Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кокон хандыгы казакты эзгендиги

Солто, сарыбагыш арасы катуу бузулгандан жана солто менен казактын арасынан бир нече. киши өлүп кетип, душмандашып кеткендигинен пайдаланып, кокондуктун кыргызды толук караткан чагы эле. Андан өтүп казакты дагы баш ийдирген Казактын төрөлөрүнө,” байларына кошулуп, кедейлерин эзген. Анын эзгендигине бир мисалы: Никелей заманында өлгөн албан казагынан Асан акундун төмөнкү ырынан көрүнүп турат.

Ассалеймалейкум,
Жүз байдын жүргөн жеринде
Алдаяр таксыр каныңмыз
Жылан менен ойбай бар
Алдыңа келди каракчың,
Жана мунун жолдосу,
Арызды кабыл алыңыз,
Кара темир дам бар
Өтүрүк болсо арызым,
Ерип жүргөн соңуңда
Мынакей сизге жанымыз.
Кырк отузча адам бар,
Өзүң коскон закетчи,
Чоң мурун деген молдосу бар,
Биздин элде жүз бай бар,
Төлөгөн деген жоргосу бар,
Атына жемди салууга,
Алты энден кылган дорбосу
Ачууланса байлайды.
Өкүмү жок казакка,
Теңдик жок деп ойлайды.
Алса малга тоймайды,
Биз жыласак ойнайды,
Эл ичинде ажарлы
Кызкатынды коймайды.
Жакшыларды төгөдү,
Ат үстүнөн тебеди.
Жүрөксүнүп өтөрмүн
Айтар сөзүм көп эди бар
Кели бүбүм деп алады,
Отура зекет деп алады,
Аркадан келген Сурнайман,
Аңтаң болуп калады.
Айтайын десе урады.,
Урмак түгүл кырады.
Амалайла таба албай,
Карайды да, турады.
Алдына салып айдайды

Бир кезде кокондун эл бегинен бири 100 аскер алып, зекетушур жана башка чыгымдарын алмак үчүн Иле боюндагы казакка барган, Казактардан зекетушур жана башка алыксалыгын алып, албан казагына өткөн. Андан жумушун бүткөрүп, жүз төөгө жүк артып жана бодо мал кою менен келе жатып, Кашкелей каргалынын тоосу Үч Коңур деген жайлоодогу: дуулат казактарына келип конгон. Казакты жыгып алып, зекет, алыксалык бересиңер дегенде, казактар беребиз деп тарашып кетип, экинчи күнү жаңыш казагынан Бообек баштык караказак 45 күн атышып жаткан өзбектер жүз төөсүн тегерете чөгөрүп, арасына аттарын кермелеп, кишендеп коюп атышып жатканда Бообектин 16-жаштагы Ниязбек деген баласы аңдып жатып, өзбектин бир чыгаан мергенин атып өлтүргөндө, өзбектер аталбай, ат төөлөрүн чечип качууга камынганда казактар каптап кирип, мал-мүлкүн бүткүлү менен талап алып, 99 өзбекти кырып таштаган. Ичинен бир киши мен кыргыз кыпчагымын деп бакырганда сөзү өзбекче болбостон жана жүзү дагы окшобогон үчүн өлтүрбөстөн аттонун жана башка тийиштүү нерселерин берип коё берген. Ал замандагы Кокондогу хандын аты Мадали хан экен. Жаныш казагы бул окуядан соң кокондуктан чочуп, кытай менен калмакка карамакчы болуп, Кулжага көчүп барып жериби Иле менен Чүй боюн Кытайга каратып беребиз деп, 700 аскер алып келе жатканда Кордойдо катуу шамал, бороон жүрүп кетип калмак, көбүнчө кытай сууктан өкүрө албай калганда кайтадан кетип бара жатканда алардын бирин-серин артта калгандарын чапырашты казагы карактап, кээ бирин өлтүргөн. Бул кабарды кытайга качып барган Жаныш угуп; бизди эми кытай  менен калмак чаап  алат деп, кай­тадан жапырылып күндөп-түндөп көчүп келип, Түргөн менен Челекке орношкон. Болжолу бул окуя 1824-жылында болгон.


Кыргыз