Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Каратегин

Каратегин—Вахштагы же Аму-Дарыянын куймаларынын бири Сурхабдагы (түркчө КызылСуу) жер; араб географтары Рашт деп жазышкан (кара: Аму-Дарыя <Бартольд, Соч., т. III, стр. 320>). Рашттын башкы шаары (же чеби, ал кал’а\ Истахри, 340) өзүнүн жайгашкан орду боюнча Каратегиндин жалгыз шаары азыркы Гармга толук туура келген. Ал кезде Рашт исламдын чек ара аймактарынын бири болгон да, чыгыштан түрктөрдүн чаап алууларынан Фазл Бармаки курдурган дубал менен корголгон (бул жөнүндө кара: Barthold, Barmakiden, S. 692; Zettersteen, al-Fadl b. Yahya). Байыркы кездерде бул аймак аркылуу, Птолемей жазган Батыш Азиядан Чыгыш Азияга кеткен жол өткөн. Кара-тегинди көп учурда [дагы Chavannes, Documents, р. 164, Северцовго таянуу менен (Etudes, рр. 420—431)] «комеддердин тоолуу аймагы» менен бирге карашкан; бирок орто кылымдарда Рашттан төмөнкү чөлкөм ушундайча аталган (арабча Кумйз же Кумаз; кытайча Цзюймито). Орто кылымдарда жана кийин да Вахш өрөөнү соода катнашы үчүн анча маанилүү болбосо керек. Азыркыга чейинки белгилүү кабарлар боюнча Шахрухтун Кытайга барган элчилери гана (1419—1422-ж.) Фергана менен Балхтын ортосундагы Птоломей баяндаган жол менен кайра келатканда өткөн.

Аму-Дарыянын жогорку агымындагы бардык тоолуу аймактар сыяктуу эле Каратегин да акыркы мезгилдерге чейин өзүнүн башкаруучусуна баш ий ген. Моңголдорго чейинки мезгилде Рашттын бир гана эмири—Жа’фар б. Шаманику айтылып өтөт (Бартольддогу Гардизи, Туркестан, ч. I, стр. 9, 337/ 948-49-ж. менен). Темирдин тушунда жана андан кийин өлкөнүн Кайиртегин (же тйгйн) аты пайда болот, Зафар-наменин басылып чыккан китебинде (Шереф ад-дин Йезди, 1,189) жаңылыш түрдө Тйртегйн деп берилген; азыркы формасы качан-кандайча пайда болгону белгисиз. Бабур-наменин (изд. Беверидж, лл. 336 и 636—Каратигйн, лл. 696 и 81—Кайиртйгйн) жана Тарйх-и Рашйдйнин (өзгөчө 241) кол жазмаларында эки форма тең кездешет. Элдик этимология Каратегинди түрктүн ‘Кара тикенек’ (кара: Радлов, Словарь, II, 135, осмон-түркчө кара дикен) сөзү же кыргыздын алгачкы эки дыйканынын ысымы (Минаев, Сведения, стр. 241, по Арандаренко) катары түшүндүрөт. Махмуд б. Вели Бахр ал-асрарда (277а-барак) жазгандай 1045-жылдын ражабында/1635-ж. Декабрь — 1636-ж. январда ал кезде язычник кыргыздардын 12 000 түтүнү Каратегин аркылуу Хисарга келишкен. Азыркы учурда кыргыздар (кара кыргыздар) тажиктер (анча-мынча өзбектер) менен катар Каратегиндин калкынын бир бөлүгүн түзөт.

XIX кылымда Каратегинди бийлегендер Бадахшандын бийлөөчүлөрүндөй эле (кара: <Бартольд, Соч., т. III, стр. 345>) өздөрүн Улуу Александрдын тукумдарынанбыз дешкен. Каратегин ал кезде Кокон хандарынын жогорку бийлигинде турган; баш ийдирүү Мухаммед-Али-хандын (1822—1842-ж.) тушунда 1250/1834-ж. болгондугун кабарлашат (Наливкин, История Кокандского ханства, стр. 134 и сл.), бирок Алим-хандын тушунда эле (XIX кылымдын башы) каратегиндиктер бул хандын туруктуу аскерлеринин кыйла бөлүгүн түзүшкөн (Нияз-Мухаммед, Тарйх-и Шахрухй, 42 и сл.). 1275/1858-ж. Малля хандын тушунда (1858—1862) Кокондон Каратегинге жасалган дагы бир жортуул эскерилет (Наливкин, История Кокандского ханства, стр. 190); ал кезде Каратегиндин башкаруучусу Музаффар-хан болгон (кийин ал Музаффар-шах деп да аталган). 1869-ж. Ысар Бухара эмирине баш ийүүгө мажбур болгондо, Каратегинди да эмирдин аскерлери ээлеп алган, ал эми Музаффар-хан туткун катары Бухарага алынып кеткен; ушундан улам Бухара менен Кокондун ортосунда чыккан жаңжал орус генерал-губернаторунун (Кауфмандын) ортого түшүүсү менен чечилген жана Музаффар-хан өзүнүн ээлигине кайтарылган1969, бирок ал өлгөндөн кийин Каратегин Бухарага биротоло бириктирилген. Орустар Фергананы биротоло моюн сундуруп алардын алдында Ферганадагы акыркы коогалаңдарга (1875—1876-ж.) Каратегин да тартылган; козголоңчуларды бир тууганы Музаффар-шахтын (жогоруда аталган башкаруучу эместиги шексиз1970) колдогондугуна карабай бек Мухаммед-Рахим-шах курал алып козголоңчуларга каршы чыккан. Фергана менен Каратегин ортосундагы чек ара, Скобелев менен бектин экинчи бир тууганы Суфи-хан түзгөн келишим боюнча [1876-ж. 28-августта (9-сентябрда) ] аныкталган (чек ара Кичи Карамык-Суу өрөөнүнүн чыгышындагы тоо кыркалары боюнча өткөн).

Каратегинге биринчи европалык адам (В. Ошанин) 1878-ж. гана келген. Кийинки он жылдыкта аким Кудайназар-аталык жана анын мураскору Алмазбек Вахштын оң жээгин бойлото Каратегин аркылуу тоо жолун салдырышкан, Орто Азиядагы мыкты жолдордун бири болгон бул жол Каратегинге жетүүнү кыйла жеңилдеткен; бирок Каратегин кышкысын коңшу аймактар менен такыр катташпай калат. Ошанин жана андан кийинки саякатчылар Каратегинди көптөгөн кыштактары жана жемиш бактары бар бышыкчылык туу жер, Бухара эмиринин мамлекетинин бай аймактарынын бири катары сүрөттөшөт. Каратегиндин бардык тургундары дыйканчылык (жана жемиш бактарын өстүрүү) менен кесиптенип, бири калбай оокаттуу турушат жана анда эч нерсеси жок пролетариат жок дешет (Логофет, В горах и на равнинах Бухары, стр. 332 и сл.); өзүнүн жерин үч жыл иштетпегендер андан такыр кол жууйт имиш. Тескерисинче Рикмерс (The Duab, р. 340) көптөгөн дыйкандар Каратегинден Ферганага кетип, аякта жалчы жүрүп, малайлык кылып тапкан ташынгандарын мекенине алып кетишээрин, ошондон улам ал жакта бухара акчасына караганда орус акчасын жакшы алышаарын айтат. Жалгыз шаары—Гарм; калкынын саны тууралуу маалыматтар Чыгыштагы бардык жерлердегидей эле өтө карама-каршылыктуу: Ошанин боюнча 2300 түтүн; Масальский боюнча 4000 киши, Логофет боюнча 15 000 киши. Башкаруу, салыктар ж.б. жөнүндө маалыматтарды өзгөчө А. Семенов келтирет (1898жылдагы саякат). Салык жыйноочулардын зомбулугунан кыйналган жашоочулар Семеновго: «Бизди ак падыша (падишах-и сафйд) качан өзүнө кошуп алат» деп көп кайрылышкан.


Кыргыз