Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Казак, Кыргыз окуясы – Кененсары кандын Ормон канга элчи жибергени

Кененсарынын Эржан, Сарыжан, Ноорузбай деген туугандары, Агыбай деген баатыры болуп, баары чогулуп, Кененкандын кырк төрө деп аталган төрө тукумдары казактын ар бир элине барып, ак үйлүү турушуп, казак элин эзип турушат. Төрөлөрдүн ичинде Кененсары, Норузбай артыкча залим болуп, кошоматына тартуу тартмак алып келип турбаган үч жүздүн казактарын кекетип: «Байталы жал алган экен ээ», – деп тундура чаап алып турган. Кененсары ошентип, үч жүздүн казактарын бүт бийледим деп турган учурда Сибир, Акмоло казактары өз ыктыярлары менен орус падышалыгына элчи жиберип, аларга карай баштаган. Кенесары, Ноорузбай колдорунан келгендерин аябастан оруска караган казактарды чаап, Акмолого келген орустарга да кыйла зыян келтирет. Кененсары бир чети орус, бир жагынан казактар менен жоолошуп отуруп, акыры Семей областы менен Жети-Суу жерлериндеги казактарды гана башкарып калат. Кененсары казак баатырларын жамгарып кеңешип, кыргыздын каны Ормонго чечендеринен элчи жиберип, айтат: «Мен орус менен беттешип жатам, эгер орус барса сени соо кылбайт, колуңдан бийлигиңди алып, жериңден ажыратып, аны менен жөн койбой, кыргызды кул кылат», -деп орустун кылыгын билгенинче айтып жиберет. Бул кезде кыргыз, казактын арасы да өтө бузулууда болуп, барымта алышып, үй чабышуулар жыш болуп турган болучу. Таластагы кушчунун Бүргө баатыры да казакка кол салып турган. Кененсары Таласты бир жолу чаап да кеткен . Кыргыздын кыйласын сойгон, өзүнө төрө деп атак койгон. «Бас алдаяр» деп, казак баш койгон. Бул Чыңкыздын тукуму, Кызыкты кыла берген, кыргызды кыра берген. Ушул айтылган Кененкан, атасы мунун Касымкан, Чоң атасы Абылайкан, бул да кыргызга асылган. Жердеп турган жери, Сары-Суу деген жер болуп, Бул кезде төмөнтөн орус келип толуп, Кененкандын башы тел болуп. Кыргыздан кабар алды, Ормонго элчи салды. «Оролдон ашып, Омбуну басып, оозу түктүү орус келди, Жолукканды соруп келди. Бышырып жанды, бышкан чөптөй оруп келди. Жакшы жерди алып, жан жолотпой соруп келди. Камынган иши, казакты бүтүн алмак. Жайлуу жерине келтирип шаар салмак.

Белгилүү азаматтардын баарын алмак, Бейпайга казак-кыргыздын баарын салмак. Кызыгын көрөсүң, анан кыргыз сага бармак. Күч-кубатым кетти, казакка балта жетти. Эми кыргыз сага барат, бүлүктү мыктап салат. Араба менен чанасы бар, ар кандай түрдүү санаасы бар. Адемдеп салган калаасы бар, сары башыл баласы бар. Набакты деген ору бар, жайып койгон тору бар. Набактыга түшкөн жандын, толуп жаткан шору бар. Боп деген чачтуу молдосу бар, тил билген ногой доргосу16 бар – Келтирип кеңеш сөз курган, кеңсалар деген ордосу бар. Жүргүзгөн элге элчиси бар, кабар алчу ченчиси бар, Табыптын атын бура салган, доктур деген эмчиси бар. Кара жолдун кашында, карагайдын башында, Көмкөрүп койгон чынысы бар. Чыны үстүнө жүргүзүп, тартып койгон зымы бар. Тилгиремдын кагазы, тили миңдин баасы. Дин мусулман баласы, келбейт  ойлойм чамасы. Темирден кылган такасы бар, жемиштен кылган бакчасы бар. Алтын, күмүш, асыл бул жок, ак кагаздан акчасы бар. Бул аярдыгын билгизет, айтып сөзгө киргизет. Акчам ушу билет деп, ак кагаздан жүргүзөт. Оң сүйлөсөң терс сүйлөп, адамдын ичин күйгүзөт. Айласы мунун кандай болот, айлыбыз кандай конот? Эсеби мунун кандай болот, элибиз эми кандай конот? Элдин сырын алдырбай, жердин ченин билдирбей, Кайрат кылып, камынып туруп, Жолун тозуп, кагылыш кылсак кантет?!» деп, элчисин жөнөттү. Орустун бийлеп жүргөн колонизаторлору элчи жибергенин өзүнүн агенттери аркылуу билип, кыргыз-казактын арасын ажыратуу үчүн жана Кененсарыдан да коркуп-коопсунуп, пулдун күчү менен казактарга сүйлөшүп, кыргызга жиберген элчисинин ичине өзүнүн агенттерин кошот. Оруска болушкандар Ормонго келип, Ормон элчини жакшы күтүп, айтат: «Кененсары кандыкты мага берсин, мен улуумун, калган ишти өзү билсин» -деп сыйлык берип узатат. Кайтып бара жатып, элчилер жылкы уурдап качат.

Булак:bizdin.kg


Кыргыз