Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Каракыргыз борбор Азияда

Боз үйдүн эки түрү бар: — турак үй жана жорук үй. 1. Турак үй: чоң үй – сегиз канат, кичине үй – алты канат, конок үй – беш канат, ашкана же коңур үй – төрт канат, кара үй – үч канат болот. Журт башчылары он эки, он алты, жыйырма, отуз, кырк канат ордо үйлөрдү тиктирген. Кыргыздын көк асабасы ушул кырк канат өргөөнүн чамгарагына сайылган. Эл түндүктү эң кадырлуу аксакалга же баатырга  көтөрткөн, а бүккөндө «Ак жолубуз ачылсын!» деп, түндүктү көччү жакка баштандырып түшүргөн («Түндүгүн түшүрө чап» деген сөз бар.Жоо же душман сөзү). 2. Жорук үй – жоопкерчилик заманда пайда болгон, тез тигилипчечилме үй. Анын: жаба салма, орой кош, кеп, ак кош, көтөрмө, кийиз ип, камсоо, калка, кошмо, итарка, чыканак, жоламал, жолум үй деген көп түрлөрү болот.

Жоокерлер түнөйтурган учурда найзаларынын башын  бириктирип  таңа  коюп,  үстүнө  көрпөчөлөрүн жаба салса, жорук үй болот. Жигиттер ичине кирип, тердигин астына салып, ээрин башына жаздап, ичигин жамынып жата кетет. Ал эми чыканак, калка, камсоо, итарка, кеп дегендерине сууга чыланган калың кийиз жабылат да, душман жебесинен, огунан коргончу үй катары убактылуу пайдаланылат. Жоокердик  заманда үстүнө кийиз жабылган араба үйлөр да болгон. Алар кошмо же ак кош деп аталган. Арабаларга мындайда өгүздөр

, төөлөр чегилген (О.Айтымбет. «Кара кыргыз» I т., 289-б). Кыргыздын боз үйүнүн терезеси түндүк. Түндүк күндүр түндүр (күн жаабаганда) ачык болгондуктан кыргыздар түздөн түз космос менен, Теңир менен билип билбей байланышта болгон. Түндүк аркылуу кыргызга кут түшкөн. Босогосу күн чыккан жакка карап тигилет. Мунун чоң сыры бар. Боз үй универсал архитектура болгондуктан, дүйнө элине купол сымал курулуштарды курууга үлгү болгон. Боз үй көчмөн кара кыргыздын ыйык жайы, жашаган мекеси. Кыргыздын каада-салтынын бүткүл өзөгү дал ушул ыйык сыйынт боз үйдө өткөн. Бир актердун (автордун) театры болгон манасчылык өнөр, залкар күүлөр, ырлар дал ушул куттуу боз үйдө жаңырган.

Бата берилген, антташкан ж.б. Көкө Теңирин көкүрөгүнө уюткан, жер бейишинде көчүп конуп жүргөн байыркы, улуу кара кыргыз эч бир динге, мечит, чиркөөлөргө муктаж болушкан эмес. Жаны табият менен бирге кыргыз универсал жашап, универсал ойлонгон. 15-кылымдан бери ислам динин чала тутумуш этип, өз каада-салтын кое бербеген кыргыздын канында Манас илиминин уюп турушу, Теңири менен түз байланышта болгон улуу духу эмне деген солк этпес түшүнүк. Боз үй өзү Жер, Асман планетасынын формасын чагылдырган уникалдуу форма. Бир колу менен асманды чапчыган, бир колу менен жерди апчыган Күн баштуу кыргыздын Нурдан жаралганы бекеринен эместир. Боз үйдүн тегерегинде улуттук оюндар болот.

Кыргызда түрдүү каада-салты, улуттук оюндары болгондугу ал элдин маданиятын, цивилизациясын далилдейт. М: Кун алуу, айыпка жыгуу, жесир доо, жетим акы, өкүл ата, өкүл эне болуу, жээн, таяке, бажа, абысын, киндик эне, эн, тамга, мүчөл жаш (13, 25, 37, 49, 61, 73, 85), элдик аза салттар: сөөк жуудуруу, мүчө берүү, жыртыш берүү, дооран, бет тытуу, кара кийүү, аза күтүү, тасма курчануу, таякка өбөктөө, аш берүү ж.б. болгон. Милдеттүү конок, кудайы конок, кошумча конок, кошумча селбик, кудалашуу, жуучу жиберүү, куда түшүү, кийит кийгизүү, күйөө келүү, жеңкетай, жүз көрүштүрүү, оюн салуу, коюнга салаар, жооп суроо, жыгач түшүрүү, куржун сөгүү, түндүк көтөрүү, жылкычылык, кыз ойнотору, төшөк талашуу, күйөөкызды жарыштыруу, толгоо табак, жүк көргөзүү, кыз кыңшылатуу, кыздын кыз белгиси, келин келгенде, отко киргизүү, баш таңмай, чачыла чачуу, келин милдети (тергөө, жүгүнүү, кайнагадан качуу, эрте туруу ж.б.) милдеттүү ишке ашчу. М: табыпчылык кылгандарды: бакшы, дубана, бүбү, тамырчы, канчы, териге алуу, учуктоо, дарымчы, тилме, кайрычу, канчы ж.б. атоочу.

Кыргыздын эски майрамдары: «үлүш» (жайлоо майрамы), «чечкор», «чоң көжө» (Нооруз) ж.б. Салт оюндары: бешик ыры, сал билек, тушоо кесүү; акыл оюндары: сармерден, акыйнек ж.б. Дегеле кыргызда улуттук оюндар өтө көп: кыз куумай, эр оодарыш, тай жарыш,  тыйын  эңмей,  ат  чабыш,  улак  тартыш,  чырга  тартуу (мүнүшкөрлүк), эңиш, балбан күрөш, төө чечмей, ак чөлмөк, ак терек-көк терек, алты бакан, аңкилдек, аңчы, аркан тармай, жамбы атмай, жашынмак, токту сурамай, жоолук таштамай, жөө эңиш, чикит ойноо, жылгаяк тебүү, ийне жоготтум, ит тартыш, кайырмак, куурчак  ойноо,  жерди  сызып  ойноо,  секирмей  ойноо,  кара  коюм дүмпүлдөк, коён тебиш, колго түшмөй, коон бышты, коон үзмөй, коюма  карышкыр  тийди, «жылаңач  чабышуу»,  чакмак  алышуу, дүмпүлдөк, «таз  сүзүштүрмөй», «өпкө чабышуу», «айгыр чабуу», «аялдардын сайышы», «аял оодарыш», упай атышуу, көлгө түшмөй, «Каным, дат!», «уюм тууду», «жедирмек сасымай», куржун, куу түлкү, мышык-чычкан, опол, оромпой тебүү, ортого турмай, өпөң-чычаң, селкинчек, соку жанчмай, сүт ичмей, так орун, таш жарыш, тезек берүү, теке чабыш, токмок, төө жана бото, уйчу, урмай топ, чабалекей, ордо оюну, чөө, чүкө бекитмей, чыбык ат, шабиет, шакек жашырмай, эшек секиртмей, кунан чабыш, дойбу, жөө кунан чабыш, күрөш, салмоор, таш ыргытмай, тогуз коргоол, чатыраш, шахмат, из туурамай, кош аяктап жүгүрүү, таш үстүндө басуу, тушоо менен басуу, тизелеп түртүшүү, эшек тепсемей, баш кийимди ала качуу, жөө жарыш, кубалашуу, узундукка секирүү, чүкө атмай, бычак атмай, жаа атуу, кан таламай, калдым, кыл аркан салмай, кыйык атуу, мангел менен атуу, найза ыргытмай, жыдыкей, артынан уяга топ таштамай, токол эчки, муз тебүү, шаңгы менен тоодон түшмөй, чака тепмей, арканга чыгуу, баканга чыгуу, боортоктоп жылуу, башы менен турмай, элечек чечмей, керме арканда басуу, ат секиртмей, күлүк чабуу, жорго салмай, ат үстүндө топ ойноо, тегеренмей, кылыч чабышуу, муш кетти, теке чабыш, кап тургузмай, таш жылдырмай, корозчо урушмай, тизеде күрөшүү, оонатышуу, манжа жазмай, төө басты, «күзгүбү же таракпы?», така иймей, сокур бүркүт, дем албай туруу, жар издемей, бекбекей, шерик сурамай, жип кесмей, таман тузак, ой табышуу, тузак, кылтак, мылтык менен аң уулоо, тайган салмай, куш салуу, бат айтуу, жаңылмач, табышмак айтуу, учту-учту, айтыш, таар түрмөй, аркан оромой, белбоо чечмей, дөңгөч жаруу, сөөк сындырмай, кыз оюн, укурук салмай ж.б. кыргыз оюндары эзелтеден эл менен жашап келатат. Дегеле кыргыздын каада-салты, жөрөлгөсү, улуттук оюндары өзүнчө энциклопедия болчу чоң океан (Тоголок Молдо, Талып Молдонун, Актан Тыныбековдун, Анаркуловдун «Кыргыз эл оюндары» Б. 1991-ж. жана С. Токторбаевдин «өспүрүмдөр оюндары», Б. 1991ж. ж.б. булактар пайдаланылды). Кыргыздын улуттук даамдары дастаркондо да керемет.

Нукуралыгы, тазалыгы, көркү боюнча да айырмаланат. М: Сары казы, кыйма жал, керткен жал, ташкордо, керчөө, чучук, карта, муздак ич эт, кыйма боор, жөргөм, тил, сүр эт, сүр кабырга, бүтүн бышырылган кыргоол (тоок), тооктун муздак эти, куурдак, куурулган тоок ж.б. дастаркондун көркү.  Күлазыктын чийки, бышык, кошкон, аралаш, күлазык деген түрлөрү бар. Ташкордонун бүкүлү ташкордо, асма, думбалама, жапма деген түрлөрүн эл илгертеден пайдаланышат. Устукандын түрү: баш, мээ, куйрук-боор ж.б. жиликтери менен толгон түрлөрү бар. М: эски наарын, «алашак», үйүрмө, келдемиян, мээ наарын, сүр наарын, сүрөөн наарын, ак дөбө, шапшыма, күрүч наарын, күлчө наарын, нанды наарында деп булар бир топко бөлүнөт.

Тууралган  этти  жылкынын  этинен,  бодонун,  алашак,  селделүү, мээлүү, казы-карталуу тууралган эти, ич эттин тууралган бешбармагы, кайберен, жаш малдын этинен жасалат, сүр тууралган эт  балык да бар эмеспи. Чучуктун түрү эле канча? М: кабырга чучук, иймек чучук,  түндүк  чучук,  сүр  чучук,  тоңдурма  чучук,  карта  чучук,  кан чучук (буга казыга жал кошулат). Сары жүрмө, жаңы сары жүрмө, сүрсүгөн, тыккан сары жүрмө, май чучук деп булар да бир топ. Ич эт эле:  карын, боор, бөйрөк, кадимки жөргөм, майлуу жөргөм, эттүү жөргөм, эрмен жөргөм, быжы, олово ж.б. деп бөлүнөт эмеспи.  Куурдак: тоңдурма  куурдак, сарыктырма, куурулган куурдак,  төө куурдак, кийик куурдак, кара куурдак, борпошо, солкулдак деп бөлүнөт эмеспи. Кебеп (шашлык), көммө кебеп, жапма, буулама, май кебеп, кабырга кебеп, «бый-пый» кебеп, керчөө шишкебеп, боор шишкебеп деп булар да арбын. Сүттөр: кой, эчки, уй, топоз, төө, бээнин сүтү болот. Каймак, камкаймак, коймо каймак, тарткан каймак, ачкыл каймактар бар. Айран май, каймак май, сарымай, кошкон май, чөбөгө өзүнчө береке. Айрандын түрлөрү көп:  нак айран, коютмак, бышкан айран, кам айран, келегей айран, сүтөмүк айран, көк айран.

Сүзмө: жаңы сүзмө, кургаткан сүзмө, кайнаткан сүзмө болот. Куруттар: жай курут, чий курут, май курут, эжигей курут, иримчик курут деп ажырымдалат. Быштак: ууз быштак, иримчик быштак, такта быштак, иримчик, эжигей, эттүү эжигей деп өзүнчө бир нуска. Кымыз: тундурма, саамал, чайкаган кымыз, ачыган кымыз, кымыран кымыз, төө кымыз, уй кымыз, көөрчөк деп бөлүнөт. нандар: шыбама, казан нан, загыра нан, калама, көмөч, коруштуу, пияз көмөч, май көмөч, каттама, тандыр нан, патир нан, бурама нан, чаңгели, күлчө, шырман нан, сейдене нан, сүмөлөк нан жб. Жупкалар: чабаты, челпек, май челпек, чүрөк, сүртмө, катырма ж.б.

Май токочтор бир түркүм: чарчы боорсок, сайма боорсок, ачкыл боорсок, чий боорсок, кыртылдак боорсок, көөкөр боорсок, картөшкө боорсоктор бар. Куймактар: кер куймак, куймак, созмо, булама, чалмакей ж.б. Каттамалар да көп. Чайлар: куурма чай, актаган чай, каймак чай, май чай, сүзмө чай, убай чай, самоор чай, бал чай, мурч чай, таттуу чай, кошкон чай, кам, муздак чайлар, көк чай, жакна чай ж.б. Муздак оокаттар: чагыр сорпо, атала, кара жарма, максым, бозо ж.б. Көөлөгөн талкан, мыкчыма мындан бетер кишини ток кылат.

Кесме: шортек кесме, куйкум кесме, туурамыш кесме, түймөч тоок кесме, сүт кесме, бээ сүтүнөн кесме, катыкталган кесме, туурама кесме, куурдак кесме, кыйма кысме, жашылча кесме, карандай кесме, үзмө аш ж.б. Карагат, кымыздык, козу кулак, ышкын, көбүргөн, соогон, балтыркан, кемирчек, кулпунай, шалгам, түрдүү мөмөлөр ж.б. бар баарын айтуу мүмкүн эмес («Кыргыз даамы», Ф. 1984.).

Булак:literatura.kg


Кыргыз