Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Казак-орустун көк жондо жеңилгени

Казак-орустун көк жондо жеңилгени

Мен жана агайыным 50 түтүн чамалуу жоо арасында турмак үчүн Көк Ойрокко 10-августта көчүп, 11-августта кайтадан келе жатсак Карагайлуу Булактын ички далаасындагы элге кабар бермекке алдыбыздан Ыбрайым Мөкүштүн жигити чаап келип: «Ыбрайым Көтмалдыдан көп мылтык, ок түшүрдү, аскер бөлүп алды», — деди. Муну уккан соң , кубанып, катуулай жүрүп Үч Булактын оозунда калган үйүнө келип конуп, тамак бышырып жеп, эртесинде аттанып, Кашка Жолдун күн батыш бетине келип 30 чамалуу киши карап турсак, эл быт-чыт болуШ Чоң Кеминди бет алып көчүп калган экен. Төмөндө түшүп келгенибизде, алдыбыздан атаке элинин калың көчү жолукту Андан өтүп, Кичи Кемиңдин далаасъша келип, Кийик Сарыга жакындаганда Самсоновка казак-орусунан талап алган миң койду айдап бара жаткан Оторбай Кудайменде уулу жолукту дагы айтты; «Аскер көбүрөөк келип шашып көчүп калдык, төмөндөп барба, оруска капталып каласың», — дегенде Көк Жонго чыгалы деп Кийиксарынын күн батыш жакы каптал жолго түшүп, кырчага чыкканыбызда жылга-жылга менен качып Көк-Жонду бет алыс калган экен.. Ойдогу талаада кандуу арыктын орто коолорун, аскердин келе жатканын көрдүм;- төшкө жакын жерде 2 жан-тайдан Жанек, Ыбрайым, Абдылда келе жатыңтыр. Анда-санда кайрылып кубалап келе жаткан казак-орустарды аткылап келе жаткан экен. Бизге жете келди. Бир аздан соң бир жүз чамалуу атчан аскер Үч Эмчектин Кичи Кемин жакы бийик капталга келгенде баары аттан түшүп, аттарын жетелеп басты. Атчаны 3-4 киши болду. Булардын жөөлөп кечигип калганы-нан биз пайдаланып, мурун жонго- чыктык. Эгерде казак-орус тезирээк жүрсө эң алдыда биз ченде 300 чамалуу кишини колго түшүрөт эле. Биз Кашка Жолдун үстү, бийик чокучанын Жол Булак жакы бетине барганыбызда бир чакырым жерден казак-орустарды аткылап жакыныраак жеттик. Бир киши өлдү. Жантай деген кедейдин атына ок тийип калды эле Жума качкын уулу учкаштыра качты. Султан Далбек уулу «кайта качырбасак кырылабыз» деп бура тартып бакырып турганда ок тийип жаралуу болуп качты.

Байсал Кедей уулуна ок тийип өлдү. 200 чамалуу киши элек, бири-бирибизге карабастан качтык. Көбүнүн аты жүралбай жетелеп калды. Менин атым семизден жүрбөй калганда таштап жөө качууга жоор атымды кыя албай артта калганымда агабыздын баласы кайрылып келип алдына мингизди. Атымды коштой качтык. Алдыбызда көчүп бара жаткан эл көчүн таштап, көбү катын-баласына карабай качкан экен. Бир жаш келин жөө калыптыр. «Мени ала кеткиле» деп жалынганда Алике Алымбек уулу учкаштыра качты. Биз Кашка Жолдун белине барганда баякы ордо чокудан казак-орус ашып чыкты, Бир далай кечигип калды эле, бизди кууп келе жатканда көчкөн көчкө капталып, жетиген Абыл 16-17 катын-бала, кыз-келин өлүп, ошол жерге буйдалып калган экен. Биз Кашка Жолдун белине 40-50 киши ан-дан-мындан кошулуп турганда казак-орустар түз өң жер болгон үчүң кылычын сууруп ала аткылады. Эл-дин көбү жондой жана Чоң-Кеминдин талаасын карай түшө качты. Мен дагы талааны көздөй качтым. Казак-орус Кашка Жолдун белине жакындап келгенде сарбагыш элинин жантай уругунан (калмак), эки ыстарчын элден 70 чамалуу кедейлер найза менен ка-чырганда 2 киши өлүп, бир нече киши жана аттар жаралуу болгон; казак-орустар түшө калып жапырт мылтыктаганда чыдай албастан качкан, Ушул чакта Кичи Кеминдин Кашка Жол жакы бетине оодарылып кеткен Ыбрайым Төлө уулу элдин тоо тоодо качып бара жатканын жана Көк Жондо каптап келе жаткан казак-орустарды көрүп, кайта тезинен келип, казак-орустар Кашка Жолдун белине жакын калганда алардан мурун келип, Чоң Кемин жакы жолдун күн батыш жакы бийик дөбөдө жашынып туруп калган, Казак-орустар кашаттын башына чыгып, Кашка Жолдун белине жакын алдыңкы коого кирээрде Ыбрайымдын баласы Ажымүдүн жана эки жакын иниси атканда 2-3 казак орус аттан кулаган. Казак орустар жапырт аттан түшүп атышкан. Атыш түштө башталган, Кашка Жол менен төмөнкү чатта бир жолдошум менен качып бара жатсам, кайрылып караганда белден кыргыздар тосуп атып калсан экен. Ошол кезде: «Ыбрайым атышып орусту токтотту», — деп бир. Жигит чаап келди. Жолдошум менен кайтадан кайтып бара жатсам Кашка Жолдун Жолбулак жакы кырчадан 30 чамалуу казак-орус кылычтарын сууруп ала Чоң Кеминди көздөй чаап калды. Алдынан үч кыргыз чү коюп келип, кыраңчадагымайда кой ташка жашынып туруп окту төгүп жибергенде казак-орустардын кайта качканын көрдүм. Келсем 5-6 казак орус 4 ат жыгыл-гаң экен. Октор баарынын башына тийген. Атышкан уч киши: Нурдин Искендеров, Жакып Боромбаев жана Абдыракман Надырбеков деген, барысында жаңы бардеңке болгон. Жаңы мылтыкты кайдан алдыңар — десем: «Ыбрайым түшүргөн бардеңке эмеспи», — деди. Алардан өтө Кашка Жолдун белине келсем кырк чамалуу бардеңкечен жигиттер далдага жашынып казак-орусту аткылап жаткан экен. Ыбрайым кара топучан ак бешмантын шымданып 40 кишиге ок таратып берип мындай ат, андай ат деп атчан бастырып турган экен. Ок аткан жигиттердин артынан аттарын кармап, жөө түшүп турган элдин болжолу 360 чамалуу киши, эки жактын атышы күн батарда токтолду. Ушул кезде карыган чал Кара уста Чоро уулу «жоо качты» деп дөбөдөн кайта кыйкырып келди. Чуу коюп келсек казак-орус качкан экен. Бир нече өлүк калыптыр. Атышкан жери орулбаган бийик арпа экен. Барыда уйпаланып кызыл ала болуп кеткен экен. Арпаны аралап жүрсөк жарадар болуп чени бар бала төрө жаткан экен, наган менен атаарда наганды жулуп алып, өзүн өлтүрдү. Наганды Ыбрайым Төлө уулу алды. Кылычты Байаке Шадыкан уулу алды. Жанын аңтарсак бир кагаз чыкты, окуп көрсөк жандаралы2 Вольбаумдун колу коюлган буйрук экен.

Сөзү бул: «Көтөрүлүш чыгарган кыргызды, көбүнчө атаке сарбагыш элине шапкат кылбагыла» деген, «Восставшим киргизам — особенности атаке-сарбагишевцам лошады не давать»4.

Күн батканда эл чогуусу менен Жолбулактың белине жакын жердеги таш башатка келип конду, сүзмө курут, бышырган эт жеп жерге жатышты. Куң ачык болду. Ушул күнү Көк Жондо уруш болордон муруи Самсоновкадан Кичи Кеминди бет алып келе жаткан алты казак орусту атаке элинин чедейлери атышып, кайта Самсоновкага кубалаган. Жолбулакты бет алган отузлык аскери Жолбулактын Боролдой жакы оозунан элди таратып, көбү качып Кеминге түшүп, артынан Мөкүн менен Малай атышып. бир аз токтотуп анан качкан. Аскер Жолбулак ашып, оозуна жакындаганда алдынан Ысамүдүн чаап.келип, ташка жашынып туруп атышкан; ок тийип бир кедей өлгөн Аскер Жолбулактын оозуңдагы коргонго кирип теши алып атышкан. Буларды түн боюнча камап, атышы көбүн өлтүргөн. Азы качып кутулган. Ошондо колго түшкөн бир аскерди өлтүрбөй Кемел Шабданов багып туруп, кийин качарда аман-эсен өз атын берип жиберген.


Кыргыз