүн ала келишет. Алардын оторлору Исфижабдан (Чымкенттин жанындагы Сайрам кыштагы) Жогорку Барсханга чейин (Ысык-Көл) созулуп, ал эми согдулук эң кубаттуу оторлуктардын бири Красная Речка кыштагынын ордунда жайгашып, Сарыг деп аталган.

Кыргыздар бул уруулар менен достук мамиледе болуп, алар Енисейден өз жазуусун ала келишкен, бул жазуу менен XIX к. 90-ж. эле Талас суусунан түштүк-чыгыш ченде табылган бейит үстүндөгү эстелик таштарга жазуулар чегилген. Кыргыз усталары Тянь-Шанда, азыркы Кочкор районунда, Шамшы капчыгайына жакын жерде эң сонун күмүш буюмдарды калтырышкан, ал буюмдарда кыргыз чеберлеринин искусствосуна Орто Азиянын маданий таасири айкалышып калган. Тянь-Шанда эң алгачкы тайманбас кыргыздардын тукумдары гана жашабастан, Яглакардын доорунда бул жакка өтө көп санда келген кыргыздар да жашаган, алардын көптүгүн мусулман авторлору да адилет байкашкан, алар X кылымда эле кыргыздарды Тянь-Шандын тургундары катарында белгилешкен.

Бул демек Тянь-Шань элдеринин байыркы маданияты жана саясый турмушу кыргыздардын батыш, Тянь-Шандык бутагынын да маданияты жана саясый турмушу болуп калган дегендик, алар анын толук укуктуу мурасчылары болгон. Бул демек, КыргызстанХ1—XII кылымдарда маданияты гүлдөп турган аймакка айланганда жана анда орто азиялык масштабдагы карахандар мамлекети бышып жетилген учурда бул мамлекеттин түзүлүшүнө азырынча илимге анчалык белгисиз болгон кандайдыр бир үлүштө кыргыздар да катышкан; карахандардын бийлиги батышта Аму-Дарыяга чейин, чыгышта Синьцзянга чейин жеткен. Бул демек, Кыргызстанда кара кытайлар үстөмдүк кылып турган мезгилде, б.а XII к. экинчи жарымында (1147—1218-жж.) кыргыздар мурда кооз минареттерди, мечиттердин порталдарын жана карахандык өкүмдарлардын ак сарайларын суктанып карашкандай, буддалык храмдардын курулуштарынын да күбөсү болушкан, өз өлкөсүнү 11 окумуштууларынын түрк тилиндеги оригиналдуу чыгармаларын окушкан. Бул чыгармалардын арасында Баласагун шаарында туулган, Хажиб Жусуптун «кантип бактылуу болуу керектиги жөнүндө билим» — «Кудатку Билик» деген чыгармасы көрүнүктүү орунду ээлейт. Баласагундун Ак-Бешим деп аталган урандылары Токмок шаарынын түндүк-батышында жатат.

Баласагун шаары XI—XII кылымдарда карахандардын, кийин кара кытайлардын борбору болгон.

1218-ж. Орто Азияны моңголдор басып алганга байланыштуу Тянь-Шандын этек- жакаларындагы шаарларды өрт каптаганда, моңгол эзүүсүнүн оорчулугун кыргыздар да баштан кечирип, алар бул жерде тамырын жаюуга умтулган моңгол династиясынын элдешпес душманы болуп калышкан. Баскынчыларга каршы жек көрүүчүлүк кыргыздарда ачык каршылык көрсөтүүгө, ошол учурда кыргыздар да жашап турган өлкөнүн — Могулстандын башкаруучуларына каршы көтөрүлүштөрүнө айланган. Кыргыздардын каршылыгынын күчүн жана тайманбастыгын сезген моңголдор аларды « Могулстандын арстандары» деп адилет аташкан.

Моңгол үстөмдүгүнүн кишенин талкалап, эркиндикти сүйгөн кыргыздар өзүнүн «улуу жүрүшүн» уланта берген. Алар 1508-ж мыкаачы Мансур хан менен салгылашат. 1514-ж. Мырза Абу-Бекрдин бийлигин жок кылышып, ушундан кийин дээрлик баардыгы Мухаммед хандын бийлиги астына баш кошушат. XVI к. орто ченинде кыргыздар Хакк-Назардын бийлиги астында казактар менен биригип, моңголдордун койгон адамдарына каршы күрөштү улантышат, жеңилип калганына карабастан, 1558-ж. эле Кашкарга коркунуч туудурган олуттуу күч бойдон кала беришкен, бул жөнүндө алардын арасында болгон англиялык Женкинсон кабарлайт.

Кыргыздар Тянь-Шандын эркиндиги үчүн салгылашкан. Алар моңгол хандарынын түнөктөрү болгон Кашкарга, Ферганага каршы көтөрүлүшүп, 1635—1636-жж. Кара-Тегин менен Гиссарды ээлеп алышып, Абдулла ханга (1638—1670-жж.) катуу каршылык көрсөтүшкөндө, ал да өзүнөн мурдагылар айткандай, кыргыздарды «Могулстандын токой арстандары» деп атайт.

Ошол маалда кыргыздар көп сандаган жүрүштөргө чыккан, алар Тянь-Шанга, Кашкарга, Жаркентке, Кара-Тегинге, Гиссарга, Ферганага, Ош, Анжыянга, Ташкенге ж.б. жактарга жортуулдап турушкан. Өз укугун бекемдөө үчүн болгон бул күрөштөр «Манас» эпосунда бай чагылышын тапкан. Бул күрөштөр Манас менен Кошойдун Кашкарга жүрүшү жөнүндөгү, Манастын өз душманы Коңурбайдын атасы Алооке-хан менен Талас үчүн күрөшү жөнүндөгү баяндардын жаралышына себеп болгон (булар, мүмкүн, Самаркандын ханы Кучкунчу менен анын уулу Абдулла сыяктуу тарыхый адамдар болсо керек).

«Манас» эпосу, К. Рахматуллин көрсөткөндөй, иш жүзүндө кыргыздардын Тянь- Шанда орун алып, бекемделиши менен бүткөн «улуу» жүрүштөрүнүн бүткүл циклин чагылдырат. Окуялардын толук чагылышы жагынан кыргыздардын Тянь-Шандык иштери эпосто негизги орунду ээлейт.

«Манас» эпосундагы «чоң казаттын» бүтүшү жана Манастын өлүмү менен кыргыздардын тарыхы бүтпөгөндөй эле, кыргыздардын Тянь-Шандагы XVII кылымдын аягы чендеги күрөшү да аяктап бүткөн эмес: «Манас» эпосу — Манастын уулу Семетей жөнүндөгү эпос менен уланган сыяктуу тарыхта кыргыздарга, «могулстандын арстандарына» Орто Азиянын элдери менен достукта жана союзда эркиндик үчүн дагы көп жолу күрөшүүгө туура келет. Ошондуктан Орто Азиянын тарыхы жана анын маданиятынын улуулугу кыргыздар үчүн кымбат. Анда эмесе Орто Азия элдеринин, алар менен кошо кыргыз элинин тарыхынын негизги этаптарына көз жүгүртөлү.

Орто Азия элдери байыртадан эле кулчулуктун азабы менен эркиндиктин баасын билишкен. Алар учу-кыйырына көз жетпеген мейкин талааларды, Памир менен Тянь- Шандын өрөөндөрүнүн байлыгын сүйүшкөн. Алар өздөрүнүн бийик маданиятын баалаганды, сонундуктун критериясына таянып, ал маданиятын өнүктүрүүнү, коңшуларынан үлгүлүү нерселерди алып өздөштүрүүнү билишкен. Алар өздөрүнүн ар намысы менен эркиндигин сакташып, аларды күч тең эмес болгон согуштарда, кандуу кагылыштарда да коргоп турушкан.

Тарых таңы аткан ченде Аму-Дарыянын баш жагында ахеменилер падышаларынын куралданган оор атчан аскерлери пайда болуп, азыркы Орто Азия элдеринин алыскы ата-бабалары — скифтер менен массагет урууларынын эркиндигин жок кылууга аракеттенишкенде Орто Азия элдеринин турмушу ушундайча башталган. Ошондо ахемениликтер скиф атчандарынын октой учкул чабуулун, атчан чаап бараткан жаачылардын көзгө атар мергенчилигин жана шамдагайлыгын баштарынан кечиришкен. Алар Орто Азиянын бардык элдеринен алтын менен күмүштөн алым ала алышпаган соң, анын ордуна ал тайманбас жоокерлерди өз катарларына кошуп алууну артык көрүшкөн, алар тарыхта айтылып калган Платея менен Фермопилдин жанындагы согуштарда (479—480-жж.), Марафон салгылашында (б.з.ч. 490-ж.) жана башка салгылаштарда талаалык баатырлардын күчүн жана жоокерлик ийкемдүүлүгүн көрсөтүшөт. Бул жөнүндө тарыхтын атасы Геродот б.з.ч. V кылымдан кабарлайт.

Ар кошкондон бир кошкон ыркы жок уруулардан турган Ахеменилер мамлекети македондук жоокер Александрдын соккусу астында кулаганда, Дарий менен Ксеркстин тукумдары эмес, Кир жана анын уулу Камбиз эмес, дал Орто Азиянын элдери, айрыкча кыргыздар менен казактардын ата-бабалары Яксарттын сыртындагылар — жети-суулук сактар каршылык көрсөтүүгө күч табышкан.

Орто Азиянын багынбаган элдерин өрт жана кылыч менен баш ийдирүүгө умтулган, Согдуда Спитамендин көтөрүлүшүн басып жок кылган, багындырылгандар менен тынчтыкка келүү максатында көтөрүлүшчү Оксираттын кызы, скиф дүйнөсүнүн эркин аялдары — аял-жол башчылар Зарина менен Спаретранын тукуму, бактриялык кыз, айдай сулуу Роксанага үйлөнгөн согушчан Александр; өзүнө баш ийдирилген элдердин туруктуулугун урматтаган, чыккынчы жеңип алуучу үчүн да таяныч боло албайт деп эсептеп, чыккынчы кол башчы Бассени өлүмгө буйруган Александр; байыркы замандын эң улуу скульптору Лисиптин колу жана анын мектебинин жардамы менен бул өзүнө жат жерде, бардык жерде өзүнүн таажылуу портретин койдурган бул кубаттуу жеңип алуучу Орто Азиянын элдери — кыргыздардын, казактардын, өзбектердин, түркмөндөр менен тажиктердин ата-бабаларынын өлкөсүн багынды- рып кармап тура алган эмес. Анын өлүмү менен бизге жеңип алуучунун ийгиликтери да кошо өлүп жок болгон. Бул жөнүндө Анабазис Арриандын чындыкты баяндаган саптарында чагылып калган б.з.ч. IV жүз жылдыктын сабактары айтат.

Түштүк-батыштагы Ирандын шахтары менен Грециянын базилевсилеринин тосмолорун кыйратып, биздин орто азиялык эркин элдер Хорезмден Бенареске чейин, Каспий денизинен Моңголиянын талаарына чейин созулуп жаткан мамлекеттердин — кушандардын, каңгүйлөрдүн, тохарлардын жана усундардын мамлекеттери кубаттуу сел болуп дүйнөгө каптап чыккан, алардын арасында байыркы кыргыз уруулары да болгон.

Бул мамлекеттерде элдин жаңы душманы, баскынчыларга караганда алда канча каар- дуу болгон — төбөлдөрдүн табы, кул ээлөөчүлөрдүн табы жаралып өсүп жаткан болучу.

Бардык жакшы нерселерди, маданий асылдыктарды жараткан эл дагы жаңы-жаңы баалуулуктарды жаратып, өз өлкөсүн байытып отурган. Хорезмдеги чөл бай сугат системасынын каналдары менен келген Окс дарыясынын суусу менен сугарылып, мөмө- жемиштерди берип, суу маданиятты, эгин талааларын, шаарлар менен техниканы жараткан.

Антик авторлоруна Политимет аталышта белгилүү болгон Заравшан алабынын сууларын адамдар өзүнө баш ийдирип, Согдиананын жерин күрдүү айдоолорго айланткан. Бул, азыркы Бухара жана Самаркан шаарларынын аралыгында жаткан бай өлкөдө эң жогорку сапаттагы буюмдар жаралган: чоподон искусствонун жогорку көркөмдүктөгү буюмдарды жасашып, оймо-чиймелешип кооздошкон, согду жазуусу менен кеңири белгилүү болгон пахтадан жасалган кагаздарга жазышкан. Бул өлкө түштүк-батышта Термез менен, түндүк-чыгышта Шаш менен тыгыз карым- катнашта болуп, чыгышка, Чу суусу жана Ысык-Көлдү бойлой, Тянь-Шандан түштүктөгү өлкөлөргө өзүнүн ишкер көпөстөрү менен кол өнөрчүлөрүн жөнөтүп турган. Ушул мезгилде Кыргызстанда бай дыйканчылык маданияты түзүлүп, көл өнөрчүлүк

өнүгүп, шаарлардын шахристандарынын түбүндөгү базарларда соода шакардай кайнап жүрүп турган.

Орто Азия өзүнүн маданий өнүгүшүнүн деңгээли боюнча бийликти сүйгөн кошуна сасанилер Иранынан кем калбай өсүп-өнүгө берген; сасанилер Ираны Ирак менен Закавказьени бийлеген, Византия менен күч сынашкан, аны «Ирандын жана ирандык эмес, теги кудайлардан болгон, кудай насилиндеги падышалардын падышалары» башкарып турган.

Менменсиген жана кубаттуу сасанилер Ираны акыры түбүндө, шатрдарлары — «өлкөнүн башкаруучуларынын» жана васпухрлары — «эл уулдары» өздөрүнүн жеке керт башынын кызыкчылыгын гана ойлогондуктан, сасанилик жер ээлөөчүлөр – дихкандар элди харагдар жана гезиттер — салыктар менен муунткандыктан улам даңксыз кыйрап жок болду. Ал орто азиялык элдер, негизинен, Түркмөнстандагы көчмөндөр — эфталит уруулары колдогон маздакиттердин (V к. акыры) дүркүрөгөн кыймылынан каардуу сабак алат.

Орто Азияда жандуу колдоо тапкан маздакиттердин кыймылы дүйнө элдеринин кул ээлөөчүлүк системасына урган жалпы соккусунун бир бөлүгү болгон. Кытайда, VI к аягында жана V кылымда, аны Борбор Азиянын аскердик-демократиялык уруулары, Кытайдагы граждандык согуш менен союздаштыкта чыккан тобалардын жеңип алышынын натыйжасында кулчулук кулайт; V кылымда сасанилер Иранына Орто Азиянын элдери менен союзда маздакиттердин кыймылы сокку урат, ал эми батышта, ошол эле кылымда, варварлар, б.а. римдиктер эместердин бүт баары жалпы душманга каршы биригишип, Римди буркан-шаркан түшүрүп көңтөрүп салышат, бул «римдик эместердин» арасында аз эмес санда славяндар да, а түгүл орто азиялык уруулар да болгон.

Ак сөөктөрдүн алдым-жуттумдугуна каршы багытталган, дүнүйө-мүлктү коомдоштуруу ураанын көтөрүп чыккан жана коммунисттик идеялардын мажес үнү угулуп турган маздакилер кыймылында тирандардан эркиндикке чыгуу үмүтү, эксплуатацияга каршы стихиялуу күрөш чагылган. Кийинчерээк Орто Азиянын элдери да ошол эле маздакиттердин ураанын көтөрүп чыгышкан болучу.

Сасанилер Ираны көтөрүлүштү басып салышканы менен, батыштагы өз душманы — арабдарга каршы туруштук бере алган эмес. Беш жылдын ичинде каардуу Сасанилер империясы кыйрайт. 637-ж башталган күрөш, иш жүзүндө 642-ж. аяктап, сасанилердин акыркы падышасы Иездигерд III 651-ж. гана өлтүрүлөт. Иран арабдар менен салгылашкан беш жыл ичинде арабдар Кадистен Ктезифон аркылуу Мервге жетип келип калган болучу. Ал эми Мервден Орто Азия аркылуу Талас суусундагы Таразга келүү үчүн ошол эле арабдарга жүз жылга созулган айыгышкан согуш (651 — 751-ж.) керек болгон, бирок акыры түбү кыргыз элинин мекени кебелбес Тянь-Шанды басып алам деген оюнан баш тартып, чегинип кетүүгө аргасыз болгон.

Жети-Суунун көчмөндөрү бирде Тибет менен, бирде Кытай менен билермандык кылып союз түзүп, согуштарда такшалган араб кол башчылары да жеңе албаган күч болуп чыккан. Бул жерде, 751-ж. Шариктин элдик көтөрүлүшүн ийгиликтүү талкалаган атактуу Зиад ибн-Салих да катуу жеңилишке учурайт. Кыргыздардын, өзбектердин жана казактардын генеалогиялык тамыры барып такала турган түрк уруулары Тянь-Шанды Кытай императорлору менен араб аскерлеринин баскынчыл умтулууларынан ийгиликтүү коргоп турушкан.

Арабдардын Орто Азиядагы өтө кыйынчылык менен жетишилген басып алууларынын ийгилиги көпкө узабай таш жалак калат.

Орто Азия элдеринин көтөрүлүштөрү бир башталып алса көпкө чейин токтогон эмес. 747—748-жж Мерв ченде башталган, Абу Муслим жетектеген көтөрүлүш 749-ж Омейяд халифатынын батыш ээлиги Хорасанга чейин жетип, анын кулашынын себеби болгон. 750-жылдары Омейяддардын ордуна келген аббасилик өкүмдарларга каршы Бухарада Шариктин көтөрүлүшү башталат. Бул кыймылды арабдар басып таш- тоого үлгүрө электе, ошол эле VII кылымдын 70-жылдары Кашка-Дарыя жана Заравшан сууларынын өрөөндөрүндө арабдардын үстөмдүгү менен эзүүсүнө каршы Муканна деген лакап ат менен аталган, кол өнөрчүлөрдүн жол башчысы Хашим- ибн- Хакимдин жетекчилиги менен «ак кийимчен адамдардын» — дыйкандардын кошуундары аттанып чыгат. Муканна маздакилердин урааны менен чыгып, көтөрүлүшчүлөрдүн мүлктүк тең укуктуулук — «ал-абахат» жөнүндөгү тилегин ишке ашырууга киришет.

Муканна Мервден Бухарага чейинки, Несефтен Гиссарга чейинки мейкиндикте катуу салгылашат. Аларга Кыргызстан менен Моңголиянын түрк көчмөндөрү жардамга келишет, алар 712-ж. самаркандык согдуларга алардын ошол эле арабдарга каршы күрөшүндө да жардам беришкен. 775-ж. Муканнанын көтөрүлүшүнүн башталышы катары эсептелет, бирок 783-ж. гана арабдар коркуп калган жергиликтүү ак сөөктөр менен биргелешип өтө зор чымырканган күч менен бул көтөрүлүштү басууга жетишет.

Муканна жетектеген элдик улуу кыймыл арабдардын Аббасилер халифатынын түбүн солкулдатып, дыйкандарды күрөшкө үйрөткөн. Ушунчалык күчтүү каршылык көрсөтүүгө жөндөмдүү болгон, жеңилүүнүн бардык оорчулугун жана жеңиштердин ийгилигин баштан кечирген эл каардуу салгылаштардын соту гана болбостон, бийик маданиятты түзүүчүлөр да болгон.

Саманилердин орто азиялык династиясы үстөмдүк кылып турган IX—X кылымдардагы гүлдөп турган мезгилде Орто Азиянын элдери маданияттын дүйнөлүк үлгүлөрүн жаратышат. Мында архитекторлор куполдору заңкайган мечиттер менен ак сарайларды, эң бийик кооз мунараларды курушкан. Мында, кол өнөрчүлөрдүн махаллаларында жупуну кыштактарга дүйнөлүк атак-даңк алып келген өтө кооз саймалуу кездемелер токулган. Мында, саманилердин борбору Бухарада 980-ж. орто кылымдардын эң улуу окумуштуусу, медик (табып) жана философ Ибн-Сина туулган, аны Батыш Европада Авиценна деген ысым менен билишкен.

Үргөнчтө, Хорезмде андан да ири окумуштуу — математик, астроном, тарыхчы, географ жана филолог ал-Бируни иштеп, жашап өткөн, ал эми Ферганадан халиф Мамундун астрологу — Ахмед ал-Фергани чыккан. Ал эми көптөгөн адамдар, логарифмаларды түзгөн адам биздин жердешибиз болгонун, «логарифма» деген термин европалыктар бузуп айткан, анын арабча титулу «ал-хорезми» экенин билишпесе да керек

Орто Азияда поэтикалык чыгармалардын шедеврлери жаралган, ал чыгармалар саманилердин, анын башкаруучусу Наср ибн-Ахмеддин сарайындагы акын Рудакинин ысымын өлбөс-өчпөстүккө бөлөгөн; Рудаки касыдарында Бухаранын байлыгы менен атак-даңкын даңазалаган. Касыддардагы даңазаларды улантып, акындар доордун турмушундагы чыныгы абалды ачып көрсөткөн өздөрүнүн жүрөктөрүндөгү ырларын жазышкан. Мисалы, ошол мезгилдин автору — Шахид Балхинин ырларынын төмөнкү саптарынын таалим-тарбиялык жана таанымдык мааниси бар: «Окумуштуулук жана байлык — нарцисс жана атыр гүл сыяктуу, булар бир турганда эч качан бүрүн ачпайт. Кимде билимдүүлүк болсо — анда байлык жок, кимде байлык болсо — анда билимдүүлүк аз».

Ошол жылдарда Орто Азиянын эң улуу акыны Фирдоуси жашаган, анын 100 миңден көбүрөөк ыр саптарынан турган жана көлөмү жагынан «Илиададан» сегиз эсе чоң болгон чыгармасы «Шах-намэ» дүйнөгө кеңири белгилүү. Мейли, мында Фирдоуси байыркы Ирандын падышалары менен тектеш кылып көрсөткөн саманилик башкаруучунун кулагына майдай жаккан көп нерселер бар болсун дейли, мейли, анда сарай этикети даңазаланып макталган дейли, мейли, ошол мезгилдин акындарына азык таап берген касыда — одалар орун алган дейли, бирок ошол эле «Шах-намэде» элдик эпикалык ыргактар да, фольклордук дастанга үндөштүк да, куртизандык рыцардык адабияттан кем калбаган элдик баатырдыктын сюжети да бардык күч менен чагылып турат. «Шах-намэде» рыцарь Рустамдын асыл сапаттарынын насили Ирандын шахтарынан, сасанилик аскер башчылары — эранспахпаттардан, а түгүл аскердик

сословиенин төмөнкү катмары азаттардан келип чыккан эмес. Рустамда кереметтүү баатырдыктын, элдик кайраттын илеби согуп, ал эрк менен күчтүн кереметтүү символу катарында чыгат:

Салгылашта ал адамдан башкача:

Күч менен да, жеңе албайсың жанчсаң да,

Кылыч кеспейт, найза тешпейт, жебе да,

Асмандан күрсүлөр үстүнө жааса да.

Кудум таштан же жезден жаралгандай ал өзү,

Адамзаттын уулу эмес, Аримандын дал өзү.1323

Сарай этикети Рустамдын колуна өкүмдардын кылычын берип, аны соот, чопкут менен кийинтсе да, ал — чыныгы элдик — үлгү, анын өмүрү — мыйзам.

Рустамдан сөз учугу түркмөндөрдүн Көр-оглуна, казактардын Ер-Таргынына, кара калпактар менен татарлардын Едигейине, өзбектердин Алпамышына, кыргыздардын Манасына уланат, бул чыгармаларда көптөгөн окшош белгилер бар, алар айрым бир деталдары менен гана айырмаланып, буларда элдик баатырдын жан дүйнөсү көбүрөөк ачылып, рыцардын бейнеси азыраак байкалат. Орто Азиянын эпосторунун арасында кыргыз эпосу «Манас» элдин эрки менен күчүн баарынан ачык берет, ал башка циклдерден өзүнүн ыр саптарынын саны менен гана эмес («Шах-намэден» алты эсе, «Илиададан» 48 эсе көп), баарынан мурда, өзүнүн чыныгы элдик духу менен артыкчылык кылып турат.

Бул гүлдөгөн маданият башка өлкөлөр үчүн, алардын жазуучулары менен окумуштуулары үчүн, алардын акылмандары менен жомокчулары үчүн үлгү болгон. «Шах-намэ» маданияты Чыгышты карай тарап, талаадагы айылдарга жана тоолуу конуштарга өзүнө жол ачкан. Кыргызстандын шаарларында Мавераннахрдын маданиятынын добушу угулуп турган. 1069-ж. байыркы Кыргызстандын башкаруучусу үчүн Баласагундук Хажиб Жусуп ыр менен жазган акыл-насыят айткан чыгармасы «Кудатку Биликте» да «Шах-намэнин» үлгүлөрү, «Саясат-намэ» деген ат менен падыша үчүн насыят иретинде жазылган чыгарманын автору, селжук увазири Низам ал-Мүлктөн кабыл алынган акылман насааттар угулат.

Бул жакка, Кыргызстанга, исламга чейинки Орто Азиядагы досторуна Борбор Азиянын көчмөндөрүнүн эркиндикти сүйгөн тукумдары — түндүк гуннулар байыртадан эле агылып келип турган, алар Чжи-Чжинин жетекчилиги астында өздөрү менен кошо Енисей кыргыздарын да ала келишип, бул жерде көчмөн уруулардын эч кимге көз каранды болгусу келбеген эркин дүйнөсүн түзүшкөн.

Мында, Тянь-Шанда, эркиндикти сүйгөн согдулуктар да келип башбаана тапкан, алар баскынчыл арабдарга багынуудан баш тартышып, күрөштөн кийин Чу өрөөнүнө агылып келип, бул жакка Согду маданиятын жана душманга карата болгон жек көрүүчүлүктү кошо ала келишкен, алар ушунусу үчүн ислам сарай тарыхчылары — Нершахи, Нахшеби жана башкалардын кыжырын келтирип, эркиндикти сүйгөн бул адамдарды «зиндиктер» деген жек көрүмчү лакап ат менен аташкан, б.а. исламга ишенбеген адамдар деп эсептешкен. Мында, көз каранды эместик үчүн күрөштүн салты жашап жана үстөмдүк кылып турган, бул салт мусулмандашкан, Жейхун (Аму- Дарыя) менен Сейхундун (Сыр-Дарыянын) аралыгындагы Мавераннахрда да өчүп калган эмес.

Бул салттын жандуулугун далилдеген көрүнүктүү фактысы катарында 1238-ж. Бухаранын чет-жакасындагы көтөрүлүштү көрсөтсө болот, кол өнөрчү Тараби шаар кедейлерин «кандуу саздын эзүүсүнө» — Чынгыз-хандын жер жайнаган аскерлерине каршы күрөшкө көтөрүп чыгат. Тарабинин каршылыгын Хорезм да колдойт, бул күрөштүн даңкын жеңилбес Желал ад-Дин андан ары улантып, Каспийдин жээгинде

сүргүндө жүрүп каза табат, бирок өмүрүнүн акырына чейин ал гүлдөгөн аймакты тебелеп-тепсеген, шаарлар менен кыштактарды кыйраткан, балдар менен кары адамдарды кырган моңгол атчандарына каршы колунан куралын түшүрбөй күрөшөт. Мындай кыйроолор хикмат Шахид Балхинин ырлары сыяктуу философиялык-үмүтсүздүк маанайды жараткан, ал мындай дейт: «Эгерде кайгы-муң оттун түтүнү болсо, анда дүйнөнү түбөлүк караңгылык чулгап турган болор эле». Бирок эл бактыдан, эркиндиктин келеринен үмүт үзгөн эмес, анда күрөшкө болгон ынтызарлык жашай берген.

Самарканда 1365-ж. шаар калкынын көтөрүлүшү Орто Азияда моңголдордун үстөмдүгүн жок кылат. Сербердарлар — «дарга асылгандар» өкүмдарлар Чыңгыз менен Чагатайдын тукумдарына сокку уруп, Тянь-Шан кыргыздары — «Могулстандын жапайы арстандары» моңголдордун династиялык тамырларын кыя чаап салып, урандылар менен күлдүн астында калган шаарлар менен кыштактарды кайра жараткан сыяктуу сербердарлар да моңгол бийлөөчүлөрүн кулатышкан. Кан менен жуулган жерде Орто Азиянын Тимурдун ысымы жана анын тукумдары менен байланышкан маданияты андан бетер гүлдөп-өсүп чыгат, бул маданиятты өлкөнүн теңдешсиз күчкө, өлбөс-өчпөс рухка ээ болгон эли өз колу менен жараткан.

Дал ушул эл XIV—XV кылымдардын залкар курулуштарын тургузуп, Самаркандын регистанындагы медресени көгүлтүр изразецтер менен жаап, Шахи-Зинда курулуштарынын оймо-чиймелүү комплексин жараткан; дал ошол эл Казакстандын талаасындагы, көлөмү боюнча дүйнөдөгү үчүнчү курулушту — Кожо Акмат Ясевинин мечитин, Таласта Кенизек-Хатундун күмбөзүн жараткан, баатыр Едигенин образын Алтын Ордодогу чынгызилердин тукумдарына — Токтомушка каршы күрөштүн идеалына айландырган, дал ошол эл Навоинин поэзиясын шыктандырып, асыл заада Алпамыштын жана анын колуктусу Борчиндин фольклордук образын түзүп, ошол замандын эң улуу аалымы, астроному жана акыны Улугбектин чыгармачылыгына угут берген.

Ошол эле эл өз чөйрөсүнөн эркиндик жана көз каранды эместик үчүн күрөштүн жол башчыларын көтөрүшкөн. Чыгышта моңголдорго каршы ханзаада Желал ад-Дин менен кол өнөрчү Тараби көтөрүлүш чыгарганда, ошол эле жылдарда моңголдорго жана Тевтон орденинин «дөбөт-рыцарларына» каршы орус жеринин баатыры Александр Невский кол баштап чыккан. Самарканда моңголдордун тукумдарына каршы күрөшкө ураан ташталганда, Тянь-Шанда аларга каршы кыргыздар да көтөрүлүп чыгып, Казакстандын талааларында эл баатыры Едиге Алтын Ордонун башкаруучулары менен салгылашып жатканда, ошондо Куликово талаасында Дмитрий Донской Мамайдын жер жайнаган колун талкалап жаткан эле. Биздин өлкөбүздүн элдери орус падышачылыгына каршы күрөшкө, Емельян Пугачев менен Богдан Хмельницкийдин, Степан Разин менен Исатай Таймановдун көтөрүлүштөрүнө биригишкен.

Орус падышачылыгы Орто Азия элдерин чөгөлөтүп багындырууга умтулду, бирок каршылыкка учурады. Бул каршылык эзүүчүлөргө каршы, кокондук деспотторго жана орус чиновниктерине каршы жалпы каршылык көрсөтүүгө айланган. 1873—1874-жж. Ферганадагы көтөрүлүштө, 1875—1876-жж. Кокондогу көтөрүлүштө, 1898-ж. Анжыян көтөрүлүшүндө күрөштүн баштоочулары — кыргыздар менен бир катарда туруп, казактар менен өзбектер да салгылашкан.

Фергананын көтөрүлүшчүлөрү 1816-жылдан 1907-ж. чейин жашаган, эркиндик үчүн ондогон даңктуу күрөшчүлөрдү тарбиялаган Курманжан датканын образы шыктандырган, алардын арасында, кокон көтөрүлүшүнүн жетекчиси, кыргыз Пулатханга окшоп, Курманжан датканын уулу Абдулла1324 бир кыйла туруктуулук жана элдешпестик менен күрөшкөн. Кыргыз элиндеги күрөшкө болгон чечкиндүүлүктү жана эркиндикке болгон түбөлүк ишенимди акын, улуу агартуучу Токтогул тарбиялаган, ал өзүнүн чындыкты кашкайта айткан ырлары менен жергиликтүү жана чет жерлик ар

кандай эзүүчүлөргө каршы элдин каарын чагылгандын отундай чагылтып көрсөткөн. Дал ушул Токтогул 1898-ж. Анжиян көтөрүлүшүнөн кийин чындыкты бетке айтып, сөзү менен да, иши менен да күрөшкөнү үчүн, эшендер менен манаптарды ашкерелеп ырдаганы үчүн Сибирге айдалат:

Ырда дедиң өзүмдү, Тыңшагыла сөзүмдү. Чындыкты айткан калысмын, Кошоматтан алысмын. Каракчылар келди жаңы алыстан Элдин канын сормоко, Кедейлерди кайрадан батырмака муң-шорго.

XIX к. аягындагы көтөрүлүштөр салгылашууларга машыктырып, элдин душманга каршы каарын, кулчулукка каршы жек көрүүчүлүгүн күч алдырды. Күрөштөрдүн бул башталыш этабы Каспийден Ысык-Көлгө чейин, Түркмөнстандан Казакстанга чейин каптаган, 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылында аяктайт, бул күрөштө Түндүк Кыргызстан менен Казакстан алда канча жигердүү чыгат. Амангелдинин залкар турпаты өсүп чыккан Тургай талааларынан кыргыздар баатырдык менен салгылашкан Боом капчыгайына чейин карапайым калың эл эзүүгө жана ээн баштыкка каршы көтөрүлүп чыккан. Августта башталган бул күрөш күчтөрдүн теңсиздигинен улам ошол эле 1916-яс. августуна карата байкалаарлык басаңдап калат. Ал каалаган натыйжага алып келе алган эмес, анткени анда жумушчу табы жетекчилик кылган эмес, анын башында дыйкандарды, алардын ичинде орто азиялык дыйкандарды да эркиндиктин жолуна алып чыгууга бирден бир жөндөмдүү болгон коммунисттик партия турган эмес.

Орто Азия элдери орус элинин жардамы жана коммунисттик партиянын жетекчилиги аркасында гана эркиндикке жеткен. Москва жана Петроград Кышкы сарай менен Кремлде кызыл тууну көтөргөндө, орус жумушчулары жеңгенде, билерман орус кол башчысы Михаил Васильевич Фрунзе Орто Азиянын контрреволюциячыл күчтөрүнө каршы колду баштап чыкканда, анын эли миңдеген жылдар бою кол жетпей келген эркиндикке жетишип, Октябрдын жеңиштерин бекемдеп кала алышкан.

Орто Азия элдери Казакстанда Анненковго, Ферганада Мадамин бекке каршы, Түркмөнстанда Жунаид ханга жана Тажикстан менен Өзбекстанда Ибрагим бекке каршы, интервенциянын көптөгөн бандаларына жана баш кесерлерине каршы күрөшкө чыгышат. Алар таман алдында Бухара эмиринин кылычы жаткан, ак гвардиячылардын бандалары менен басмачылардын шайкалары бет багып, туруштук бере албаган М. В. Фрунзенин артынан ээрчишти. Алар Орто Азияда Куйбышевдин, Казакстанда Фурмановдун, Түркмөнстанда Полторацкийдин артынан ээрчишти.

Орус революционерлери Орто Азиянын элдерин эркиндикти кандайча сүйүү керектигине үйрөтүштү, орус коммунисттери ал эркиндикти кантип жеңип алууну үйрөтүштү. Ушул биргелешкен күрөштө СССР элдеринин, түпкү тамыры байыркы замандарда жаткан достугу жаралды. Ушул күрөштө кыргыз эли өзүнүн улуу мурасына ээ болуу укугун жеңип алды, бул мурастын гүлдөп-өнүгүшү ошол эле СССР эл- деринин достугуна милдеттүү…

Перс автору Абу Саид Абдаллах ибн-Захак Гардизи тарабынан 1050—1052-жж. жазып алынган жана анын «Зин ал Хабар» («Кабарлардын бермети») эмгегине басылган бир кыргыз уламышында кыргыздар менен славяндар туушкан эл болору, а түгүл кыргыздардын башчысынын теги славян экендиги жөнүндө айтылат. Бул пикирди далилдөө үчүн уламышта өтө эле фантастикалык жүйөлөр келтирилет.

Кылымдар, дээрлик миң жыл, тагыраак айтканда, тогуз жүз токсон бир жыл өттү, «жомок чындыкка айланды». Кыргыздар менен орустар бир тууган элдер болуп калышты. Бул туушкандык революциялык күрөштөрдө кан менен бекемделип, Улуу Ата Мекендик согуштун салгылаштарында ыйык сезимге айланды. Булак – bizdin.kg


Кыргыз