Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ТАРЫХЫ (1895-1934-жылдар арасы)

Көк болуп, көккө жылдыз куралып, күн жаралып, ай чыгып, жер үстү нече түргө айланып, канча муз доору өтүп, таш-мис доорлору жетип, адам баласы чыга келип жер жүзүнө акыл жумшап, анын ар тарабына жайылып маданиятка кирише баштаганда эң эски заманда арасынан «түрк» уругу чыга баштаган. Түрк (түкүйө) кытай тили болуп, «темир тулга, темир калкан» деген сөз. Түрк деген эл адам баласынын эн эски уругунун биринен саналып, заманында адам арасында баатыр, таза, калп айтпай турган туура элден саналган. Кыргыз ошол түркөн саналган — фин, гун уругунан, жаки түрктөшкөн могол, жаки ари насилинен каны аралашкан бир урук курама эл.

Биздин эранын XIII кылымында гижраттын VII кылымында, өзүнүн терең акылы аркасында даңкы чыккан араб кеменгеринин бири Мухаммет казавны жер жүзүнүн бурулуп, кубулуп турганынан мисал келтирип, төмөндөгүнү жазган:

«Мен бир кезде калкы эң көп эски бир чоң шаарды аралап келе жатып, алдымдан чыккан бир кишиден: «Бул шаар орнолгонуна канча болду?» — деп сурадым. Анын маган берген жообу: «Бул эң байыркы шаар, качан салынганы дайынсыз. Бизден мурунку эл дагы качан салынганын билбеген», — деп жооп берди. Мындан 500-жылдан соң баягы шаарга келсем ал жерде шаардан эч белги жышааны калбаган. Мен чөп чаап жүргөн бир кишиден: «Бул ордолуу шаар качан ойрон болгон?» — деп сурадым. «Чалым! Сенин сурооң анык сонун экен, бул жерде эч бир убакта шаар болбогон, кадимден бери ушул сен көрүп тургандай талаа болгон», — деп жооп берди. «Бул жерде эч бир шаар болбогонбу?» — дегенимде: — «Эч качан болгон эмес, кабарын угуп, көргөнүм жок жана шаар болгон деп, биздин ата-бабаларыбыз бизге айткан эмес», — деди. Жана 500-жылдан соң дагы ушул жерге келсем, көл бүтүп калган экен. Көлдүн жээгинде ар кайсы жерде бирден-экиден балыкчылардын үйү бар экен, Баягылардын жанында топтошкон кишилердин, балыкчылардын торун оңдоп жатканын көрүп, бул жерде көл бүткөнүнө канчалык заман болду деп сурасам, бул көл кадимден бул жерде, илгерки заманда дагы бул жерде ушундай көл болгон, — деп жооп беришти. Жана беш жүз жылдан соң ушул жерге келсем, баягы көргөн да неме жок, учу-кыйрына көз жетпеген айталаа, чөл, күндүн кайнаган ысыгынан ичерге бир тамчы суу табалбастан ээн талаа, эрме чөл менен келе жатсам, баягы көлдөн калган бир чалчык белгиси бар экен. Аны таптым, ошол жерге бир чуңкур чакка аз оолок жакшы гана чөп чыккан жайды мекен кылган бир кишиден келип, «суу бериңиз, ичейин» деп сурадым. Суу ичип, ысыктан эсимди жыйып алган соң: «Бул жер ушундай болуп, которулуп кубулганына канчалык жыл болду?» дегенимде мунун берген жообу дагы мурункулардын жообундай болду. Эң акырындагы ошончолук заман өткөн соң баягы жерге келсем мурунку эң биринчиде көргөн шаардан чоң шаар орноп, андан дагы артык гүлдөп, байрап-сайрап эл журтунун жыргап-куунап, телегейи-тегиз, теменеси болуп турганын жана калса турпатынын баштагыдан артыктыгынын, үйлөрүнүн жакшылыгын көрүп: «Бул шаар бул жерге качан түшкөн», — деп сураганымда журтунун баарын бир ооздон берген жообу: «Бул шаар эң эски замандан бери бар, качан башталганы маалим эмес, мунун качан бүткөнүн кыскасы биз билбейбиз, биз түгүл биздин бабаларыбыз дагы билбеген», — деп жооп беришти.

Анын бириндей биздин турган жерибиз далай-далай түрүнөн бурулган. Табияттын козголуу мыйзамы боюнча тоо — талаага, чөл — көлгө, шаар — чалдыбарга (зилзала аркылуу) айланган, канчалык гүлдөгөн, маданияттуу толгон шаарлар жоонун зордугу менен ойрон болуп, жер менен жексен болгон: не түрлүү дүнүйөнү жайпаган эл жок болуп кетип, же башка бир түрлүү элдин кол алДына карап калып, өз нааматагын, расим, үрп-адатын жоготкон. Күн чыгыш, күн багытты чайкап, асман-жерди кызыл канга боёгон кан ичер элдердин бул кезекте кымындай белгиси, тукуму калбаган.

Жер жүзүндө адам баласы саат санап, жаңы өнөр таап, маданиятын арттырып, күндөн күнгө илим-билим техникасы өсүп бара жатат. Мисалы, Жавропа (Европа — Ред.), Америка журту билим өнөр таап, аны майданга коюу ишине башка элге караганда ылачындай зыпылдап озуп кеткенин көрүп турабыз. Күн чыгыш калкы көбүнчө миңдеген жылдар караңгылыкта калган биздин кыргыз өнөр, илим, маданияттан кабары болбостон, жапайы катары күн өткөрүп, башка элдин кол алдында жүздөгөн жылдар эңгиреп эзилип, азаптан көзү ачылбай, кайгыдан кан жутуп, мал башына ээ боло албай, кордукта, зордукта күн өтүп, жаңы гана Совет өкмөтүнүн касиети менен эл катарында болуп боз улан, боз кертик, кер мурут, кара сакал жана кыз-келиндер илим-билим, өнөргө ынты-зынтын коё баштаган үчүн кыргыздын кайдан таралып, кайсы заманда тарыхка илингендигин, кайсы жерде тургандыгын, саясы, үнөм-жөнү кандай болгондугун, анын расим, адет, пейли, кулкун оозеки сурап жана Жавропа Кытай, Иран, Араб жана эски-жаңы түрк, татар тарыхын, маселен, дүнүйөгө маалым болгон тарыхчылар: Бичурин (Якинф), Бартольд, Радлов, Аристов, Миллер, Чжан-Шан, Чанчун, Клапрот, Катанов, Фишер, Григорьев, Исловдев, Махмуд Кашгары, Абулгазы, Туманский ж. б. тарыхтардан маалымат алып жаздым. Бул тарых кыргыз тарыхынын сапаты жагынан биринчи даражада болбосо да, келерде кыргыз тарыхына түбөлүктүү материал болор деген талап менен ортого салдым.

Тарых мазмуну кыргыздын тарыхка илингенинен баштап, Өктөбүр өзгөрүшүнө; 1917-жылга чейинки тарыхы жазылды.


Кыргыз