Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Коомдук-саясий уюмдар

Эгемендүү мамлекеттин калыптанышына Кыргызстандагы саясий партиялар, коомдук уюмдар орчундуу салымдарын кошуп келүүдө. Жалгыз КП  үстөмдүк кылган учурда айкындуулук болбой, компартиянын багытына каршы чыккандар аеосуз жазаланып, куугунтукталып келген.  Өлкө демократиялык жолдон четтеп, буйрукчул-тоталитардык тартипте жашады. 1991-ж. Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) расмий каттоодон  өттү.  КДКнын курамында 1991-ж. октябрда  – Асаба улуттук кайра жаралуу партиясы, 1992-ж. февралда  – Эркин Кыргызстан демократиялык партиясы, 1992-ж. ноябрда  – Ата Мекен партиясы түзүлдү.  Ушул эле жылы  – Элдик Республикачыл пар-тия, Кыргызстан коммунисттер партиясы, Агрардык партия, 1993-ж. – Кыргызстандын демократиялык кыймылы партиясы, 1991-ж. Биримдик партиясы ж. б. коомдук-саясий уюмдар ж-а партиялар түзүлдү. 1995-ж. партиялардын саны 13кө жеткен. 2000-ж. Кыргызстанда 25 саясий партия расмий каттоодон өттү, мындан сырткары түзүлдү деп жарыяланган, бирок расмий каттоодон өтпөгөн партиялар да бар. Расмий катталган партиялардын айрымдары гана коомдук-саясий турмушка жигердүү  катышып, Конституциянын, бир катар маанилүү  мыйзамдардын атаандаш долбоорлорун жарыялашты. 2000-ж. 20-февралдагы парламенттик шайлоодо саясий партияларга 15 орун бөлүнгөн. Парламенттик шайлоо алдында Юстиция министрлиги бийликке оппозиция болуп келген Эл (бей-бечаралар), Арнамыс  партияларын шайлоого катышууга мыйзам жол бербестигин аныктап берди. Ал эми шайлоого катышууга укук алган КДК партиясы соттун чечими менен шайлоодон четтетилди.

Натыйжада бөлүнгөн 15 орун  үчүн 9 саясий партия ат салышып, шайлоонун жыйынтыгында 1-орунду Кыргызстан коммунисттер партиясы, андан соң  Демокра-тиялык күчтөр биримдиги союзу (Адилет, Социал-демократия, Биримдик партияларынын түзүлгөн союз), Кыргызстан аялдарынын демократиялык партиясы, Ооганстан ж. б.   116 жергиликтүү  согуштарга катышкан жоо-керлердин партиясы, Ата Мекен социалисттик партиясы, Менин өлкөм партиясы 5%тен ашык добушту топтоого жетишип, 15 орунду ичара бөлүп алышты. Мындан сырткары өлкөдө 400гө  жакын коомдук уюмдар, 12 коомдук-саясий кыймылдар иш алып барууда. 2000-ж. июнда бийлик  өкүлдөрү  менен коомдук уюмдардын, саясий партия-лардын  өкүлдөрүнүн катышуусу менен ал-гачкы «тегерек  үстөл», 2001-ж. февралда «тегерек  үстөлдүн» 2-баскычы болуп  өттү.  Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында атайын меморандум кабыл алынып, Кыргызстан демократиялык багыттагы өнүгүүсүн уланта берери бышыкталды. Мындан тышкары өлкөдө уюштуруу жыйынынан узак чыга албаган, шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу гана шашылыш түзүлө калган саясий партиялар да бар. Башка коомдук-саясий, улуттук-маданий ж-а коомдук уюмдардын ичинен өзгөчө жигердүүлүгү менен Кыргызстан элинин ассамблеясы, Кыргызстан эли коому, Кыргызстан укук коргоо кыймылы, Кыргызстан укук коргоо комитети, Кыргыз-америкалык адам укуктарын коргоо ж-а мыйзамдуулук бюросу, Кыргызстан аялдар конгресси, немис, орус, украин, беларус, дуңган, корей, өзбек, уйгур, месхет түрк, ферганалык түрк, казак ж. б. аз сандагы элдердин улуттук-маданий коомдору, Кыргызстан тарыхчылар коому сыяктуу уюмдар айырмаланышты.


Кыргыз