Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Куран – Мусулмандардын ыйык китеби

Куран (ар. куран – окуу, «Кудайдын аяны») – исламдын ыйык китеби. Куранда  Алла өз аянын пайгамбар Мухаммедге сөзмө-сөз айтып төгүп берет. Кудай жана дүйнө тууралуу чындыкты адамзатка айтып берүү үчүн пайгамбарлар аталган атайы адамдар тандалып алынган. Пайгамбарлардын эң  кичүүсү  Мухаммед болгон. Мухаммедге чейинки байыркы пайгамбарлар катары ислам дини иудаизмдин жана христианчылыктын ыйык пайгамбарларын тааныйт. Мисалы, Адам, Нук (Ной), Ибрагим (Авраам), Лот, Муса (Моисей), Давид, Сулайман (Соломон), Иса (Иисус). Бирок, аталган пайгамбарлардын окуусу алардын шакирттери тарабынан бурмаланып кеткен. Ошондуктан мусулмандар еврейлер менен христиандарды Кудайдын аянына эмес, «кагаздагы жазууга ишенген» адамдар деп аташат. Пайгамбарлардын ичинен Мухаммеддин гана окуусу бурмаланбаган туура окуу деп көр-сөтүшкөн. Исаны пайгамбар деп таануу менен ислам дини христиандардын Иисус Христос Кудайдын уулу деген окуусуна жана Ыйык Үчбирдикке (Троицага) каршы турат: Куранда «жалгыз Кудай балалуу боло албайт жана анын курбусу болбосо, Иисус кантип төрөлмөк»,  – деп белгиленген. Курандын негизин Мухаммед пайгамбардын акыл-насааттары, олуячылыктары, дин окуусу жана притчалары түзөт. Пайгамбар жазганды, окуганды билбеген сабатсыз адам болгон. Ошондуктан анын сөздөрү жана иштери жардамчылары тарабынан пальманын жалбырактарына жана таштын бетине жазылып алынган да, кийин кагаз бетине көчүрүлгөн. Мухаммеддин шакирттери ал тексттерди жаттап, эски араб поэзиясын  көркөм окугандай кырааты менен айта билишкен. Куран рифмалуу проза жана ритмикалуу сүйлөмдөр менен жазылган. Курандын мазмуну мындай курамдык бөлүктөрдөн турат:

  1. Дүйнөгө карата диний көз караштын негиздери, исламдын догмалары жана культтук окуу;
  2. Шариаттын негизине айланган араб урууларынын укуктук жана адеп-ахлактык нормалары, ырым-жырымдары жана каада-салттары;
  3. Жаңы диний окууну негиздөөгө  зарыл болгон байыркы семиттердин, арабдардын, еврейлердин, христиандардын пайгамбарлар жана алардын ишмердүүлүктөрү жөнүндөгү мифтери менен легендалары;
  4. Исламга чейинки доордогу арабдардын ырым-жырымдары жана алардын фольклорунан  үзүндүлөр. Куранда Мухаммед тарабынан айтылган Алланын сөздөрү  аян, башка сөздөр лакап, жомок катары берилет.

Курандын толук тексти Мухаммед  өлгөндөн кийин чогултулуп, 7-кылымдын ортосунда Осмон халиф пайгамбардын жардамчысы болуп турганда тексттер ыйык деп жарыяланган. Орто кылымдарда Куранды жатка билген адамдар көп болгон. Ортодоксалдуу ислам тарабынан Кудайдын аянын бурмалап жибербөө үчүн Куранды башка тилдерге которууга тыюу салынган. Араб жортуулдары жана жаңы аймактарды исламдаштыруу – Куранды окууну жана жатка билүүнү шарттаган. Ошондуктан бул доордо араб тилин үйрөнүү жана бул тилди кеңири аймактарга жайылтуу иши күч алган. Орто кылымдардагы арабдаштыруу процесси мусулман маданиятынын түзүлүшүнүн маанилүү элементи.


Кыргыз