Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз элинин эл аралык жана аскердик мамилелери тарыхынан

Бул макаланын башына тема катарында коюлган маселеге тар мааниде кароого болбойт. Эл аралык мамилелерди тар алкактын чегинде түшүндүрүү туура эмес болор эле, ошондуктан мен Чыгыштын эл аралык мамилелеринин тарыхында кыргыз элинин ордун жана ролун аныктоо милдетине керек болгондон бир аз кеңирирээк токтолмокчумун.

Азыркы, айрыкча советтик тарых илими тарыхый процесстерди чектелүү түрдө кароодон баш тартты. Маркстик-лениндик историография (тарыхграфия) чоң маселелердин туура чечилиши аларды эл аралык масштабда кеңири кароого байланыштуу болорун көрсөттү. Бул тезис Батыш тарыхы үчүн кандай туура болсо, Чыгыш элдеринин тарыхы үчүн да ошондой эле туура, анткени байыркы айрым мезгилдерде Батыш менен Чыгыштын мындай байланыштары бир канча жолу кыйын-кыстоо мамилелерди башынан кечирген.

Ырасында да, б.з. IV—V к. болуп өткөн Чыгыш менен Батыштын кул ээлөөчүлүк системасынын кризиси, б.а. Кытайдагы Хан жана Цзин династияларынын, сасанилер Иранынын, Жер ортолук деңиз бойлорундагы антик кул ээлөөчүлүк системанын кризиси Элдердин улуу көчү деген аталышта белгилүү болгон көчмөн уруулардын кыймылы менен бир катар жүргөн.

Кул ээлөөчүлүк түзүлүштүн кыйрашы жана феодалдык түзүлүштүн пайда болушу — Пекинден Лютецияга чейинки, Чыгыштагы 380-жылдардан Батыштагы 470- жылдарга чейинки мезгилдеги бир бүтүн дүйнөлүк процесс болгон сыяктуу, Элдердин улуу көчү да Улуу кытай дубалы ченден башталып, Борбор Азия менен Жети-Суунун талааларында жетилип, Тянь-Шандан Пиренейге чейин созулуп кеткен, ал кыймыл б.з.ч. 55-ж. гунну шанүйү Чжи-Чжинин жетекчилиги менен башталып, 453-ж. ошол эле гуннулардын шанүйү Атилла менен аяктаган.

Азиянын тарыхында анын кайсы бир бөлүгү же анын кайсы бир эли толук түрдө тарыхый процесстен жана эл аралык мамилелерден сыртта калбаган бир да мезгил болбогонун унутуу жарабайт. А түгүл 1904-жылдагы Англиянын Тибет менен келишими сыяктуу жасалма чарадан улам, Руирдин пикири боюнча, Тибет «элден безип жалгыз калган мамлекетке айланып, ал өзүнүн ушундай аракетсиз абалында жашоосун уланта берген» учурда да, чындыгында ал келишим Тибетти андай абалда жашоого матап тура алган эмес: Тибеттин теократиялык бийлиги жана анын ргиальпосу (сөзмө-сөз — «рухий падышалары») ламаизм аркылуу Лхасадан Азиянын көптөгөн элдеринин жарандык бийликтерин рухий жактан нечен жолу башкарууга жетишип турган. Жаңы тарыхты айтпай эле коёлу, байыркы жана орто кылымдардын тарыхы кеңири эл аралык мамилелер жөнүндөгү биздин тезисибизге сан жетпес көп ырас- тоолорду бере алат.

Чыгыш элдери калыптанып, алгачкы уруу союздары түзүлүп жаткан мезгилдеги Чыгыштын тарыхый терең байланыштары азыр жетишерлик ачык байкалууда. Азыркы изилдөөлөр Чыгыштын меридиан боюнча этногенетикалык байланыштары болгонун көрсөтүүдө. Чыгыш Урал уруулары өздөрүнүн түпкү тегинде арал-каспий звеносу аркылуу Афганстандагы Гильменд көлүнүн аймагы менен гана байланыштуу болбостон, Ява аркылуу Малай архипелагына чейин жеткен, ал эми маселенин чечилиши жана проблеманын башаты австралотаануу этнографиясында жатат. Жак де-Морган Египеттин династиялык доорго чейин Алдыңкы Азиянын зор таасири астында калыптанганын талашсыз далилдеди, ал эми ошол эле Алдыңкы Азиядагы хетт урууларынын тили, өзүнө окшоштукту Н. Я. Маррдын изилдөөлөрү боюнча, XIX к. Кастрен, XX к. Анучин тарабынан изилденген Сибирдин палеоазиялык тилдеринен таап отурат.

«Улуу жибек жолу» Кытай менен Римди гана байланыштырып тим болбостон, алардын ортосунда жаткан ондогон элдерди — байыркы Синьцзяндагы шаарамлекеттерди, Тянь-Шандын көчмөн урууларын, Согдунун бекемделген конуш жайларын, тиштүү дубалдары бар Парфия менен Иранды, Кичи Азиядагы Дур, Индиядагы Таксил тибиндеги эллиндик Азиянын кийинки шаарларын ж.б. д.у.с. байланыштырып турган. Бул «жибек» жол соода жолу гана болбостон, ошондой эле байыркы элчилердин да, биринчи кезекте кытайлык элчиликтин — б.з.ч. II к. Чжан Цзяндан тартып б.з. VII кылымындагы Сюань Цзанга чейинки элчилердин жолу болгон. Бул эл аралык мамилелердин да жолу болгон. Ал бир катар жүз жылдар бою былкылдабай тура берген, кийин Элдердин улуу көчү түндүгүрөөк ченден өтүп, өз ара мамилелердин жаңы жолуна негиз салган. Атилланын ата-бабалары Сыр-Дарыяны бойлой кеткен, кийин алардын артынан согдулуктар (Крымда Судак оторун калтырган) Крымга чейин жеткен жол менен кийинчерээк батыштан элчилер келе башташкан: VI кылымда түрк каганына Византиядан Земарх, XIII —XIV кк. Рубрук, Марко Поло, Плано Карпини, Клавихо ж.б. келишкен. Ушул эле жол менен Азияга Россиянын темир жолу созулуп, Ленин айт1сандай, бул аймакты капитализм үчүн биротоло ачып берген. «Жибек» жолуна караганда Түндүк маршрут азиялык саясаттын эйкуменин кеңейтип, түндүк урууларын түштүгүрөөктө жүрүп жаткан жигердүү тарыхый процесске тарткан. Азиялык саясаттын эйкуменинин түндүк чек арасында орун алып турган элдерге кыргыздар да таандык болгон; кыргыздар өздөрүнүн алгачкы тарыхында азиялык антик дүйнөсүндөгү дүркүрөгөн окуялардын аныктоочусу эмес, аларды чагылтып гана турган. Кыргыздардын өзүлөрү борбор азиялык гуннулар жана сянбилер менен түндүк уруулар союзу — динлиндердин аргындашуусунан келип чыккан.

Байыркы Кытай өзүнүн түндүктөгү көчмөндөрүнүн үстүнөн divide et impera усулуна таянып бийлик жүргүзгөн. Гунну мамлекетин ал ушундай жол менен бузуп, бөлүп салган, бирок бул саясат Түндүккө жеткен эмес, ал жактагы уруулар Кытайга каршы күрөшкө биригишкен болучу. Гунну шанүйү Чжи-Чжи Енисейдеги байыркы кыргыздардын арасында колдоо тапкан. Кыргыздар өзүнүн саясый тарыхын б.з.ч. I кылымда коалициянын курамында баштаган жана бул коалициянын ичинде андан ары, Саян-Алтай тоо кыркалары — «Улуу кыргыз дубалынын» сактоосу астында Енисейдин бойлорундагы өз жайыттарын ийгиликтүү коргогон жоокер элге айланган. Чжи-Чжинин кыймылы кыргыздарды Батыш менен байланыштырган. Биздин замандын биринчи кылымдарын археологдор Енисейдин маданий эстеликтериндеги птолемейлик Египет шаары — Фаюмдун өлүк көмүү ырым-жырымынын таасири менен белгилешет, бул ырым-жырым боюнча, өлүктүн жанына анын сүрөткө тартылган бет кебин кошо коюшкан, бул салт этрускилер менен римдиктердин ата-бабаларынын өлүктүн бет кебин түшүрүп алышканына окшош болгон, кийин бул бет кептерден реалисттик рим портреттери жаралып, бул бет кептердин кайталанышын Шлиманн Кичи азиялык Трояда ачкан. Керчте ушундай бет кеп Боспор падышасы Рескупориддин бетинен түшүрүлүп алынган.

Ошол эле мезгилдеги Енисей аскалары өзүндө байыркы Ирандын, атап айтканда, парфияндык Ирандын тематикасы менен сюжеттерин камтып турат ассирия-ахеменилик барельефтердин, парфян коропластикасынын, сасанилер торевтикасынын, кытайлык «реалисттик символикалардын» тажрыйбасы менен байыган бул сюжеттер кийин таштан металлга өткөн. Эгерде байыркы көөнө мезгилде кыргыз жергеси саясый жагынан караганда сырттан алуу менен чектелген өлкө болсо, маданият жагынан сыртка чыгара турган асылдыктары бар өлкө болгон. Муну менен Эски жана Жаңы дүйнөнүн көптөгөн изилдөөчүлөрү макул болушууда Кыргыздар байланышта турган көчмөн түрктөр Кытайдын, айрыкча Хан династиясы доорундагы маданиятына көптөгөн таасирин тийгизген; искусстводогу өзүнүн реализми менен Кытай көчмөндөргө милдеттүү, бирок көчмөндөр да өз кезегинде Кытайдан эл аралык мамилелердин маданиятын үйрөнүшкөн. Гуннулардын шанүйү Модэнин карып калган император аял Гаохоуга жиберген катында дипломатиялык стиль дегендин жыты да болгон эмес, ал эми Лаошан Цзи-Юйе шанүйдүн тушунда кытай Чжун Син-Юе б.з.ч. 174—166-жылдарда биринчи жолу дипломатиялык кат алышып туруу үчүн гуннуларда кытай жазуусун киргизип, кат алышып туруу түрүндөгү дипломатиялык тартипти, кайрылуунун жана өкүлчүлүктүн атайын титулдарын бекитет. Гуннулардагы бул жаңы тартип кыргыздарга белгилүү эмес болсо керек, анткени IX кылымдагы Таң (Кытай династиясы) жылнаамасында чагылып калган Яглакар хандын байыркы уйгур ханына жиберген кайрылуусу — стиль жагынан Модэнин Гаохоуга жиберген катына окшоп турат жана ал б.з.ч. Чжун Син-Юенин дипломатиялык осуятынан али алыс турган эле. Мүнөздүү нерсе, VIII кылымдагы Моңголиядагы түрк эстеликтери да Енисейдеги кыргыз эстелик жазууларга караганда бир кыйла так структурага жана стилистикага ээ болгон, анткени бул стиль VII кылымда кыргыздарда жаңыдан гана жарала баштап, алар өз лексикасында сырттан кабыл алууларды жана көчүрүүлөрдү жериген эмес.

Бизге белгилүү болгон үлгүлөрдөгү түрк документтери XII кылымдагы уйгур адабиятында аздыр же көптүр түрдө биротоло иштелип бүткөн болучу, ал биз атайын эмгегибизде көрсөткөндөй, кытай үлгүсүндөгү документтерди сын көз менен кайра иштеп чыгуунун негизинде жетишилген, бирок «Жер төрөп, көк теңир койгон түрк каганы» тибиндеги кайрылуунун эпистолярдык формасы алда канча мурда, VIII к. эле белгилүү болгон.

Адилеттүүлүк үчүн белгилеп кетүү керек, түрк документтериндеги кытайлык стилистиканын таасири — божомол эмес, факт; ал Кытайда табылган, кытай дипломаттарын сегиз чет жердик мамлекеттер, алардын ичинде уйгурлар менен карым-катыш мамилелерине үйрөтүү боюнча атайын жобо менен ырасталып отурат. XIV кылымда эле Кытайда түзүлгөн дипломат-котормочулардын институтунда чет өлкөлүк дипломатиялык документтердин, атап айтканда, элчилик кагаздарынын кытай тилине көчүрүлгөн котормосу окуу китеби катарында пайдаланылган. Биринчи жолу Амио жана Клапрот тарабынан белгиленген документтердин арасында (уйгур-кытай вариантындагы бул документтер азыр Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү С. Е. Малов экөөбүз тараптан басмага даярдалган). Жети-Суудагы Илибалык шаарынан чыккан документтер да бар, бул Жети-Суунун, атап айтканда, XV—XVI кылымдардагы Кыргызстандын элдеринин дипломатиялык тил менен тааныш экендигин далилдеп турат. Иренактын доорундагы енисейлик кыргыздар дипломатиялык кат алышууда калмак тилин пайдаланган, мүмкүн калмактар туткундап алышкан «бухарлыктар» аркылуу перс тилин да пайдаланышса керек. Кытай үлгүсүн кайра иштеп чыгуу менен катар, Кыргызстанга мусулман кеңсе тилинин структурасы менен лексикасынын тааныш болгону шексиз, алардын өтө көп сандагы үлгүсү кеңсе тилин окутуу жана жетекчиликке алуу үчүн атайын «Инша» жыйнагына топтолгон, бул до- кументтер чыгыштаануучу изилдөөчүлөрдүн көңүлүн көп жолу бурган.

Бул жагынан Өзбекстан бир кыйла бай мураска ээ, алар бир нече жолу басма сөздө да чагылган, айрыкча Хива менен Бухаранын орус мамлекети менен болгон 300 жылдан көбүрөөк мезгилди камтыган мамилелери жагындагы документтер өтө арбын. Ал эми орто азиялык хандыктардын ички турмушунун тарыхын жазуу толугу менен жергиликтүү архивдердин (Хива хандарынын, жуйбар шайыктарынын ж.б.) материалдарына негизделип, аларды изилдөө мезгилсиз каза тапкан профессор Павел Петрович Ивановго татыктуу атак алып келген.

Б.з. VII к. бери тарта кыргыздардын элчилик иштеринин өскөндүгүн, айрыкча кыргыздар биринчи элчилигин жиберген Кытай менен болгон элчилик карым-катышын эске алсак, алардын бул жагындагы ишмердиги кытай сарайынын таасири астында турган деп болжолдоого болот.

«Ортолук мамлекеттин» байыркы кыргыздарга көрсөткөн өзгөчө жылуу мамилеси, баарынан мурда, кыргыздардын бир кыйла зор согуштук күч-кубатка ээ болгондугу менен түшүндүрүлөт (бул жөнүндө оозеки чыгып сүйлөгөн сөздөрүбүздө жана басма сөздөрдөгү макалаларыбызда көп жолу айтылгандыктан кайрадан токтолуудан бизди бошотот). Кыргыздардын жоо-жарагынын күчүн жана согуштагы майтарылбас туруктуулугун кытайлар IX кылымда да, XVI кылымда да мойнуна алышкан.

Кыргыздар ошол кезде урунган курал-жарактары аркылуу согушта күчтүүлүк кылган, алар эки миздүү кылычы менен кериктин терисин кесе чабышкан, анын терисинен калкан жасашкан. Кыргыздар ошондой эле, туруктуулугу жана куралды эпчилдик менен пайдалана билгендиги менен да күчтүү болушкан, аларды буга бала чагынан үйрөтүшкөн. Белгилүү болгондой, гуннуларда жоокерди тарбиялоонун белгилүү бир тартиби болгон, аны менен кыргыздардын да тааныш болгону шексиз. Ал- сак, алты-жети жашка чейинки балдарды кочкорго мингизип, жара менен чымчык атууга, кийинчерээк тай минип, майда айбанаттарга аңчылык кылууга үйрөтүшкөн, ал эми 15 жашынан тарта жоокер аталып, атчан аскердин катарына кире алган. Ар бир жеткинчекти жекече согушка даярдоо тарбиянын негизин түзгөн. Куралды колдонууга гана үйрөтпөстөн, жоокердин рухий туруктуулугун да кошо тарбиялашкан. Кыргызда салгылаш болордун алдында коркконун билдирген жоокердин башы алынган салт бар болгону бекеринен эместир.

Согуштук курал-жаракты өркүндөтүү ошол мезгилдин маанилүү өзгөчөлүгү болгон. Башка көчмөндөрдөй эле, кыргыздар бир нече катар болуп (фаланга) тизилип согушуунун ордуна, жеңил атчан болуп согушууну, сол жана оң тараптан чабуул коюунун ордуна душманды буктурмага алып кирип талкалоону артык көргөн. Жөө салгылашта канжарды колдонууну атчан согушуу ыгына алмаштырган, бул болсо эки миздүү кылычты, көпкө узабай бир миздүү узун кылычты пайда кылган. Чакан жаанын жеңил жебеси жана соотту даярдоого темирдин кеңири пайдаланылышы бул соотту тешип өтө турган жебеси бар оор жааны пайда кылган. Бирок оор жааны колдонуу атчан жоокерге ыңгайсыз болгон, бул өз кезегинде, жөө аскерлер менен ыкчам кыймылдаган атчан аскерлердин айкалыштырылышын жараткан. 654-ж Судинфан Иле суусунда түрктөр менен бетме-бет келип кагылышканда, аскерлердин ортосундагы фалангага тушугуп, сол жана оң тарабынан атчан кошуун менен курчоого алынган.

Кыргыздар согушта ыкчамдыкты капыстан кол салып, сокку уруу менен айкалыштырган, мунун максаты, биринчиден, кирелерди армиядан бөлүп салуу, экинчиден, чакан-чакан кол менен душмандардын башчысынын чебине сокку уруу болгон.

Кыргыздар ландшафттын өзгөчөлүгүнө өтө чоң маани беришкен, мындагы позициялык ыңгайлуулукту душмандардын эсесине өз пайдасы үчүн билгичтик менен пайдаланышкан. Мындай ландшафтты пайдалануу Тянь-Шанда көз каранды эместик үчүн жүргүзгөн күрөшүндө кыргыздарга чоң ыңгайлуулуктарды берип, адыр-будур жерлер алардын ишенимдүү жардамчысы катары кызмат кылган. Кыргыздар Тянь-Шанды сепилге айландырышып, мындагы ар бир капчыгай менен аскалар аларга ишенимдүү арка-бел болгон. Жер бетинин шартына ыңгайлашууга болгон жөндөмдүүлүк, өз жеринин эркиндиги үчүн күрөштүн тирегине айландыруу байыркы кыргыздардын унутууга болбой турган бийик сапаты.

Орус саякатчысы хорунжий Потанин 1841-ж. кыргыздар, «өз жеринин байлыгын акысын төлөп пайдаланууга да жол беришпейт» деп жазган, бул кыргыздардын өз мекенин кызганычтык менен коргой алгандыгынын далили.

Кыргыздар баскынчылар менен болгон күрөштөрдө пайдаланган Тянь-Шандын жаратылыш өзгөчөлүктөрү ар түрдүү элдердин көңүлүн өзүнө тартып турган. Чындыгында да, байыркы мезгилдерде карым- катнаш үчүн ыңгайсыз деп эсептелген Тянь- Шань, барып-келип эле кербен жолдордун бир түйүнү, эң ири операциялардын плацдармы болгон. Улуу «жибек жолу» Ысык-Көлдү, Күңгөйдү кесип өтүп, Кемин аркылуу Чүй өрөөнүнө түшүп келип, бул жерден батышка карай жол тапкан. Алсак Чжан Цянь менен Сюань Цзан ушул жол менен өтүшкөн. Тянь-Шань Нарын аркылуу, Фергана кырка тоосу жана Жаңы ашуусу аркылуу орто кылымдарда Мавераннахр менен байланышып турган.

Кытай Тянь-Шандын байыркы ээлери — усун урууларынын гуньмолоруна кытай ханзаада бийкечтерин турмушка берип, абдан эле амалданышкан. 654-ж Судинфан, 748-ж. Ван Чжень-сянь Орто Азиянын «чыгыш босогосу» болгон Тянь-Шанды ээлеп алуу учун кытайлык жортуулдарга кол башчылык кылышкан.

Тянь-Шань — элдердин көчүнүн евро азиялык этабынын плацдармы, XI—XII кылымдардагы карахандардын бүткүл орто азиялык династиясынын таянычы болгон. Бул жерде моңголдордун күчү кайрадан уюштурулуп, Европа менен Азияга карай моңголдордун кыймылы үчүн «дарбаза» да ушул жерден ачылып, «кандуу сормо саз» да ушул жерден башталган.

Эгерде картага скифтер менен кушандардан тартып Тимур менен калмактарга чейинки жортуулдар менен саякаттардын издерин чийип түшүрсөк, Тянь-Шань чырмалышкан сызыктардын чок ортосунда калган болор эле жана баскынчыл жортуулдар да алгач ошол эле чырмалышкан түйүндүн өзүнөн башталып отурганын да көрөр элек. Бул — Тянь-Шандын Азиядагы алып турган географиялык ордуна байланыштуу ушул чөлкөмдө байыркы көөнө замандардан кечээ жакынкы мезгилге чейин болуп өткөн негизги окуялардын тарыхый чордону болгондугу менен түшүндүрүлөт.

Тянь-Шань менен Памир — бул табият өзү тургузган керемет чеп, болгондо да эң эле оңтойлуу жерден орун алган, анткени ал антик дүйнөсүнүн да, орто кылымдардын да көптөгөн чоң мамлекеттерине бирдей жакын туруп, түштүк Сибирдин, Моңголиянын, Синьцзян менен Орто Азиянын, Индия менен Афганстандын бурчтарынын чок ортосунда, Тибет менен Ирандан алыс эмес жерде турат. Мына ушул себептүү тажрыйбалуу кол башчылар үчүн Тянь-Шань согуштук салгылаштардын сепилине, агрессиянын мизин кайтарууда эч ким ала алгыс чепке, эл аралык сооданын кербен сарайына айланбай коё алмак эместиги табигый нерсе. Ким Тянь-Шанда өзүнүн плацдармын көргүсү келсе, ким Орто Азиянын үстүнөн көзөмөлдөөчү таянычын көргүсү келсе, анда ал анын тургундарына кайдигер карай алмак эмес Мына ошондуктан мында тынымсыз согуштар жүргөн, ошол себептүү бул аймактын калкы көп түрдүү болгон, акырында келип, карт Тянь-Шань изилдөөчүлөр үчүн ушунусу менен кызык да, ошону менен эле бирге кыйын да

Ошентип кыргыздар XIII— XVI кылымдарда моңголдорго, XVII—XVIII кылымдарда калмактарга, XVIII—XIX кылымдарда Кытайга, XIX кылымда Кашкарга, Коконго жана орус падышачылыгына үстүртөн мамлекеттик багыныңкы абалда турганы менен, XVI кылымда Тянь-Шанда өзүнүн саясый гегемондуулугуна жетишип, Тянь- Шандын аркасы менен өзүнүн экономикалык өз алдынчалыгын жана, баса белгилеп кетер элем, көз каранды эместик үчүн күрөштүн максатын ишке ашырууну көздөгөн өз алдынча саясый багытты тутуп тура алган.

Чынында — кыргыздардын XVI —XIX кылымдардагы тарыхына үстүртөн көз жүгүртүү — кыргыздар ошол мезгилде патриоттук идеядан ажыраган, жалданма ландскнехттер сыяктуу аракеттенишкен, жеңил оокатка гана умтулушкан деген туура эмес корутундуга алып келиши мүмкүн. Кыргыздардын жүрүш-туруштарынын чыныгы маңызы башкача түшүндүрүлүүгө тийиш.

Ошол мезгилде Могулстандын мамлекетинен, Галдан-Цэрэн менен Цеван Рабтандын учурундагы калмактардын жеңиштүү жүрүштөрүнөн, Кытайдын Цин династиясынан, Якуб-бектин Кашгар мамлекетинен, Мадали менен Кудаярдын тушундагы Кокон бийлигинен чабалыраак болгону менен, кыргыздар өзүнүн тышкы саясатында аларга артыкчылык укук жана саясый өз алдынчалыкты берген мамлекеттерге ыкташкан. Могулстандыктар кысымын күчөткөндө, калмактардын эзүүсү алдында калуу коркунучу туулганда кыргыздар батышка ооп, Алай менен Памирге бекинишип, цин менен калмактардын ортосундагы карама-каршылыктарды пайдаланат. Ал эми алардын өлкөсүнө кокондуктар суук колдорун суна баштаганда кыргыздар Якуб-бектин мамлекетинде өзгөчөлүү аскердик артыкчылык укукка жетишет.

Алайлык жана памирлик кыргыздар тянь-шандыктардай, атап айтканда, чаткалдыктардай эле, Кокондун акыркы хандарына каршы көз каранды эместик үчүн күрөштүн демилгечилери болгон. Фергананын элдик уламыштарында, Кудаяр хан жөнүндөгү ырларда көп сандаган көтөрүлүштөрдүн жетекчиси Пулатбек кыргыз деп аталат. Замандаштары кыргыздардын жоокер эл экенине көңүл бурбай коё алган эмес, орус автору 1849-ж. мындай деп жазган: «Кашкардын чек араларында көчүп-конуп жүрүшкөн кыргыздар эң эр жүрөк эл катарында даңазаланат».

XIX к биринчи чейрегиндеги дыйкандар көтөрүлүшүнүн катышуучусу Зияуддин жана Жаангер Кожо менен союздаш болгон кыргыз жол башчылары, Якуб-бектин учурундагы кыргыз жол башчылары — Бехауддин. Рази бай, Садык бай, өз элине гана белгилүү адамдардан болгон эмес. Алысты болжой билген кыраакы саясатчы Якуб-бек кыргыздардын күчү менен ролун баалай билгени шексиз. Азиянын эң бийик аймактык саясый тагдырын чечүүдөгү алардын добушу, алардын Якуб-бектин мамлекети менен бирге чынында ээлеп турган эң маанилүү абалы — Якуб-бекке келген элчилер — XIX кылымдын 70-жылдарында келген англичанин Форсайд менен орус Рейнталдын аң-сезимине барып уюган. Мына ушундан улам Белльюнун отчетторунда, Шаунун чыгармаларында, ошондой эле Корниловдун, Каулбарстын жана Куропаткиндин саякат күндөлүктөрүндө кыргыздарга ушунчалык чоң көңүл бурулуп отурат.

Кыргыздар өз эркиндигин сактап калуу үчүн колдо болгон бардык каражаттарды — согуштук жана дипломатиялык жолдорду пайдаланышкан. Алардын эң көрүнүктүү жол башчылары феодалдык-уруулук согуштар күч алып кетсе, кыргыз урууларынын ортосундагы өз ара чыр-чатактар жана бытырандылык токтобосо кыйроого тушугушарын эң сонун түшүнүшкөн. Енисейдеги Иренак, Тянь-Шандагы Ормон- хан, Алайда Курманжан датка кыргыздарды багынтып, эзүүгө умтулган күчтөргө каршы урууларды бекем баш коштуруп, жакшылап куралданууга бардык күчтөрүн жум- шашкан. Көз каранды эместик үчүн күрөшүү максатында биригип, баш кошууга жана ынтымакка келүүгө болгон тарыхый умтулуу жазма даректерге караганда кыргыздардын баатырдык эпосу «Манаста» миң эсе ачык чагылган; бул эпос кыргыз элинин мажес түрдө болсо да өзгөчөлүү фольклордук саясый программасы болгон, анын каарманы, легендарлуу Манасты биздин изилдөөчүбүз К. Рахматуллин «Улуу патриот» деп атаган. Кыргыз элинин тагдыры көптөгөн мамлекеттерге байланыштуу болгон. Баш кошууга карай патриоттук умтулуу кыргыздар үчүн дайыма эле ийгиликтер менен бүткөн эмес. Алыскы мезгилдерден бери эле алар ар түрдүү аймактарда, ар түрдүү мамлекеттерде бөлүнүп жашоого туура келген: Хубилай 1293-ж. эле кыргыздардын бир бөлүгүн Наяньга — Манжурияга көчүрүп кетет, бир бөлүгү Енисейде, Тубада жана кыргыздардын алгачкы мекени болгон Алтайда калган. Алар Яглакар менен бирге

Чыгыш Түркстанга, ошол учурда жана кийинчерээк — Индиянын чек арасына — Ладакка, Кашмирге, Сары-Көлгө, Афганстанга кирип келишкен. Хотан кыргыздарын калмактар түндүк-батыш Моңголияга сүрүп кетишкен, ал жакта алар «хотондор» деген өз алдынча аталыш менен белгилүү болушкан, аларга белгилүү орус саякатчысы Потанин жолуккан. Кыргыздардын ар башка аймактарда орун алып туруп калышы ооп кетүүлөрдүн, күрөштөрдүн жана кыйынчылыктардын тарыхый жолунун көрүнүштөрү. XVII —XIX кылымдарда кыргыздардын алдында өзүнүн бир бүтүндүгүн сактап калуу жөнүндөгү маселе кабыргасынан коюлганда Енисейдеги Иренак Алтын хандардын мамлекетине же Ойрот мамлекетине көз каранды болгуча, өз урууларынын тагдырын Руска тапшырган. 1680-ж. ал падыша Федор Алексеевичке элчилик жиберип, ал элчилик кийин Петр 1 ден жооп алып, кайтып келет. Ормон хан да ушунун эле өзүн жасаган, ал 1847-ж Тянь-Шандын уруулары менен, Курманжан датка Алай кыргыздары менен орус букаралыгына өтөт. Кыргыздар өз тагдырын орустар менен ушундайча байланыштырышкан.

XI кылымдын перс автору Гардизи жазып алган уламышта кыргыздар менен словяндардын түпкү ата-бабалары бир болгон деп айтылат, муну менен алардын этностук жакындыгы далилденгенсийт. Арийне, мунун уламыш экени шексиз, бирок кыргыздардын Россия менен тарыхый түрдө келип чыккан жакындыгы XVII кылымда эле айныгыс факт болуп калган болучу.

Орус падышачылыгынын аскерлери тарабынан кыргыз урууларынын күч менен каратылышы менен катар, кыргыздардын көрөгөч саясатчылары «ак падышанын» күч-кубатын, анын Орто Азиядагы мааниси менен ролун туура эске алышкан. Орто Азияны жеңип алганга чейин эле — 1847-ж. Ормон-хан орустар менен союздаш болууну чечет, ал эми Пишпек болсо алда канча кийин — 1860-ж. жеңип алынган болучу. Андан мурда (1814-жылдан тарта) мындай чечимге бугулар келишкен, алар Бором- байдын тушунда — 1855-ж. орус букаралыгына өтүшкөн.

Кыргыз элинин жол башчыларынын орус букаралыгына өтүүгө карай алган саясый багыты, эл аралык кризистен чыгуунун, чыгыштагы деспоттук мамлекеттердин эзүүсү астында калуу коркунучунан кутулуунун жолу катарында ар кандай кырсыктан алыс болууга умтулган, алысты болжоп көрө билген, прогрессивдүү саясат болгондугун таануубуз керек.

Мына ушул жагдайдан алганда Ормон-хандын борборлоштуруу саясаты, тоскоолдуктарга карабай, Россияда Иван Грозныйдын саясатын миниатюра түрүндө кайталагансыйт, ар кандай каражатты колдонуудан айбыкпай, кыргыз урууларын баш коштуруп, бириктирүүгө жасаган аракети жектөөгө эмес, актоого гана татыктуу.

Бирок бул — Ормон-хан, Курманжан датка, Боронбай эксплуаторлор-феодалдар жана манаптар болгон эмес дегендикке жатпайт. Бирок, өзүнүн керт башынын гана кызыкчылыгын ойлогон феодалдардан өзүлөрүнүн айрым тетири сапаттарына карабастан, өзүлөрүнүн жеке максаттары, умтулуулары болгон күндө да, негизинде эл алдындагы жоопкерчилигин сезген феодалдарды айырмалай билүүбүз керек. Албетте, феодалдык-уруулук жана буржуазиялык түзүлүштүн шартында элдин баш кошууга болгон умтулуусу жана алардын жетекчилеринин бул багыттагы аракеттери каалаган натыйжага алып келе алмак эмес. Бул айтылгандар ар кандай адамдар тарабынан, ар кандай даражада адилеттүүлүк катарында кабыл алынары айдан ачык. Бором- бай орустар менен союздаш болууга барып, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, уруулар ортосундагы кагылыштарды улантуу үчүн орустарды союздаш катарында көрүүгө умтулган. Колониялаштыруу ишке ашып, кыргыз эли мунун оорчулугун сезе баштаганда Шабдандын саясаты чыккынчылык болгону шексиз. Үмөтаалынын (Ормон-хандын улуу) же уруулар аралык чыр-чатактардан баш тартып, тоого көчүп кеткен Бал- байдын жеңип алуучуларга көрсөткөн каршылыктары кыргыз элинин көз каранды эместик үчүн күрөшүн күч алдырууга багытталган прогрессивдүү көрүнүш болгон.

Кыргызстандын түштүгү боюнча Кытай менен чек ара 1895-ж. бекитилет. Ушуну менен чек аралардын чектерин аныктоо аяктайт, бул биринчи жолу 1851-ж. Кулжадагы түзүлгөн соода келишиминде, негизинен Иле крайынын чек арасына тийиштүү болгон, бирок Кыргызстанга да тиешеси бар, 1864-ж Чугучак келишиминде, андан кийин 1876-ж. Кропаткиндин элчилиги тарабынан даярдалып, негизинен Кыргызстандын батыш чек араларын аныктаган, 1881-ж. Санк-Петербург келишиминде өз чагылышын тапкан. Акырында келип, Памирдеги 1890,1891,1892 жана 1893-жылдардагы чек арада болгон кагылыштар келип чыгып, Кыргызстан менен кошуна мамлекеттер Памирде афгандыктар жана кытайлардын колу менен buffer-states түзүүгө аракет жасашканда чек ара жөнүндөгү маселе биротоло жөнгө салынат. Бул чек ара сызыгы бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин сактап турат. Кыргыз ССРинин Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен ички чек аралары 1924-ж. Орто Азиянын улуттук чектерин бөлүү боюнча чечими менен аныкталган. Булак – bizdin.kg


Кыргыз